Роя гезити

Афгандыктар Пакистан саясатынын балтасы менен регионалдык күн тартиптин кысымында

Афгандыктар Пакистан саясатынын балтасы менен регионалдык күн тартиптин кысымында

2023-жылдан бери Пакистан афган качкындарын депортациялоону күчөттү. Бул кадам Америкага толук баш ийдирүү үчүн «Талибан» өкмөтүнө басым жасоо максатында жасалууда. Афгандыктардын Пакистанга көчүп келүүсү тарыхый себептерге байланышкан. 1980-жылдары Советтер Союзуна каршы жихад, андан кийинки жарандык согуш, жана 2001–2021-жылдар аралыгындагы Америка баскынчылыгы. Тарыхый жактан Пакистан менен Афган мусулмандары ортосунда «Дуранд сызыгы» деп аталган аймак аркылуу өтүп жаткан уруулар аралык терең байланыш бар.

БУУнун Качкындар боюнча комиссариатынын маалыматына ылайык, Пакистандагы афган качкындарынын саны 2002-жылы эң жогорку чегине жетип, болжол менен үч миллионго чыккан. Алардын ичинен 1,35 миллиону расмий катталган. Өткөн жыйырма жыл аралыгында Пакистан депортациялоону ар кандай темп менен улантып келди. Эл аралык кризистер тобунун баалоосуна караганда, Пакистандагы афган качкындары үч категорияга бөлүнөт:

  • БУУнун комиссиясы берген «Катталуу күбөлүгүн» (PoR) көтөргөндөр;
  • Пакистан өкмөтү берген «Афган жараны картасын» (ACC) көтөргөндөр;
  • Эч кандай расмий документи жок көп сандагы адамдар.

Пакистандын афган качкындарына болгон саясаты үч негизги этаптан өттү:

Биринчи этап – Афган жихадынын мезгили (1980-жылдар жана андан кийинкиси):

Советтер Союзунун Афганистанды басып алышы маалында Пакистан өз чек араларын афган качкындары үчүн ачып бериши. Бул кадам Америка стратегиясына шайкеш келген, анткени Вашингтон Афганистанды Совет бийлиги үчүн жаңы «Вьетнамга» айландырууну көздөгөн. Ошол качкындардын ичинен аскердик бөлүктөр «афган мужахиддери» деп белгилүү болуп, советтик күчтөргө каршы операцияларга үйрөтүлгөн. 1989-жылы советтик аскерлер чыккандан кийин да чек аралар негизинен ачык бойдон калган, болгону Афганистан менен түз кагылышпоого багытталган минималдуу көзөмөл киргизилген.

Экинчи этап – 2001-жылдын 11-сентябрынан кийинки мезгил:

Америка кызматчысы президент Первез Мушарраф бийликке келгенден кийин Пакистандын афгандарга болгон саясаты кескин өзгөрдү. Мурда кадырланып келген жоочулар эми «террористтер» деп жарыяланды. Пакистандан Американын Афганистанга болгон баскынчылыгын колдоо жана пуштун урууларынан «Талибанга» жардам бербөө талап кылынды. Чек ара жарым-жартылай жабылды. Качкындарды кылмыш жана баңгизат менен байланыштырып, массалык маалымат каражаттарында каралоо кампаниялары башталды. Мыйзамдык өзгөртүүлөр киргизилип, урууларга өзгөчө макам берген эрежелер жоюлуп, алар Хайбер Пахтунхва провинциясына кошулду. Бул саясаттын эки негизги максаты болгон: качкындардын арасында жашынып жүргөн мужахиддердин жетекчилерин изилдөө жана чек аранын эки тарабындагы мусулмандардын биригүүсүн, айрыкча Халифалыкка багытталган ар кандай долбоорлордон түбөлүк ажыратуу.

Үчүнчү этап – Американын чыгып кетүүсүнөн кийинки мезгил:

2021-жылдын августунда Американын чыгып кетиши чек аранын эки тарабындагы пуштун урууларын күчөгөн чыңалууга алып келди. Алар өз аймактарындагы 2002-жылдан берки аскерий операциялардын натыйжасында болгон кыйроо үчүн Пакистанды күнөөлөштү. «Пакистан талибандары» кайрадан армияга каршы чабуулдарды уланта баштап, бул аскерий куугунтук жана аймактарды четке кагуу саясатына жооп болду. Пакистан бийлиги болсо коопсуздук чараларын күчөтүп, качкындар маселесин «Талибанга» каршы басым куралына айлантты. Натыйжада эки элдин ортосундагы ажырым күчөдү.

