Абрахам келишимдери яхудий түзүмүн бекемдөөбү же анын жок болуусун эскерткен каргышпы?

Абрахам келишимдери яхудий түзүмүн бекемдөөбү же анын жок болуусун эскерткен каргышпы?
Кимде-ким колониализм өткөн тарыхый доорлордо болуп өткөн нерсе деп ойлосо, ал катуу жаңылышат. Анткени колониализм бул – мүлкүн жана ресурстарын пайдаланып алуу үчүн алсыз элдерге саясий, аскерий, сакофий жана экономикалык үстөмдүктү орнотуп таңулоо. Ушул аныктамага ылайык колониализм — дүйнөгө капиталисттик мабданы жеткирүүнүн тарыйкаты болуп эсептелет. Ошондуктан бул мабда дүйнөгө жана эл аралык мамилелерге үстөмдүк кылып турганда колониализм да уланат. Батыштагы каапыр колонизаторлор Халифалыкты кулаткандан кийин Жакынкы Чыгышты кайра түзүп, азыркыга чейин ага кысым көрсөтүп, өз кызыкчылыгын кепилдеген саясаттарды кайра-кайра жүргүзүп келүүдө.
1907-жылы Британиянын премьер-министри Кэмпбелл Бэнерман Лондондо жашыруун жыйын өткөргөн. Ага ири колонизатор мамлекеттер — Британия, Франция, Бельгия, Испания жана Италия катышкан. Бул жыйындан «Кэмпбелл документи» деп аталган бир жыйынтык чыккан. Анын эң көрүнүктүү пункттары төмөнкүлөр болгон:
- Африкадагы арабдарды Азиядагы арабдардан бөлүп салуу үчүн Палестинага «бөтөн тосмо» орнотуу.
- Палестина жеринде яхудийлер үчүн мамлекет түзүп, аны колонизатордук күчтөрдүн стратегиялык өнөктөшү кылуу.
Андан кийин яхудий түзүмүнө жол ачуу үчүн майданды даярдашты. 1916-жылдагы Сайкс–Пико келишими менен каапыр колонизаторлор мусулмандарга болгон жек көрүүсүн көрсөтүп, алардын жерлерин улуттук мамлекетчелерге бөлүп салышты. Бул мамлекетчелер мусулмандарды бөлүп-жарып, Исламга каршы туруп, колонизатордун кызыкчылыктарын камсыз кылып турган куралга айланды. Мунун натыйжасында бул жийиркеничтүү түзүмдү орнотуу жеңилдеп, аны коргоп-колдоп туруу мүмкүн болду.
Ошондон кийин белгилүү Бальфур убадасы түзүлдү. Анда Британиянын тышкы иштер министри Бальфур 1917-жылы 2-ноябрда сионисттик кыймылдын лидерлеринин бири болгон лорд Ротшильдге кат жөнөткөн. Ал катта мындай деп айтылган: «Анын Улуулугу Падышанын Өкмөтү яхудий эли үчүн Палестинага улуттук мекен түзүлүшүнө ырайымдуу көз карашта карайт».
Британия мусулмандардын жүрөгүнө бул түзүмдүн биринчи уругун отургузганына карабастан, аны яхудий мамлекети катары көрсөтүү ийгиликтүү болбой калышынан чочулаган. Анткени бул маселе мусулмандар үчүн өтө сезимтал болгондуктан, алар бул түзүмдү четке кагышат деп корккон.
Бирок Америка Палестинада яхудий мамлекети түзүлүшүн каалаган. Себеби ал түзүмдү бул аймакты колония кылуу үчүн курал катары пайдаланууну көздөгөн. Ошондуктан Америка таасири астында БУУ 1947-жылы 29-ноябрда №181 токтомду кабыл алып, Палестинаны эки мамлекетке бөлүү чечимин чыгарды.
