Америка күчтөрүнүн Айн аль-Асад базасынан чыгып кетишинин кесепеттери

Америка күчтөрүнүн Айн аль-Асад базасынан чыгып кетишинин кесепеттери
АКШ күчтөрүнүн Ирактан чыгып кетүү маселеси 2020-жылдын июль айында козголгон. Буга 2020-жылдын 2-январында АКШнын Касым Сулеймани менен Абу Махди аль-Мухандисти өлтүрүшү себеп болгон. Ошондон көп өтпөй Ирак парламенти альянстык күчтөрдү өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Андан кийин Ирак менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп, 2024-жылдын сентябрь айында, америкалык күчтөрдү 2025-жылдын сентябрына чейин чыгаруунун биринчи этабы баштоо, ал эми экинчи этабы 2026-жылдын сентябрында уланышы боюнча макулдашууга кол коюлган.
Бирок бул келишимге карабастан, Ирак АКШнын таасиринен арылган жок. Бул багытта Багдад менен Вашингтондун ортосунда өткөн стратегиялык диалогдун төртүнчү айлампасынын биргелешкен билдирүүсүндө «коопсуздук жаатындагы байланыш толугу менен машыктыруу, кеңеш берүү, жардам көрсөтүү жана чалгын маалыматтарын алмашуу» форматына өтөрү айтылган.
Андай болсо, америкалык күчтөрдүн Айн аль-Асад базасынан чыгышында кандай жаңылык бар? Эмне үчүн саясатчылар да, ирактык коом да башаламан абалда калды?
Жообу мындай, чыгуу күтүүсүздөн болду, ирак өкмөтү менен макулдашпай эле, мөөнөтүнөн мурда ишке ашты. Башында бул процесс шайлоодон кийин жана ирак өкмөтү менен координацияда башталмак.
Башаламандыктын жана шектенүүнүн күчөшүнө дагы бир себеп, акыркы учурда Ирак менен АКШ ортосундагы мамиленин бузулушу болду. Буга «координациялык рамка» деп аталган айрым саясий күчтөрдүн АКШга кескин каршы чыккан «Хашд» мыйзамын добуш берүү аркылуу кабыл алууга умтулуусу түрткү болду. АКШ бул мыйзам өтүп кетсе, экономикалык санкциялар менен коркуткан.
Ошондой эле, 2025-жылдын 11-августунда Ирак менен Ирандын ортосунда 1400 чакырымдан ашык созулган ирак-иран чек арасынын коопсуздугун биргелешип чыңдоо максатындагы коопсуздук келишимине кол коюлду. Бул болсо аймактагы Ирандын таасирин союздаштарына жана кызыкчылыктарына сокку уруу аркылуу четтетүүгө аракет кылып жаткан Американын кыжырын келтирди.
Мына ушундай шартта күтүүсүздөн болгон бул чыгуу — ирак өкмөтүнө Америка эскертүүсүн көңүлгө албаса катуу жазалоо күтүп турганын көрсөткөн күчтүү белги жана оор таяк болду. Ошол эле учурда жаңы сценарийлерге жол ачты: алардын ичинде аскерий кадамдар бар, мисалы, кээ бир фракциялардын жетекчилерин бутага алуу же алардын кампаларын бомбалоо, же болбосо элдик көтөрүлүш чыгышы мүмкүн. Бул көтөрүлүш 2019-жылдын 1-октябрында башталган Тишрин (Октябрь) революциясынан да ири болушу ыктымал, анткени эл ичиндеги чыңалуу өтө жогорку деңгээлге жетти.
Айрыкча, Ирак буга чейин да ушундай тузакка түшкөн. 2011-жылы АКШ чыгып кетүү чечимин кабыл алгандан кийин, ага баскынчы күч катары карашкан. Бирок кийин «Ислам мамлекети» уюмуна өлкөнүн үчтөн бир бөлүгүн ээлөөгө жол берип, кайрадан ирак өкмөтүнүн чакыруусу менен «достук жана боштондукка чыгаруучу күч» деген шылтоо алдында кайтып келген.
