Американын Суданга каршы санкциясына карата реакция жана кесепеттери

Американын Суданга каршы санкциясына карата реакция жана кесепеттери
2025-жылдын 26-июнунда “Sudan Tribune” сайты кабарлагандай, АКШ администрациясы бейшемби күнү Суданга карата санкциялар күчүнө киргенин жарыялады. Бул чечим 2023-жылдын апрелинин ортосунда башталган Судандын “Ыкчам колдоо күчтөрүнө” каршы согушунда химиялык куралдарды колдонгон деген айыптоого байланыштуу кабыл алынды.
АКШ 2025-жылдын 22-майында Суданга карата санкцияларды жарыялап, анын ичинде АКШдан экспортко жана насыялык чынжырларга жетүү боюнча чектөөлөрдү киргизген. Бирок бул санкциялар расмий түрдө 2025-жылдын 26-июнунан тартып күчүнө кирди.
Расмий билдирүүдө АКШнын Мамлекеттик департаменти мындай деди: «Судан өкмөтү эл аралык мыйзамдарга каршы чыгып, өз жарандарына каршы химиялык курал колдонду».
Бул чечим 1991-жылдагы “Химиялык жана биологиялык куралдарды токтотуу жана согуштарды жоюу жөнүндө мыйзамга” негизделип кабыл алынды. Жарыяга ылайык, АКШ Суданга төмөнкүдөй санкциялардын топтомун киргизди:
- гуманитардык эмес тышкы жардамдардын токтотулушу;
- курал сатууну жана аны каржылоону токтотуу;
- АКШ өкмөтүнөн насыя жана каржылык колдоолордон ажыратуу;
- коопсуздук жаатында маанилүү товарлардын жана технологиялардын экспортуна тыюу салуу.
Ошону менен бирге, АКШ Мамлекеттик департаменти өзүнүн улуттук коопсуздугуна байланыштуу кээ бир өзгөчө жагдайларга, айрыкча гуманитардык жардам, жарандык авиациянын коопсуздугу жана чектелген колдонуудагы айрым экспорттук товарларга карата чектелген өзгөчөлүктөрдү берди. Алар билдирүүсүндө мындай деп белгиледи:
«Бул санкциялар, кийинки билдирүү болгонго чейин, жок дегенде бир жыл бою күчүндө калат жана тиешелүү органдар тарабынан ишке ашырылат».
2025-жылдын 29-майында Эгемендүүлүк кеңешинин төрагасы жана армия башчысы Абдел Фаттах аль-Бурхан, Судан өкмөтү согуш маалында химиялык курал колдонду деген айыптоолорду иликтөө үчүн улуттук тергөө комиссиясын түзгөн. Ошол учурда Судандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, бул комиссияга ТИМ, Коргоо министрлиги жана Башкы чалгын кызматынын өкүлдөрү кирет. Министрлик мындан тышкары, бул тергөө Судан өкмөтүнүн химиялык куралдарга тыюу салуу келишими сыяктуу эл аралык милдеттенмелерине берилгендигин көрсөтөрүн жана АКШ администрациясынын дооматтарын негизсиз деп эсептей турганын билдирген.
Санкциялар киргизилгенден кийин Судан өкмөтү жооп кайтарган. 2025-жылдын 23-майында “Sudan Tribune” сайты кабарлагандай, Судан армиясынын өкүлү бригадалык генерал Набил Абдулла пресс-конференцияда мындай деди:
«2024-жылы армия химиялык курал колдонду деген АКШнын айыптоосу олуттуу жана бурмаланган. Армия мыйзамдуу согуш жүргүзүп жатат жана таптакыр тыюу салынган куралдарды колдонбойт».
Судан өкмөтүнүн санкцияларга болгон алгачкы расмий реакциясында, өкмөттүн басма сөз катчысы жана маданият жана маалымат министри Халид аль-Ийсар мындай деди:
«АКШ администрациясынын чыгарган айыптоолору жана чечимдери саясий шантаж жана фактылардын бурмаланышы менен мүнөздөлөт».
Аль-Ийсар билдирүүсүндө мындай деп кошумчалады:
«Америка Кошмо Штаттары Судан элинин тынчтыкка, туруктуулукка жана өнүгүүгө болгон умтулуусуна тоскоол болчу саясатты дайыма колдонуп келет».
Ал ошондой эле, жалган айыптоолор деп мүнөздөгөн бул дооматтар, жакында эле согуш талаасындагы жеңиштерден кийин жана премьер-министрдин дайындалышынан кийин, кайрадан Судан армиясын бутага алганын айтты.