Палестина маселесин яхудийлер пайдасына чечүү үчүн колонизаторлор Палестина боштондук уюмун (PLO) түзүштү. Бул уюм жана Сайкс–Пико келишиминен пайда болгон мамлекетчелер улам-улам берилүүлөрдү жасап келишти. Акыры 2002-жылы Бейруттагы араб саммитинде араб мамлекеттери «жерди тынчтыкка алмаштыруу» планын кабыл алышты. Бул план боюнча Палестинанын 20%дан аз аймагында «палестин мамлекети» деген жасалма өкмөт түзүлүп, яхудий түзүмү менен мамилелерди нормалдаштыруу каралган. Бул «Араб демилгеси» деп аталды. Бирок яхудийлер аны да кабыл алган жок. Анткени жеринин 80%нан баш тарткан эл, калган 20%дан да баш тартат деп эсептешкен.
АКШда Трамп бийликке келип, биринчи мөөнөтүнүн аягына жакындаганда «Абрахам келишимдери» деп аталган мамилелерди нормалдаштыруу долбоорун сунуштады. Ал келишим үч динди — Ислам, Христиандык жана Яхудийликти — бириктирүүнү көздөгөн.
Ал эми «нормалдаштыруу» термини саясатта алгач 1979-жылы чыккынчылык келишими болгон Кэмп Дэвид келишиминде колдонулган. Анда мындай деп жазылган эле: «Эки тарап бири-бири менен тынчтык учурундагыдай табигый мамилелерди орнотушат».
Абрахам келишимдеринин максаттары төмөнкүлөр:
- Өз ара бийликтерди таануу.
- Дипломатиялык жана соода мамилелерин нормалдаштыруу.
- Аскерий жана коопсуздук кызматташтыгын чыңдоо.
- Технология, энергетика, билим берүү жана туризм тармактарында биргелешкен инвестиция жасоо.
Колонизаторлордун кулдары болгон биздин башкаруучулар бул келишимдерге шашылыш кол коюшту. Алгач 2020-жылы 13-августта Бириккен Араб Эмираттары, андан соң 11-сентябрда Бахрейн, кийин 23-октябрда Трамп катышкан видео-байланыш аркылуу Нетаньяху, Бурхан жана Абдулла Хамдуктун катышуусунда Судандын кошулгандыгы жарыяланды. 2020-жылдын декабрында Марокко да бул чыккынчылык келишимине кошулду.
Трамп экинчи мөөнөтүнө келгенде, Паластина маселесин толугу менен жоюуну жана дагы көп өлкөлөрдү Абрахам келишимдерине киргизүүнү максат кылды. CNBC телеканалына берген маегинде Трамптын атайын өкүлү Стив Уиткоф: «Абрахам келишимдерин кеңейтүү Трамптын негизги артыкчылыктарынын бири», — деп, эч ким күтпөгөн мамлекеттер да кошулушу мүмкүн экенине ишара кылды. Ал эми 2025-жылы 27-июлда Фокс Ньюс тараткан билдирүүсүндө Уиткоф мындай деген: «Абрахам тынчтык келишимдери алдыдагы айларда кыйла кеңейет, жыл аягына чейин кошумча 10 чакты мамлекеттин кошулушу таң калыштуу болбойт».
2025-жылдын 14-майында Трамп Сирия президенти Ахмад Шара менен, Мухаммад бин Салман жана Эрдогандын катышуусунда, видео-конференция аркылуу жолугушту. Ал жерде Трамп Шарадан Абрахам келишимдерине кошулууну талап кылды. Шара болсо ички абалын жөнгө салгандан кийин чыккынчылык сазына кирүүгө даяр экенин билдирди!
