Макала

Рахмондун «өз көлөкөсү» менен болгон салгылаштагы жеңиши

Рахмондун «өз көлөкөсү» менен болгон салгылаштагы жеңиши

“CentralAsia” басылмасынын маалыматы боюнча, 15-февралда өткөн отчёттук пресс-конференцияда Тажикстандын Башкы прокурору Хабибулло Вохидзода 2025-жылы террордук жана экстремисттик кылмыштардын саны 2024-жылга салыштырмалуу 23% (314 учурга) азайгандыгын билдирди.

Анын айтымында, мындай оң динамика президент Эмомали Рахмондун социалдык тармактардагы «лайктар» жана комментарийлер үчүн кылмыш ишин козгоодон кармануу тууралуу көрсөтмөсүнөн кийин, ошондой эле түшүндүрүү иштеринин күчөтүлүшү менен мүмкүн болгон.

Экстремисттик жана террордук мүнөздөгү иштер боюнча жоопкерчиликке тартылган 405 адам, кылмыш жоопкерчилигинен бошотулганы кабарланууда. Эске сала кетсек, «лайк жана бөлүшүү» үчүн кылмыш жоопкерчилигин алып салуу чечими парламент тарабынан кабыл алынып, 2025-жылдын май айында мамлекет башчысы кол койгон. Президент, айрым органдар жарандарга карата негизсиз кылмыш иштерин козгоп келгенин жана бул практиканы токтотуу зарылдыгын баса белгилеген. Жогорку соттун төрагасы Рустам Мирзозода да буга чейин чыгарылган чечимдер кайра каралышы мүмкүн экенин билдирди.

Бирок, расмий билдирүүлөрдө келтирилген себеп-натыйжалар сын көз караш менен талдоону талап кылат. Эгерде «лайктар» үчүн кылмыш иштерин козгоону токтотуу ойдон чыгарылган кылмыштардын санынын азайышына автоматтык түрдө алып келсе, анда бул мурунку көрсөткүчтөрдүн олуттуу бөлүгү, ченемдерди кеңири чечмелөө жана коом үчүн реалдуу коркунуч туудурбаган аракеттерди статистикага кошуунун эсебинен түзүлгөнүн билдирет. Ошентсе да, «бул кылмыштар» коркунучту туудурган «экстремизм» наамы менен аталып келген.

Башкача айтканда, бул жерде кеп кылмыштуулуктун деңгээлинин же ойдон чыгарылган экстремизм фактыларынын реалдуу азайышы жөнүндө эмес, болгону каттоо практикасын оңдоо тууралуу болуп жатат. Укук бузууларды квалификациялоого болгон мамиленин өзгөрүшү, статистикалык көрсөткүчтөрдүн кыскарышына алып келди. Бул болсо, мурунку маалыматтардын объективдүүлүгүн күмөн астында калтырды.

405 адамдын бошотулгандыгы, мурунку укук колдонуу тажрыйбасынын масштабын кошумча түрдө ачыктоодо. Бул кылмыш иштеринин олуттуу көлөмү жарандардын жүрүм-туруму өзгөргөндүктөн эмес, жогору жактан келген саясий белгинин өзгөрүшүнөн улам кайра каралганын далилдейт. Демек, мурунку «өсүү» динамикасы көп жагынан административдик себептерге байланыштуу болгон. Башкача айтканда, мурда «экстремизм» деп аталган нерселерди эми андай деп атабай койсо болот.

Мындай система, советтик укук коргоо органдарынын тажрыйбасына мүнөздүү болгон отчёттуулуктун пландуу моделин эске салат. Анда, натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчү – кылмыштарды ачуу пайызы жана белгиленген көрсөткүчтөрү менен бааланчу. Тактап айтканда, «пландык ченемдин» аткарылышы биринчи орунда турган. Планга багытталган шарттарда, аныкталган укук бузуулардын санын көбөйтүүгө, анын ичинде түшүнүктөрдү кеңири чечмелөө жана чектеш аракеттерди криминалдаштыруу аркылуу институттук мотивация калыптанат.

Ошентип, «лайктар» үчүн жоопкерчиликтин алынып салынышы, либералдаштыруунун же кайрымдуулуктун көрүнүшү эмес, болгону статистикалык дисбалансты оңдоо. Ошондой эле, бул кылмыштардын азайышын натыйжалуулуктун көрсөткүчү катары кароого болбойт. Ченемдин жоюлушу менен кылмыштардын санынын кескин азайышынын ортосундагы өз ара байланыш, мурунку «криминалдык динамика» коомдогу объективдүү кырдаалды эмес, биринчи кезекте укук колдонуу саясатынын өзгөчөлүгүн чагылдырып келгенин көрсөтүп турат.

Бул көз караштан алганда, статистика коомдук коопсуздуктун бейтарап көрсөткүчү катары бааланбай калды. Тескерисинче, муну менен статистика, саясий көрсөтмөлөр жана мекемелик милдеттерден көз каранды болгон административдик отчёттуулуктун элементи экени ачыкталууда.

Андыктан, өз көлөкөсү менен күрөшүүдөгү акмактыкты, дал ушул окуяда көрсөк болот. Жок жерден эле душмандарды жана кылмышкерлерди ойлоп таап, ошол эле учурда, мындай тенденция менен бүтүндөй Тажикстан эли кылмышкерге айланып кетиши мүмкүн эле. Ал эми, бул абал түшүнүлгөн соң, заматта Рахмондун системасы «жеңүүчү» деп жарыяланууда.

Абду Шүкүр

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button