Сакофат

Орозо өкүмдөрүнөн

Орозо өкүмдөрүнөн

Рамазан орозосу Ислам рукндарынын бири, арийне, анын фарздарынан бир фарз. Буга далил Аллах Тааланын:

فَمَنْ شَهِدَ مِنْكُمْ الشَّهْرَ فَلْيَصُمْهُ

– „Демек, силерден ким бул айга күбө болсо, орозо тутсун          [2:185]

деген сөзү жана ибн Умар (р.а) риваят кылган төмөндөгү хадис. Набий (с.а.в) айтты: «Ислам беш нерсе үстүнө курулду: Аллахтан башка илах жок, Мухаммад Анын элчиси деп күбөлүк бермек, намазды өтөмөк, зекет бермек, хаж кылмак жана Рамазанда орозо тутмак». Бирок, жаш бала жана жиндиге орозо тутуу фарз болбойт. Буга далил Набийдин (с.а.в) ушул сөзү: «Калем уч кишиден көтөрүлдү: жаш баладан – балагатка жеткенче, уктоочудан – ойгонгончо жана мажнундан – өзүнө келгенге чейин». О.э. хайз жана нифас көргөн аялдарга да орозо тутуу фарз эмес. Алар тазаланганда казасын тутуп бериши ваажиб болот. Мунун далили Аишанын (р.а) риваяты. Айтты: «Хайз учурубузга туура келгенде орозонун казасын тутууга буйрулуп, намаздын казасын окууга буйрулбас элек».

Кимдир бирөө кандайдыр себеп менен орозо тутууга каадыр болбосо, яъни, орозодо кыйналып кала турган карыя же айыгышы үмүт кылынбай турган кесел болсо, ага орозо тутуу ваажиб болбой, фидя берүү ваажиб. Мунун далили Аллах Тааланын ушу сөздөрү:

وَمَا جَعَلَ عَلَيْكُمْ فِي الدِّينِ مِنْ حَرَجٍ

– „Жана бул динде силерге бирер хараж-кыйынчылык кылбады“  [22:78]

وَعَلَى الَّذِينَ يُطِيقُونَهُ فِدْيَةٌ طَعَامُ مِسْكِينٍ

– „Орозо тутууга кыйнала турган кишилер мискиндин тамагынчалык фидя төлөөлөрү лаазым“.                                                                                              [2:184]

Эгер киши күчөп кетүү коркунучу бар, айыгып кетиши үмүт кылына турган кесели себептүү орозого каадыр болбосо, анда хараж (кыйын абал) бар экендиги үчүн, ага орозо тутуу ваажиб болбойт жана ал оозун ачат. Айыккан кезинде ага казасын тутуу ваажиб болот. Аллах Таала айтат:

فَمَنْ كَانَ مِنْكُمْ مَرِيضًا أَوْ عَلَى سَفَرٍ فَعِدَّةٌ مِنْ أَيَّامٍ أُخَرَ

– „Эми силерден бирер киши кесел же мусаапыр болсо, анда (орозо тута албаган күндөрдүн) санагын башка күндөрдө тутат“.                                           [2:184]

Эгер киши сак-саламат абалда орозо тутуп таң аттырса, бирок, кийин кесел болуп калса, анда да оозун ачат. Анткени, ал үчүн ооз ачуу мубах. Ал эми мусаапырдын сафар аралыгы шариятта белгиленген аралыкка тете же андан узагыраак болсо, анда ал кишинин орозо тутушу да, ооз ачышы да жаайиз. Анткени, Расулуллахтан (с.а.в)  сафарда орозо тутуу тууралуу суралганда: «Кааласаң орозо тут, кааласаң оозуңду ач», – деди. Эгер киши сафарда орозо тутуудан кыйналбай турган болсо, анын орозо тутушу абзел. Аллах Таала айтат:

وَأَنْ تَصُومُوا خَيْرٌ لَكُمْ

– „Орозо тутушуңар өзүңөр үчүн жакшыраак“.                                   [2:184]

Эгер орозо аны кыйнап коё турган болсо, анын ооз ачмагы абзел. Жаабир (р.а) риваят кылат: «Расулуллах (с.а.в) бир сафарда дарак астында үстүнөн суу куйдурулуп жаткан кишинин жанына өтүп баратып: «Ага эмне болду?» деп сурады. «Ал орозодар» дешти эле, Расулуллах (с.а.в): «Сафарда орозо тутмак жакшы эмес», – деди.

