Роя гезити

Араб мамлекеттеринин жыйындары — кутум жана жалган үмүт

Араб мамлекеттеринин жыйындары — кутум жана жалган үмүт

Палестинада, Ливанда, Сирияда жана Йеменде яхудийлердин согушу менен кылмыштары уланып жаткан чакта, Исламга жана үммөткө каршы кутум кура турган кордолгон топ Ирактын борбору Багдадда 34-араб Лигасынын саммитинде чогулууда. Бул саммитке чейин 33-жыйын өткөрүлгөн.

Араб мамлекеттер лигасы Британия тарабынан түзүлүп, кийин АКШ тарабынан көзөмөлгө алынып, үммөттүн маселелерине каршы кутумдардын очогуна айланган. Бул жыйындардын чечимдери дайыма күчсүз, бүдөмүк, колдонууга жараксыз болуп, тескерисинче, Ислам үммөтүнүн начарлашына жана кыйроосуна алып келген.

Эй азыркы доордун эркектей көрүнгөн коркоктору! Бүгүнкү күндө 400 миллиондой араб мусулман 22 мамлекетке бөлүнүп, 13.5 миллион км² ашуун аймакта жашап келишет. Алар чексиз байлыктарга ээ, бир гана акыйданы карманышат. Бул акыйда жашоонун бардык тармактарын камтыган системаны пайда кылат. Жер жүзүндөгү эки миллиард мусулман булардан бир система, бир мамлекет жана бир лидердин алдында биригүүнү күтүп жатат. Бирок силер болсо өз билдирүүлөрүңөр менен кулагыбызды толтуруп, үммөттү элдердин арасында эң артта калтырдыңар. Мусулмандардын жерлери согуш, өлтүрүү, кыйратуу, качкынчылык, жакырчылык жана талап-тоноолордун майданына айланды. Силер бул абалды өзгөртө албайсыңар, кожоюндарыңардын каалоолоруна каршы бир да чечим кабыл алууга кайрат кылбайсыңар. Эгер кээде бир чечим чыгарсаңар, ал элдердин каарын басуу же аларды үмүтсүз кылуу үчүн жасалган алдамчы көрүнүш гана болот. Силер бизди колония кылган, бөлүп-жарган жана бөлүнүп турушубузду каалаган каапыр Батыштын сакчыларысыңар. Алар биздин биригип, азаптан чыгуубуздан коркушат, анткени биз биригип, даңкыбыздын жана күчүбүздүн булагына кайтып келебиз.

Күнөөлөө, айыптоо, эл аралык системага кайрылуу, Палестинаны жана анын элин сатып жибергениңерди моюнга алуу, кутум, чыккынчылык жана мурда болуп көрбөгөн кордук — мына ушул силердин адатыңар, ишиңер ушу. Мусулмандардын маселелерин чечүүчү чыныгы жана натыйжалуу жолдон аларды адаштырып жатасыңар. Силер тарых бою чыккынчы болуп келгендердин урпагысыңар. Фатимийлердин вазири Шавар сыяктуусуңар. Ал да Иерусалимди кресттүүлөргө тапшырып берген жана аны токтоткон жалгыз нерсе кылыч болгон.

Ар-намыс менен урматка татыгандар — бул Палестинанын ыйыктыгын, мусулмандардын канынын улуулугун жана абийирин тааныгандар. Ал эми силер андайлардан эмессиңер. Силер да, силердин аракеттериңер да куру күйүп жануу. Үммөт силерге эч качан ишенбейт, силерден өткөн жана силердин артыңарда калган жалгыз нерсе — бул диниңерди дүйнөлүк тамак-ашыңар үчүн саткан оңой жол издөөлөрүңөр. Ал эми Аллах Таала мындайлар жөнүндө айткан:

﴿خَتَمَ اللهُ عَلَى قُلُوبِهِمْ وَعَلَى سَمْعِهِمْ وَعَلَى أَبْصَارِهِمْ غِشَاوَةٌ وَلَهُمْ عَذَابٌ عَظِيمٌ﴾

«Аллах алардын жүрөктөрүн, кулактарын мөөрлөп койду, көздөрүнүн үстүн каптоо басты, аларга чоң азап бар» (Бакара сүрөсү, 7-аят).

Эй мусулмандар! Бул кор болгон топтор яхудийлердин жасалма мамлекетинин коопсуздугун өзүнүн эң башкы артыкчылыгы кылып алды. Алар бул мамлекетке кызмат кылууда бири-бири менен жарышып, аны азык-түлүк, дары-дармек жана энергия менен камсыздап турушат. Палестиналык элди, алардын мужахиддерин жана куралдуу каршылыгын болсо көйгөйдүн булагы катары көрүшөт. Алардын жихадын «терроризм» деп атап, алардын күчүн сындырып, баш ийүүгө мажбурлоо аракетинде. Мунун баары «кан төгүүнү токтотуу», «кайра куруу», «эки мамлекет чечими» жана «эл аралык резолюциялар» деген куру сөздөрдүн артына жашырылып жасалууда.

Аллах аларды жок кылсын! Кайда гана адашып жүрүшөт?!

