
Путин Токаев режимин эскертип жатабы?
Казакстан Мажлисинин депутаты Ермурат Бапи мамлекеттик сырды билген мурдагы жогорку кызматтагы аткаминерлердин чет өлкөгө чыгышын мыйзам аркылуу чектөөнү сунуштады. Бул тууралуу Orda.kz агенттиги жазды.
Депутаттын айтымында, экс-президенттер, министрлер жана башка мурдагы жетекчи кызматтарда иштегендер мамлекеттик сырларды билгендиктен, алардын чет өлкөгө чыгуусуна укуктук тоскоолдук коюлушу зарыл.
Бул демилгенин чыгышына Назарбаевдин жакында Владимир Путин менен Кремлде жолугушуусу себеп болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин менен Назарбаев 27-декабрда жолуккан.
Комментарий:
Борбор Азиянын негизги экономикасын түзгөн Казакстанда 2022-жылдын башында калк ири нааразылык акциясына чыгып, мамлекеттик төңкөрүш аракети болуп өткөн. Анын натыйжасында, Токаев Коопсуздук кеңешинин башчылыгын мурдагы президент Нурсултан Назарбаевден алганын жарыялаган.
Бул учурда расмий бийлик Токаевдин колунда болсо да, ал Назарбаевдин таасири астында болгон. Калктын нааразылыгы күчөшүнө Орусия да кызыктар эле. Анткени, Казакстандын акыркы саясий кадамдары Орусия кызыкчылыктарына каршы жасалган эле. Маселен, өлкөнүн латын арибине өтүүсү сакофий жактан Орусиядан алыстоо кадамы болуп калды. Ал эми Борбор Азия мамлекеттеринин интеграциясын күчөтүүсү саясий жактан Орусиядан алыстоо аракети катары бааланды. Буга кошумча, Казакстан Кытай менен экономикалык кызматташтыкты күчөтө баштаган. Бул болсо өлкөнүн экономикалык жактан Орусиядан алыстоо аракети болуп калды. Мына ушуга окшогон жагдайлар Орусиянын Казакстанды жазалоосуна себеп болду. Орусиянын мындай позициясы бийликтин тообо кылып Орусиядан жардам сурашына чейин уланды. Ушундан кийин Назарбаев башында турган эски саясий чөйрө тазаланып, Токаевдин бийлиги бекемделди.
Учурда болсо Борбор Азиянын Америка менен түзгөн ири келишимдери, аймактын көп векторлуу саясат жүргүзүү аракети Путин режимине аларга карата эскертүү берүүсүнө түрткү болууда. Путин Токаевди эски элита менен коркутмакчы. Ал эми, Кыргызстан бийлигин Атамбаевдин акыркы аракеттери менен эскертип коймокчу болду. Муну менен катар дайымкы мигранттарга басым өткөрүү жана чек арадагы тоскоолдуктар аркылуу аймактагы жетекчилерди моюн сундурууга аракет кылууда.
Нурдин Асаналиев




