Пакистандын Кабулга жасаган соккусунан 400гө жакын адам жабыркады

Пакистандын Кабулга жасаган соккусунан 400гө жакын адам жабыркады
Афганистанын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдиргендей, Кабул шаарындагы баңгизатка көз каранды адамдарды дарылоо борборуна жасалган аба соккусунан жабыркагандардын саны болжол менен 400 адамга жетти. Анын айтымында, 200дөн ашуун адам каза болуп, 170тен ашыгы жаракат алды. Бул маалыматтар дагы такталууда, анткени куткаруучулар окуя болгон жерде ишин улантып, өрттөнүп кеткен имараттан сөөктөрдү алып чыгууда.
Афганистандын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Пакистанды кескин айыптап, мындай деди: «Пакистан аскерлери Афганистандын суверенитетин одоно бузуп, Кабулдагы баңгизатка көз каранды адамдарды дарылаган оорукананы аткылады. Натыйжада күнөөсүз бейтаптар каза болуп, жаракат алышты. Биз бул кылмышты кескин каралайбыз. Мындай агрессия мамлекеттер аралык келишимдерге гана эмес, бардык гуманитардык принциптерге да каршы келет».
Забиулла Мужахид Пакистанды «Израил» менен салыштырып, мындай деди: «Пакистан режими толугу менен «Израилдин» жолун ээрчип бара жатат. «Израил» Газада жарандык турак-жайларды жана ооруканаларды бутага алгандай эле, Пакистан да бул жерде жарандарды бутага алууда».
Комментарий: АКШ Афганистандан шерменде болуп чыгып кеткенден кийин өлкөдөгү таасирин жоготпоого аракет кылууда. АКШнын максаты — жаңы афган бийлигин анын талаптарына ылайык саясат жүргүзүүгө мажбурлоо. Анын бул максатын орундатуу үчүн АКШны ээрчиген Пакистан бийлиги Афганистанга каршы кыянатчыл аракеттерди алып барууда. АКШнын аймактагы стратегиялык өнөктөшү болгон Пакистандын бул чабуулдары Афганистанга басым көрсөтүү максатында жасалууда.




