Бейиш бактары

Рошид халифалар бакчасынан

Рошид халифалар бакчасынан

Ислам үммөтү бүгүнкү күндө кандай оор кыйынчылыктарды баштан кечирип жаткан болсо, тарыхта да мындан кем эмес сыноолорду башынан өткөргөн. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн даават жолунда тоолор көтөрө алгыс кыйынчылыктарды басып өттү. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (с.а.в)дан кийин анын улуу сахабалары да бул кыйынчылыктарга кабылышты. Айрыкча, Абу Бакр ас-Сыддык (р.а) Халифалык мансабын жаңыдан аркалай баштаган учурда абдан кооптуу кыйынчылыктар жүз берди. Бул нерсе таң калыштуу деле эмес. Анткени, хак менен батылдын ортосундагы күрөш эч качан токтобойт. Мусулмандар ушуну түшүнүшү зарыл, кыяматка чейин бул күрөш улана берет…

Абу Бакрдын (р.а) доорундагы окуялар Ислам жана мусулмандардын иштерин башкарууда Пайгамбарлыктан кийинки эле орунда Халифалык турарын далидейт. Мусулмандар үчүн Халифалыктын зарылдыгына кайдыгерлик кылуу жана ансыз өмүр сүрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан, мурунку өткөн аалымдарыбыз Халифалыкты «Исламдын калканы жана бекем чеби» деп аташкан. Анткени, Халифалык менен гана Аллахтын дини жана ага ээрчигендер улуу болуп, куфр жана ага ээрчигендер кор болушат. Халифалыкта гана Ислам толугу менен турмушка колдонулуп, анын дааваты бүтүн дүйнөгө жайылат. Ошондой эле, адамдар ортосунда акыйкат менен адилеттүүлүктү орнотууда, мусулмандардын муктаждыктарын кандырууда, алардын мал-жанын сактоодо, аларды бириктирүүдө жана алардын ар-намысын коргоодо Пайгамбарлыктан кийинки орунда Халифалык турат. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнөн кийин Халифаларды калтырды. Абу Хурайра (р.а)дан риваят кылынган хадисте Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты:

«كَانَتْ بَنُو إِسْرَائِيلَ تَسُوسُهُمُ الأَنْبِيَاءُ، كُلَّمَا هَلَكَ نَبِيٌّ خَلَفَهُ نَبِيٌّ، وَإِنَّهُ لاَ نَبِيَّ بَعْدِي، وَسَتَكُونُ خُلَفَاءُ فَتَكْثُرُ، قَالُوا: فَمَا تَأْمُرُنَا؟ قَالَ: فُوا بِبَيْعَةِ الأَوَّلِ فَالأَوَّلِ، وَأَعْطُوهُمْ حَقَّهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ سَائِلُهُمْ عَمَّا اسْتَرْعَاهُمْ»

«Бану исраилди Пайгамбарлар башкарышат эле. Ар дайым бир пайгамбар көз жумса, артынан башкасы келет эле. Бирок, менден кийин Пайгамбар келбейт. Менден кийин көптөгөн Халифалар болушат. Адамдар таңыркап сурашты: «Оо Аллахтын элчиси, ал убакта бизге эмне кылууну буйруйсуз?» Пайгамбар аларга: «Эң биринчисинин байъатына бекем болгула. Алардын акыларын аткаргыла жана өзүңөрдүн акыңарды Аллахтан сурагыла. Аллах алардын кол астына тапшырган нерселери тууралуу аларды сурак кылат», – деп жооп берди» (Муттафакун алайх). Пайгамбарыбыз (с.а.в) башка хадисинде айтты:

«إنَّمَا الإِمَامُ جُنَّةٌ يُقَاتَلُ مِنْ وَرَائِهِ وَيُتَّقَى بِهِ»

«Имам – калкан, анын артында туруп согуш кылынат жана аны менен коргонулат».

