
РАМАЗАН ЖЕҢИШТЕРИНЕН: ЧОҢ БАДР КАЗАТЫ
Окуя мындайча болгон эле. Рамазандын 8-күнүндө, негизи, мусулман кошууну согушка даярданып чыкпаган, балким, Абу Суфяндын Шамдан келе жаткан кербенин колго алуу үчүн чыккан болчу. Бирок, Меккеден Абу Жахл ибн Хишам жетектеген мушриктер кошууну кербенди коргоо үчүн аттанып чыгышты. Ошентип, окуялар быгыты мусулмандар менен Курайш кафирлери ортосундагы чыныгы согушка бурулду. Эки топтун ортосунда санда да, даярдыкта да чоң айырма бар эле.
Мадинадан аралык алыс болгондуктан, жардам күчтөрүн алуу оор эле. Кырдаал кыйындашып кетти. Эгер, мусулмандар Курайшка каршы чыкпай кайтып кетсе, арабдар арасында «Мухаммад жана аны менен бирге болгондор Курайшка каршы чыгуудан коркуп качып кетти» деген сөз болот. Муну менен мусулмандардын жана жаңы тикеленген Ислам мамлекетинин аброю түшөт. Кала берсе, мусулмандардын жүрөгүндөгү исламий фикрат кубаты алсырайт. Андан тышкары, башка мушрик арабдардын уруулары кимиси жеңер экен деп күтүп жатышкан. Анан дагы, Курайш кекирейип, өз коумуна кайтып кетет. Бүткүл жарым арал, анын алды тарабындагы яхудийлер жана мунафыктар о.э. ар тараптагы румдук жана фарстыктар «Мухаммад жана анын сахабалары эч нерсеге жетишпей артка кайтып кетишти» деп айтышат.
Кыскасы, бул окуялар жөнүндө тараган кабарлардын коомдук пикирге таасири күчтүү болот. Жергиликтүү жактан Мадинадагы яхудийлерге жана мунафыктарга, регионалдык жактан Араб жарым аралындагы араб урууларына, эл аралык жактан дүйнөнүн эң күчтүү мамлекеттери болгон Фарс жана Рим империяларына бул окуялар күчтүү таасир кылат… Ошондуктан, эмне кылуу керек: мусулмандар кайтып кетишеби же согушка киришеби?
Расулулла (с.а.в) ахли шуро менен машвара кылган соң, Курайшка каршы согушуу чечимин кабыл алды. Жана хижрий 2-кылым, Рамазандын 17-күнүндө, Аллах Расулуллахтын (с.а.в) башчылыгындагы мусулмандарды Бадр согушунда жеңишке жеткирди. Чоң Бадр казатынын натыйжасында мусулмандардын кубаты жана Мадинаи Мунавварада тикеленген мамлекети бекемделди. Он үч жыл Маккаи Мукаррамада Курайш кафирлери тарабынан кордолуп келген мусулмандардын өз динине жана өздөрүнө болгон ишеними артты. Курайш кафирлеринин болсо алдыңкы жетекчилери жана баатырларынын көбү өлүп, айбаты сынды. Ошондо Ислам жоокерлери сан жагынан аз жана даярдык жагынан алсыз болгонуна карабай, өздөрүнөн үч эсе көп болгон душманды жер тиштетишкен. Аллах Таала Бадр окуясын эскерип мындай деген:
﴿وَلَقَدۡ نَصَرَكُمُ ٱللَّهُ بِبَدۡرٖ وَأَنتُمۡ أَذِلَّةٞۖ فَٱتَّقُواْ ٱللَّهَ لَعَلَّكُمۡ تَشۡكُرُونَ﴾
«Акыры Аллах Бадр согушунда күчсүз болсоңор да силерди жеңишке ээ кылды го. Демек, Алладан корккула! Балким (Аллахтын ниъматтарына) шүгүр кыларсыңар». [3:123]
Биз бул окуядан кандай сабактар алышыбыз керек. Биринчиден, нусрат Аллах Табарака ва Тааладан келет. Мына ушуну өзүбүз да жакшы билишибиз керек, адамдарга да жеткиришибиз керек. Мусулмандардын саны канчалык көп, даярдыгы күчтүү болсо да, нусрат алардан болбойт. Ушул акыйкат – ыйман келтирүү важиб болгон акыйда. Бул акыйда бабындагы тема. Ушул орунда тунук ажыратып ала турган дагы бир маселе бар. Мында мусулман адам “нусрат Аллахтан” деп, нусратты күтүп жатып албайт. Анда эмне кылат? Ушул жааттагы шаръий өкүмдөргө амал кылат. Мисалы, согушка даярдык көрүү, план түзүү сыяктуу иштер – булар таклифий шаръий буйруктар. Булар нусрат берилишинин себеп-шарттары. Демек, Аллахка пенделик кылуу алкагында, мына ушул өкүмдөр аткарылат. Мына ушулар пенделерди Аллахтын нусратына татыктуу, ылайыктуу кылат.
