Рамазан – бир Үммөт болуу мезгили

Рамазан – бир Үммөт болуу мезгили
Мусулмандар Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллаху алейхи ва саллам) Мадинада Ислам Мамлекетин курушу менен тарыхтын агымын өзгөрткөн цивилизациялык жүрүшүн баштаган. Кыска убакыттын ичинде Азиядан Түндүк-Батыш Африкага чейин созулган Халифалык мамлекети он үч кылым бою дүйнөгө багыт берген лидер күч катары сакталып турду.
«Үммөт» — кыскача айтканда, бир ишенимди тутунган, максаты бир, кубанычы менен кайгысы, кыйынчылыгы менен азабы бир болгон, бир пикир жана туйгу менен аракет кылган адамдардын тобу. Эненин балдары бири-бирине кандай байланса, үммөттүн перзенттери да Тавхид акыйдасы менен бири-бирине үзүлбөс бекем жип менен байланган.
Момундардын ортосундагы байланыш биологиялык бир туугандыктан да күчтүү, анткени ал ыйманга таянат. Бул байланышты сактоо — жөн гана тандоо эмес, ааламдардын Раббисинин ачык буйругу.
Тилекке каршы, бул байланыш колонизатор Батыштын узакка созулган аскердик жана сакофий чабуулдарынын натыйжасында үзгүлтүккө учурады. Акыры мусулмандарды кылымдар бою бир чатырдын астына чогулткан Халифалык мамлекети 1924-жылы кулатылды. Ошентип, бир бүтүн үммөт улуттук мамлекеттерге бөлүндү, аймактар бөлүнүп-жарылды, аң-сезимдер алсырап, жүрөктөр алыстады.
Мусулман үммөтү бул Рамазан айын да бир кылым мурдагыдай Халифалыкты жоготкондогу алсыздык, чачырандылык жана колонизатор каапырлардын үстөмдүгү астында айласыздыктын оор азабы менен өткөрүп жатышат.
Газада балдардын чыңырыгы асманга жаңырып, Чыгыш Түркстан боздоп, дүйнөнүн көптөгөн жерлеринде зулумдук астындагы бир туугандарыбыз куткарууну күтүп жатышат. Бүгүнкү кордук душмандын күчтүүлүгүнөн эмес, биздин чачырандылыгыбыздан болууда. Эгер кубанычыбыз менен кайгыбыз бир болсо, согушубуз менен тынчтыгыбыз бир эркке байланса, эч кандай күч мусулмандардын канын мынчалык оңой төгө алмак эмес.
Бүгүнкү күндө үммөт аң-сезиминин ордуна улуттук мамлекет аң-сезими орнотулуп, Сайкс-Пико (Sykes-Picot) чек аралары жерлерибизди эле эмес, аң-сезимибизди да бөлүп салды. Бир кезде бирдиктүү саясий бийлик астында жашаган мусулмандар бүгүн элүүдөн ашык мамлекетке бөлүнүп, ар кандай желектердин көлөкөсүндө бири-биринен ажыратылды.
Бүгүнкү күндө мусулмандар аскердик жактан заманбап куралдарга жана үлкөн армияларга ээбиз, бирок чачыранды. Экономикалык жактан кедей эмес, эбегейсиз байлыкка, ресурстарга бай, бирок байлыктары менен ресурстары душмандары тарабынан таланып жатат. Адамдык ресурсу жетишсиз эмес, бирок ортодогу жалпы максаттан ажыраган. Жер шарынын эң стратегиялык жана борбордук аймактарында жашайбыз, бирок 57 мамлекеттин ар бири өз кызыкчылыгын жүргүзүп жатканы үммөттүн жалпы кызыкчылыгын көлөкөдө калтырууда. Бизде жетишпеген нерсе — биримдигибиз. Бизде жетишпеген нерсе — бир үммөт болуу аң-сезими жана бизди бир үммөт кыла турган Халифалыктын жоктугу.
Аллах Таала Ыйык Куранда мындай дейт:
«Чындыгында, бул үммөт – бир гана үммөт. Мен силердин Эгеңермин, Ошондуктан Мага гана ибадат кылгыла!» (Анбия сүрөөсү, 92).
Бул аяттар үммөттүн бүтүндүгүн жана биримдигин билдирет. Биздин биримдигибиз географиялык чек аралардан, улуттук мамлекеттерден, мекенден, улутчулдуктан, тилден жана маданияттан өйдө турган, ааламдардын Раббиси Аллахка кулчулук кылууга жана Ислам акыйдасына негизделген биримдик.
Сахих Муслимде келген хадисте мындай делет:
«Момундардын бири-бирине болгон сүйүүсү, боорукердиги жана күйүдүүлүгү бир дене сыяктуу. Эгер дененин бир мүчөсү ооруса, калган мүчөлөрү уйкусуздук жана ысытма менен анын оорусун тең бөлүшөт».