Пайгамбарыбыз (с.а.в)дын көз жумуусу менен Халифалык мансабынын Исламдагы орду абдан маанилүү экендиги жана Исламдын ансыз жашоодо колдонулбашы маалым болду. Ошондуктан, анын аты затына төп келет, ал чындыгында Расулуллахтын халифасы (орун басары) болуп саналат. Мусулмандар Халифалыкка кайдыгерлик кылуусу жана аны турмуштан четтетүүсү таптакыр мүмкүн эмес. Анткени, Халифалыкты жокко чыгаруу жалпы мусулмандарды күнөөгө батырат. Ошондой эле, Халифалыкты жокко чыгаруу менен бирге башка шаръий өкүмдөр да жокко чыгарылат. Мунун күнөөсү абдан оор! Халифалыкты тикелөөгө аракет кылбай отуруунун күнөөсү абдан оор болуп, тынымсыз ибадат кылуу же орозо кармоо дагы ал күнөөнү жаап кете албайт.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) көз жумгандан кийин, анын артынан Абу Бакр эң алгачкы халифа болуп дайындалган учурда, мусулмандар абдан кооптуу кырдаалда калышкан эле. Эгер, Аллах Тааланын коргоосу болбосо жана Аллах Абу Бакрга акыйкат үстүндө бекем туруу кайратын бербесе, Ислам түзүм катары жок болуп кетүүсү мүмкүн эле. Имам Байхакий Абу Хурайранын сөзүн риваят кылып айтат: «Аллахка касам, эгер Абу Бакр Халифа болуп дайындалбаса, Аллахка ибадат кылуу жоюлуп кетер эле. Андан соң, экинчи жана үчүнчү Халифалалар тууралуу да ушинтип айтты».

Алгачкы Халифа Абу Бакр кыйын учурда мыкты чечимдерди кабыл алып, мамлекетти сактап калды. Анын кабыл алган чечимдеринен Ислам дининде мамлекетти жана үммөттү сактоо үчүн, ошондой эле, динди тургузуу менен Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн Халифалыктын аба менен суудай зарыл экенин түшүнүүгө болот. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнөн кийин мындай оор аманатты көтөрүп кетүү үчүн мыкты кадрларды даярдаган. Алардын эң алгачкысы Пайгамбарыбыздын үңкүрдө чогуу болгон шериги Абу Бакр ас-Сиддик (р.а) болду.

Абу Бакр (р.а) жетекчиликти колго алган учурда, мусулмандарды Исламий мамлекеттен жана динден баш тартуу (ридда) бороону каптап калган эле. Кээ бир уруулар зекетти берүүдөн баш тартышты. Зекет болсо Исламдын рүкүндөрүнүн бири болуп, ансыз Кудайга кулчулук кылуу толук болбойт. Кээ бир уруулар болсо Ислам жана мусулмандар менен түзүлгөн келишимдердин баарын жокко чыгарышты. Ал эми кээ бирлери болсо, жаңы жетекчиликке моюн сунуудан баш тартышты. Жума намазы Макка менен Мадинада гана окулуп калды. Мусулмандар жана алардын жаш мамлекети болуп көрбөгөндөй тездик менен кооптуу абалга кептелип калды. Мындай болушу таң калыштуу эмес болчу. Анткени, көпчүлүк элдер Исламга жаңыдан гана киришип, аны толук өздөштүрө элек болчу. Сайф ибн Умар Хишам ибн Урвадан, ал болсо атасынан риваят кылып айтат: «Абу Бакрга байъат берилип, ал ансарлардын өз ара келишпестигин жойгон учурда, айтты: «Усаманы (казатка) жиберүү сөзсүз түрдө ишке ашырылат. Арабдар динден кайтып кетишти. Кээ бир уруулардын баары муртад болсо, кээ бир уруулардын жарымы муртад болду. Мунафыктар жүздөрүн ачышты жана насронийлер менен яхудийлер баш көтөрүштү. Мусумандар болсо Пайгамбарын жоготуп, саны азайып жана душмандары көбөйүп кеткендиктен, караңгы түндө жамгырда калгандай жүдөп турган».

Сахабалардын арасынан, Пайгамбарга эң жакыны болгон бул фазилетүү сахабий жетекчиликке келген учурда, аны көптөгөн сахабалар Усаманы аскерлери менен кошо казатка жиберүү чечиминен кайтарууга урунушкан. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в) тирүү кезинде Усаманы аскерлери менен Шамга жиберүү тууралуу буйрук берип, анын кол астына бир канча улуу сахабаларды дайындап берген болчу. Абу Бакр мына ушул буйрукту аткаруу үчүн, өз чечиминде бекем турду. Умар баш болгон сахабалар тобу аскерлерди казатка жиберүүнүн ордуна, мамлекет айланасындагы муртаддарга жана башка баш көтөргөндөргө каршы согуш кылуу үчүн аларды алып калууну сунушуташты. Абу Бакр бул сунуштан баш тартып, өзүнүкүндө бекем турду жана башка улуу сахабалардын оюна да келбеген таасирдүү сөзүн айтты: «Аллахка касам, Расулуллах (с.а.в) берген буйрукка каршы иш кылбаймын. Бизге асмандан куштар кол салып, бүт жырткычтар Мадинанын айланасына чогулуп алышкан болсо да, иттер момундардын энелеринин буттарын талап жаткан болсо да, Усаманын аскерлерин аттандырам». Бул сөзүнөн кийин, адамдар Абу Бакрга Усама жана анын аскерлери мусулмандардын негизги бөлүгү экендигин, ансыз да арабдар минтип бөлүнүп турушкан учурда, мусулмандардын күчүн бөлбөй, бириктирип кармап туруу зарыл экендигин айтышты. Ошондо, Абу Бакр: «Абу Бакрдын жаны Анын колунда болгон Затка касам, жырткыч жаныбарлар келип мени талап жаткан болсо дагы, мен Расулуллах (с.а.в)дын буйругун аткарып, Усаманы казатка аттандырамын. Эгер Мадинада жалгыз кала турган болсом дагы, бул ишти аткарамын», деди.

