Рамазан – ибадат михрабы жана күрөш майданы

Рамазан – ибадат михрабы жана күрөш майданы
Аллах Таала Бакара сүрөсүндө Өзүнүн мухкам Куран аятында мындай дейт:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُتِبَ عَلَيْكُمُ الصِّيَامُ﴾
«Эй момундар, силерге орозо кармоо парз кылынды» (Бакара: 183) ).
Андан кийин бир нече аяттан соң Алла Таала дагы мындай дейт:
﴿كُتِبَ عَلَيْكُمُ الْقِتَالُ﴾
«Силерге согуш парз кылынды» (Бакара: 216 ).
Бул аркылуу Аллах Таала напсиге байланыштуу Өзүнө моюн сунуу менен Анын динин колдоодогу моюн сунууну өз ара байланыштырып көрсөтөт.
Бул эки улуу аят напсинин жихады менен душманга каршы жихадды, Рамазан михрабы менен жихад мылтыгын бириктирет. Бул Рамазан орозо, намаз жана ибадат айы гана эмес, ошондой эле жихад, фатхтар жана жеңиштер айы экенине ачык ишарат кылат. Ал руханий ибадат менен ар түрдүү жихадды бириктирген ай. Орозо жана түнкү ибадат аркылуу напсини тарбиялоочу михраб, зулумдукка каршы күрөшүүчү майдан, алсыздарды колдоо, сөз жана мал менен жихад кылуу айы.
Бул ай – жүрөктөрдү акыйкатты колдоого даярдай турган ыйман лагери, ички дүйнөнү тазалап, үстөмдүккө татыктуу болууга даярдана турган мезгил. Бул берекелүү айда Ислам тарыхындагы эң чоң согуштар болуп, анда жеңиш мусулмандардын тарабында болгон. Мисалы, акыйкат менен жалганды ажыраткан Бадр согушу болуп, андан кийин мусулмандарга иззат жана күч-кубат берилген. Ошондой эле Меккенин фатхы болуп, анда ыйык шаарда бутпарастык туулары кулап, Ислам роялары көтөрүлгөн. Бул айда мусулмандар Айн Жалутта татарларды жеңип, Андалусияны да багындырган. Мусулмандардын жашоосуна эң чоң таасир тийгизген көптөгөн согуштар жана фатхтар ушул ыйык айда болгон.
Бул — Курандын бардык акыйкаттары, ахлакый баалуулуктары жана өкүмдөрү көрүнгөн ай. Аллах Таала мындай дейт:
﴿شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِي أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَىٰ وَالْفُرْقَانِ﴾
«(Ал саналуу күндөр) Рамазан айы, бул айда адамдарга Туура Жол болуп, хидаят менен фуркандын (акыйкат менен жалганды айырмалоочунун) ачык-айкын аяттары болуп Куран түшүрүлдү». (Бакара: 185).
Бул айда бардык жакшылыктар, ихсан кылуу жана өзүн башкалардан артык көрбөй, аларды өзүнөн жогору коюу сыяктуу сапаттар жүзөгө ашат. Анда күндүз да, түндө да ибадаттар аркылуу Аллахка жакындайбыз, ошондой эле жакшылык, жардам жана сүйүү аркылуу адамдарга да жакындайбыз.
Бул орозо айы мусулмандарды чыгышта да, батышта да бириктирген диний ибадат экенин, алардын Раббиси бир, дини бир, кыбыласы бир жана максаты бир экенин эске салат. Бирок Халифалык мамлекети кулатылгандан бери Ислам үммөтү бөлүнүү жана бытырандылыкта жашап, зулумдукка, кысымга, кордукка жана көз карандылыкка дуушар болуп келет, атүгүл Рамазан айынын башталышын же аякташын аныктоодо да!
Мусулмандардын абалы күндөн күнгө начарлап бара жатат: Аллахтын Китеби менен өкүм кылуу дагы эле токтотулган, ал эми анын ордуна адал нерсени арам кылып, арамды адал кылган, бузукулукту жайылтып, адамдарды азапка салган адам чыгарган мыйзамдар колдонулууда.
Мусулмандардын каны бүгүн Газа, Кашмир, Кытайда жана Ислам өлкөлөрүндөгү залимдердин түрмөлөрүндө төгүлүп жатат. Дүйнөнүн көп жеринде мусулмандар кысымга алынган, алсыз абалда, аларды коргой турган да, жардам бере турган да эч ким жок.
Ошол эле учурда үммөт өзүнүн азыркы абалындагы жамандыктан аны Аллахтан башка эч ким куткара албасын сезүүдө. Баары ага каршы биригип, этин тыткандай кол салышты. Расулуллах ﷺ кабар бергендей ага башка элдер тамакка ташталгандай жабыла түшкөн абал келди.
Бирок бул кутулуу, бул өзгөрүү, акыйкатты орнотуу жана динди үстөм кылуу тилек кылуу же үмүт менен эле келбейт. Ал жалгыз дуба менен да келбейт, бирок биз Аллахка жалынып-жалбарууга жана Андан жардам суроого эң муктажбыз. Дуба талап кылынат, бирок жооп берилишинин шарттары бар. Анын шарттарынын бири — Аллахка жана Анын Элчисине ﷺ жооп берүү. Аллах Таала мындай дейт:
﴿وَإِذَا سَأَلَكَ عِبَادِي عَنِّي فَإِنِّي قَرِيبٌ أُجِيبُ دَعْوَةَ الدَّاعِ إِذَا دَعَانِ فَلْيَسْتَجِيبُوا لِي وَلْيُؤْمِنُوا بِي لَعَلَّهُمْ يَرْشُدُونَ﴾
«(Эй Мухаммад) пенделерим сенден Мен тууралуу сурашса, Мен аларга жакынмын. Мага дуба кылган убактарында дуба кылуучулардын дубасын кабыл кылам. Демек, Акыйкат Жолго жүрүүлөрү үчүн алар да Менин (чакырыгыма) жооп кылышсын жана Мага ыйман келтиришсин!» (Бакара: 186).