Ал эми кош бойлуу жана эмизүүчү аялдар – өздөрүнөбү, же өздөрү жана балдарынабы, же жалаң гана балдарына зыян жетишинен коркобу, же эч нерседен коркушпайбы, айырмасыз – ооз ачуулары жаайиз, мындайда казасын тутуп берүүлөрү ваажиб болот. Расулуллах (с.а.в) айтты: «Албетте Аллах Азза ва Жалла мусаапырдан орозону жана намаздын жарымын, кош бойлуу менен эмизүүчү аялдан орозону алып таштады». Ал эми, кош бойлуу жана эмизүүчү аялдарга казасын тутуу ваажиб болушу – орозо алар үчүн ваажиб болгондугунан улам.

Рамазан орозосу жалаң гана хилалды көрүү менен ваажиб болот. Эгер хилал булуттар арасынан жакшы көрүнбөсө, адамдарга шааъбан айын отуз күн кылып түгөтүп, анан орозо тутмагы ваажиб болот. Набий (с.а.в) айтты: «Аны (т.а. хилалды) көрүп орозо туткула жана аны көрүп орозону ачкыла. Эгер булуттар себептүү ал көрүнбөсө, санды толук (шааъбан айын отуз күн) кылгыла».

Рамазан орозосу да, башка орозолор да жалаң гана ниет менен дурус болот. Ар бир күн үчүн ниет ваажиб болот, анткени, ар күндүн орозосу өз алдынча бир ибадат болуп, анын убактысы таңдын атышы менен кирет да, күндүн батышы менен чыгат. Ушул күндүн орозосу өзүнөн мурунку же кийинки күндүн орозосу бузулушу менен бузулбайт. Демек, бүткүл бир ай үчүн бир ниет кылып койбостон, ар бир күн үчүн өзүнчө ниет кылыш лаазым. Ниетте «Мен Рамазан орозосун тутамын» деш керек, анткени, ал убакытка байланган ибаадат. Бирок, ниетти ооз менен айтыш шарт эмес, балким, калбдагы касддын өзү жетиштүү.

Эгер орозодар адам оозу бектигин жана мындай абалда жеп-ичиш харамдыгын билип туруп жеп-ичсе, анда үзүрсүз түрдө орозого тескери нерсени кылганы үчүн, анын орозосу баатыл болот. Эгер орозодар мурдуна дары тамызса, же кулагына суу куйса жана алар каңылжарынан ары кетсе, анын орозосу бузулат.

Орозодар кишинин аялы менен жакындык кылышы харам., Аллах Таала айтат:

أُحِلَّ لَكُمْ لَيْلَةَ الصِّيَامِ الرَّفَثُ إِلَى نِسَائِكُمْ

– „Силерге орозо түнү аялдарыңарга кошулуу халал кылынды“.    [2:187]

Бул аят күндүз жакындык кылбоого далалат берет. Ким жакындык кылса, анын орозосу баатыл болот.

Эгер бул иштерди орозосун унуткан абалда кылса, орозосу баатыл болбойт. Пайгамбар (с.а.в) айтты: «Ким Рамазан айында унуткан абалда оозун ачса, ага каза да, каффаарат да ваажиб эмес». Набий (с.а.в) дагы айтат: «Эгер орозо экендигин эстен чыгарып жеп же ичип койсо, орозосун түгөлдөсүн, анткени Аллах ага тамак жедириптир жана суу ичириптир».

Ким Рамазанда жакындык кылуудан башка нерсе менен үзүрсүз оозун ачса, ага казасын кармоо ваажиб болот. Ал эми кимдир бирөө жакындык кылуу менен ооз ачса, ага каза жана каффаарат ваажиб болот.

Орозо тутуу үчүн сухурлук кылуу мустахаб. Набий (с.а.в) айтты: «Сухурлук кылгыла, анткени сухурлукта береке бар». Оозду хурма менен ачуу да мустахаб, эгер хурма табылбаса суу менен ачса да болот. Рамазанда орозо туткан киши үчүн шаввалдан алты күн орозо тутуу да мустахаб. Расулуллах (с.а.в) айтты: «Кимде-ким Рамазанда орозо тутса, кийин ага шаввалдан алты күн кошсо, дайым орозо туткандай болот».

Сакофат бөлүмү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button