
Орусия Өзбекстан мусулмандарын согуш отуну кылууда
Жаңылык:
Сырдарыя облусунда Орусия армиясына алынган бир жигитке 4 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыкты. (kun.uz, 2026/1/9).
Комментарий:
Соттук документтерге ылайык, ал жигит Красноярск шаарында полиция тарабынан кармалып, депортация кылуу шылтоосу менен аскердик бөлүккө жеткирилген. Ал жерде аскер кызматкерлери аны кыйноого алып, колун от менен күйгүзүп, психологиялык жактан кыйнашкан. Андан соң: «Сен этсиң, сен тирүү да, өлгөн абалда да биздикисиң», — дешкен. Аны «Фасаби» деген жасалма ат менен согуш талаасына жөнөтүшкөн. Фронттон кутулуу үчүн ал кол гранатасы менен өзүн өзү жаракат кылууга мажбур болгон. Ошондой эле учкучсуз учактын чабуулунан катуу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кийинчерээк эс алуу кагаздарын даярдап, Өзбекстанга кайтып келген.
Бул окуя жумуш издеп Орусияга барган миллиондогон өзбек мигрант жумушчулары туш болуп жаткан ачуу тагдырдын бир гана мисалы. Акыркы кезде жарыяланган кабарларга ылайык, согушка эркектер гана эмес, иштөө үчүн Орусияга барган өзбек аялдары да жөнөтүлүүдө. Бул террордук мамлекет азыр мусулман мигранттары үчүн өлүм коркунучу эң жогорку чекке жеткен көрүстөнгө айланганына карабастан, алар жумушсуздук жана үмүтсүздүк айынан жан багуунун жолун табам деген үмүт менен барууга аргасыз болууда. Натыйжада Өзбекстанга жиберилген миллиарддаган доллар дал ушул өлкөнүн экономикасын кыйроодон сактап турат. Өзбек режими муну акырындап моюнга алганы менен, өз жарандарына карата милдеттерин аткарбай, алардын азап-тозогун көрүп туруп көз жумуп келүүдө. Социалдык тармактар Украинадагы согуштан жакындарын кайтарып берүүгө жардам сурап, президент Мирзиёевге жеке кайрылууларды жолдогон адамдардын жалынууларын каптады. Бирок режимдин аларга карата «акчасы адал, өздөрү болсо арам» деген мамилеси өзгөрүүсүз калды.
Ал эми Путин режими үчүн Борбор Азия мусулмандары жөн гана арзан жумушчу күч эмес, тескерисинче, тирүү калкандар же орус командачысы айткандай, Украинадагы кандуу согушта фронт сызыгындагы боштуктарды толтуруп, орус жоокерлеринин өмүрүн сактоо үчүн колдонулган «арзан эт» болуп саналат! Бүгүн тарых кайра кайталанууда: Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагыдай эле, бүгүн да орустар мусулмандарды «дзот» кылып, курмандыкка айдап, мүмкүн болушунча көбүн майып кылып жатышат. Өзүн азыр «көз карандысыз» деп сыпаттаган өзбек режими болсо мурдагыдай эле Кремлге моюн сунууну улантууда. Болбосо, мекенине жарадар болуп кайтып келген эзилген жигиттерди кылмышкер катары соттоого күчү жетип туруп, адилетсиз орус режими менен орус баскынчылыгына каршы бир да иш козгобогонунун себеби эмнеде? Ташкенттин расмий бийлигинин Орусиядагы миллиондогон бир туугандарыбыздын тагдырына кайдыгер карап, аларды экономикалык көз карандылык айынан залимдердин ыктыярына курмандык катары таштап коюшу — анын позициясынын канчалык алсыз экенин билдирет. Мындан да ашыгыраак, өз жарандарын жумуш менен камсыздай албаган жана чет жерде коргоого эрки жетпеген режим, чындыгында, элин чет өлкөлөрдө кул жана курмандыкка айлануусуна макул болуп жатканын билдирет.
Адамдын өмүрү менен ар-намысы аларды коргой алган күчтүү мамлекет болгондо гана бааланат. Мусулмандардын кордолуп, каапырлардын колунда «этке» айланышынын чыныгы себеби — аларды коргой турган Халифалыктын жоктугу. Биздин мубарак мамлекетибиз Орусия сыяктуу зулум мамлекеттердин колунан өз жарандарын кордоого эч качан жол бербейт. Бир эле адилетсиз төгүлгөн мусулман каны үчүн Халифалык аскеринин мобилизацияланышына жана зулум мамлекетке каршы катуу саясий жана аскердик чаралар көрүлүшүнө алып келет. Расулуллах ﷺ чындыкты айткан, ал мындай деген:
«إِنَّمَا الْإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»
«Чындыгында, Имам — калкан: анын артында туруп согушулат жана аны менен коргонулат». (Муслим риваяты).
Демек, элибиз мусулмандарды коргобогону үчүн өзбек режимин катуу эсепке тартып, мусулмандардын өмүрүн, мал-мүлкүн жана ар-намысын коргоону камсыз кылган Халифалыкты тикелөө үчүн бардык күч-аракетин жумшашы зарыл.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُم﴾
«Эй момундар, Алла жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашообере турган нерсеге (динге) чакырган убактысында аны кабыл кылгыла». (Анфал: 24).
Ислам Абу Халил




