Сакофат

Ретрикция

Саясий сөздүк (5)

Ретрикция

Ретрикция – бул мурда болгон укуктарды, мүмкүнчүлүктөрдү, ыйгарым укуктарды же ресурстарды чектөө, кыскартуу же кесүү дегенди түшүндүрөт. Саясатта бул термин мамлекет эркиндиктин чегин азайткан же жарандар, уюмдар жана саясий институттар үчүн кошумча чектөөлөрдү киргизген кырдаалды билдирет. Башкача айтканда, ретрикция — бул мурун эркин болгон нерселердин катуу көзөмөлгө алынышы же жарым-жартылай чектелиши. Бул топтолуу укугуна, уюмдардын ишмердүүлүгүнө, маалыматка жетүүгө же саясий жараяндарга катышууга тиешелүү болушу мүмкүн.

Буга борбордук аянттарда митинг өткөрүүгө тыюу салууларды жана мусулмандар үчүн аянттарда айт намаздарын окууга киргизилген чектөөлөрдү киргизүүгө болот. Ар кайсы жылдары, бийлик Бишкектин борборунда массалык акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салган же атайын эрежелерди киргизген. Өзгөчө, «Ала-Тоо» аянтында жана негизги мамлекеттик имараттардын жанында нааразычылык акцияларын өткөрүү чектелген. Соттук чечимдер жана мэриянын токтомдору менен митинг өткөрүүчү жерлер шаардын башка аймактарына, мисалы, атайын белгиленген жерлерге көчүрүлгөн. Формалдуу түрдө митингдерге же жамааттык ибадаттарга толук тыюу салынбаганы менен, алардын өткөрүү мейкиндиги кыйла тарыган. Бул – ретрикциянын айкын мисалы.

Дал ушундай жагдай, өкмөттүк эмес уюмдарда да байкалууда. Кыргызстанда чет өлкөдөн каржыланган уюмдар үчүн «чет өлкөлүк өкүл» статусун киргизген мыйзам кабыл алынды. Өзүнүн маңызы боюнча бул Орусиядагы «чет өлкөлүк агенттер» жөнүндөгү мыйзамга окшош. Мындай уюмдар, кошумча каттоодон өтүүгө, каржылоо боюнча эсеп-кысап берүүгө жана өз басылмаларында статусун көрсөтүүгө милдеттүү. Бул дагы ретрикция катары каралат, анткени мамлекет уюмдардын белгилүү бир категориясы үчүн кошумча чектөөлөрдү жана көзөмөлдү киргизүүдө.

Дагы бир мисал – массалык иш-чаралардын уюштурулушуна карата эрежелердин катаалдашуусу. Кээ бир учурларда бийликке митинг тууралуу алдын ала кабарлоо, белгиленген маршруттарды сактоо же акцияларды макулдашылган жерлерде гана өткөрүү талап кылынат. Мындай чаралар адатта коопсуздук жана коомдук тартип маселелери менен түшүндүрүлөт, бирок чынында алар коомдук нааразычылыктарды уюштуруу эркиндигин азайтат.

Жыйынтыктап айтканда, ретрикция – бул эркиндик мейкиндигин тарытуучу саясий механизм. Ал толук тыюу салууну билдирбейт: көбүнчө кеп кошумча эрежелер, көзөмөл же чектөөлөр жөнүндө болот. Саясатта мындай чаралар «туруктуулук» же «коопсуздук» кызыкчылыктары деген шылтоо менен акталат. Бирок, мамлекеттик көзөмөл менен элдин салттуу муктаждыктарынын ортосундагы чектер кайда деген суроо көп бериле бербейт.

Бурана

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

жаңы чыккандар
Close
Back to top button