Сакофат
Trending

Рамазан хадиси шарифте

Рамазан хадиси шарифте

 Абу Хурайра (р.а) Расулуллахтын (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«الصَّلَوَاتُ الْخَمْسُ، والْجُمُعَةُ إِلَى الْجُمُعَةِ، وَرَمَضَانُ إِلَى رَمَضَانَ، مُكَفِّرَاتٌ مَا بَيْنَهُنَّ إِذَا اجْتَنَبَ الْكَبَائِرَ»

«Эгер чоң күнөөлөргө жакындашылбаса, беш убак намаз о.э. бир жума экинчи жумага чейин, бир Рамазан экинчи Рамазанга чейин күнөөлөрдү кечирет». (Муслим риваяты).

  • Абу Хурайра (р.а) Расулуллахтын (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«مَنْ قَامَ رَمَضَانَ إيْمانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ وَمَنْ قَامَ لَيْلَةَ الْقَدْرِ إيْمَانًا وَاحْتِسَابًا غُفِرَ لَهُ مَا تَقَدَّمَ مِنْ ذَنْبِهِ »

«Ким Рамазанда ыйман менен, сооп үмүтүндө орозо тутса, анын мурунку күнөөлөрү кечирилет. Ким Лайлатул кадрда ыйман менен, сооп үмүтүндө коим болсо (уйкусуз турса), анын мурунку күнөөлөрү кечирилет». (Муслим риваяты).

  • Абу Хурайра (р.а) Расулуллахтын (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«إذَا كَانَ أَوَّلُ لَيْلَةٍ مِنْ شَهْرِ رَمَضَانَ صُفِّدَتِ الشَّيَاطِينُ وَمَرَدَةُ الْجِنِّ وَغُلِّقَتِ أبْوَابُ النَّارِ فَلَمْ يُفْتَحْ مِنْهَا بَابٌ، وَفُتِحَتْ أبْوَابُ الْجَنَّةِ فَلَمْ يَغْلِقْ مِنْهَا بَابٌ، وَيُنَادِي مُنَادٍ: يَا بَاغِيَ الْخَيْرِ أقْبِلْ وَيَا بَاغِيَ الشَّرِّ أَقْصِرْ. وَلِلَّهِ عُتَقَاءٌ مِنَ النَّارِ، وَذَلِكَ كُلَّ لَيْلَةٍ»

«Рамазан айынын биринчи түнү келгенде шайтандар жана итаатсыз жиндер кишенделет, тозок эшиктери жабылып, алардын бири да ачылбайт, бейиш эшиктери ачылып, алардын бири да жабылбайт. Бир чакыруучу минтип кыйкырат: Эй жакшылык үмүт кылган киши, аракет кылып кал! Эй жамандыкка умтулуучу кимсе, күнөө амалдардан тыйыл! Аллахтын тозоктон азат кыла турган пенделери болот. Ар күнү түндөсү ушундай болот». (Тирмизий риваяты).

  • Абу Хурайра (р.а) Расулуллахтын (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«أتَاكَمْ رَمَضَانُ شَهْرٌ مُبَارَكٌ، فَرَضَ اللهُ عَزَّ وَجَلَّ عَلَيْكُمْ صِيَامَهُ، تُفْتَحُ فِيهِ أبْوَابُ السَّمَاءِ وَتُغْلَقُ فِيهِ أبْوَابَ الْجَحِيِم، وَتُغَلُّ فِيهِ مَرَدَةُ الشَّيَاطِينِ. لِلَّهِ فِيهِ لَيْلُةٌ خَيْرٌ مِنْ ألْفِ شَهْرٍ، مَنْ حُرِمَ خَيْرَهَا فَقَدْ حُرِمَ»

«Силерге мубарек ай Рамазан кирип келди. Аллах Азза ва Жалла силерге бул айдын орозосун тутууну фарз кылды. Анда асман дарбазалары ачылып, тозок дарбазалары жабылат, козголоңчу шайтандар кишенделет. Анда Аллахтын бир түнү болуп, ал миң айдан да жакшы. Ким ал түндүн жакшылыгынан куру калса, көп нерседен куру калыптыр». (Нисаий риваяты).

