Пакистандагы Белужистан көтөрүлүшү: моңголдордун сабагы Американын мусулман жерлерин кайра чийүү планы менен кесилишкенде

Пакистандагы Белужистан көтөрүлүшү: моңголдордун сабагы Американын мусулман жерлерин кайра чийүү планы менен кесилишкенде
2026-жыл январь айынын акыркы күндөрү жана февраль айынын башында Белужистан боштондук армиясынын согушкерлери Кветта, Ношки, Гвадар жана башка аймактарда координацияланган чабуулдарды жүргүзүп, коопсуздук объектилерин, чоң жолдорду жана жумушчулардын турак жайларын бутага алышты. Болжол менен кырк саатка созулган кагылышуудан кийин пакистандык расмий өкүлдөр 145 согушкер, 31 жай тургун жана 17 коопсуздук кызматкери каза болгонун билдиришти. Бул акыркы жылдардагы эң кандуу окуялардын бири болуп калды.
Интенсивдүүлүгү төмөн көтөрүлүш катары көрүнгөн бул окуя тез арада Шам аймагынан Араб деңизине чейин созулган геосаясий оюнга айланып жатат. Бул көрүнүштө Кытай, Россия, Индия жана яхудий түзүмү да катышуучу катары көрүнүүдө. Бул оюн Америка мусулман жерлерин кайра түзүп, яхудий түзүмүн жана Индияны күчтөндүрүү, ошол эле учурда Кытай жана Россияга каршы туруу сыяктуу чоң максаттарына байланыштуу жүрүүдө.
Кеңири тараган билдирүүлөрдө АКШнын отставкадагы генералы Уэсли Кларк 11-сентябрь окуяларынан кийин Пентагондун “беш жыл ичинде жети мамлекетти кулатуу” планы тууралуу меморандумду көргөнүн айткан. Бул мамлекеттер: Ирак, Сирия, Ливан, Ливия, Сомали, Судан жана акырында Иран болгон. Жыйырма жылдан кийин Вашингтон азыр Иранды “балкандаштыруу”, башкача айтканда бөлүп-жаруу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Керек болсо Хамейни революциясынан бери анын кызыкчылыктарына кызмат кылып келген режимди курмандыкка чалуу аркылуу жаңы стратегиялык максаттарга жетүүнү көздөйт.
2006-жылы АКШнын отставкадагы подполковниги Ральф Питерс өзүнүн “Кандуу чек аралар” аттуу картасын жарыялап, анда чоң жана көп улуттуу мамлекеттерди этникалык жана мазхабдык жактан бир тектүү майда мамлекеттерге бөлүү аркылуу “жакшыраак Жакынкы Чыгышты” сүрөттөгөн.
Америка азыр Иранга көрсөткөн басымы жана Белужистанда уланып жаткан баш аламандыктар Вашингтон эски колониялык чек араларды кайра чийүү планынын кийинки баскычына өтүшү мүмкүн экенин көрсөтөт. Бул пландын алкагында азыркы бийлик түзүмдөрүн кыйратып, алардын ордуна жаңы мамлекеттерди түзүү каралууда.
Америкалык стратегдердин көз карашында, маселе Ирандын өзөктүк программасы же Пакистандын алсыздыгы менен гана чектелбейт. Алар Иран жана Пакистан Кытай менен бирге Перс булуңунан Чыгыш Түркстанга чейин созулган бирдиктүү энергия жана соода огун түзүп калышы мүмкүн деп кооптонушат. Туруктуу Иран Кытайга чоң көлөмдө мунай жана газ сатып, ал эми Пакистан бул ресурстарды Кытай–Пакистан экономикалык коридору долбоорунун түтүк өткөргүчтөрү жана порттору аркылуу байланыштырса, Кытай үчүн Америка үстөмдүк кылган деңиз жолдорун айланып өткөн кургактык багытын берет.
Ал эми бөлүнүп-жарылган Иран жана көтөрүлүштөргө баткан Пакистан Кытай үчүн ишенимсиз энергия өткөрүү жолдоруна айланып, “Бир алкак – бир жол” демилгесине түз сокку урат.
Америка Венесуэлада Мадурону кулатууга аракет кылып, Трамп администрациясы Гренландияны көзөмөлгө алууга басым жасап жаткан учурда, Белужистан көтөрүлүшү Американын чоң стратегиясын ачып көрсөтөт. Американын Венесуэла мунайы үстүнөн үстөмдүк кылуусу жана Гренландиянын сейрек кездешүүчү элементтери менен маанилүү минералдарына ээ болушу Кытайдын Америка континентиндеги ресурстар жана энергия менен камсыз болуу жолдорун үзөт. Ошондой эле Гренландия–Исландия–Британия аралыгындагы жаңы коопсуздук байланыштарын түзүү аркылуу Америка Арктикадагы кытай жана орус деңиз жолдоруна каршы “муунтуу чекиттерин” түзүп, Батыш жарым шардагы америкалык чепти бекемдейт.
