Макала
Trending

Путиндин Индияга болгон сапары жана Модинин эки тараптуу оюну

Путиндин Индияга болгон сапары жана Модинин эки тараптуу оюну

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин 4–5-декабрда Делиге жасаган сапары, Евразиядагы геосаясий абалды ачыктады. Бул абал Нарендра Модинин тышкы саясатындагы логикасын да көрсөттү. Тагыраагы, Моди сыртынан көз карандысыз саясат жүргүзүп жаткандай көрсөтүүгө аракеттенгени менен, чынында ал АКШ менен терең жана ачыкталбаган кызматташтык негизинде иш алып барууда.

Индия эл аралык коомчулукка көз карандысыз саясат жүргүзүп жаткандай көрүнсө да,  иш жүзүндө ал АКШнын негизги стратегиялык багыты менен жүрөт. Маселен, АКШнын Кытайга каршы саясатын, Пакистанды көзөмөлдөө жана аймактагы Исламга каршы багытталган саясатын үзгүлтүксүз колдоп келет. Бирок Моди, бул көз карандылыктын тереңдигин чеберчилик менен жашырып, Россия менен болгон мамиледе өзүнүн тактикалык жүрүшүн кеңейтүүдө .

  1. Сапардын мазмуну

Россия менен Индиянын кызматташтыгынын тарыхы узак. Москва, Пакистан менен жасалма жаралган кагылышууларда Делини колдоп келген, ошондуктан индия элитасы Россияга карата жылуу мамилесин азыркыга чейин сактап келүүдө. Бирок, бүгүнкү күндө бул мамилелер, АКШнын катаал кысымы, Вашингтон менен Бээжиндин атаандаштыгы, Украина кризиси жана глобалдык Түштүктөгү таасир талашуу күрөшүнүн шартында жүрүүгө аргасыз.

 Путиндин малекеттик сапары, Индия Россия менен болгон мамилесин тышкы басымга карабастан дагы деле үзүүгө даяр эмес экендигин ачыктады. Бирок, бул көрүнүш Индия АКШ менен болгон терең стратегиялык байланыштарын үзүүдө деген маанини билдирбейт.

  1. Россия эмнелерге жетишүүдө

Москва бул сапарда бир нече маанилүү пайдаларга жетишет.

Энергетика. Индия Россия үчүн эң чоң мунай сатып алуучу бойдон калууда. Бул аркылуу Россия туруктуу каржылык киреше табып, батыштын ага карата энергетикалык изоляциясын алсыратууда.

Коргонуу жана коопсуздук. Дели, С-400 жана Су-30МКИ системаларында Россияга көз каранды жана ошондой эле, башка алынган курал-жарактарды тейлөөгө жана кайра жаңылоого муктаж. Кезектеги курал-жарактарды жеткирүүгө келишим түзүү (анын ичинде айрым 5-муундагы технологиялар)  Россияга дүйнөдөгү ири коргонуу рыногунда өз ордун сактап калууга мүмкүнчүлүк жаратат.

Геосаясат. Путиндин Индияда ачык кабыл алынышы, Батыштын Россия эл аралык изоляцияда деген жоромолун бузат жана Москва дагы деле ири державалар үчүн суроо-талапка ээ болгон өнөктөш экенин көрсөтөт.

  1. Индиянын кызыкчылыктары

Индия үчүн бул сапардын маанилүүлүгү кем эмес.

Энергетикалык коопсуздук. Орусиянын арзан баадагы мунайы Индия экономикасынын туруктуулугу үчүн маанилүү.

Коргонуу автономиясы. Индия батыштын аналогторуна ыкчам түрдө өтө албагандыктан, Москва дагы эле негизги системалардын жабдуучусу бойдон калууда.

Экономикалык пайдалар. Дели Россияга фармацевтика, айыл чарба продукцияларын жана текстилди экспорттоону көбөйтүүгө умтулууда. Ошондой эле, санкцияларды айланып өтүүгө маанилүү деп саналган “Түндүк–Түштүк” коридорун өнүктүрүү үчүн логистикалык багыттарды турукташтырууну көздөөдө.