Ооба, Абу Бакр мына ушундай киши болгон. Ал-Касимдин риваятында келишинче, Аиша энебиз атасы Абу Бакрды мындай деп сыпаттаган: «Расулуллах каза болгондон кийин, арабдар динден кайтып кетишти жана мунафыктар ачыкка чыга башташты. Аллахка касам, эгер ошол кезде менин башыма түшкөн кыйынчылыктар тоолордун үстүнө түшсө, тоолор аны көтөрө алышпайт эле. Мухаммад (с.а.в)дын сахабалары болсо жамгырлуу түндө жырткычтардын талаасында калган койлордой жүдөп калышкан эле. Менин атам сахабалардын бардык келишпестиктерин тактык жана тууралык менен чечип жатты».

Чынында, Усаманы казатка аттандыруу ошол кезде эң туура чечим болчу. Муну жалгыз гана Абу Бакр өзүнүн шариятка болгон бекемдиги жана акылмандыгы менен көрө алды. Анткени, Усама өз аскерлери менен жортуулга чыкканда, арабдардын айылдарын, өрөөндөрүн аралап өттү. Аларды көргөн арабдар таңыркашып: «Мындай кошуунду аттандырган мамлекет өзүн коргоо үчүн мындан да чоң күчүн алып калганы анык», – деп айтып жатышты. Мадинага кол салууга батынышпады. Усама баштаган аскерлер Рум аскерлери менен беттешип, жеңишке жетишти. Аларды өлтүрүп, өздөрү болсо аман-эсен бойдон, Исламга бекем болуп кайтып келишти.

Абу Бакр жетекчиликке келгенде думшандардын коркунучунан тышкары, ичкериде өзүнүн берген буйруктарына да бир топ нааразылыктар жана каршылыктар болуп турду. Бирок, бул нааразылыктар тездик менен жоюлуп жатты. Анткени, алар Пайгамбардын доорунда жашаган, ыймандары күчтүү, Исламга бекем жана шариятка итааткөй мусулмандар болушкан… Алар Шариятка моюн сунууда Пайгамбар алардын арасында тирүү жүргөндөй итаат кылышат эле. Сайф ибн Умар Абу Дамрадан жана Абу Амрдан, алар болсо Хасан ал-Басрийден риваят кылып айтышынча, Абу Бакр Усамага жолго даярдануу буйругун бергенде, кээ бир ансарлар Умарга барышып «Абу Бакрга айтчы, бизге Усамадан башка адамды амир кылып дайындасын» деп айтышты. Умар аны Абу Бакрга жеткиргенде, Абу Бакр анын сакалынан кармап: «Энең сенден ажырап калсын, эй, ибн Хаттаб! Расулуллахтын амиринен башка амирди дайындайынбы?», деди. Андан соң, өзү бийик жерге чыкты да, Усаманын аскерлерине карап, жүрүшкө буйрук берди. Өзү да аларга кошулуп баратты. Усама аттын үстүндө, Абу Бакр болсо анын жанында жөө бараткан эле. Абдурахман ибн Ауф Абу Бакрдын улоосун жетелеп, алар менен чогуу басып баратты. Ошондо Усама: «О, Расулуллахтын Халифасы (орун басары)! Же сиз дагы атка миниңиз, же мен сизге кошулуп жөө басайын», – деди. Абу Бакр ага карап: «Аллахка касам, сен атыңдан түшпөйсүң, мен атыма минбеймин», деди. Андан соң, Абу Бакр Усаманын аскерлеринин арасынан Умар ибн ал-Хаттабды бошотуп алды. Ушул окуядан кийин, Умар ар качан Усаманы көргөндө: «Ассаламу алайка йаа амир (сага тынчтык болсун оо амир)», деп кайрыла турган болуп калды.