Ал эми биз, мындан бүгүнкү күнүбүз үчүн сабак алмакчы болсок, демек, Ислам мамлекети жок болуп турган азыркы чакта, адамдар Аллахтын нусрат беришин күтүп, бирок, өздөрү дүйнө маталары артынан чуркап жүрө бербесин. Пайгамбардын (с.а.в) тарыйкатынан изме-из баскан Хизб болсун, ал фикрий-саясий күрөш алып барсын, анын сабындагы калыс жигиттери убадаларында бек болушсун, Хизб сабындагы милдеттерин көркөм көрүнүштө өтөшсүн, эл болсо бул Хизбди жигиттери менен биргеликте өз кучагына алсын…
Экинчиден, Бадр казатында мамлекеттин ролу жана анын кошуунунун сыфаттары эң таасын көрүнүп турат. Мадинада мамлекет тикеленди, мына ушундан тартып, динди жаюунун тарыйкаты катары жихаддар башталды. Анткени, ал үчүн чечим кабыл ала турган мамлекети бар, ал үчүн кошуун даярдай турган мамлекети бар… Мына Бадр окуясында мамлекет жетекчиси катары Пайгамбар (с.а.в) кошуун даярдады жана Абу Суфяндын кербенин тосуп чыкты. Кийин аны мушриктердин кошуунуна каршы жихадга айландырды. Демек, булардын баары ишке ашуусу үчүн мамлекет керек эле, мамлекет жетекчиси керек эле жана анын токтому болушу керек болчу.
Азыр мамлекет жок эмне болууда. Мусулмандар кошуундарынын саны көп, бирок, сапаты көбүк. Афганистан, Ирак, Сирия, Газада алардын айрым жетекчилери каафирлер менен союздаш болуп, кайра мусулмандарга каршы аскерлер аттандырышты. Айрымдары болсо, аскерлерин “алдейлеп” уктатышты. Ал аскерлер харам майрамдарда кумурскадай тизилип параддан өтүшөт, өгүздөй өкүрүп ураандар айтышат, анан айлык маянасын күтүп оонап жатышат. Алардын каафирлерге каршы чечим кабыл ала турган эгемендүү бир борбору жок. Үстүлөрүндө болсо каафирге малай акимдер.
Бадрда Пайгамбар (с.а.в) ахли шуро менен машвара кылды, адистердин кеңешин алып стратегиялык орундарды белгиледи, душманга чалгынчылар жөнөттү, аскерлердин рухун көтөрдү жана тартипке келтирди. Булардын баарында эгемендүү чечим кабыл алды жана мусулмандар арасында кыянат тууралуу кымындай да күмөн болгон жок. Демек, мындай ишеним эми туура жолдогу жаңы Халифалык мамлекетинде гана болот. А азыркы саткын акимдерди карап коюңуздар. Өткөн кылымда Хафиз Асад, корол Хусайн, Анвар Садаттар умматка кыянатчылык кылып, яхуддар вужудун кандай кеңейтип бергенин жакшы билесиңер. Кече болсо Эрдоган “Ефрат калканы” аркылуу Алеппону Башар режимине тапшырган, “Зайтун бутагы” аркылуу Шам козголоңун саткан, эми бүгүн да ошол кыянатын улантып жатат. Американы “чоң шайтан” деп коюп, өздөрү “кичине шайтан” болуп жаткан Иран жетекчилерин го айтпай эле коёлу. Иорданияны карап коюңуз, Иран яхуддарга жасалма чабуул жасаганда, анын ракетасын Иордания атып түшүргөнүн көрдүк. Бул дегени, яхуддарга каршы атылган чын же жасалма ар кандай коркунучтарды тосууга даярбыз дегенди түшүндүрөт.
Бадрдагы кошуундун сакофаты – исламий сакофат болгон. Анас ибн Малик (р.а)дан риваят кылынган хадисте Расулуллах (с.а.в) айтты:
«قُومُوا إِلى جَنَّةٍ عَرضُها السَّمَاواتُ والأَرضُ»
«Кеңдиги асман менен жерчелик бейишке шашылгыла». Умайр ибн Хумам Ансарий: «Я Расулуллах, бейиштин кеңдиги асман менен жердейби?», – деди. Расулуллах (с.а.в): «Ооба», – деди. Ал: «Ах-ах», – деп жиберди. Ошондо Расулуллах (с.а.в): «Сени «ах-ах» деп айтууга эмне үндөдү?», – деди. Ал: «Я Расулуллах, анын калкынан болуу үмүтү», – деди. Расулуллах (с.а.в): «Сен анын калкынансың», – деди. Ошондо ал курмаларды алып, жей баштады. Кийин: «Бул курмаларды жеп бүтүшүм мен үчүн өтө узун өмүргө тете» – деп, курмаларды таштап, мушриктерге каршы тээ өлтүрүлгөнгө чейин согушту».