Андан соң, 2025-жылдын 11-августу, дүйшөмбү күнү, Бурхан телефон аркылуу сүйлөшүп, Швейцариянын Цюрих шаарына барып, Трамптын кеңешчиси Масад Булус менен жолугушту. Булус ага берген көрсөтмөлөрүнүн арасында яхудий түзүмү менен Абрахам келишимине кол коюу да болгон. Белгилей кетсек, Судан буга чейин эле 2021-жылы 6-январда Хартумдагы АКШ элчилигинде бул келишимге кол койгон. Анда АКШ тарабынан Каржы министри Стивен Мнучин, ал эми Судан тарабынан Адилет министри Насруддин Абдулбарий кол койгон болчу.
Чындыгында, яхудий түзүмү — бул колонизаторлуктан туулган эрке бала. Ал эми 1916-жылдагы Сайкс–Пико келишими менен мусулмандардын жеринде пайда болгон улуттук мамлекетчелер болсо колонизаторго кызмат кылган, ага берилген абалда бүгүнкү күнгө чейин өмүр сүрүп келе жатат. Аларга мурда яхудий түзүмүн түзүүнү жеңилдетүү, кийин болсо аны коргоо жана сактап туруу милдети жүктөлгөн. Азыр болсо Америка Абрахам келишимдери аркылуу яхудий түзүмүн ушул мамлекеттердин кожоюну кылып коюуну каалайт. Ал калган байлыктарына да колун салып, Троя атындай болуп Американын жана кафир батыштын өлкөлөрүбүздөгү кутумдарын жеңилдетмекчи: бөлүнгөндү дагы бөлүп-жарып, майдаланганды дагы майдалап, Исламга каршы күрөшүп, байлыктарыбызды тоноп, үммөттүн ойгонушуна тоскоол болушат. Бул — кафир колонизатордун айласы. Ал эми Аллах «айлакерлердин» эң мыктысы:
﴿وَيَمْكُرُونَ وَيَمْكُرُ اللَّهُ وَاللَّهُ خَيْرُ الْمَاكِرِينَ﴾
«Алар (жөөттөр) айла кылышты. Алла да «айла» кылды. Алла «айлакерирээк». (Али Имран: 54).
Кафир Батыш мусулмандар менен болгон узакка созулган согушунда эми өзүнүн жетим түзүмү аркылуу жана куфрдун башчысы болгон Американын түз колдоосу менен чыгууда. Албетте, бул биздин ага болгон салгылашыбыздын аягы жакын калганын түшүндүрөт. Анткени ал мурда биз менен согушту дайыма ортомчулары аркылуу жүргүзчү. Эми болсо өзү түз чыгып жатканы — «Хизб ут-Тахрирдин жайылуу нуктасы» китебинде (19-бетте) колониализм жөнүндө жазган сөздөрүн ырастайт:
[وسوف لا يواجه (الاستعمار) الحزب إلا في حالة يأسه، وإلا حين يصبح يقاتل في آخر الخنادق التي يملكها، ويحمل آخر سلاح لديه].
«Колонизатор капыр бардык үмүттөрү жокко чыкканда гана, өзү ээлеген аңгектердин акыркысында туруп урушуп жатканда гана, хизб менен бетме-бет жолугат жана өзүнүн акыркы куралын иштетет».
Бул сөзсүз түрдө сүйүнүчтүү кабар: колониализм менен болгон салгылашуу акыркы этабында турат. Чыныгы ихластуу мусулмандар бар болгон соң, алар Аллахка таянып, жардамды Андан гана сурап, салгылаш майданын таштабастан, үммөттү ойготуу жолунда кадам таштап жатышканда — биз Аллахтын жеңиши сөзсүз жакын экенине ишенебиз. Ал жеңиш, иншаАллах, бул үммөткө келет.
Ошондо Абрахам келишимдери яхудийлерге гана эмес, баскынчылардын өлкөлөрүбүздөгү жана дүйнө жүзүндөгү үстөмдүгүнө да каргыш болот. Жер бети өзүнүн Раббиси берген нур менен нубуват минхажындагы рошид Халифалык аркылуу жаркырайт.
Хатим Жафар (Абу Ауаб)
Роя гезити