  • Расулуллах (с.а.в) мындай дейт:

«رَغِمَ أنْفُ رَجُلٍ ذُكِرْتُ عِنْدَهُ فَلَمْ يُصَلِّ عَلَيَّ، وَرَغِمَ أنْفُ رَجُلٍ دَخَلَ عَلَيْهِ رَمَضَانُ ثُمَّ انْسَلَخَ قَبْلَ أنْ يُغْفَرَ لَهُ، وَرَغِمَ أنْفُ رَجُلٍ أدْرَكَ عِنْدَهُ أبَوَاهُ الْكِبَرِ فَلَمْ يَدْخُلاَهُ الْجَنَّةَ»

«Мен зикр кылынганымда мага салават айтпаган кимсе кор болсун. Ага рамазан келип, кечирилбей калган кимсе кор болсун. Улуу жаштагы ата-энеси болсо, аларды ыраазы кыла албай, бейишти колдон чыгарган кимсе кор болсун». (Тирмизий риваяты).

  • Муаз ибн Жабалдан риваят кылынат: «Мен Набий (с.а.в) менен бирге баратып, Расулуллахтан (с.а.в) минтип сурадым: Мага бейишке киргизе турган, тозоктон алыс кыла турган амалды үйрөтүңүз. Ал зат болсо мындай жооп кылды:

«لَقَدْ سَأَلْتَنِي عَنْ عَظِيمٍ وَإِنَّهُ لَيَسِيرٌ عَلَى مَنْ يَسَّرَهُ اللهُ عَلَيْهِ: تَعْبُدُ اللهَ وَلاَ تُشْرِكْ بِهِ شَيْئًا، وَتُقِيمُ الصَّلاَةَ، وَتُؤْتِي الزَّكَاةَ، وَتَصُومُ رَمَضَانَ وَتَحُجُّ الْبَيْتَ. ثُمَّ قَالَ: أَلاَ أَدُلُّكَ عَلَى أَبْوَابِ الْخَيْرِ: الصَّوْمُ جُنَّةٌ، وَالصَّدَقَةُ تُطْفِئُ الْخَطِيئَةَ كَمَا يُطْفِئُ الْمَاءُ النَّارَ، وَصَلاَةُ الرَّجُلِ مِنْ جَوْفِ اللَّيْلِ. قَالَ ثُمَّ تَلَا (تَتَجَافَى جُنُوبُهُمْ عَنِ الْمَضَاجِعِ) حَتَّى بَلَغَ (يَعْمَلُونَ)»

«Сен менден өтө чоң нерсени сурадың, ал Аллах жетиштирген заттарга берилет: Аллахка ибадат кыласың, Ага эч нерсени шерик кылбайсың, намазды өтөйсүң, зекетти бересиң, Рамазанда орозо тутасың, Байтуллахты хаж кыласың». Кийин мындай деди: «Мен сага жакшылык дарбазаларын көрсөтөйүнбү: орозо тутуу – калкан; садака суу отту өчүргөндөй күнөөнү өчүрөт; кишинин түндөсү намаз окушу». Андан кийин ал зат ушул аяттарды тилават кылды:

4’nû$yftFs?} öNßgç/qãZã_ Ç`tã ÆìÅ_$ŸÒyJø9$# tbqããô‰tƒ öNåk®5u‘ $]ùöqyz $YèyJsÛur $£JÏBur öNßg»uZø%y—u‘ tbqà)ÏÿZム+ Ÿxsù ãNn=÷ès? Ó§øÿtR !$¨B u’Å”÷zé& Mçlm; `ÏiB Ío§è% &ûãüôãr& Lä!#t“y_ $yJÎ/ (#qçR%x. {tbqè=yJ÷ètƒ

– «Алардын жамбаштары орун-жайларынан ыраак болот (т.а. түндөрдү ибадат менен өткөрүшүп, аз укташат), Роббилерине коркуу жана үмүткөрлүк менен жалбарып дуба кылышат жана Биз аларга ырызкы кылып берген нерселерден инфак-ихсан кылышат. Анан, алардын кылып өткөн амалдарына сыйлык кылып алар үчүн жашырып коюлган көздөрдүн кубанычын (т.а. ахырет ниъматтарын) бир да жан билбейт»                                                                     [32:16-17]»

(Тирмизий риваяты).

  • Расулуллах (с.а.в) айтат:

«لاَ يَتَقَدَّمَنَّ أَحَدُكُمْ رَمَضَانَ بِصَوْمِ يَوْمٍ أَوْ يَوْمَيْنِ، إِلاَّ أَنْ يَكُونَ رَجُلٌ كَانَ يَصُومُ صَوْمَهُ فَلْيَصُمْ ذَلِكَ الْيَوْمَ‏»

«Рамазан орозосун бир же эки күн мурун баштабагыла. Бирок, киши орозо тутуп келе жаткан болсо, ушул күндөрү да орозо тута берсин». (Имам Бухарий риваяты).