Аалымдар (ибн Мажадан башкалар) өз китептеринде Абу Хурайрадан келтиришкен риваятта Умар ибн ал-Хаттаб Абу Бакрга айтты: «Эмнеге аларга каршы согуш кылам деп жатасың? Пайгамбарыбыз (с.а.в):

«أُمِرْتُ أَنْ أُقَاتِلَ النَّاسَ حَتَّى يَشْهَدُوا أَنْ لاَ إِلٰهَ إِلاَّ الله، وَأَنَّ مُحَمَّدا رَسُولُ اللّهِ. فَإِذَا قَالُوهَا عَصَمُوا مِنِّي دِمَاءَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ إِلاَّ بِحَقِّهَا»

«Бүткүл адам заты Аллахтан башка илах жок жана Мухаммад Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк беришкенге чейин аларга каршы согуш кылууга буйрулдум. Эгер алар күбөлүк берише турган болсо, канын жана малын аман сактап калышат», – деп айтпады беле?».

Абу Бакр болсо Умарга карап: «Аллахка касам, менин башымды алышса да, аларга каршы согуш кыламын! Алардын Расулуллах (с.а.в)га берип жүргөн зекетин токтотуп коюшканы үчүн алар менен согушамын. Чындыгында, зекет бул байлыктын акысы. Аллахка касам, мен зекет менен намаздын ортосун ажыраткандарга каршы согушамын» – деп, чечкиндүү сөзүн айтты. Умар айтат: «Аллах Абу Бакрдын жүрөгүн мына ушул согушка буруп койгонун көрдүм, демек, бул туура чечим болду».

Аллах Таала Куранда айтат:

﴿يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مَن يَرۡتَدَّ مِنكُمۡ عَن دِينِهِۦ فَسَوۡفَ يَأۡتِي ٱللَّهُ بِقَوۡمٖ يُحِبُّهُمۡ وَيُحِبُّونَهُۥٓ﴾

«Эй момундар, силердин ичиңерден кимде-ким дининен кайтса, Аллах башка бир коумду келтирет, Аллах аларды жакшы көрөт, алар Аллахты жакшы көрүшөт»     [5:54].

Бул аят тууралуу ал-Хасан, Катада жана башкалар ушундай деп айтышкан: «Бул аят муртаддар менен зекеттен баш тарткандарга каршы согуш кылган Абу Бакр жана аны менен чогуу болгон сахабалар тууралуу айтылган».

Муртад болгон уруулардын кээ бирлери акырындык менен жакындашып, Мадинанын сыртындагы Зу Хасий деген жерге жетишти. Зу Хасий аймагынын жарымы аларга кошулуп кетишти. Мадинанын айланасына жайгаштырылган сакчылар аталган окуядан кабар табып, дароо Абу Бакрга кабарчы жиберди. Абу Бакр кабарды угары менен мечитте чогулуп турган мусулмандарга абалды түшүндүрдү да, аттанып, душманды көздөй бет алды. Мусулмандар төөлөрүнө минишип, Абу Бакрдын артынан жөнөштү. Алар Зу Хасий өрөөнүнө жетишкенде, душман аларды тосуп чыкты. Эки тараптын айыгышкан кармашынан соң мусулмандар жеңишке жетишти.

Жумада ал-Ахиро айында Абу Бакр өз аскерлери менен Мадинанын айланасындагы баш көтөргөн арабдарга каршы аттанды. Аларга каршы бану Абс, бану Марра, бану Зибян жана бану Кинана көтөрүлүштү жана Тулайха ал-Асадий дагы өз уулу менен аларга кошулду. Эки тарап беттешкен кезде, Тулайханын адамдары айлакерлик кылышты да, терилерди өрттөп тоонун башынан ылдый көздөй ыргыта башташты. Абу Бакрдын жана башка сахабалардын төөлөрү аны көрүп үркүштү да, туш тарапка кача башташты. Ошентип, алар айласыздан Мадинага кайтып келишти.

