Бейиш бактары

Расул (c.а.в)га калыс жандашкан адамдардын сөздөрү

Расул (c.а.в)га калыс жандашкан адамдардын сөздөрү

Майкл Харт:

Астрономия жана математика аалымы о.э. «Улуу жүз инсан» китебин түзгөн тарыхчы. Ал китепте тарыхта адамзатка эң көп таасирин тийгизген адамдар тууралуу талкуу жүргүзүп, мындай деген: «Адамзатка эң көп таасирин тийгизген адамдардын сап башында Мухаммадды (с.а.в) тандаганым кээ бир окурмандарымды таң калтырышы мүмкүн, айрымдары каршылык билдириши да мүмкүн. Бирок, ал тарыхта диний жана дүнябий тармактын ар биринде анык ийгиликке жетишкен жалгыз киши болгон». (Улуу жүз инсан 33-бет).

Жульц Масерман.

Америкалык психологиялык талдоочу жана Чикаго университетинин профессору: Дүйнөдө лидер-жетекчини тандап алуу үчүн үч шарт иштеп чыккан:

1 – Лидерде жетекчилик үчүн соо-саламат түзүлүш толук табылыш керек.

2 – Лидер өз калкын этикаттардан турган түзүм менен камсыздашы керек.

3 – Лидер өз калкын ушундай бир ижтимаий түзүм менен камсыздашы керек, адамдар анда коопсуздук жана бейпилдикти сезип турушсун.

Ал айтат: «Кылымдарды ашкан бул үч иштин баарын өзүндө топтогон киши эң улуу лидер Мухаммад болсо керек».

Ла Мартин.

Атактуу француз акыны. Ал «Түрктөрдүн тарыхы» китебинде улуу лидер үчүн үч объективдү өлчөөнү келтирген: 1 – улуулук, 2 – васиталардын аздыгы, 3 – айкын натыйжалар. Андан кийин, төмөнкүлөрдү жыйынтыктаган:

«Философ, хатиб, пайгамбар, согушкер, батыл пикирлерди жок кылуучу, акылдан келип чыккан этикаттарды о.э. буттарсыз жана сүрөттөрсүз иба­датты тирилтүүчү, дүнябий рухий им­периянын негиздөөчүсү… бул Мухаммад. Адамзат улуулугу салыштырыла ­турган бардык өлчөөлөрдү этибарга алган абалда акыйкат суроо туулат: Андан улуураак бирер адам табылар бекен?».

Поп Мишон.

Саййидибиз Мухаммад (с.а.в) тууралуу мындай дейт: «Христиандардын мамиле жана көркөм пази­леттерди мусулмандардан кабыл алуулары аянычтуу. Бул экөөсү калктар жана улуттар назарында ырайымдуулук жана адамгерчиликтин эң ыйык саналган негиздери болуп саналат. Булардын баары пайгамбары Мухаммаддын таалимдери себептүү».

Морис Букай.

Таанымал француз табиби. Ал саййидибиз Мухаммад (с.а.в) тууралуу мындай дейт:

«Куран дүйнөнүн илимий даражасынан да, кийинки доорлордогу аалымдардын илимий даражасынан да, илим-билим доору болгон жыйырманчы кылымдагы өнүккөн илимий даражадан да үстөм. Бул нерсе сабатсыз кишиден чыгышы мүмкүн эмес. Бул Мухаммаддын чыныгы пайгамбар экендигине жана ал вахий түшүрүлгөн пайгамбар экенине далалат кылат».

Густав Лебон.

Өзүнүн «Араб хазараты» деген китебинде жазат:

«Шек-күмөнсүз, Мухаммад араб өлкөлөрүндө ушундай бир натыйжаларга жетишти дейсиң, Исламдан мурунку жөөт жана насроний диндери да ал жетишкен нерсеге жетише албады. Ошондуктан, Мухаммаддын арабдар үстүндөгү артыкчылыгынын чегарасы жок».

Карлейл.

Жазуучу жана дүйнөгө таанымал муфаккир. Азыркы бардык тилдерге которулган «Каармандар» китебинде минтип жазат: «Ушул кылымдын перзенттеринен маданияттуу ар кандай адамдын «Ислам дини жалган, Мухаммад акыйкат болбогон» дей тургандардын пикирине кулак салышы шерменделик. Чындыгында, бизге мындай шерменде айтымдарга каршы күрөшүүнүн убагы келди. Себеби, бул пайгамбар даъват кылган рисалат кылымдар бою миллиондогон адамдарга нур таратуулаган чыракка айланган. Ушундай болгон соң, ушул негизде милли­ондогон кишилер турмушун өткөргөн бул рисалат жалганчынын жалганы же алдамчынын айласы болушу акылга туура келеби? Ал чакырган рисалат жалаң акыйкат жана чындык, анын сөзү да, албетте акыйкат, чындык жана анын өзү болсо, бүт дүйнөгө нур тараткан жаркыраган жылдыз…».

Махатма Ганди.

Индус даанышманы. Ал мындай деген: «Миллиондогон адамдардын жүрөктөрүн шек-күмөнсүз ээлеп турган мына бул ки­шинин сыпаттарын билмекчи болдум. Ислам өз деңгээлин ээлөөдө кылыч негизги каражат болбогонуна, тескерисинче, Пайгамбардын ырааттуулугу, убадага туруктуулугу менен, өз достору жана из­дештерине күйүмдүүлүгү жана ыкласы менен, өз Роб­биси жана рисала­тына бүтүндөй ишеними менен бирге жөнөкөйлүгү аркылуу болгонуна толук ишенип канааттандым».

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button