Эй мусулмандар! Силер бул коркок башчылар Америка менен яхудийлерден кантип кайра-кайра шапалак жеп жатышканын көрбөдүңөрбү? Алар канчалык кордолуп жатышса да, бирок бир да жолу муну сезишпейт, көздөрү да ирмелбейт. Алар кантип айбанчылыкка барып, Американын жырткыч башчысы Трампты эки ыйык мечит жайгашкан аймакка чакырып, ага миллиарддаган долларды чачышты. Ал гана эмес, Исламга жана үммөтүнө касташкан Ибн Зайд Трамп анын өлкөсүнө келгенде анын кортежи өтө турган мечитти жабууга чейин барды. Анда, Кудай үчүн айткылачы, булардын артынан эмнени күтүп жатасыңар?!

Бул ыплас, кутумчулар, мындан ары элге кайрылууга татыктуу тарап эмес. Алар эзелтен бери каапырлардын тарабында, Ислам үммөтүнө каршы фронтто турушат. Бүгүн алардын жолун улап, Батыштын кулдары болууга умтулгандар, Батыштын кучагына үмүт менен ташталган жалдыроочулар. Алар Шам жергесин, анын байлыктарын жана өздөрү ушундай абалга себепчи болушканын унутуп, «өзгөртүү мүмкүн эмес» деп шылтоолоп, элин Батышка тартуулап берип жатышат. Бул элдер дал ушул себептерден улам өз башчыларына каршы чыгышкан эмес беле? Алар Батыш менен Исламдын акыйдалары бири-бирине карама-каршы экенин унутуп жатышат. Алар канча байлык, кен, мунай берсе да Батыш эч качан алардан ыраазы болбойт, дал ушундайча алар мурдагы кулдарынан да баш тарткандай, булардан да оңой эле кутулуп коюшат. Бул Аллах Тааланын төмөнкү сөзүнүн чыныгы чагылышы:

**﴿وَلَن تَرْضَى عَنكَ الْيَهُودُ وَلَا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ قُلْ إِنَّ هُدَى اللهِ هُوَ الْهُدَى وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُم بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللهِ مِن وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ﴾

«Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын Жолу гана акыйкат жол!”. Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден соң алардын көңүлдөрү каалаган нерсеге ээрчисең, Алладан сага дос да, жардамчы да болбойт». (Бакара сүрөсү, 120-аят)

Мына ушул апачык зыян тартуу!

Эй мусулмандар! Бир кылымдан ашуун убакыттан бери силерге тынбастан жетип жаткан көйгөйлөрдүн чечими – силердин колуңарда. Убакыт келип жетти. Силер өз ара бөлүнүүнү тереңдетүүдөн, силерге үстөмдүк кылуудан, укуктарыңарды жана өлкөлөрүңөрдү жоготууга түрткү берүүдөн, байлыктарыңарды текке кетирүүдөн башка эч нерсе кылбаган коркок башчыларыңардан арылууга тийишсиңер. Алар силер мурда талкалаган коркуу кысымын кайра орнотууну көздөшөт, душманыңарга үстөмдүк берүүгө аракет кылышат.

Эми убакыт келип жетти – силер «калкына калп айтпаган жетекчи» болгон «Хизб ут-Тахрир» партиясынын жигиттеринин үнүн угууга жана түшүнүүгө тийишсиңер. Силер Газадагы кысымга карабай Аллахка таянып, Жаратуучусуна ишенген аз сандагы момун кантип яхудийлерди маскаралап, Батыштагы сатылган сакчылардын Исламга жана үммөтүнө каршы кутумун ачыкка чыгарып жатканын өз көзүңөр менен көрүп жатасыңар.

Чечим силердин колуңарда, Араб лигасынын же анын кор болгон мүчөлөрүнүн колунда эмес. Бул чечим төмөнкүлөрдөн турат:

  • Ислам акыйдасын бекем кармануу жана андан башкага чекит коюп, бардыгыңар бир пикирде болуу;
  • Өзүңөрдүн балдарыңарга, ата-энеңерге жана армиядагы бир туугандарыңарга кайрылып, аларды бул кор башчылардан алыстатып, байланыштарын Аллах менен түзүүгө үндөө;
  • Хизб ут-Тахрирге Нусрат берүү б.а. Халифалыкты Пайгамбарлык жолу менен кайра тикелөө үчүн колдоо көрсөтүү. Ушул Халифалык яхудийлердин жасалма мамлекетин тамырынан жулуп таштап, Батыштын жана анын сары куйруктарынын колун мусулмандардын өлкөлөрүнөн кыркып, жер бетине адилеттик жана бейпилдик орнотот.

Мына ушул болбосо, силердин жерлериңер баскынчылыкка ачык болуп кала берет, кан төгүлө берет, ар-намысыңар тебелене берет. Аллах Таала мындай дейт:

﴿إِنَّ اللهَ لاَ يُغَيِّرُ مَا بِقَوْمٍ حَتَّى يُغَيِّرُواْ مَا بِأَنْفُسِهِمْ﴾

«Аныгында бир коом тээ өздөрүн өзгөртүшмөйүнчө Алла алардын акыбалын өзгөртпөйт». (Раʻд сүрөсү, 11-аят).

Роя гезити

д-р Абдул Илах Мухаммад – Иордания вилаяты

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button