Басма сөз
Trending

Рамазан айын күзөтүүнүн жыйынтыгы

Рамазан айын күзөтүүнүн жыйынтыгы

Аллахтын аты менен, Пайгамбарыбызга ﷺ , анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана аны менен достошкондорго салават жана салам болсун.

Имам Бухарий өзүнүн «Сахих» китебинде Мухаммад ибн Зияд аркылуу риваят кылат. Ал айтты: Абу Хурайра رضي الله عنه  мындай дегенин уктум: Пайгамбар ﷺ  же Абу Касым ﷺ  айтты:

«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ، فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلَاثِينَ».
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер, асман булуттуу болсо, шаъбан айынын санагын толук отуз күн кылгыла».

Ушуга ылайык, ушул түнү т.а. шейшембиден шаршембиге оогон түнү мубарак Рамазан айынын хилалын изилдеп текшерүүдөн кийин, кээ бир мусулман өлкөлөрүндө айдын көрүнүшү шариятка ылайык тастыкталды. Ошондуктан эртең, шаршемби күнү, 1447-хижрий жылдын мубарак Рамазан айынын биринчи күнү болуп эсептелет.

Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен өз куттуктоомду жана Хизб ут-Тахрир партиясынын борбордук маалымат бөлүмү жетекчисинин жана андагы бардык иш алып баруучулардын куттуктоосун Хизб ут-Тахрирдин амири, улуу аалым Ато ибн Халил Абу Руштага жолдойбуз. Аллахтан аны жеңишке жеткирүүсүн жана анын колу менен бизге жеңиш жана үстөмдүк берүүсүн, кечиктирбестен ага мусулмандардын халифасы катары байъат берүүнү насип кылуусун сурайбыз.

Ошондой эле Хизб ут-Тахрир өз амири, жигиттери жана кыздары менен дүйнө жүзү боюнча Аллах Таалага чын ыклас менен дуба кылат. Бул жылдагы Рамазан айы жакшылык, береке жана ырайым айы болсун. Бул ай бүтпөй туруп Аллах Ислам үммөтүнө жеңиш жана үстөмдүк тартууласын. Ошондой эле Аллахтан жерди төшөк кылып, жылуулук жана тамактан куру калган адамдарга тынчтыгын түшүрүшүн жана аларды саткандардан өч алышын сурайбыз. Чынында Ал дубаларды Угуучу.

Бул жылдагы Рамазан айы үммөт жаңы бурулуш чекитинде турган учурга дал келүүдө. Бир жагынан ал колониялык саясаттын чогу жана башкаруучулардын кыянаттык тикендери арасында азап тартууда. Экинчи жагынан болсо дүйнөдөгү жаңы жагдайлар Ислам үммөтүнүн кайра тикеленишине өтө кыска убакыт калганын көрсөтүүдө. Айрыкча колонизатор каапыр Батыштын өз ара жаңжалдары, эгер алардан туура пайдаланылса, мүмкүнчүлүк жарата турган жаңы шарттарды түздү.

Батыштын саясий, коопсуздук жана экономикалык системасы улам күчөп жаткан кризистер алдында толук ашкере болду. Венесуэла президентин уурдоо, яхудий түзүмүнүн мусулман жерлериндеги кылмыштары, Американын жаңы текебердиги жана эл аралык уюмдардын чыныгы жүзү ачылды. Бул уюмдардын колониялык курал экендиги ашкере болуп, жарактуулук мөөнөтү бүтөрү менен жалган принциптери менен кошо көз ирмемде четке ыргытылды. Мунун баары Ислам үммөтүнө колонизаторлор таңуулаган Сайкс–Пико түрмөсүнөн кутулуу үчүн дагы кеңири эшиктерди ачууда.

Бирок бүгүн үммөт көңүл бурушу керек болгон жаңы пайда болгон алдоо жана адаштыруу кампаниясы бар. Расмий маалымат каражаттары толтуруп жаткан үстүрт баалоолорго карама-каршы түрдө, Ислам үммөтү үчүн аскердик коркунуч эми эң чоң коркунуч эмес. Мына Афганистан, Ирак, Сирия жана Газа күбө болгондой, согуштар узакка созулса да Ислам үммөтүнө акыркы сокку уруу мүмкүн эмес экендигин көрсөттү. Бүгүн Ислам үммөтү үчүн эң чоң коркунуч — бул жалган жана адаштыруу бомбалары. Аны саткын башкаруучулар коомдук пикирге жана үммөт арасындагы ыкластуу ойчулдар менен таасир этүүчүлөрдүн аң-сезимине таштоого аракет кылышууда. Саткын башкаруучулар жана алардын айланасындагы жалданма же үмүтсүз калем ээлери жеңилүү жана артка чегинүү түшүнүктөрүн жайылтып, багынып берүү пикирлерин негиздөөгө, саткын башкаруучулардын колонизатор каапыр Батыш алдында баш ийишин «акылмандык» жана «айлакерлик» деп актоого аракет кылышууда. Ошондуктан бүгүн Ислам үммөтү үчүн негизги коркунуч аскердик коркунуч эмес, тескерисинче үммөттүн өзү «алсыз», «кудуретсиз», «колониализмдин чаңын силкип таштоого убакыт али келе элек» деген жалган баянга ишенип калышы.

