Комментарий

Пакистандын Афганистанга соккулары чоң жоготууларга алып келүүдө

Пакистандын Афганистанга соккулары чоң жоготууларга алып келүүдө

Афганистан өкмөтүнүн басма сөз катчысынын орун басары Хамдуллах Фатрат Пакистан тараптан жасалган соккулардын акыбетиндеги жоготуулар жана кыйроолор боюнча статистиканы жарыялады. Анын айтымында, 2026-жылдын 26-февралынан 22-мартына чейинки чабуулдардын натыйжасында 761 катардагы адамдар каза болуп, дагы 626 адам жаракат алган. Отчётко ылайык, соккулар Афганистандын тогуз провинциясын камтыган: Кабул, Пактия, Пактика, Хост, Лагман, Нуристан, Нангахар, Кунар жана Кандагар.

Жалпысынан 14 973 ракета жана артиллериялык снаряддар атылган, анын ичинде авиациялык соккулар да болгон. Натыйжада 1240 турак жай талкаланып, 27 407 адам жер которууга аргасыз болгон. Жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтирилген: 13 мектеп, 13 медресе, 34 мечит жана 3 клиника талкаланды. Ошондой эле 256 соода объектиси жана 22 транспорт каражаты жабыркаган, 661 баш мал кырылган. Отчётто эң оор окуялардын бири катары Кабулдагы баңгизатка көз каранды адамдарды дарылоочу борборго жасалган сокку белгиленип, анда 411 адам каза болуп, 265 адам жаракат алганы айтылат.

Кабул чабуулдар Афганистан менен Пакистан делегацияларынын Кытайдын Үрүмчү шаарында өткөн сүйлөшүүлөрүнө карабастан уланганын баса белгиледи.

Комментарий: бүгүн региондогу АКШнын стратегиялык союздашы эсептелген Пакистан бийлиги ар кандай шылтоолор астында чектеш Афганистан менен жаңжалды күчөтүп жатат. Ал түгүл, жаңжалды токтотуу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатса да, Пакистан бийлиги Афганистанга каршы чабуулдарды токтоткон жок. Мунун себеби, Пакистан режиминин максаты – Афган бийлигин АКШ талаптарына моюн сунууга мажбурлоо болуп эсептелет. Тилекке каршы, Пакистандын кыянатчы бийлиги болуп жаткан окуялардан сабак алган жок. Буга чейин Иран дагы Американын кызыкчылыгы үчүн Афганистан, Ирак жана Сирияда иттей кызмат кылып берген. Ал бирок, Америка бул аймактагы максаттары ишке ашкан соң, кезектеги пландарын ишке ашыруу үчүн анын өзүнө сокку уруп, режимди кулатуунун максат кылууда. Бул үчүн анын өзөктүк курал өндүрүү тобокелдиги шылтоо кылынууда. Эртең АКШ менен яхудий вужуду – эгер Иран согушунан аман чыкса – кезектеги өзөктүк курал шылтоосу менен Пакистанга кол салуусу толук мүмкүн. Андыктан, Пакистан армиясындагы калыс мусулмандар бийликтин кыянаттык иштерине шерик болуудан этият болуп, аскердик күчтү Палестинаны, Кашмирди куткаруу жолунда сарпташы дүйнө-акырет үчүн пайдалуу болот.

Харун Абдулхак

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button