«Араб лигасынын саммитине» кайрылуу: Газаны колдоо армияларды кыймылга келтирүү менен гана болот

«Араб лигасынын саммитине» кайрылуу: Газаны колдоо армияларды кыймылга келтирүү менен гана болот
Газа ачарчылыктын кайгылуу баскычына кирип, калкынын азабы бомбалоодон, өлтүрүүдөн, курчоодон жана ачкачылыктан улам күчөп турат. Ушундай учурда, «Араб лигасынын саммити» «Газанын ачка балдарын колдоо үчүн үммөттү мобилизациялоо» деген ураан алдында видеобайланыш аркылуу араб ойчулдарынын, саясатчыларынын жана укук коргоочуларынын катышуусу менен өткөрүлдү. Ал саммит эл аралык байкоочуларды Газада жайгаштырууга, жардамдарды жеткирүү үчүн коопсуз гуманитардык коридорду ачууга жана яхудий түзүмү Газа секторуна таңуулап жаткан курчоону токтотууга чакырды.
Араб интеллигенциясы Газаны курчоодон бошотууну талап кылышты. Алар жакшы билишет: Газа яхудий түзүмү тарабынан гана курчалган жок, расмий саясий эрктин, уятсыз коопсуздук кызматташуусунун жана козголбой турган эл аралык кутумдун негизинде арабдар тарабынан да курчалган. «Туруктуулук кербени» менен болгон окуя мунун күбөсү болду. Ал кылмыш араб мамлекеттеринин расмий чыккынчылыктарынын катарына кошулуп, алардын башында Египет менен Иордания турат. Газага каршы яхудийлер жасап жаткан геноцидге коопсуз жолдорду ачуу өтүнүчү менен гана жооп берүү жетиштүүбү?! Же болбосо кылмыштын көлөмүн жана чыккынчылыктын кордугун тек гана тактыны кулатуу, армияларды кыймылга келтирүү, чек араларды бузуу жана Аллах жолунда жихадга жалпы мобилизация жарыялоо аркылуу гана жууй алабызбы? Мына ошондо гана Палестин жери яхудий баскынчылардан тазаланып, кайра ислам үммөтүнүн кучагына кайтып келет.
«Саммит» деген сөз биздин аң-сезимибизде адатта жер үстүндө өзгөрүүлөрдү ишке ашыруучу чечимдер аркылуу аракет кылуучу саясий саммит түшүнүгүн берет. Бирок бул саммит көп жагынан караганда, тескерисинче, көрүнүштү күңүрт кылуу жана көңүлдү алаксытуу аракетиндей болду. Бир жагынан Газа элинин муктаждыгы тамак-аш, суу, дары-дармек, күйүүчү май жана электр энергия сыяктуу гуманитардык жардамга гана кыскартылды. Экинчи жагынан, күрөштү улуттук алкакка гана чектеп, ислам үммөтүнүн ролун ахлакый колдоо жана дуба кылууга чейин түшүрдү. Үчүнчү жагынан, маселени эл аралык күчтөрдөн жана БУУ институттарынан кийлигишүү талап кылуу менен, аларды «эл аралык легитимдүүлүк» аркылуу таануу аркылуу чечүүгө бурду.
Палестина маселеси Ислам үммөтү жана анын тирүү күчтөрү үчүн борбордук маселе экенинде эч шек жок. Ал чындыгында үммөттүн маселеси болуп, анын жүрөгүндө тирүү бойдон турат. Бирок ачык айтыла турган чындык мына бул: яхудий түзүмү менен тил бириктирип, Газа элине чыккынчылык кылгандардан чек араларды ачып берүүнү жалбарып сурап, гуманитардык кербендерди киргизүүнү талап кылуу — баскынчы түзүмдү кулатпайт, жерди азат кылбайт, бомбалоону токтотпойт жана курчоону көтөрбөйт.