Бул жерде орусиялык фактор да бар. Иранды алсыратуу жана Пакистанды баш аламандык менен туруксуздукка батыруу Россиянын түштүк канатын т.а. Кавказдан Борбор Азия аркылуу Перс булуңуна чейин созулган аймакты туруксуздук деңизине айлантат. Бул баш аламандык тез эле Түркияга да жайылып, күрт, белуж жана башка мамлекеттерди түзүүнү көздөгөн көз карандысыздык кыймылдарын күчөтүшү мүмкүн. Мындай кооптуу сценарий Кремлди түштүктөгү баш аламандыктарды басуу үчүн Украина фронтунан күчтөрүн чыгарып кетүүгө мажбур кылышы ыктымал. Бул болсо НАТОго үстөмдүк кылууга жана Американын шарттарына ылайык ок атышууну токтотууну таңуулоого мүмкүнчүлүк берет.
Бул америкалык стратегиянын дагы бир маанилүү бөлүгү — яхудий түзүмү, Булуң өлкөлөрү жана Индияны бириктирген “тынч океан үч бурчтугу”. Акыркы он жыл ичинде яхудий түзүмүнүн айрым Булуң өлкөлөрү жана Индия менен болгон мамилелери жашыруун байланыштардан ачык коопсуздук, чалгындоо жана технологиялык өнөктөштүккө айланды. Ошондой эле “Индия–Жакынкы Чыгыш–Европа экономикалык коридору” сыяктуу жаңы долбоорлор байланыш долбоорлору катары сунушталганы менен, иш жүзүндө Кытайдын “Бир алкак – бир жол” демилгесине жарым-жартылай альтернатива болуп саналат.
Яхудий түзүмүн Жакынкы Чыгыштагы Американын негизги коопсуздук куралына айлантуу жана Индиянын Евразия субконтинентинде Кытайга каршы тең салмактоочу күч катары ролун жогорулатуу аркылуу Америка бул маанилүү геосаясий аймактардагы узак мөөнөттүү үстөмдүгүн бекемдейт. Ал эми Трамп бул геосаясий картаны кайра түзүү процессин Кытайдын долларга негизделген каржы системасынан толук ажырап кетишине жол бербөө үчүн пайдаланууга аракет кылууда. Ошондой эле эл аралык соода эсептешүүлөрүнүн SWIFT системасы аркылуу жүргүзүлүшүн улантууну камсыздоону көздөйт. Ошол эле учурда Америка Венесуэла мунайын жана Батыш жарым шардагы ресурстарды камсыздоо аркылуу чийки заттар үстүнөн үстөмдүгүн Кытайдан америкалык өнөр жай жана аскер тармагы үчүн зарыл болгон сейрек кездешүүчү металлдарын туруктуу алуу менен алмаштырууну көздөйт. Бул анын ички өндүрүш секторун кайра калыбына келтиргенге чейинки убактылуу чара катары каралууда. Ушул стратегиялык көз караштан алганда, Американын Иранга каршы согуштук чакырыктары күчөп, Иран–Пакистан чек арасынын эки тарабындагы “белуж каршылыгы” деп аталган кыймылга ачык колдоо көрсөтүлүүдө. Айрым консервативдүү чөйрөлөр азыр сегиз кылым мурда моңголдор кылгандай Иранды толук бөлүп-жаруу, башкача айтканда, эч нерсе калтырбай турган толук кыйратуу идеясын жактоодо.
Ал кезде селжуктар, хорезмшахтар жана Дели султандары өз ара келишпестиктерин жеңе албай, алардын бөлүнүп-жарылышы моңголдорго хорезмшахты жок кылууга, селжуктарды баш ийдирүүгө, Багдадды талап-тоноого жана Дели султандыгын олуттуу алсыратууга мүмкүнчүлүк берген.
Бүгүн болсо Түркия, Иран жана Пакистандын башкаруучулары ошол эле катаны кайталап, тарыхтын катаал өкүмүнүн заманбап түрүн чакырып, өз элдерин жаңы Америка–Яхудий–Индус “хандыктарга” байлап коюшууда!
Роя гезити
Устаз Абдулмажид Бахати