Эгер бир мүчө азап чегип жатканда башка мүчөлөр кыймылсыз болсо, демек, аң-сезим жоголгон же байланыш үзүлгөн. Мусулман географиясынын учурдагы кризиси дал ушул — байланыштын үзүлгөнүндө. Саясий, социалдык, экономикалык жана аскердик байланыштарыбыз талкаланган.
Бир эле Аллахка ишенген, бир эле Китепке ыйман келтирген, бир эле Пайгамбарга ээрчиген коомдун эмне үчүн бирдиктүү саясий бийлиги жок? Эгер намазда бир имамдын артында сапта тура алсак, эмне үчүн саясий жашоодо бир лидердин айланасында бириге албайбыз?
Жооп айкын: Заманбап улуттук мамлекет системасы, үммөт аң-сезиминин эң чоң душманы. Улутчулдук жана тар кызыкчылыктар үммөт болуу пикирин алсыратты.
Буга кошумча, Куран жана Сүннөт мусулмандардын башкалардан айырмаланып, бир үммөт экенин баса белгилеп, бөлүнүп-жарылууну арам кылган. Бул тууралуу насстар мусулмандардын үммөт болушунун зарылдыгын гана көрсөтпөстөн, алардын кандай сапаттарга ээ болушу керектигин да так белгилеген.
Бирок, каапыр Батыш Ислам түшүнүктөрүн өз маңызынан ажыратуу аракеттеринин натыйжасында, айрым түшүнүктөр бурмаланып калды. Мисалы: «Васат үммөт» жана «Күбө үммөт» түшүнүктөрү сыяктуу.
Курандагы «васат» сөзү анын «адилеттүү» жана «тандалган» деген маанилери четке кагылып, аны жөн гана «орто жолду кармануучу» же «ылайыктуу Ислам» деп чечмеленди. Негизи, бул аяттын мааниси, адамзатка адилеттүүлүк менен күбөлүк кыла турган, тандалган кайырдуу үммөт болуу дегенди түшүндүрөт.
Бул үммөттүн эң чоң өзгөчөлүгү акыйкатты ортого коюп, ага өкүлдүк кылган «Күбө үммөт» болушу. Аллах бизди Исламдын акыйкаттары менен башкаларга үлгү боло турган үммөт кылды. Ал эми адилеттүүлүктү орнотуп, башкаларга кантип күбө боло алабыз?
Биз Куран менен жашап, Куран менен өкүм жүргүзүп, Курандын акыйкаттарын сүйлөп жана Куран менен эскерткенде гана «күбө болуучу үммөт» сапатын аткарган болобуз. Адилеттикти тикелөө жеке адамдардын гана иши эмес. Маселен, аалымдардын күбөлүгү эч кимдин жемелөөсүнөн коркпой, акыйкатты батылдан ажыратуу. Үммөттүн күбөлүгү кызыкчылыкты эмес, шарият өкүмдөрүн негиз кылып жашоо. Башкаруучулардын күбөлүгү Аллахтын буйруктарына ылайык башкаруу жана Ислам менен өкүм жүргүзүү.
Бул күбөлүк толук болушу үчүн, адамдар үлгү ала турган Исламий жашоо болушу керек.
Бирдиктүү үммөт болуунун мааниси, бир гана байрактын болушу. Бул Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) «Тавхид» байрагы. Бир гана мамлекеттин болушу. Бул Аллахтын өкүмдөрү менен башкарып, Исламий жашоону кайрадан баштай турган Рашид Халифалык Мамлекети.
Эй, «адамдар үчүн чыгарылган эң кайырлуу үммөттүн» урпактары! Бул ыйык Рамазан айында Рашид Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылган дааватчылардан болгула. Келгиле, Халифалык үчүн бүгүнкү күндүн Мусаабдары, Саад бин Муаздары жана Асад бин Зураралары болгула!
Унутпагыла, Расулуллах (саллаллаху алейхи ва саллам) бул дүйнөдө күбөлүк кылгандай эле, акыретте да күбөлүк берет. Аллах Таала аманат кылынган Куран жана Сүннөт эмне үчүн жашоодо үстөм болбогонун сураганда, Пайгамбарыбыз бизге күбө болот.
Андыктан, бул дүйнөдө кадыр-баркка ээ болуу жана акыретте Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн Ислам түзүмүн кайрадан тикелөөгө милдеттүүбүз. Рамазан айы — үммөт аң-сезимин кайра куруу үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Андыктан, мусулмандардын чачырандылыгын токтотуп, аларды улуу жана күчтүү бир үммөт кыла турган Халифалыкты кайра орнотуу үчүн бардык күчүбүз менен аракет кылышыбыз керек.
Бурана