Ислам ачык көрсөткөн: алсыздарды колдоо күч жана кудурет ээлерине — башкача айтканда армияларга — парз, тек гана ураандар менен чектелгендерге эмес. Аллах таала айтты:
﴿وَمَا لَكُمْ لَا تُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللهِ وَالْمُسْتَضْعَفِينَ مِنَ الرِّجَالِ وَالنِّسَاءِ وَالْوِلْدَانِ…﴾
«Эмне үчүн Аллахтын жолунда жана алсыз эркектер, аялдар жана балдар үчүн согушпайсыңар?..» (Ниса сүрөсү, 75-аят)
Бул аят кимдерге багытталган? Алар күч-кудурет ээлери: мисир армиясы, иордания армиясы, түрк армиясы, пакистан армиясы жана жалпы мусулмандардын беш миллиондон ашык саны бар бардык армиялары. Алардын колунда яхудий түзүмүн, эгерде чыныгы ихлас лидерлик болсо бир нече эле күндө талкалоого жетишерлик курал-жарак бар. Бирок бул армиялар Куддуска карай жүрүш кылуунун ордуна элдерди курчоодо, кербендерди басууда жана яхудий түзүмүнүн чек арасын элдик кыжырдануудан коргоп жатат!
Араб ойчулдары жана саясатчылары армияларды кыймылга келтирүүнү талап кылуулары керек болчу. Анткени алар биздин яхудийлер менен болгон күрөшүбүздө эң таасирдүү фактор жана чечүүчү күч. Ошондой эле алар үммөттүн эркиндигин жана бийлигин кайтарып алуу жолунда негизги рол ойнойт. Демек, бүгүн армияларды үммөттүн маселелерине, анын ичинде биринчи кезекте Палестина маселесине аралашууга, үммөттүн катарына кошулууга, өлкөлөрүбүздөгү башкаруучу режимдерди кулатууга жана алардын ордуна Пайгамбарыбыз ﷺдын жолундагы экинчи Халифалыкты курууга чакыруу абдан зарыл болуп калды. Мына ошол Халифалык Исламды толук колдонуп, үммөттү бириктирип, анын күчүн жана мүмкүнчүлүгүн жыйнап, аны батыш кафир колонизатор менен болгон мабдаий күрөшүн натыйжалуу жана жемиштүү жүргүзүүгө даяр кылат. Армияларды кыймылдатууга чакыруу бул согушта мурда болуп көрбөгөндөй зарыл болуп калды.
Батыштагы колонизатор күчтөрдүн башында Америка турган, яхудий түзүмүнө болгон ачык жана чексиз колдоосу жана Ислам үммөтүн, Палестин элин колдоого кийлигишкендиги үчүн коркутуулары армияларды кыймылга келтирүүгө жана алардын жардамына кайрылууга эң жогорку жана шашылыш артыкчылык берет. Ошондуктан Ислам үммөтү жана анын тирүү күчтөрү армияларын кайра-кайра чакыруудан тажабашы керек жана үмүтүн үзбөшү зарыл. Анткени алар биздин бир туугандарыбыз жана уулдарыбыз, аларда жакшылык көп, алардын жооп берерине болгон үмүт эч качан үзүлбөйт. Биз бардык аракетибизди жумшап, аларды өз үммөтүнүн тарабында сапка тургузууга, анын дини жана маселелери үчүн күрөшүүгө багытташыбыз керек.
Палестина маселеси исламий жашоону кайра баштоодон өзүнчө көрүнгөнү менен, экөөнүн ортосундагы жалпылык армиялар болуп эсептелет. Вакыйлыкты карасак, мусулман армияларынын Палестинаны бошотуу үчүн кыймылдашына бөгөт коюп жаткан нерсе — бул мусулман өлкөлөрүндөгү башкаруучу режимдер. Алар яхудий түзүмү үчүн коргоо дубалына айланып калышты. Демек, бул дубалды алып салуу зарыл. Ошондуктан «Араб лигасы саммитинин» темасы «Тактыларды кулатуу жана армияларды кыймылга келтирүү» болушу керек эле. Анткени үммөттү өз чынжырларынан бошотуу чакырыгы күч-кудурет ээлеринин кыймылы аркылуу ишке ашат. Ошондо үммөт өзүнүн бийлигин кайра кайтарып алып, Раббисинин шариатын колдонуу жана өзүнүн ыйык жерлерин азат кылуу чечимин кабыл алып, өзүнүн энергиясын жардырып чыгарат. Бул баары Пайгамбарыбыз ﷺдын минхажы негизинде орнотулган рашид Халифалыкта болот. Бул Аллах үчүн эч кыйын эмес. Пайгамбар ﷺ айтты:
«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»
«Андан кийин Пайгамбарлык жолундагы халифалык болот…» (хадис).
Доктор Убада ал-Хасан
Роя гезити