Пакистан башчылары армиясын мусулмандардан яхудий түзүмүн коргоо үчүн жөнөтүүгө камынууда

Пакистан башчылары армиясын мусулмандардан яхудий түзүмүн коргоо үчүн жөнөтүүгө камынууда
2025-жылдын 17-ноябрында Пакистан БУУнун Коопсуздук Кеңешинин убактылуу мүчөсү катары 2803-резолюцияны колдоп добуш берди. Бул резолюция ачык-айкын түрдө Трамптын Газа боюнча планын ишке ашыруу болуп саналат. Анда түздөн-түз мындай деп жарыяланат: «2025-жылдын 13-октябрында жарыяланган Трамптын туруктуу тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылуу боюнча тарыхый билдирүүсүн кубаттайт». Ошол эле учурда, резолюциянын максаты мусулман жоокерлерин яхудий түзүмү менен кызматташуусун камсыз кылуу жана баскынчылыкка каршы күрөшүүсүнө жол бербөө.
Резолюцияга ылайык, пакистандык аскерлер биздин күнөөсүз балдарыбызды кырып, ар-намыстуу аялдарыбызды зордуктаган жырткыч яхудий күчтөрү менен тыгыз кызматташууга тийиш. Резолюциянын жетинчи пунктунда төмөнкүлөр айтылат: «Газа тилкесинде туруктуулукту камсыз кылуу үчүн Бейпилдик Кеңеши кабыл алган бирдиктүү жетекчилик астында жайгаштырылуучу убактылуу эл аралык күч түзүмүн уюштуруу. Бул түзүм катышуучу мамлекеттер кошкон аскерлерден түзүлөт жана Египет Араб Республикасы жана (Израиль) менен кеңешүү жана тыгыз кызматташуу аркылуу иш алып барат».
Мындан тышкары, резолюцияга ылайык, пакистандык күчтөр Газа секторундагы мусулман жоокерлерден куралдарды тартып алууга милдеттендирилет, мунун максаты коркок яхудий күчтөрүн коргоо. Резолюцияда эл аралык туруктуулук күчтөрүнүн максаттарынын бири катары төмөнкүлөр көрсөтүлөт: «Газа секторун толук куралсыздандыруу процессин камсыз кылуу, анын ичинде сектордогу аскердик, террордук жана чабуулчу инфраструктураны жок кылуу жана кайра курууга жол бербөө, ошондой эле мамлекеттик эмес куралдуу топтордун куралдарын туруктуу түрдө пайдалануудан чыгаруу».
Ошентип, Пакистан армиясына эки жыл бою яхудий түзүмүн жок кылууга тыюу салынгандан кийин, элдин талабы менен жоокерлердин каалоосуна карабастан, Пакистан бийлиги азыр өз күчтөрүн Газадагы каршылык кыймылын куралдан ажыратуу үчүн, яхудий түзүмү жана саткын Египет башкаруучусу менен тыгыз координацияда кызматташуусу жөнөтүп жатат!
Пакистандагы мусулмандарга кайрылуу:
Аллах Тааланын жардамы менен биз 2004-жылы Пакистандын мурдагы башкаруучусу Первез Мушаррафты америкалык баскынчылыкты коргоо үчүн куралдуу күчтөрүбүздү Иракка жөнөтүүдөн токтото алдык. Биз коркутуу, кордоо, кысым жана камоолорго карабай, Аллахтан гана коркуп үнүбүздү бийик көтөрдүк. Биз жоокерлерибиздин америкалык кресттүүлөр менен союздашып, мылтыктарын Ирактагы мусулмандардын көкүрөгүнө такашына чечкиндүү түрдө каршы чыктык.
Эми биз жоокерлерибиздин яхудийлер менен союздаш болуп, мылтыктарын Газадагы мусулмандарга такашына каршы чыгышыбыз керек. Ошондуктан Пакистандын азыркы башкаруучусу Асим Мунирдин күчтөрүбүздү Газада яхудий баскынчылыгын коргоо үчүн жөнөтүүсүнө бөгөт коюу бизге важиб. Бул баскынчылык берекелүү Палестина жеринин көп бөлүгүн ээлеп турат, ал эки кыбланын биринчиси, үч ыйык мечиттин үчүнчүсү жана Расулуллах ﷺдын Исра сапарына жол алган жери.