  • Набий (с.а.в) инсандардын эң сахий-берешени эле, Рамазанда ал затка Жибриил (а.с.) жолукканда дагы да сахий болот эле. Жибриил (а.с.) ал затка, Рамазандын ар түнүндө жолугуп, Куръандан дарс берет эле. Албетте, Расулуллах (с.а.в) согуп турган шамалдан да сахий эле. (Имам Бухарий риваяты).
  • Аиша (р.а) риваят кылат: «Расулуллах (с.а.в) ушундай бир орозо тутат эле, ал тургай, биз “орозо тутпаган күндөрү болбой жатат” дейт элек. Ал зат ушундай бир орозо тутпай жүрөт эле, ал тургай, биз “эч орозо тутпай жатат” дейт элек. Мен Расулуллахты (с.а.в) Рамазандан башка бирер айды толук орозо менен өткөргөнүн көрбөгөнмүн, Шаъбан айындагыдай көп орозо тутканын да көрбөгөнмүн». (Имам Бухарий риваяты).
  • Расулуллах (с.а.в) айтты:

«قَالَ اللهُ كُلُّ عَمَلِ ابْنِ آدَمَ لَهُ إِلَّا الصِّيَامَ فَإِنَّهُ لِي وَأَنَا أَجْزِي بِهِ. وَالصِّيَامُ جُنَّةٌ، وَإِذَا كَانَ يَوْمُ صَوْمِ أَحَدِكُمْ فَلاَ يَرْفُثْ وَلاَ يَصْخَبْ، فَإِنْ سَابَّهُ أَحَدٌ أَوْ قَاتَلَهُ فَلْيَقُلْ: إِنِّي امْرُؤٌ صَائِمٌ. وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ، لَخُلُوفُ فَمِ الصَّائِمِ أَطْيَبُ عِنْدَ اللهِ مِنْ رِيحِ الْمِسْكِ. لِلصَّائِمِ فَرْحَتَانِ يَفْرَحُهُمَا: إِذَا أَفْطَرَ فَرِحَ، وَإِذَا لَقِيَ رَبَّهُ فَرِحَ بِصَوْمِهِ»

«Аллах Таала айтты: «Адамзаттын бардык амалы өзү үчүн, орозо гана мындан сырткары, себеби, ал Мен үчүн жана анын сыйлыгын да Өзүм берем». Орозо – калкан. Кимиңер орозо тутсаңар, бузукулукка жакындашпагыла жана бакырбагыла. Эгер бирөө аны менен урушса же акаарат кылса «Мен орозомун» деп айтсын. Мухаммаддын жаны колунда болгон Затка ант, орозодардын оозунан келген жыт Аллах назарында мисктен (б.а. жыпар жыттан) да жакшыраак. Орозодарды кубанта турган эки кубаныч бар, бири ифтар убагы болсо, экинчиси Роббисине жолугуп, туткан орозосу менен кубанганы». (Имам Бухарий риваяты).

  • Сахл (р.а) Расулуллахтын (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«إِنَّ فِي الْجَنَّةِ بَابًا يُقَالُ لَهُ: الرَّيَّانُ، يَدْخُلُ مِنْهُ الصَّائِمُونَ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، لاَ يَدْخُلُ مِنْهُ أَحَدٌ غَيْرُهُمْ. يُقَالُ: أَيْنَ الصَّائِمُونَ؟ فَيَقُومُونَ، لاَ يَدْخُلُ مِنْهُ أَحَدٌ غَيْرُهُمْ، فَإِذَا دَخَلُوا أُغْلِقَ فَلَمْ يَدْخُلْ مِنْهُ أَحَدٌ»

«Жаннатта бир эшик бар, ал «Райян» деп аталат. Кыямат күнү андан жалаң гана орозо кармагандар киришет, алардан башка эч ким андан кирбейт. «Орозо кармагандар кана?» деп айтылат. Ошондо алар турушат. Алардан башка эч ким андан кирбейт. Орозо кармагандар киришкен соң, ал жабылат. Кийин эч ким андан кирбейт». (Имам Бухарий риваяты).

  • Расулуллах (с.а.в) айтат:

«مَنْ لَمْ يَدَعْ قَوْلَ اَلزُّورِ وَالْعَمَلَ بِهِ، فَلَيْسَ للهِ حَاجَةٌ فِي أَنْ يَدَعَ طَعَامَهُ وَشَرَابَهُ»

«Ким (орозодо) күнөө боло турган сөздөрдү жана аларга амал кылууну таштабаса, Аллах анын жеп-ичишин токтотушуна мухтаж эмес». (Имам Бухарий риваяты).