Демек, бул чыгууну чыныгы «чыгуу» эмес, кайра жайгашуу деп түшүнүү керек. АКШ күчтөрү Эрбилде орун алды. Мындан тышкары, АКШнын Ирактан мынчалык оңой чыгып кетиши жана аны өкмөттөн да күчтүү болуп калган куралдуу топторго калтырып коюшу логикага сыйбайт.
Көрүнүп тургандай, коркутуу өз жемишин бере баштады. «Аль-Фалужа» маалымат сайты тараткан кабарга ылайык, депутат Хади ас-Салами мындай деди: «Хашд аль-Шаабий мыйзам долбоору координациялык рамканын жыйынынан кийин парламенттен алынып салынды. Премьер-министр бул чечимди аткарды жана азырынча мыйзам кайра кайтарылган жок». Ас-Салами мындай деп кошумчалады: «Келерки жумадагы парламент жыйынына бул мыйзамды кайра киргизүү үчүн депутаттардын колун топтоо аракеттери жүрүп жатат. Бирок фракция жетекчилеринде бул мыйзамды өткөрүп жиберүү боюнча так эрк жок, анткени алардын өз ара кызмат орундарына байланышкан талаштары бар».
АКШ эмне пландабасын, Ирак сүйлөшүүчү тарап болууга жараксыз, анткени ал жөн гана эгемендүүлүгүнөн ажыраган өлкө. Ал АКШ оккупациясынын балтасы менен аймактык күчтөрдүн, айрыкча Иран жана анын күч кызматына байланышкан көйгөйлөрдүн арасында турат.
Иран болсо ирактык фракцияларга дем берип, мурдагыдан да күчтүү экенин айтып келет. Бул тууралуу Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани: «Биздин Израилге каршы согушубуз али бүтө элек» деп билдирип, «Ирак жана Ливандагы каршылык фронту кысымдарга жана согушка карабай дагы деле тирүү жана күчтүү» деди. Ал ошол эле учурда Тегеран аларды көзөмөлдөбөй турганын белгиледи. Бирок Иранга ишенүүгө болбойт. Ага таянган фракциялар башкалардын тажрыйбасынан сабак алышы керек. Иран Ливанда өз партиясынан баш тартып, аны яхудий түзүмүнүн оозуна жем кылып таштады. Ошондой эле, Сириядан кордолуп чыгып кетти. Шексиз, улуттук кызыкчылыктары жана саясий түзүмүнүн сакталышы үчүн, Иран өзүнө жакын ирактык куралдуу фракциялардан да баш тартууга даяр.
Жыйынтыктап айтканда: Америкалык күчтөрдүн калуусу да жамандык, алардын ушундай формадагы чыгышы да жамандык. Ошондой эле элдин үстүндө отурган бул бузулган топтун калуусу чоң жамандык. Коррупция убактылуу көрүнүштөн бекем курулушка айланып, аны бузуу кыйын болуп калды. Бул бийликчил топ өлкөнүн дээрлик бардык байлыктарын өз кызыкчылыктары үчүн ээлеп алды. Мына ошондуктан алар бийлик үчүн бири-бири менен күрөшүп, аны коё бербей, бири-бирин жамандап келишет.
Жакшылыктын баары америкалык оккупантты мажбурлап кууп чыгууда жана Иракты бардык оккупация формаларынан (аскерий, саясий, экономикалык, сакофий) бошотууда. Бул болсо ушул сасып-ачыган түзүмдү жана бузулган саясий топту түп-тамыры менен жок кылмайынча ишке ашпайт. Эл өз кызыкчылыктарына аң-сезимдүү болуп, Аллахтын шариатын жетекчиликке алганда жана аң-сезимдүү, ихлас саясий жетекчиликти айланасында топтогондо гана, Ирак жана бардык мусулман өлкөлөрү адашуудан жана караңгылыктан чыгат.
Аллах Таала айтты:
﴿فَآمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَالنُّورِ الَّذِي أَنزَلْنَا وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ﴾
«Андыктан, силер Аллага, Анын пайгамбарына жана Биз түшүргөн Нурга-Куранга ыйман келтиргиле! Алла кылып жаткан ишиңерден кабардар». (Тагабун: 8).
Устаз Ахмад ат-Таи – Ирак вилаяты
Роя гезити