Мусулмандардын бул ишине күбө болгон муртаддар аларды коркту деп ойлоп, башка аймактарга кабарчыларды жиберишип, аларды да өз сабына кошуп жатышты. Ал эми, Абу Бакр болсо түнү менен уктабастан кол чогултуп чыкты. Тундүн акыркы бөлүгүндө Абу Бакр дагы бир ирет шаар көчөлөрүн кыдырып, согушка жарактуу адамдарды издегени чыкты. Абу Бакрдын оң жагында ан-Нуъман ибн Мукрин, сол жагында анын бир тууганы Абдуллах ибн Мукрин, ал эми, артында болсо алардын иниси Сувайд ибн Мукрин бар эле. Таң атар замат мусулмандар кошууну менен душман кошууну бир майданга чогулушту. Мусулмандар болуп көрбөгөндөй өжөрлүк менен душманды аралап киришти. Күн чыгарда душмандын сабы суюлуп, артка чегине башташты. Мусулмандар болсо аларды артынан кубалап, кылычы жеткенин өлтүрүп жатышты. Согушта Тулайханын уулу Хибал өлтүрүлдү. Абу Бакр болсо аларды кууп, Зу ал-Кисса чебине чейин барды жана өзүнүн Халифалык доорундагы эң алгачкы фатхын кылды. Бул жүрүштө мушриктер кор болушуп, мусулмандар азиз болушту. Бану Зибян жана бану Абстар өздөрүнүн ичиндеги мусулмандарды кармап, өлтүрүштү. Андан соң, башка уруулар дагы өздөрүндөгү мусулмандарды өлтүрө башташты. Ошондо, Абу Бакр кайсы урууда канча мусулман өлтүрүлгөн болсо, ошол уруудан ошончо мушрикти жана андан да көбүрөөгүн өлтүрүүгө убада берди.

Бул окуя Ислам жана мусулмандар үчүн улуу жеңиш болду. Бардык уруулардагы мусулмандар азиз болушуп, бардык уруулардагы мушриктер кор болушту. Абу Бакр болсо аскерлери менен Мадинага жеңиштүү, олжолуу жана сак-саламат абалында кайтып келди. Бир эле түндө Мадинага Адай ибн Хатим, Сафван жана аз-Забаркандардан садакалар (зекет малдары) келип түштү. Бири түндүн биринчи бөлүгүндө, кийинкиси түн ортосунда жана үчүнчүсү болсо түндүн акыркы бөлүгүндө келди. Алардын ар бирин Мадинанын айланасында корукчулук үчүн жайгаштырылган сахабалар сүйүнчүлөп келишти. Сафвандан келген зекет малдарын Саъд ибн Абу Ваккас сүйүнчүлөп келди, аз-Забаркандан келгендерин Абдурахман ибн Ауф жана Адай ибн Хатимден келгендерин Абдуллах ибн Масъуд сүйүнчүлөп келди. Кээ бирлери Адай ибн Хатимден келген зекет малдарынын кабарын Абу Катада ал-Ансарий сүйүнчүлөп келди деп дагы айтышат. Бул окуя Расулуллах (с.а.в) көз жумгандан соң, 60 күндөн кийин болду.

Бир нече күндөн соң, Усама ибн Зайд согуштан жеңиш менен кайтып келди. Абу Бакр Усаманын аскерлерин – машакаттуу жортуулдан кийин – эс алып, өздөрүнө келип алуусун буйруду да, Усаманы Мадинага өзүнүн ордуна убактылуу жетекчи кылып дайындады. Андан кийин, Абу Бакр мурунку казаттагы аскерлерин чогултуп Зу ал-Киссага жөнөп кетти. Кээ бир мусулмандар Абу Бакрга: «Сиз кайтып, өзүңүздүн ордуңузга башка бирөөнү жөнөтсөңүз да болмок?!», – деп, айтышканда, Абу Бакр аларга: «Аллаъхка касам, мен өзүм силер менен чогуу согушамын!», – деп жооп берди. Ошентип, Абу Бакр Зу ал-Кисса менен Зу Хасийдеги аскерлерди чогултту. Мукриндин уулдары ан-Нуъман жана Абдуллахтар Абу Бакрдын эки тарабында жүрүштү. Мусулмандар Абрак аймагындагы ар-Рабадага жетишкенде, ал жерде аларды бану Абс, бану Зубян жана бану Кинанадан чогулган бир топ аскерлер тосуп чыгышты. Бул беттешүүдө ал-Харис жана Ауф жеңилип, Хутайа туткунга алынды. Бану Абс жана бану Бакрлар качып кетишти. Абу Бакр Абрак аймагында бир канча күн туруп калды. Бул учурда, бану Зибян бир катар шаарларды басып алды. Ошондо, Абу Бакр: «Бану Зибян ал жерлерге ээлик кылуусу харам. Ал жерлерди бизге Аллах олжо кылып берген», – деди да, Абракты жана ар-Рабаданын бир катар аймактарын сактап калды. Бану Абс менен бану Зубян качып кетишкенден кийин, Бизаха согушунда Талхага кошулуп кетишкен.