  • Расулуллах (с.а.в) айтат:

«مَا مِنْ عَبْدٍ يَصُومُ يَوْمًا فِي سَبِيلِ اللهِ إِلاَّ بَاعَدَ اللهُ بِذَلِكَ الْيَوْمِ وَجْهَهُ عَنْ النَّارِ سَبْعِينَ خَرِيفًا»

«Кайсы бир пенде Аллах Таала жолунда бир күн орозо кармаса, албетте ушул бир күндүк орозосу себептүү Аллах анын жүзүн жетимиш жыл тозоктон алыс кылат». (Имам Муслим риваяты).

  • Анас ибн Малик (р.а) Набийдин (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«تَسَحَّرُوا فَإِنَّ فِي السَّحُورِ بَرَكَةً»

«Сахарлык кылгыла, анткени, сухурлукта береке бар».

  • Амр ибн Ас (р.а) Набийдин (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«فَصْلُ مَا بَيْنَ صِيَامِنَا وَصِيَامِ أَهْلِ الْكِتَابِ أَكْلَةُ السَّحَرِ»

«Биздин орозобуз менен ахли китептердин орозосунун ортосундагы айырма сахарлык кылууда». (Имам Муслим иштер чыккан).

  • Аиша (р.а) Расулуллахтын (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«مَنْ مَاتَ وَعَلَيْهِ صِيَامٌ صَامَ عَنْهُ وَلِيُّهُ»

«Ким каза болуп, тута албаган орозосу болсо, ордуна валийи тутуп берет».      (Муттафакун алайх).

  • Зайд ибн Жуханийден (р.а) риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в) мындай деди:

«مَنْ فَطَّرَ صَائِمًا كَانَ لَهُ مِثْلُ أَجْرِهِ غَيْرَ أَنَّهُ لاَ يَنْقُصُ مِنْ أَجْرِ الصَّائِمِ شَيْئًا»

«Ким бир орозо кармаган адамга ифтарлык берсе, ага да ошол орозо кармаган адамдын ажрындай ажр берилет. Бирок, бул орозо кармаган адамдын ажрынан бир да нерсе азайтылбайт». (Имам Ахмад жана асхабу сунандар риваяты, лафзи имам Тирмизийдики).

  • Абдуллах ибн Амрдан риваят кылынат, Расулуллах (с.а.в) мындай деди:

«الصِّيَامُ وَالْقُرْآنُ يَشْفَعَانِ لِلْعَبْدِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ، يَقُولُ الصِّيَامُ: أَيْ رَبِّ مَنَعْتُهُ الطَّعَامَ وَالشَّهَوَاتِ بِالنَّهَارِ فَشَفِّعْنِي فِيهِ. وَيَقُولُ الْقُرْآنُ: مَنَعْتُهُ النَّوْمَ بِاللَّيْلِ فَشَفَّعْنِي فِيهِ. قَالَ: فَيُشَفَّعَانِ»

«Орозо жана Куръан кыямат күнүндө пендени шафаат кылат. Орозо айтат: Эй Роббим, мен аны күндүзү жеш-ичиштен тыйдым, ошондуктан, Сен мени шафаат кылуучу кыл. Куръан айтат: Эй Роббим, мен аны түндөрү уктоодон тыйдым, ошондуктан, мени шафаат кылуучу кыл. Экөөсүнө тең шафаат кылууга урухсат берилет». (Имам Ахмад риваяты).

  • Аиша (р.а) Расулуллахтын (с.а.в) мындай дегенин риваят кылат:

«تَحَرَّوْا لَيْلَةَ الْقَدْرِ فِي الْوِتْرِ مِنْ الْعَشْرِ الْأَوَاخِرِ مِنْ رَمَضَانَ»

«Кадр түнүн Рамазандын акыркы он күндүгүндө так күндөрүнөн издегиле». (Муттафакун алайх).

  • Аишадан (р.а) риваят кылынат: Мен, Я Расулуллах, эгер мен бир түндүн кадр түнү экенин билсем, ошол түнү эмне деп дуба кылайын деп сурадым. Ал зат айтты:

«قُولِي: اللَّهُمَّ إنَّكَ عَفُوٌّ كَرِيمٌ، تُحِبُّ الْعَفْوَ، فَاعْفُ عَنِّي»

«Аллахым Сен кечирүүчү каримсиң, кечирүүнү жакшы көрөсүң, мени кечир деп айткын». (Имам Ахмад жана асхабу сунандар риваяты, лафзи имам Тирмизийдики).

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button