Чоң Бадр казатында мусулман согушкердин рухиятына аскерий сакафаттын таасири күчтүү болду. Умайр ибн Хумам (р.а) курмаларын таштап, мушриктерге кандай атылып киргенине, ал тургай, шейит болуп Аллахка туш болгонго чейин аларга чабуул кылганына карагыла! Муаввиз ибн Афрага жана Муаз ибн Амр ибн Жамухка (р.а) карагыла! Алар жаш болушканына карабастан, Абу Жахлга чабуул кылышты жана – Бану Махзум ороп-коргоп турганына карабастан – аны өлтүрүштү.
Мунун тескериси катары, 1967-жылы яхудий вужуду алдында жеңилүүгө учураган араб мамлекеттеринин кошуундарына карагыла. Алардын сакафаты Ислам сакофатына негизделбеген эле. Балким, аларда мекенчилдик же улутчулдук сакафаты болгон. Мындай сакофат менен тарбияланган арабдар душмандан коркуп, майданды таштап качып чыгышты. Даярдалган ушул сахна оюнунда мубарек Фалестин жери шерменделерче яхудийлерге тапшырылганына тарых күбө.
Бадр кошууну исламий акыйда негизинде түзүлдү. Кошуун теги Аднаний арабдар болгон мухажирлерден о.э. теги Кахтаний арабдар болгон Авс жана Хазраж ансарларынан түзүлдү. О.э. бул кошуунда араб, хабаш жана румдук болгон түрдүү тек аралашып кетти жана таптык айырмачылык да жоголду. Азат кылынган кулдар башкаларга тең укуктуу болду. Жогорку топтун төмөн топтон абзелдиги таква менен гана айырмаланды. Алардын баары – Аллах алардан ыраазы болсун – тектик өздүктөрүн четке ыргытып, Расулуллах (с.а.в)дын байрагы астында биригишти.
Ибн Асакир Ибн Сиринден риваят кылып айтат: «Абу Бакрдын уулу Абдуррахман Бадр күнүндө мушриктер менен бирге болгон. Кийин Исламга кирген соң атасына: «Сиз Бадр күнүндө мага туш келгенде, мен сизди өлтүрбөй кайтып кеттим», – деди. Ошондо Абу Бакр (р.а): «Эгер ошондо сен мага туш келгениңде, мен кайтып кетпейт элем», – деди.
Бадр катышуучулары Аллахка садык болуп, Анын жана Расулуллах (с.а.в)дын буйругун аткарышканы үчүн ушул улуу казатта Аллах аларды Өз алдынан болгон аскерлер менен колдоп-кубаттады. Мусулмандар денесине ырахат тартуулоо үчүн Аллах аларды Өзү тарабынан уйкуга бөлөдү. Ошондо алар күчтүү жана согушка даяр болуп ойгонушту. Алардын үстүнө жаан жаадырып, алардан шайтан васвасасын кетирди. Мусулмандар жайгашкан жай кумдуу болгону үчүн жамгыр кумду басканга ыңгайлуу кылды. Мушриктерге жаан катуу жаап, ал жай балчыкка айланды. О.э. Аллах аларды периштелер менен колдоп-кубаттады жана кафирлердин жүрөгүнө коркуу салды. Аллах Субханаху айтат:
﴿إِذۡ يُغَشِّيكُمُ ٱلنُّعَاسَ أَمَنَةٗ مِّنۡهُ وَيُنَزِّلُ عَلَيۡكُم مِّنَ ٱلسَّمَآءِ مَآءٗ لِّيُطَهِّرَكُم بِهِۦ وَيُذۡهِبَ عَنكُمۡ رِجۡزَ ٱلشَّيۡطَٰنِ وَلِيَرۡبِطَ عَلَىٰ قُلُوبِكُمۡ وَيُثَبِّتَ بِهِ ٱلۡأَقۡدَامَ + إِذۡ يُوحِي رَبُّكَ إِلَى ٱلۡمَلَٰٓئِكَةِ أَنِّي مَعَكُمۡ فَثَبِّتُواْ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْۚ سَأُلۡقِي فِي قُلُوبِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ ٱلرُّعۡبَ فَٱضۡرِبُواْ فَوۡقَ ٱلۡأَعۡنَاقِ وَٱضۡرِبُواْ مِنۡهُمۡ كُلَّ بَنَانٖ﴾
«Ошондо көңүлү ток болушуңар үчүн силерди Өз тарабынан уйкуга чөмүлткөн жана тазартып, силерден шайтан азгырыгын кетирүү үчүн дилиңерди бир жана кадамыңарды бекем кылуу үчүн, үстүңөргө асмандан жамгыр жаадырган. Ошондо Роббиң периштелерге: «Албетте, Мен силер менен биргемин, демек, силер ыйман келтиргендерди бекемдегиле! Мен кафир кимселердин дилдерине коркуу саламын. Анан, алардын моюндарын үзгүлө, бүткүл бармактарын чапкыла», деп вахий кылган» [8:11-12]
Мына ушундайча, Чоң Бадрда мусулмандар өздөрүнөн талап кылынган нерселерди аткарышты жана Аллахтын нусратына татыктуу болушту.
Мындан кийин Рамазан айында Мекке фатх кылынды…
Сакофат бөлүмү