Абу Бакрдын зу ал-Киссага баруусу жана он бир амирге байрак карматуусу

Усаманын аскерлери тыныгып, эс алышкандан кийин Абу Бакр Ислам аскерлери менен кайрадан кылычын кайрап, Мадинадан Зу ал-Киссаны көздөй жөнөдү. Зу ал-Кисса Мадинадан алыс эмес жерде жайгашкан. Али ибн абу Толиб Абу Бакрдын улоосун жетелеп алды. Бир кезде, Али жана бир канча сахабалар Абу Бакрга кайрылышып, анын Мадинага кайтуусун жана арабдарга каршы согушуу үчүн өзүнүн ордуна башка эр жүрөк кишини амир кылып жиберүүсүн суранышты. Абу Бакр бул сунушту кабыл кылып, он бир амирди тандап, алардын ар бирине байрак карматты. Бул тууралуу Даарукутний ибн Умардан риваят кылып айтат: «Абу Бакр Зу ал-Киссага келгенде, Али ибн абу Талиб анын улоосун кармады да, ага карап: «Сен кайда баратасың, о, Расулуллахтын Халифасы? Сага Расулуллах (с.а.в) Ухуд күнүндө айткан сөзүн айткым келип турат: «Кылычыңды кынына сал, өз жаның менен (курман болуп) бизди кайгыга сала көрбө». Сен Мадинага кайтып бар. Аллахка касам, эгер биз сенден айрылып кала турган болсок, Ислам түбөлүккө түзүмдүгүн жоготот», – деп айтты.

Сайф ибн Умар Сахл айтты: «Ибн Юсуфтан, ал болсо, Касим ибн Мухаммаддан риваят кылып айтат: «Усама жана анын аскерлери тыныгып, эс алгандан кийин, ар тараптан зекет малдары келе баштады. Абу Бакр болсо, өз жүрүштөрүн токтотуп, өзүнүн ордуна башка амирлерди жөнөтүү чечимин кабыл алды. Он бир амирге байрактарды карматты. Халид ибн Валидге байрак берип, аны Тулайхи ибн Хувайлидге жиберди жана аны жеңгенден кийин ал-Бутах аймагындагы Малик ибн Нувайрага бастырып барууну буйруду. Икрима ибн абу Жахлды Мусайламату ал-Каззабга жиберди. Шурахбил ибн Хасананы болсо алгач Икрима менен чогуу Мусайламату ал-Каззабга, андан соң бану Кудаъага аттанууну буйруду. Ал-Мухажир ибн абу Умаййага да байрак карматып, аны ал-Анси аскерлерине каршы аттанууга жана Койс ибн Макшухтун ууладарына жардам берүүгө буйруду. Халид ибн Саид ибн ал-Асты Шам тарапка жиберди. Амр ибн ал-Асты Кудаъа, Вадийъа жана Ал-Харис урууларына жиберди. Халид ибн Мухассон ал-Гатафанийди Даба, Арафажа жана Харсама элдерине каршы согушуу үчүн жиберди. Торфату ибн Хажибге байрак карматып, бану Сулайм жана бану Хавазинге жиберди. Сувайд ибн Мукринди Ямандагы Тухама элине жиберди жана Алаа ибн ал-Хадрамийди Бахрейнге жиберди.

Абу Бакр ар бир амирге өз-өзүнчө келишим катын жазып берди. Аскерлерди Зу ал-Кисса аймагында бөлүштүрүп туруп, Абу Бакр өзү Мадинага кайтып кетти. Жазылган келишим каттарынын арасында ар-Рабада элине жазылган кат дагы бар эле.

Төмөндө анын нускасы: «Бисмиллахи рохмани рохийм! Расулуллах (с.а.в)дын халифасы Абу Бакрдан – ушул катым жетип барган – жеке жана жалпы адамдарга, Исламында бекем тургандарга жана андан кайтып кеткендерге!

Хидаятка ээрчип, андан кийин залалатка кайтып кетпегендерге салам болсун! Жалгыз болгон Аллахка мактоолор айтам жана Аллахтан башка кудай жок экенине, ошондой эле, Мухаммад анын кулу жана элчиси экенине күбөлүк берем! Биз Мухаммад алып келген нерсени бекем карманабыз жана андан баш тарткандарды кафир деп, аларга каршы согушабыз!

