Роя гезити

Палестина үчүнчү долбоорду күтүп жатат

Палестина үчүнчү долбоорду күтүп жатат

1967-жылы яхудий түзүмү Батыш жээкти басып алгандан бери Палестина маселеси эки долбоордун, же эки пландын ортосунда талаш болуп келет. Биринчиси эл аралык мыйзамдар жана анын институттары алкагында палестин мамлекетин түзүүнү көздөгөн америкалык план. Экинчиси болсо, Батыш жээктеги жерлерди өзүнө каратып алууну көздөгөн яхудий түзүмүнүн долбоору.

Биринчи план ондогон жылдардан бери абада калып, медиа, саясий демилгелер жана конференциялардын коридорлорунда гана айланып, андан ары өтпөй келатат. Яхудий түзүмүнүн планы болсо ал жерде иш жүзүндө күн сайын токтобой ишке ашырылып жатат. Яхудийлер Батыш жээкти өзүнө кошуп алууга, анын статусун «эл аралык мыйзамдар» боюнча талаштуу оккупацияланган аймактан өз географиясынын бөлүгүнө айлантууга умтулуп жатышат. Ошентип, алар Палестина жерин деңизден дарыяга чейин «яхудий мамлекети» кылып, башка эч кимге анда орун калтырбоону, «палестин мамлекети» деп аталган нерсенин түзүлүшүнө жол бербөөнү көздөшүүдө. Бул болсо бүгүн яхудий түзүмүнүн саясий күчтөрү, саясатчылары жана коомчулугу арасында дээрлик бир пикирге айланган.

Бул максатка жетүү үчүн яхудий түзүмү эрте эле Батыш жээктин географиясын жана демографиясын өзгөртүүгө киришкен. Ал Палестина элинин бар болушуна параллелдүү дагы бир түзүлүштү т.а. колониялык отурукташуу аркылуу шаарларды жана калктуу пункттарды түзүп, колонизаторлордон турган жаңы «элди» пайда кылууга аракет кылууда. Алар бул колонизаторлордун санын көбөйтүүгө жана алардын ордун бекемдөөгө катуу умтулууда.

Башка жагынан алганда, Палестина эли өзүнүн бар болушу, сабыры жана жеринде бекем турушу менен яхудий түзүмүнүн долбооруна негизги тоскоолдук болуп саналат. Сан жагынан да демографиялык маселе жаралып жаткандыктан, яхудий түзүмү бош жерди алууну каалагандыктан, анын саясаты отурукташтырууну күчөтүү менен катар, Палестина элин өз жеринен сүрүп чыгарууга да багытталган. Бул үчүн алардын жашоосун өтө оорлотуу, көчүүгө мажбурлоо максатында басым, курчоо, муунтуу, өлтүрүү, коопсуздуктун жоктугу, зомбулук, үйлөрдү жана лагерлерди бузуу сыяктуу ыкмалар колдонулууда.

Чынында, көчүрүү – алардын бардык тарыхый пландарынын өзөгүндө турган элемент. Бирок акыркы мезгилде бул саясаттын көлөмү, ылдамдыгы жана кылмыштуулугу күчөп кетти. Бул болсо акыркы чечимдеринде, айрыкча жер маселесинде ачык көрүнүүдө.

Ал эми «палестин мамлекети» деген америкалык долбоорго жабышып, аны «улуттук долбоор» деп элге таңуулап, элге кыялдарды айтып келген Палестина автономиясына келсек, яхудий түзүмү аны эч качан өз алдынча тарап катары көргөн эмес. Аны түзүп берген Осло келишиминде да ал жөн гана функциялык курал катары каралган. Яхудий түзүмү аны ушул негизде гана пайдаланган. Өз коопсуздугун камсыздоо үчүн негизги функция катары иштеткен, ошондой эле оккупациянын жүгүн ал аркылуу  Палестина элине жүктөгөн.

Яхудий түзүмү аны бир жагынан тосмо дубал жана элди көзөмөлдөө куралы  катары колдонсо, экинчи жагынан өз басымын элге өткөрүп берүүчү ортомчуга айландырган. Натыйжада, анын мыйзамдары, чаралары жана чыккынчылык аракеттери жана өз элин өлтүрүүгө чейин жеткен көрүнүштөр дал ушул ролдон келип чыккан. Ошентип, ал Палестина эли үчүн оккупациянын жүгү сыяктуу эле оор жүккө айланды. Оккупация болсо аларды өз жерлеринен кууп чыгууга аракет кылууда.

Ошол эле учурда, бийлик өзү өзүнүн бар болушун дал ушул функция менен байланыштырат. Балким, дал ушунун өзү анын бул ыплас ролун улантып жатышын түшүндүрөт. Яхудий түзүмү Палестина элине күн сайын жасап жаткан зулумдугуна, ошондой эле акыркы отуз жыл ичинде анын калкалоосу менен жасалган өзгөрүүлөргө карабастан, Палестина бийлиги эки жүздүү абалда калууда.