Аллахка шүгүр, Ислам адамдардын жүрөгүндө тирүү. Аллахка моюн сунууга болгон каалоо жана аракет көпчүлүктө бар. Алар диндин ар түрдүү иштерине – жакшылыкка чакырууга, ибадаттарга жана сүннөттөргө, анын ичинде Куран окууга жана жаттоого, бидъатка каршы күрөшүүгө, жакшы ахлакка чакырууга, адамдарга жардам берүүгө жана башка жакшы сапаттарга, баалуулуктарга, ахлакка жана мамилелерге жеке же жамаат түрүндө көңүл бурушууда. Алар ушулар менен өз милдетин аткардык жана Аллах алдында жоопкерчиликтен кутулдук, өзгөрүү жараянында жана Ислам коомун курууда мындан башка милдет жок деп эсептешет. Чындыгында, айтылган иштер шариятта талап кылынган жана алар үчүн сооп бар. Бирок бул динди орнотуу үчүн иш алып баруу парзын алмаштыра албайт. Тескерисинче, жер жүзүндө Аллахтын өкүмүн шариятка ылайык орнотуу үчүн аракет кылбаган адам кемчилик кылган болуп эсептелет.
Рамазан — Аллах сүйгөн, мусулмандарга жакшылыктын эшиктерин ачкан, шайтандарды байлап койгон жана соопторду көбөйткөн бул айда мусулмандардын моюн сунуусу орозо, намаз, садака жана башка ибадаттар менен гана чектелбеши керек. Алар мурдагы сахабалар жана табииндер сыяктуу бардык парздарды бириктирип, ибадат жана Аллахка моюн сунуу толук болушу жана сооп көбөйүшү үчүн аракет кылышы керек. Ошондуктан бүгүн алар Аллахка моюн сунуу менен бирге даъват кылуу жана Аллахтын өкүмүн жана шариятын орнотуу үчүн иш алып барууну да кошушу зарыл. Бул — эң өзгөчө жана Аллахка эң сүйүктүү ибадаттардын бири. Бардык ибадаттар ошону менен бар болот жана күнөөлөр ошону менен токтотулат. Мусулмандарды жана алардын биримдигин сактаган моюн сунуу ушул. Аллахтын сөзүн бийик кылып, Анын ишин үстөм кылып, Исламдын жакшылыгын бүткүл жер жүзүнө жана бардык адамдарга жеткирген моюн сунуу ушул. Ушул моюн сунуу аркылуу Аллах Таала бизден яхудийлердин, Американын жана бардык куфр күчтөрүнүн жамандыгын кайтарат. Бул — өз ээлерине да, башкаларга да жакшылык алып келген моюн сунуу. Бул — ансыз жакшылык болбой турган моюн сунуу.
Рамазан жыл календарынын өтүп кетүүчү бир бекети эмес, күндөрү бүткөндө таасири жоголуп кетүүчү руханий мезгил да эмес. Тескерисинче, ал адам өмүрүндөгү чечүүчү учурлар. Аллах Өз пенделерине алардын артыкчылыктарын жана иштерин кайра иретке келтирүүсү, жүрөктөрүн оңдоосу, жашоо жолун түздөп, Өзүнө жакыныраак жаңы башталыш менен баштоосу үчүн берген мүмкүнчүлүк. Аллахка Анын динин үстөм кылуу жана сөзүн бийик көтөрүү үчүн аракет кылуудан артык сүйүктүү амал жок. Бул болсо Расулуллах ﷺдын тарикатына ээрчиген жана жер жүзүндө Аллахтын шариятын кайра өкүм кылдыруу, нубувват минхажы негизиндеги экинчи Халифалыкты тикелөө үчүн иш алып барган ыймандуу жамаат менен олуттуу аракет кылуу аркылуу гана ишке ашат. Вакыйлык көрсөтүп тургандай, анын доору жакындап калды. Аны көргөндөрдөн жана анын аскерлеринен болууну насип кылсын.
Эй момун мусулмандар! Үммөтүңөр тарых бою жана Рамазан айларында улуу сыноолорду жана көптөгөн оорчулуктарды башынан өткөрдү. Бирок Аллахтын жардамы жана Аллахтын шарияты менен өкүм кылган күчтүү мамлекеттин болушу себептүү ал бекем туруп, чыдап жана жеңишке жеткен. Ал таза алтын сыяктуу — отко салынган сайын жаркыроосу күчөйт. Ошол сыяктуу Куран үммөтү канчалык кыйынчылык жана сыноолорго туш болбосун, канчалык жаман күчтөр ага каршы бирикпесин, кайрадан ошондой абалга кайтышы керек. Аллах Таала мындай деген:
﴿وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِن كُنتُم مُّؤْمِنِينَ﴾
«Каапырдыкка каршы күрөштө(суз болбогула) жана (Ухуд согушундагы жеңилүү себептүү) кападар болбогула! Эгер (чыныгы) ыйман ээлери болсоңор, жалгыз силер үстөмдүк кылуучусуңар». (Али Имран: 139).
Ошондуктан бул Рамазанды өзүңөргө каршы күбө кылбагыла, өзүңөр үчүн күбө кылгыла. Сны алсыздык жана начар ай кылбагыла, жеңиш жана үстөмдүк айы кылгыла!
Роя гезити
Муслима аш-Шами




