Басма сөз

Палестина президентинин билдирүүсү – чыккынчылыкты, кылмышты жана Палестина элине карата ачык жалганды тастыктоо

Басма сөз баянаты

Палестина президентинин билдирүүсү – чыккынчылыкты, кылмышты жана Палестина элине карата ачык жалганды тастыктоо

Палестина өкмөтүнүн башчысы Аббас 2025-жылдын 10-февралында №4 жарлыкты чыгарып, анда туткундар менен шахиддерге берилген төлөмдөрдү жокко чыгарды. Бул Америкадан келген буйруктарга жана яхудий түзүмүнүн кысымына жооп катары жасалды. Андан соң бийлик шашылыш түрдө Америкага кабарлап, америкалык “Axios” сайты өз булактарынын биринде: «Биз президент Аббас туткундар менен шахиддердин үй-бүлөлөрүнө бөлүнгөн каражаттарды токтотуу чечими тууралуу АКШ администрациясын кабардар кылдык», – деп билдирди. Мунун баары Американы жана яхудий түзүмүн ыраазы кылуу максатында жасалды.

Ошого карабастан, Аббас 2025-жылдын 22-декабрында, дүйшөмбү күнү, мындай деп билдирүү жасады: «Биздин адил шахиддерибиздин, кайраттуу туткундарыбыздын, жарадарларыбыздын жана алардын сабырдуу үй-бүлөлөрүнүн курмандыктарына берилгендик – улуттук жана ахлакый бекем милдет, ал соодалашууга же саясий инвестицияга жатпайт». Ал америкалыктардын жана яхудийлердин талабына ылайык алардын төлөмдөрүн жокко чыгарбагандай, же “Тамкин” мекемеси жана аны башкаргандар аркылуу алардын кадыр-баркын тебелебегендей сүйлөдү.

Андан соң Аббас Палестина эли анын сөзү менен ишинен кабарсыз деп ойлогондой, билдирүүсүндө мындай дейт: «Биз улуттук комплекстүү реформалык программаны ишке ашырууну улантабыз, анын максаты Палестина мамлекетинин укуктук жана институттук тутумун өнүктүрүү жана жаңылоо, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, туура башкаруу, ачыктык жана жоопкерчилик принциптерин чыңдоо, ошондой эле бийлик бутактарынын тең бөлүнүшүн камсыз кылуу».

Бул болсо эл бийликтин өкүлдөрү өздөрү эле америкалык жана европалык буйруктарга ылайык реформаларды жүргүзүп жатканын көрбөй жаткандай, ал тургай Трамптын планы негизинде бул реформалар Американын көзөмөлүндө болуп, АКШны ыраазы кылышы да, кылбашы да мүмкүн экенин ачык айтып жатышканын көрбөгөндөй мамиле.

Ал кудум Палестина эли Евробиримдиктин жардамдары бийликтин «реформаларына» шартталганын, окуу программаларын Батыштын, ЮНЕСКОнун жана эл аралык келишимдердин өлчөмдөрүнө ылайык өзгөртүү талап кылынарын укпагандай сүйлөдү! Аббас муну өзү бир нече жолу ачык айткан эмес беле! Ошондой эле Аббас Францияда туруп, убактылуу палестиналык конституцияны даярдоодо Макрондун жардамына таянарын жарыялабагандай сүйлөп жатат! Анда Аббас кайсы реформалар тууралуу сөз кылууда?! Кайсы «туура башкарууну» көздөп жатат?!

Саясий «реформаларга» келсек, жергиликтүү башкаруу органдарына шайлоо тууралуу мыйзамга кошулган бир эле пункт жетиштүү: ар бир талапкерден «Палестинаны боштондук уюмунун программасына, анын эл аралык милдеттенмелерине жана эл аралык мыйзамдуулуктун чечимдерине берилгендигин» ырастаган декларация тапшырууну талап кылат. Бул болсо Палестина элинин мыйзамдуу жана жалгыз өкүлү катары ПБУну таанууну, анын программасы болгон Палестинанын көпчүлүк бөлүгүнөн баш тартууну, Палестина маселесин Исламдан жана Ислам үммөтүнөн ажыратууну, кагаз жүзүндөгү «палестиналык мамлекетти» кылмыштуу яхудий түзүмүнүн кызыкчылыгы үчүн иштеген коопсуздук аппаратына айландырууну, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди т.а. яхудий түзүмүн таануудан баштап Исламга каршы күрөшүүгө чейин, ЮНЕСКОнун стандарттары боюнча окуу программаларын өзгөртүүдөн тартып үй-бүлөнү кыйраткан мыйзамдарга чейин кабыл алууну шарт кылат. Бул чыккынчылык жана кылмыштуу милдеттенмелер Палестинага жана анын элине каршы болуп, шайлоого катышуунун негизги шартына айланып калды!

Экономикалык «реформага» келсек, ал Палестина элин титиреткен, бул жерде калууну какыраган чөлдө жашоодон да оор кылган жаңы салык мыйзамдары гана. Анда кайсы экономикалык реформа жөнүндө сөз болушу мүмкүн, эгер бийлик мугалимдердин жана мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын төлөбөй, бийлик адамдары элдин акчасын ата-бабасынан мурас болуп калгандай каалашынча чачып жүрсө?!