  1. Эмне үчүн Моди АКШга болгон көз карандылыгын жашырууда

Индия эл алдында бейтараптыкты карманганы менен, иш жүзүндө АКШ стратегиясына тыгыщ байланган. Бул – Индиянын саясий салтына жана улуттук риторикасына туура келет. Моди ички саясатта өзүнүн саясий мыйзамдуулугун сактап калуу үчүн көз карандысыздыкты көрсөтүүгө мажбур.

Стратегиялык автономия – бул Неру доорунан бери келе жаткан Индиянын тышкы саясий өздүгүнүн бир бөлүгү. Индиянын элитасы, АКШнын саясаты ар 4-8 жыл сайын өзгөрүп турганы үчүн, аны ишенимдүү өнөктөш катары эсептебейт. АКШ өзүнүн кызыкчылыгына жараша, өнөктөшүн сатканга даяр. Ошондуктан, Моди Кытай менен кырдаал курчуй турган болсо, Вашингтон чындап эле ага жардам берерине ишенбейт. Мына ушундан улам Индия, АКШ менен кызматташкан күндө да, өз саясатынын камын көрүп, кызыкчылыктардын дал келип калышын шылтоолоп, өзүнүн көз карандысыздыгын көрсөтүүгө аракеттенет.

Андыктан, Моди көз карандысыздыгын Россияга атайлап көрсөтүүдө деген ой туура эмес. Анткени Индия, эки чоң күчтүн ортосунда айла табуу үчүн гана мындай чарага барууда.

  1. Индия жана АКШ: көмүскө кызматташуунун тереңдиги

Көз карандысыздык риторикасына карабастан, Индия Вашингтондун негизги стратегиялык долбоорлорун колдойт.

Чалгындоо спутниктеринин маалымааттары менен бөлүшүү, биргелешкен аскердик машыгуулар, QUAD уюмуна катышуу. Бул Индия, АКШ, Япония жана Австралия ортосундагы коопсуздукту кепилдөөгө каралган төрт тараптуу кызматташтык. Ал расмий аскердик альянс болбосо да, иш жүзүндө коопсуздукту бекемдөөгө, деңиз жолдорун турукташтырууга жана Кытайдын Индо-Тынч океан аймагындагы таасирине каршы багытталган жарым формалдуу стратегиялык коалиция болуп саналат. Мунун баардыгы Америка түзгөн Индо-Тынч океанындагы стратегиянын ажыралгыс элементи.

Дели менен Вашингтон Түштүк Азиядагы «коопсуздук» деген наамдын астында ар кандай ислам активдүүлүгүн ооздуктоо маселеси боюнча кызматташат.

Индия “ислам долбооруна” каршы багытталган АКШнын ар түрдүү демилгелерин ырааттуу түрдө колдоп келет. Индия Пакистанда да, өз өлкөсүндө да, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген ислам жамааттарына каршы жаңжалдарды үзгүлтүксүз уюштуруп турат. Бул BJP улутчул партиясынын ички саясатынын багытын түзөт. Бул жерде Индия менен АКШнын позициялары дээрлик толугу менен дал келет.

Индия АКШсыз заманбап технологиялык базаны кура албайт. Анткени анын жарым өткөргүчтөр, жасалма интеллект (ЖИ) жана космостук чөйрөдөгү өнүгүүсү үчүн Вашингтонго толугу менен көз каранды.

Ошентип, Индия Американын саясатын дээрлик көпчүлүк багыттарда колдоп келет, бирок бейтарап державанын элесин сактап калуу үчүн муну ачыкка чыгарбайт.

  1. Дональд Трамптын ролу

Дональд Трамптын мүнөзү, Нарендра Модинин саясий оюнун кыйла жеңилдетүүдө. Ал, демократтарга ылайык болгон адам укуктары боюнча сындарды, же идеологиялык лоялдуулукту таңуулоону талап кылбайт. Трамп, Делини Москва менен байланышып жатканы үчүн жазалоого умтулбайт жана негизинен эле ал реалдуу пайданы көздөгөн капиталист сыяктуу иш алып барат.