Пакистандагы мусулмандар:
Бизге Аллах Тааланын уруксатысыз эч кандай зыян тийбесине ишенип, үнүбүздү бийик көтөрөлү! Аллах Таала айтты:
﴿قُلْ لَنْ يُصِيبَنَا إِلَّا مَا كَتَبَ اللَّهُ لَنَا هُوَ مَوْلَانَا وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ﴾
«Айткьн: «Бизге Жалгыз Алла биз үчүн жазып койгон гана нерсе жетет. Ал биздии Эгебиз. Демек, ыймандуу адамдар Аллага гана сүйөнүшсүн!» (Тообо: 51).
Ошондой эле билгиле: кайраттуулук өмүрүбүздү же ырыскыбызды кыскартпайт, ал эми кайдыгерлик аны узартпайт. Расулуллах ﷺ айтты:
«أَلَا لَا يَمْنَعَنَّ أَحَدَكُمْ رَهْبَةُ النَّاسِ أَنْ يَقُولَ بِحَقٍّ إِذَا رَآهُ أَوْ شَهِدَهُ فَإِنَّهُ لَا يُقَرِّبُ مِنْ أَجَلٍ وَلَا يُبَاعِدُ مِنْ رِزْقٍ»
«Адамдардын коркутуусу силердин бирөөңөрдү чындыкты көргөндө же күбө болгондо айтуудан тосуп калбасын. Анткени ал (чындыкты айтуу) ажалды жакындатпайт да, ырыскыны алыстатпайт» (Ахмад риваяты).
Үнүбүздү социалдык тармактарда, коомдук жайларда жана мечит минбарларында көтөрөлү. Өз туугандарыбыздын жана досторубуздун арасындагы күч-кубат ээлерине жана кадыр-барктуу адамдарга кайрылалы. Айткандарыбызга Аллах Таала күбө.
Пакистан куралдуу күчтөрүндөгү мусулмандар:
Аллах Таала силерге мусулмандар менен согушкандар менен союздашууга тыюу салды. Аллах Таала айтты:
﴿إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُم مِّن دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَى إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ وَمَن يَتَوَلَّهُمْ فَأُوْلَئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ﴾
«Алла силерди жалгыз диниңер туурасында силер менен урушкан, силерди өз журттарыңардан кууп чыгарган жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкан кимселерден – алар менен достошууңардан кайтарат. Эгерде ким алар менен достошсо, мына ошолор заалим кимселердин өзү». (Мумтахана: 9).
Аскерлерди коркок яхудийлерди коргоо үчүн чынчыл, кайраттуу мужахиддерге каршы жөнөтүүгө макул болбогула!
Мужахиддерди куралдан ажыратуунун ордуна, аларды мал-мүлк, курал-жарак жана адамдар менен колдогула. Анткени Аллах Таала силерге эзилген, зулумга учураган мусулмандарга жардам берүүнү буйруду. Аллах Таала айтты:
﴿وَإِنِ اسْتَنْصَرُوكُمْ فِي الدِّينِ فَعَلَيْكُمُ النَّصْرُ﴾
«Эгер алар дин жолунда силерден жардам сурашса жардам кылуу силердин мойнуңарда». (Анфал: 72).
Аллах Таала басып алынган жерди бошотууну да буйруду. Ал айтты:
﴿وَأَخْرِجُوهُم مِّنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ﴾
«…жана силерди (кууп) чыгарган жайдан аларды да кууп чыккыла!» (Бакара: 191).
Ошондуктан Аллахтын буйруктарынын аткарылышына тоскоол болгон ар бир жетекчини четтетип, яхудий түзүмүн жок кылууга аракет кылгыла!
Устаз Мусаб Умайр
Роя гезити