Ал эми коррупцияга келсек, бийликтин жана уюмдун коррупциясы  сасып кетти: бир коррупция иши ачыкка чыга электе эле, андан да чоңураак коррупция иши аны басып кетүүдө. Низми Муханнанын (өтмөк пункттарын башкаруу) жана Рияд Фараждын коррупциясынан тартып, Транспорт министрине чейин, андан соң Аббастын уулу катышкан эң ири чырга чейин муну тастыктап турат. Бул чырда ал Палестинаны боштондукка чыгаруу уюмуна таандык Ливандагы миңдеген кыймылсыз мүлктөрдү уюмдун ичиндеги жеке чөнтөктөргө сатып жибергени ашкереленген…

Ал эми кесипкөйлүк жана адилеттүүлүк тууралуу айтсак, мамлекеттик кызматкерлерге жана мугалимдерге карата мамиле муну ачык көрсөтүп турат. Көптөгөн адамдар кызматка жөндөмүнө жараша эмес, коопсуздук органдарынын сунушу менен дайындалып жатат. А түгүл убактылуу мугалим болуп иштөө үчүн да коопсуздук органдарынын макулдугу негизги шарт болуп калды!

Ал сот адилеттүүлүгү жөнүндө сөз кылат, бирок соттун адилеттүүлүгү кайда?! Судья камактагы адамды бошотуу чечимин чыгарат, ал эми коопсуздук органдары аны аткаруудан баш тартат. Мындай мисалдар сан жеткис. Бул үчүн университет студенти Сайф Абу аль-Хава иши эле жетиштүү: судья аны күрөө менен бошотуу тууралуу чечим чыгарган, бирок алдын алуучу коопсуздук кызматынын басымы астында бул чечиминен кайра баш тарткан. Андан соң сот отурумунда да ушундай болгон: адвокаттан залды таштап чыгуусу талап кылынып, алдын алуучу коопсуздуктагы юридикалык кеңешчи судья менен жалгыз калган. Натыйжада судья коопсуздук органдарынын көрсөтмөсүнө баш ийип, студенттин камак мөөнөтүн дагы бир жумага узарткан.

Бийлик элдин кайсы гана ишин колуна албасын, сөзсүз аларга оорчулук жаратат. Элдин жашоосуна тиешелүү кайсы гана булакка тийбесин, аны кыйратып, жашылын калтырбай кууратып жиберет. Палестина элин кайсы гана социалдык мыйзамга салбасын, анын артында ар-намысты, уятты жоготуу, үй-бүлөнү жана исламий баалуулуктарды жок кылуу турат. Окуучулардын окуу программаларына жакындаса эле, анда Исламдын идеалдарын жана баалуулуктарын өрттөп, Батыштын куфру жана төмөндүгү менен сугарылган  пикирлерди жайылтат. Анда Палестина элине бул бийликтен өткөн кандай жамандык тийди?! Ал жакшылыктын бир да эшигин ачык калтырбай жапты, жамандыктын бир да эшигин калтырбай, баарын ачып кирди, дүйнөдөгү каапырлардын колдорунун баарын Палестина элинин моюнуна мингизди!

Чындыгында, бул бийлик жана анын уюму Батыштын мөмөсү, мусулман жерлериндеги зыяндуу режимдердин бир түрү. Бийлик – бул биздин жерлерде каапырдын колу, аны менен уруп-согуп, тартып алып, азгырат. Таң аткандан кеч киргенге чейин үстүнөн берилген буйруктарды аткарган режимдер сыяктуу. Иорданияда кабыл алынган бир мыйзамды Египеттен да табасың, Палестинада өзгөртүлгөн окуу программалары Хижазда да өзгөрөт, бардык режимдер «2030-жылга чейинки реформа планы» деп какшап турушат. Бул режимдер момундардын үстүнөн каапырлардын колун гана билдирет жана каапыр үчүн момундун үстүнөн жол ачат. Батыштын колун (бул режимдерди) кесүү – динди, мал-мүлктү, жандарды жана ар-намысты сактоонун жолу. Ошондой эле Палестина бул режимдердин, анын ичинде Палестина боштондук уюму менен бийликтин колу Палестина маселесинен алынмайынча жана ал кайра Ислам үммөтүнө кайтарылмайынча боштондукка чыкпайт. Аны Аллахты жана Анын Элчисин ﷺ  сүйгөн эркектер колуна алат: алардын бири Чыгышта «жихадга тургула!» деп чакырса, Батышта дароо: «Аллахтын аскерине лаббайк! Эй, Аллахтын аттары, аттангыла!» – деп жооп берет.

﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا مَنْ يَرْتَدَّ مِنْكُمْ عَنْ دِينِهِ فَسَوْفَ يَأْتِي اللَّهُ بِقَوْمٍ يُحِبُّهُمْ وَيُحِبُّونَهُ أَذِلَّةٍ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ أَعِزَّةٍ عَلَى الْكَافِرِينَ يُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلَا يَخَافُونَ لَوْمَةَ لَائِمٍ﴾

«Эй момундар, силердин ичиңерден кимде-ким өз дининен кайтса, Алла (ордуңарга) башка бир коомду келтирет, Алла аларды жакшы көрөт, алар Алланы жакшы көрүшөт. Алар момундарга өтө жөнөкөй карапайым, каапырларга болсо катуу кол, бир да жемелөөчүнүн жемесинен коркпойАлла жолунда күрөшө турган кишилер. Бул Алланын берешен, жоомарттыгы болуп, өзү каалаган кишилерге берет. Алла берешен жоомарттыгы кең, билүүчү!». (Маида: 54).

Хизб ут-Тахрирдин Берекелүү Палестина жериндеги маалымат бөлүмү

25.12.25

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button