Чындыгында болсо мусулмандар чынчыл жана аң-сезимдүү бир жетекчилик алдында кыймылга келишсе күчтүү болушат. Алардын душмандарына каалаган чындыгын таңуулоого жетиштүү даярдыгы, чечкиндүүлүгү жана бекемдиги бар. Бул алардын душманы мындай чындыкка ыңгайлашууга үлгүргөндөн да ылдам ишке ашышы мүмкүн. Акыркы ондогон жылдар ичинде үммөт душманын күтүүсүздөн басып, өз жеринде чынчыл аракеттерди баштаган ар бир учурда мунун жүз бергенин көрдүк. Эгер ошол күтүүсүз аракеттер учурунда алардын мүмкүнчүлүктөрүн тартипке салган, күчтөрүн топтогон түзүм болгондо, анын жемишин үзүп, андан натыйжалуу пайдаланууга жетишмек.

Бул биримдикти Халифалык аткарат. Ислам үммөтү үчүн Халифалык – анын мүмкүнчүлүктөрүн тартипке салып, ишке киргизе ала турган жалгыз саясий жана башкаруу түзүмү. Мусулмандардын Халифалыгы бар кезде алардын сан жагынан таасири күчтүү болуп, алар менен эсептешишчү. Алардын хазарий өзгөчөлүктөрү жана сакофий иштери бүгүнкү күнгө чейин уланып келген дүйнөлүк натыйжаларды берген. Мусулмандар тарых бою Халифалык мамлекети өзүнүн халифасы жана зор аскерлери менен мусулмандарды жеңил олжо деп азгырылган ар кимдин башына катуу сокку урууга дайыма даяр болгон. Ал тургай Халифалык ошол ачкөздөрдүн айрымдарын  тарыхтан өчүрүп, алар изсиз жоголуп кеткен.

Ал эми Сайкс–Пико мамлекетчелеринин тактыларында отурган рувайбиза башкаруучулар жасалма эгемендүүлүк маскасын кийип, өз элдерин Ислам үммөтүнүн башка элдери менен биригүүдөн тосуп, аларды алдоого аракет кылышат. Алардын эл аралык жыйындардагы абалы — дүйнөлүк саясий чечимдер үстөлдөрүнүн жанында кожоюнунун алдында чөк түшүп отурган кул сыяктуу. Алар анын буйругун күтүп аткарууга даяр. Ал буйруктар көп учурда мусулман элдерине каршы коркунучтуу чечимдер болуп чыгат. Ошондуктан ушул мубарак айда бардык мусулмандарды чакырабыз. Бул жылдагы Рамазан айын орозо, Куран, түнкү ибадат жана садака менен гана чектебестен, аны ой жүгүртүү, терең аңдап түшүнүү жана Халифалык мамлекетин тикелөө айы кылууну кайрадан карап чыгалы. Анткени ал пайгамбарлык минхажы негизиндеги болгон түзүм жана мусулмандарга парз, аны кечиктирүүгө болбойт. Ай бүтпөй туруп, алар Хизб ут-Тахрирдин жигиттери менен кол кармашсын. Балким Аллах бизди жана аларды жакынкы жеңишке жеткирип, пайгамбарлык минхажы негизинде экинчи рошид Халифалыкты тикелөөнү насип кылат. Аллах Таала айтты:

﴿وَحَرِّضِ الْمُؤْمِنِينَ عَسَى اللَّهُ أَن يَكُفَّ بَأْسَ الَّذِينَ كَفَرُواْ وَاللَّهُ أَشَدُّ بَأْساً وَأَشَدُّ تَنكِيلاً﴾

«…жана момундарды да үгүттөгүн! Ыктымал Алла каапыр кимселердин мизин кайтараар. Алла кубаты артык, азабы катуу Зат». (Ниса: 84).

Ошондой эле маалымат каражаттарында, сайттарда жана платформаларда иш алып барган коомдук пикирди калыптандыруучуларды дүйнө жүзү боюнча Рамазан айы бою Хизб ут-Тахрир өткөрө турган иш-чараларды күзөтүүгө, аларды жайылтууга жана чакырууга салым кошууга чакырабыз. Аларды эскерте кетебиз: партия жигиттери коомдук пикирге кам көрүү, ага насыйкат берүү жана мусулмандардын туйгулары менен көңүлдөрүн тагдыр чечүүчү маселелерге багыттоо аманатын көтөрүшкөн. Бүгүн мусулмандар үчүн пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалыкты тикелөө маселесинен маанилүүрөөк маселе жок. Ошондуктан бул улуу парзды ишке ашырууга салым кошуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбагыла. Аллах бизге жүктөлгөн нерсе тууралуу сөзсүз сурайт. Аллах Таала айтты:

﴿وَقِفُوهُمْ إِنَّهُم مَّسْئُولُونَ﴾

“(Бирок азырынча) аларды токтоткула. Анткени алар суралуучулар!” (– деп айтылат)”. (Саффат: 24).

Рамазан айы мубарак болсун. Сиздерге Аллахтын саламы, ырайымы жана берекеси болсун.

Шаршемби, 1447-хижрий жылдын мубарак Рамазан айынын биринчи күнү.

Салахуддин Азаза

Хизб ут-Тахрирдин Борбордук маалымат бөлүмүнүн мүдүрү

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button