Сакофий

От менен жазалоонун өкүмү 

От менен жазалоонун өкүмү 

«Мукаддима» китебинин биринчи бөлүмү, 79-бет, үчүнчү абзацта төмөнкүлөр айтылган: “…Аллах акыретте азап кылуу үчүн белгилеген от менен жазалоону колдонууга болбойт. Башкача айтканда, от менен өрттөп жазалоого тыюу салынат”. 82-беттин ортосунда төмөнкүлөр айтылган: “…Шариат кылмыш кылгандарга карата колдонулуучу жазаларды белгилеп койгон. Алар: өлтүрүү, камчылоо, таш бараңга алуу, сүргүн кылуу, кол кесүү, камакка алуу, мал-мүлктү жок кылуу, айып пул салуу, эл алдында шерменде кылуу, дененин кайсы бир бөлүгүн от менен күйгүзүү (кай), мындан башкалары менен жазалоо эч кимге адал эмес”.

Суроо: “От менен азап берүүгө болбойт деп айтылып туруп, анан от менен күйгүзүүгө (кайга) уруксат берилгенин кантип түшүндүрүүгө болот?

Жооп:  

  1. От менен өрттөө — бул отту түздөн-түз адамдын денесине коюу. Мисалы, от жагып адамды анын ичине салуу, же колун, бутун отко салуу, же күйгүзүү касиети бар кандайдыр бир отту денесине тийгизүү. Мисалы, электр булагына туташкан зым аркылуу денесине ток берүү сыяктуу. Булардын баары күйгүзүүчү касиети бар от булагы менен денени азаптоо болуп эсептелет жана бул жаиз эмес.
  2. Ал эми темир таяк же мыкты отко кыздырып, андан кийин ошол таякты же мыкты кармап, адамдын денесине тийгизсең, бул учурда оттун өзү денеге коюлган болбойт. Тескерисинче, отко кыздырылган, бирок от булагынан ажыраган нерсе тийгизилет. Бул ысыган нерсени денеге басуу (кай) деп аталат. Бул арабдар арасында колдонулган жана азыр да колдонулат. Дарылоо максатында оорулуу жерди кыздырылган темир менен күйгүзүшөт.
  3. Сен: “Кызыган нерсени денеге басуу да катуу эмеспи?” — деп сурашың мүмкүн. Ооба, ал катуу. Бирок бул ага татыктуу болгон адам үчүн жаза жана шариятта белгиленген түрдө мыйзамдуу. Бирок бул от менен өрттөө эмес, башкача айтканда, от булагын түздөн-түз денеге коюу эмес.

Жыйынтык: От менен өрттөө, башкача айтканда, от булагын түздөн-түз денеге коюу аркылуу азап берүү шарият далилдерине ылайык арам жана жаиз эмес. Ал эми темирди отко кыздырып, анан ошол темирди денеге тийгизүү (кай) — оттун өзүн эмес, кыздырылган нерсени колдонуу болгондуктан, шарият далилдерине ылайык жаиз.

23.04.2010. 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button