Макала

Рамазан пикир жүргүзгөн исламий шахсияны ойготуу айы

Рамазан пикир жүргүзгөн исламий шахсияны ойготуу айы

Рамазан жөн гана орозо, ибадат жана тафаккур айы эмес. Ал акылдарды силкинткен, коомдорду кайра калыптандырган жана адамзаттын багытын өзгөрткөн ай. Курани Карим Рамазанда адамзат үчүн хидаят катары түшүрүлгөн. Ал жүрөктөрдү гана тазалоо үчүн эмес, бүтүндөй жашоону илахий хидаят негизинде кайра куруу үчүн түшүрүлгөн. Ошондуктан Рамазан мусулмандарды руханий иштерди гана аткарууга эмес, андан да терең нерсеге чакырат т.а. ой жүгүртүүгө, вакыйлыкты баалоого жана өзгөрүү үчүн аң-сезимдүү аракет кылууга үндөйт.

Бүгүн мусулмандар туш болгон эң кооптуу көйгөйлөрдүн бири — ыймандын же диний амалдардын жетишсиздиги эмес, тескерисинче, учурдагы абалга көнүп калган ээрчиме акылдардын болушунда. Көптөгөн мусулмандар Исламга ыйман келтиришет, намаз окушат, орозо кармашат, ибадаттарды аткарышат, бирок ошого карабастан өздөрүнүн акыйдасына карама-каршы келген түзүмдөрдүн, баалуулуктардын жана вакыйлыктын ичинде жашашат. Бул карама-каршылык адатта Исламды четке кагуудан эмес, акыйда менен жүрүм-турум ортосундагы байланыш акырындап ажырап кетүүдөн келип чыгат. Акыйда жеке ибадаттар менен чектелип, ал эми күнүмдүк чечимдер коркуу, ыңгайлуулук, сакофат жана жагдайлар аркылуу калыптанганда, исламий шахсия чачырайт.

Ислам вакыйлыкты пассивдүү кабыл алууну жактырбайт жана зулумдукка, бузукулукка жана фасадга жөн гана ыңгайлашкан шахсияларды калыптандырбайт. Тескерисинче, ал вакыйлыкка өз акыйдасынын көзү менен караган, аны менен өлчөгөн фикрат ээлерин тарбиялайт. Мусулман дүйнөнү аң-сезимдүү баалоого, себеп-натыйжаларды түшүнүүгө жана абалдарды Аллахтын буйруктарына ылайык өлчөөгө милдеттүү. Дал ушундай активдүү ой жүгүртүү чыныгы өзгөрүүнүн негизи болуп саналат.

Исламий шахсия аклия жана нафсия исламий акыйдадан чыккан учурда калыптанат. Бирок көп учурда жүрүм-турумда боштуктар пайда болот. Мусулман Исламга чын ыкластан ыйман келтириши мүмкүн, бирок айрым учурда ага карама-каршы амал кылат. Бул — түшүнүктөрдү акыйда менен бекем байланыштыра албаганда, шайтан таасир эткенде же жеке кызыкчылыктар илахий хидаяттан үстөм болуп кеткенде болот. Мындай учурлар адамды Исламдан чыгарып жибербейт, бирок анын тартибин жана аң-сезими алсыз экенин ачып көрсөтөт. О.э ыйман менен амал толук байланышпаган шахсия экенин айгинелейт. Ошондуктан ой жүгүртүү зарыл. Анткени аң-сезимдүү ой жүгүртүү болбосо, мусулмандар акырындап четтеп кете баштайт, алардын жүрүм-турумун вакыйлыктын шарттары аныктап калат. Коомдук үрп-адаттар алардын өлчөөсүнө айланат, ал эми жоопкерчиликтин ордун ыңгайлуулук басат. Убакыт өтүшү менен бул Исламды жашыруун түрдө аткарган, бирок коомдук жашоосун адам тарабынан түзүлгөн түзүмдөргө өткөрүп берген коомду пайда кылат. Натыйжада өнүгүү токтоп калат, жүрөктөр ыйманга байланып турганы менен, акылдар учурдагы түзүлүштөргө баш ийген абалда калат.