Бул Моди үчүн эң ыңгайлуу шартты жаратууда: ал АКШ менен стратегиялык кызматташууга ээ болууда (айрыкча Кытайга каршы, технология жана коопсуздук жаатында), ошол эле учурда, Путинди кабыл алуу же Россия менен мунай келишимдерин сактоо аркылуу көз карандысыздык элесин көрсөтүүдө. Демократтар бийликте болгон жагдайда, Индия АКШ менен байланышын жашыруу үчүн этият мамиле кылууга аргасыз болмок. Анткени, демократтар тарабынан Индияга карата адам укуктары жаатындагы кысым жана белгилүү бир «идеологиялык тартипти» талап кылуу сөзсүз түрдө болот эле. Ал эми Трамп, Модиге Вашингтондон ачык сөгүш алуусуз, өзүн Американын өнөктөшү жана ошол эле учурда көз карандысыз күч борбору катары алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.

  1. Жыйынтык: Модинин эки тараптуу оюну

Путиндин жалпы сапары, Индиянын Россияны көздөй бет алганын эмес, Модинин эки ири державанын ортосунда ойноп жаткан чебердигин көрсөттү.

Модинин эки тараптуу оюну, назик тең салмактуулукка курулуп, АКШнын стратегиясы менен тышкы көз карандысыздыкты камтыйт. Ошол эле учурда, Дели Путинди ачык кабыл алып, Россиянын мунайы менен соода кылып, Москва менен аскердик-техникалык долбоорлорду колдоодо. Мунун баары, эч бир күч борборуна баш ийгиси келбеген, көз карандысыз мамлекеттин образын түзөт. Бирок мындай чебер оюндун аркасында, кадимки прагматикалык чындык жашырылган. Тактап айтканда, Индия эбак элек Американын стратегиясынын алкагына бекитилген. АКШ аны Кытайга каршы күрөшүүдө, Пакистандын айланасындагы абалды көзөмөлдөөдө, ислам аракеттерине туруштук берүүдө жана технология, чалгындоо, коргонуу жаатында колдонуп келет.

Ошол эле учурда Россия, Индия үчүн кошумча тең салмакты сактап туруучу күч болуп берет. Индия, АКШга экономика жана коргонуу жаатында толук көз каранды болуп калуудан корккондуктан, дал ушундай этияттык чараларды көрүүгө аргасыз. Андыктан Россиянын курал-жарагы, энергетикасы жана саясий ийкемдүүлүгү, Делинин жол табуусуна мейкиндик жаратат жана АКШга толугу менен көз каранды болуудан сактайт. Бирок, стратегиялык жактан АКШ да Индия үчүн үлкөн мааниге ээ: АКШ Индиянын Кытайга каршы турушунда стратегиялык жөлөк болуп берет жана заманбап технологияларга жол ачып, коргонуу комплекстери менен каржылайт. Мунсуз, Индия держава макамына атаандаша албайт.

Дал ушул саясий оюнда, Модинин чыныгы максаттары жашырылган: Индия, канчалык ишенимдүү түрдө Путинди салтанаттуу кабыл алуу сыяктуу иш-чаралар аркылуу өзүнүн көз карандысыздыгын көрсөтсө, ошончолук АКШ менен болгон экинчи даражадагы маселелерде жана сүйлөшүүлөрдө позициясы күчтүү болот. Анткени Вашингтон, өзүнүн көз карандысыздыгын ырастай алган шериктештерди гана урматтайт. Демек, Индия Америкадан ачык алыстаган сайын, аны менен бирге ойной ала турган өнөктөшкө айланат.

Жыйынтык

Путиндин Делиге болгон сапарын геосаясий өзгөрүү деп эсептөө туура эмес. Тагыраагы, бул Делинин кылдат түзүлгөн тышкы саясаты. Анда Моди, АКШдан тышкары ар бир оюнчуну ресурс катары пайдаланууга аракет кылууда.

Индия, басым астында Россия менен мамиле кылуусу көз карандысыз болуп көрүнсө да, баары бир стратегиялык жааттан Америкага тыгыз байланган бойдон калууда. Дал ушу эки карама-каршы векторду эптей алгандыгы менен, Модинин эки жүздүү оюнунун планы ачыкталууда. Андыктан, Индия аймакта АКШга кызматын өтөгөн абалда көптөгөн душмандардын арасында жалгыз калуу коркунучун күтүп кала берет.

Латыфул Расых

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button