Дүйнө күбө болуп жаткан азыркы өзгөрмө шартта эл аралык мамилелерде туруктуу нерсе калбады. Эл аралык система ыдырап, «эл аралык мыйзамдар» деп аталган нерселер көзгө илинбей, ачык эле четке кагылып, алардын ордуна күч жана келишимдер логикасы үстөмдүк кылууда. Мындай шартта «палестин мамлекети» долбоору толук жокко чыгарылган жок, бирок маанисин жоготту. Анын маңызы, табияты, географиясы, ал тургай кайсы жерде түзүлөрү да бүдөмүк болуп калды. Айрыкча, яхудий түзүмүнүн бул мүмкүнчүлүктү жокко чыгарган фактыларды түзүп жатканы жана бийликтин ал жерге карата ыйгарым укуктарын улам азайтып, аны төмөн ролдорго гана калтырып жаткан мамилеси муну ого бетер айкын кылууда.

Балким, Батыштын Палестина маселесин «чечүү» үчүн сунуштап келген «кичине палестин мамлекети» долбоорунун дагы деле күн тартибинде кармалып турушунун бир себеби — яхудий түзүмүнүн өзүн сактоо болуп саналат. Анткени ал бардык жерди жутуп, Палестина маселесин толук жок кылууга текебердик менен умтулуп жатканы менен, бул оңой олжо боло албайт, тескерисинче, анын өзүн муунткан тузакка айланышы да мүмкүн.

Андыктан, Палестина жана анын элин оор күндөр күтүп тургандыгы шексиз. Алардын иши душмандарынын тиштери арасында турганда жана үммөттүн Палестинага карата долбоору яхудий түзүмү менен Америка долбоорлорунун урандылары үстүндө өз ордун ээлей элек учурда, ушундай бойдон кала берет.

Бул үммөттүн долбоору Палестинаны толук азат кылуу жана бул мыйзамсыз түзүмдү жок кылууну талап кылат. Анткени бул Ислам талап кылган чечим, анын өкүмдөрү үммөткө жүктөлгөн милдет жана андан башка тандоо жок. Палестина жалгыз гана Палестина элинин иши эмес, ал бүтүндөй үммөттүн маселеси.

Бирок үммөттүн бул долбоору теориялык жактан бар болуп, анын уул-кыздары арасында иш жүзүндө жашап турганы менен, азырынча практикалык жактан ишке ашпай, тоңуп калууда. Анткени аны ишке ашыра турган жана ал үчүн аракет кыла турган аткаруучу тарап т.а. Ислам мамлекети жок. Дал ушул мамлекет бул долбоорду чындыкка айлантат. Чынында, Халифалыкты тикелөө үммөттүн эң чоң долбоору болуп саналат, бардык маселелер жана чечимдер, анын ичинде Палестинаны азат кылуу да ага байланыштуу.

Палестинаны азат кылуу үммөт ээ болгон күчтөрдүн негизинде мүмкүн болсо да, акыркы окуялар үммөттүн абалын б.а. бул кутумчу, колонизаторго көз каранды режимдердин шартында анын алсыздыгын, шал абалын жана кайдыгерлигин ачык көрсөттү. Ошондой эле бул окуялар үммөттүн ушул чоң долбоорго т.а. Ислам мамлекетине болгон муктаждыгын дагы да айкын кылды. Ал мамлекет үммөттү колонизатордун үстөмдүгүнөн куткарат, анын жашыруун күчтөрүн, байланган армияларын жана уурдалган эркин бошотот. Ал мамлекетсиз үммөт алсыздык жана чарасыздык абалында кала берип, бир балээден экинчисин күтүп жашай берет.

Акыркы окуялар дагы бир нерсени тастыктады: Палестинаны толук азат кылуу жана баскынчы түзүмдү жок кылуу чечими ондогон жылдардан бери сунушталып келе жаткан, бирок ишке ашпай келген «эки мамлекет» сыяктуу батыштык долбоорлорго караганда алда канча жакын. Себеби бул түзүмдүн алсыздыгы, боштугу жана жалган күчү ачык көрүнүп калды. Ал эми саткын башкаруучулардын жана тогут режимдеринин кулашы бул экөөнөн да жакыныраак. Эгер үммөт жана анын күчтөрү аларды туура жол менен жок кылууга аракет кылса, муну орундатуу жеңил болот. Анткени алардын үммөт ичинде тамыры жок, тактары бош, тактылары кулап түшүүгө жакын.  Үммөт залимдер дайыма көрсөткөнүн эмес, ар дайым Аллах Тааланын сөзүн эстеши керек:

﴿أَلَا إِنَّ نَصْرَ اللَّهِ قَرِيبٌ﴾

 “Билип койгула, албетте Алланын жардамы жакын”. (Бакара: 214).

Роя гезити

Абдурахман Ал-Ладавий

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button