Аллах Таала өз пенделерине кабарчы жана эскертүүчү, ошондой эле Аллахтын динине жарык нурдай даават кылуучу элчисин жөнөттү. Ал тирүүлөрдү эскертип, каапырларга акыйкатты далилдейт. Анын дааватына ээрчигендерди Аллах Таала хидаятка салды, ал эми, андан баш тарткандарга каршы Расулуллах (с.а.в) согуш кылды жана кээ бирлери өз эрки менен, башкалары мажбур абалда Исламга моюн сунушту! Расулуллах (с.а.в) Аллахтын буйруктарын ишке ашырып, өз үммөтүнө да бул нерсени осуят кылды. Милдеттерин аткарган соң, Аллах Өз элчисин кайтарып алды. Аллах Таала Өзү түшүргөн китепте бул нерсе тууралуу Пайгамбарга жана жалпы мусулмандарга кабар берген. Аллах Таала айтты:

﴿إِنَّكَ مَيِّتٞ وَإِنَّهُم مَّيِّتُونَ﴾

«(Эй Мухаммад), эч шек-күмөнсүз, сен да өлүүчүсүң, алар да өлүүчүлөр» [39:30].

﴿وَمَا جَعَلۡنَا لِبَشَرٖ مِّن قَبۡلِكَ ٱلۡخُلۡدَۖ أَفَإِيْن مِّتَّ فَهُمُ ٱلۡخَٰلِدُونَ﴾

«(Эй Мухаммад), Биз сенден мурда деле бир да адамзатка түбөлүктүү жашоо берген эмеспиз. Анан эгер сен өлсөң, алар түбөлүк калабы?!»          [21:34].

Дагы бир аятта момундарга кайрылып айтты:

﴿وَمَا مُحَمَّدٌ إِلَّا رَسُولٞ قَدۡ خَلَتۡ مِن قَبۡلِهِ ٱلرُّسُلُۚ أَفَإِيْن مَّاتَ أَوۡ قُتِلَٱنقَلَبۡتُمۡ عَلَىٰٓ أَعۡقَٰبِكُمۡۚ وَمَن يَنقَلِبۡ عَلَىٰ عَقِبَيۡهِ فَلَن يَضُرَّ ٱللَّهَ شَيۡ‍ٔٗاۗ وَسَيَجۡزِي ٱللَّهُ ٱلشَّٰكِرِينَ﴾

«Мухаммад болгону бир пайгамбар гана. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Анан, эгер ал (Мухаммад алайхис-салам) көз жумса же өлтүрүлсө артыңарга (куфрга) кайтып кетесиңерби?! Кимде-ким артына кайтып кетсе, Аллага бир да зыян жеткизе албайт, (тескерисинче жалгыз өзүнө гана зыян жеткизет). Аллах болсо (өз жолдорунан кайтпай) шүгүр кылуучу пенделерин мунасип – (амалына жараша) сыйлайт»         [3:144].

Кимде-ким Мухаммадга сыйынып жүргөн болсо, ал өлдү. Кимде-ким Аллахка сыйынып жүргөн болсо, чынында Аллах тирүү жана эч качан өлбөйт. Аны уйкусуроо да, уктоо да албайт. Аллах өзүнүн буйругун ишке ашыруучу жана душмандарынан өч алуучу!

Силерди Аллахтан коркуп, такыбаа кылууга чакырамын! Ошондой эле, Пайгамбар (с.а.в) алып келген нерсени бекем кармап, анын хидаятына ээрчүүгө жана Аллахтын дининде биригүүгө чакырам! Аллах кимди хидаятка баштабаса ал анык адашууда, Аллах кимге жардам бербесе ал анык кыйроодо, Аллахтан башкага ээрчигендердин баары залалатта! Аллах Таала айтты:

﴿مَن يَهۡدِ ٱللَّهُ فَهُوَ ٱلۡمُهۡتَدِۖ وَمَن يُضۡلِلۡ فَلَن تَجِدَ لَهُۥ وَلِيّٗا مُّرۡشِدٗا﴾

«Кимди Аллах хидаяттаса, демек, ошол гана туура жолдо. Кимди адаштырса, анда ага эч бир жардамчы да, туура жолго баштоочу да таба албайсың» [18:17].