Ислам мындан да көбүн талап кылат. Ал мусулмандарды өзгөрүү жөнүндө ой жүгүртүүгө милдеттендирет. Бул зулумдукту, адилетсиздикти жана ахлакый бузулууну кадимки көрүнүш катары кабыл алуудан баш тартууну, үммөт эмне үчүн чет элдик мыйзамдардын, экономикалык эксплуатациянын жана саясий үстөмдүктүн алдында жашап жатканы жөнүндө суроо берүүнү талап кылат. Ошондой эле жакырчылык, согуш, үй-бүлөлөрдүн ыдырашы жана руханий боштук кокустук көрүнүштөр эмес, тескерисинче илахий хидаятка каршы келген түзүмдөрдүн натыйжасы экенин аңдоону билдирет.

Ой жүгүрткөн мусулман азап-кайгыга эмоциялык гана жооп берүү менен чектелбейт, тескерисинче анын түпкү себептерин түшүнүүгө умтулат. Алар мусулман жерлери эмне үчүн бөлүнгөнүн, баалуулуктардын алсырашын, өздүктүн алсыздашын жана Исламдын жөн гана жеке ибадатка чейин кыскартылышын ойлонот. Алар Ислам жашоону бардык тармактарында — саясий, коомдук, экономикалык жана ахлакый жактан — толук жөнгө салуу үчүн түшүрүлгөнүн түшүнүшөт. Ошондуктан алар Исламды жарым-жартылай кабыл алууну четке кагышат.

Рамазан бул аң-сезимди кайра калыбына келтирүү үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүк берет. Дене кумарлары тизгинделгенде, ой-пикир тунугураак болот. Куран тилават кылынганда, көз караш өзгөрөт. Түндөр ибадат менен өткөрүлгөндө, дүнүйөгө болгон байланыш азаят. Мындай руханий чөйрө мусулмандарды өз артыкчылыктарын кайра баалоого жана жашоосун акыйдасы менен кайра байланыштырууга даярдайт.

Чыныгы өзгөрүү мусулмандар өздөрүн обочолонгон жеке адамдар катары көрүүдөн баш тартып, жамааттык жоопкерчилигин аңдаганда башталат. Ислам жекеликке гана көңүл бурган адамдарды өстүрүү үчүн келген эмес, тескерисинче адамзатка Исламды рисала катары көтөргөн бирдиктүү үммөттү куруу үчүн келген. Ар бир мусулман эркек жана ар бир муслима аял ушул жоопкерчиликтин бир бөлүгү. Энелер муундарды калыптандырат, эже-карындаштар үй-бүлөлөргө жана коомдорго таасир этет. Аялдар өзгөрүүнүн четинде эмес, тескерисинче аң-сезимдүү жана мабдаий шахсияларды тарбиялоодо борбордук орунда турушат.

Аң-сезимдүү исламий шахсияны куруу тартипти, Исламды жөн гана ибадаттар эмес, толук система катары үйрөнүүнү талап кылат. Ал дүйнөлүк иштерден кабардар болууну жана глобалдык күчтөр мусулмандардын вакыйлыгын кандайча калыптандырып жатканын түшүнүүнү талап кылат. Ошондой эле үстөм бузук пикирлерге каршы турууга кайраттуулукту жана сабырдуулукту талап кылат. Баарынан мурда, ал жеке жашоодо да, коомдук көз карашта да Аллахка толук моюн сунууга даяр болууну жана ихласты талап кылат.

Мусулмандар акыйда негизинде ой жүгүрткөндө, алардын артыкчылыктары өзгөрөт. Ийгилик мындан ары байлык же даража менен эмес, Аллахка итаат менен өлчөнөт. Адамдардан коркуу азайып, Аллах алдында жоопкерчилик сезими күчөйт. Жашоо мааниге ээ болуп, күрөш баалуу болот.

Рамазан бизге Ислам өтмүштө дүйнөнү өзгөрткөнүн эске салат, анткени мусулмандар терең ой жүгүртүшкөн, жамааттык рух менен аракет кылышкан жана акыйда негизинде ачык жашашкан. Бул мүмкүнчүлүк бүгүн да бар, бирок ал акылмандыкты таштабай, ыйманды амал менен байланыштыруудан жана ой жүгүрткөн мусулмандардан башталат.

Дал ушулар аркылуу Аллах сырткы оңдоолорду эмес, толук жана чыныгы өзгөрүүнү пайда кылат. Аллахтан ушул Рамазанда жүрөктөр жумшарып, акылдар ойгонгон жана мусулмандар Исламды толук жашоо түзүмү катары жайылтуудагы ролун кайра аткарган бурулуш чекити кылуусун сурайбыз.

Малик

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button