АКШ дүйнөдөгү биринчи держава статусун сактап калуу жана башка мамлекеттердин өзүнө атаандаш болушуна же таасир чөйрөсүн солгундашына жол бербөө үчүн колунан келген бардык саясий ыкмаларды колдонууда. Бул күрөшүндө Америка санкция куралын эч кимге карабастан, керек болсо өзүнүн кызматкерлери катары белгилүү болгон адамдарга да каршы колдонууда. Умар аль-Баширдин мисалы муну далилдеп турат. Ал АКШ тарабынан санкцияга кабылган бойдон калган, анан гана Түштүк Судан бөлүнгөн соң жана 2019-жылдын апрелинде бийликтен кулатылган.
Бул санкциялар АКШнын Судан өкмөтүнө басым көрсөтүүчү куралы. Максаты өкмөттү өз кызыкчылыгындагы саясий пландарды ишке ашырууну улантууга мажбурлоо. Бул «сабиз менен камчынын саясаты» (сыйлык жана жаза) деп аталат. АКШ колундагы бир карта күйүп бүткөндө, аны дароо башка ондогон курал-карталар менен алмаштырат. Судан болсо Американын бардык талаптарын аткарып жатат, бирок Америка ага улам кайра жаңы талаптарды коюп жатат. Бул тууралуу мурдагы президент Умар аль-Башир өзү да айткан:
«Санкциялар боюнча сүйлөшүүлөр бир эле шарттан башталган, бирок анын артынан башка шарттар кошулуп отуруп, аягы жок болуп калды».
Демек, бул санкциялар жана «кара тизмелер» АКШ менен анын колдогондордун ортосундагы толук макулдашуунун көшөгө арьындагы түрү. Бул коомдук пикирди алдоо жана элди адаштыруунун бир жолу. Максаты жөнөкөй адамдарды ишендирип, чыныгы кызматташууну жашыруу.
Бул каапырдын мусулманга болгон психологиясы жана көз карашы. Ал мусулманды басынтуу жана шылдыңдоо, мусулман өз динин таштап, алардын динине өтмөйүнчө, ал эч качан өзгөрбөйт. Судан өкмөтү канчалык Америкадан ырайым күткөн күндө да, канча курмандык чалса да, алардан ыраазычылык таппайт. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнүн чындыгы:
﴿وَلَنْ تَرْضَى عَنْكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ ۗ قُلْ إِنَّ هُدَى اللهِ هُوَ الْهُدَى﴾
«Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын Жолу гана акыйкат жол!» (Бакара сүрөсү, 120-аят).
Буга чейин АКШ өзүнүн кызматкери болгон Башир режимине каршы эки курал колдонгон:
- Хусни Мубаракты өлтүрүүгө аракет кылды деген жалаа;
- Эл аралык кылмыш соту.
Бул эки “куралды” колдонуп жатып, түштүк Суданды бөлүп алган. Эми болсо ошол эле сценарийди кайталап, “химиялык курал” деген шылтоо менен өзүнүн башка бир кызматкери Бурханга каршы кол салып жатат. Көрүнүп тургандай, максат – Дарфурду бөлүү жана яхудий түзүмү менен мамилени нормалдаштыруу процессин улантуу.
Эгер Бурхан сыяктуу башкаруучулар мусулмандарды башкара берсе, АКШ бул шамдагайлыкты жана текеберчиликти уланта берет. Ал өз максатына жеткенче басымын улантат. Мусулмандар бул кырдаалда ойгонуп, Америкага кызмат кылган кагаздан куралган режимдерди жоготмоюнча, алар АКШнын буйруктарын аткаруучу гана бойдон кала беришет.
Мусулмандар өздөрүн Аллахтын китеби жана Пайгамбары ﷺ сүннөтү менен башкарган бир түзүмдү – пайгамбарлык жолундагы Халифалыкты орнотмоюнча, бул абал өзгөрбөйт. Халифалыкта гана мусулмандар таасирдүү мамлекетке ээ болушат, Америка жана анын шериктерине жогорку деңгээлдеги жихад жүргүзө алышат. Аллах Таала мындай деген:
﴿لِـمِثْلِ هَذَا فَلْيَعْمَلِ الْعَامِلُونَ﴾
«Мына ушундай нерселер үчүн амал кылгандар амал кылышсын» (Саффат сүрөсү, 61-аят).
Устаз Абдул Халик Абдун Али
Хизб-ут-Тахрирдин Судан вилаятындагы маалымат бөлүмүнүн мүчөсү