Аллахтын динин кабыл кылмайынча пенденин бул дүйнөдөгү амалдары кабыл болбойт жана акыретте ага кечирим кылынбайт. Мага силердин кээ бириңердин Исламды кабыл кылып, андан соң, кайтып кеткени тууралуу кабар жетти. Алар өз ойлорунда Аллахты алдайбыз дешип, Анын буйругун четке кагышып, шайтанга моюн сунуп кетишиптир. Аллах Таала айтат:

﴿وَإِذۡ قُلۡنَا لِلۡمَلَٰٓئِكَةِ ٱسۡجُدُواْ لِأٓدَمَ فَسَجَدُوٓاْ إِلَّآ إِبۡلِيسَ كَانَ مِنَ ٱلۡجِنِّ فَفَسَقَ عَنۡ أَمۡرِ رَبِّهِۦٓۗ أَفَتَتَّخِذُونَهُۥ وَذُرِّيَّتَهُۥٓ أَوۡلِيَآءَ مِن دُونِي وَهُمۡ لَكُمۡ عَدُوُّۢۚ بِئۡسَ لِلظَّٰلِمِينَ بَدَلٗا﴾

«Эстегин, (эй Мухаммад), периштелерге Адамга таазим кылгын, дешибиз менен саждага ийилишти. Иблис гана (сажда кылбады). Ал жиндерден эле. Анан Роббисинин буйругуна моюн сунуудан баш тартты. Эми силер (эй Адам балдары), Мени коюп, аны (т.а. иблисти) жана анын урпактарын дос тутасыңарбы?! Алар силерге душман го! Ал (иблис) залим адамдар үчүн (Аллахтын ордуна ибадат кылына турган) кандай гана жаман «бадал-орун басар»  [18:50].

﴿إِنَّ ٱلشَّيۡطَٰنَ لَكُمۡ عَدُوّٞ فَٱتَّخِذُوهُ عَدُوًّاۚ إِنَّمَا يَدۡعُواْ حِزۡبَهُۥ لِيَكُونُواْ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلسَّعِيرِ﴾

«Чынында шайтан силерге душман. Демек, аны душман туткула! Шек-күмөнсүз, ал өз тобу-хизбин тозок ээлери болуулары үчүн чакырат»     [35:6].

Мен силерге мухажирлерден, ансарлардан жана табиъиндерден турган кошуун жөнөтүп, аларга Аллахка ыйман келтирүүдөн башка эч нерсени кабыл кылбоону буйрудум. Алар Аллахтын динине даават кылбай туруп эч кимди өлтүрүшпөйт. Кимде-ким алардын дааватына жооп берсе, аларды аман калтырып, аларга динди үйрөнүүдө көмөкчү болушат. Кимде-ким бул кошуундун дааватынан баш тарта турган болсо, бул кошуун Аллахтын буйругу менен аларга каршы согуш кылат. Мусулмандар алардын эң акыркы күчүн жоготконго чейин согуш кылышат. Аларды өрттөп, кырып, жок кылышат. Аялдар менен жаш балдарды туткунга алып, калгандарын өлтүрүшөт. Бул аскерлер адамдардын Исламынан башка эч нерсесине ыраазы болушпайт! Кимде-ким Исламды карманса, бул иш өзү үчүн жакшы! Кимде-ким Исламдан баш тартса, ал Аллахка эч кандай зыян жеткире албайт. Мен элчилеримди жөнөтүп жатып силерге Аллахтын китебин окуп берүүнү буйрудум. Бул аскерлер кайсы элден азан жаңырып жатканын угушса, аларды тынч коюшат. Эгер азан айтылганын угушпаса, аларга барып динди жеткиришет. Ал элдер мусулмандардын дааватынан баш тартышса, мусулмандар аларга каршы согуш кылышат, эгер кабыл алышса мусулмандар алардын диндеги милдеттерин түшүндүрүп беришет». Муну Сайф ибн Умар Абдуллах ибн Саидден, ал болсо Абдурахман ибн Каъб ибн Маликтен риваят кылган.

Бул Расулуллахтын эң алгачкы Халифасынын бакчаларынын (жакшылыктарынын) бири гана. Ал Ал Аллахтын изни менен гана мына ушундай ийгиликтерге жетише алды. Бүгүнкү күндө, мусулмандар мына ушундай Халифалык турмушунда жашоону эңсеп, арзуу кылып келишет.

Чынында, Аллах адамдарды туура жолго баштоочу… Аллахым, Өзүң бул үммөттү туура жолго баштай көр. Аллахым, Өзүң бул үммөткө биринчи Рошид Халифалардын заманындай улуу жана күчтүү болгон Рашид Халифалыкты тикелөөгө жардам бере көр! Аамиин!

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button