Азыркы саясат:

Жаңы депортация планынын биринчи этабы 2023-жылдын ноябрында башталып, расмий документтери жок болжол менен 1,3 миллион афгандыктарды бутага алды. 2025-жылдын февраль айына карата Пакистан алардын ичинен 800 миңден ашыгын күч менен депортациялады. 2025-жылдын январында Исламабад жана Равалпиндиде жашаган афгандыктар 31-мартка чейин өлкөдөн чыгууга мажбурланды, мында дээрлик мүмкүн эмес болгон «каршы эместиги жөнүндө күбөлүк» талап кылынды. Ал эми март айында Ички иштер министрлиги «ACC» жашоо карталарын жокко чыгарып, ээлерин айдын аягына чейин өлкөдөн кетүүгө буйрук берди. Ошондой эле 30-июндан кийин «PoR» каттоо күбөлүктөрүн узартууну токтотуп, бул дагы 1,6 миллион качкындын депортацияланышы коркунучун жаратты. Amnesty International уюмунун маалыматына ылайык, Пакистан 2023-жылдын ноябрынан 2025-жылдын февраль айына чейин кеминде 844 499 афганды күч менен депортациялап, калган качкындарды чыгаруу мөөнөтүн 2025-жылдын 1-сентябрына чейин узартты.

Мына ушундайча, аймактагы мусулмандарды бириктирип, көпчүлүгү мусулман болгон мамлекет катары түзүлгөн Пакистан, бүгүн СССР, андан кийин Америка жүргүзгөн согуштун азабынан качып келген мусулмандарды депортациялап жатат. Алар «мусулмандар бир үммөт» экенин унутууда. Афгандык менен пакистандыктын айырмасы жок, алар тек гана такыбаалыгы менен айырмаланаарын эстен чыгарышты. Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан:

«يَا أَيُّهَا النَّاسُ: أَلَا إِنَّ رَبَّكُمْ وَاحِدٌ، وَإِنَّ أَبَاكُمْ وَاحِدٌ، أَلَا لَا فَضْلَ لِعَرَبِيٍّ عَلَى أَعْجَمِيٍّ، وَلَا لِعَجَمِيٍّ عَلَى عَرَبِيٍّ، وَلَا لِأَحْمَرَ عَلَى أَسْوَدَ، وَلَا أَسْوَدَ عَلَى أَحْمَرَ، إِلَّا بِالتَّقْوَى» رواه أحمد

«Эй адамдар! Чындыгында, силердин Раббиңер бир, атаңар да бир. Эми арабдын ажемге, ажемдин арабга, кызылдын карага, каранын кызылга эч кандай артыкчылыгы жок. Артыкчылык болгону такыбаада» (имам Ахмад риваяты).

Улуттук-мамлекеттик түзүм — Батыш колонизаторлору мажбурлап киргизген түзүм болуп, анын максаты ислам өлкөлөрүнүн ичинде чек ара кризистерин жаратуу жана ресурстарды жихадга эмес, чек араларды кайтарууга ысырап кылуу. Мисалы, Пакистан күч-кубатын Кашмирди азат кылуу үчүн жоочуларды даярдоого жумшагандын ордуна, «Дуранд сызыгынын» боюна чек ара тосмосун курууга 500 миллион доллар сарптады. Ошондой эле чек ара жана качкындар боюнча саясаттын катууланышы Афганистанда Пакистанга жана анын элине каршы жек көрүү сезимин ойготуп, эки өлкө ортосундагы жана Борбор Азия менен болгон сооданы да жабыркатып койду. Ошентип, мажбурлап депортациялоо аркылуу пайда болгон тирештер үммөттүн душмандарына — анын башында турган Америка жана Индияга — кызмат кылып, Пакистан менен Афганистандын ортосундагы жакындашууну жана биримдикти тосууда.

Акырында эскерте кетүү зарыл, Исламда «качкын» деген түшүнүк жок. Мусулмандар бир үммөт, жана мусулман ислам өлкөлөрүнүн ичинде бир үйдүн бөлмөлөрүндөй эркин көчүп жүрө алат. Коопсуздук жана туруктуулук үммөттү саясий чек араларга бөлүү аркылуу эмес, ислам акыйдасы жана шариатты бекем кармануу аркылуу гана камсыздалат. Үммөттү бириктире турган акыйдага негизделген саясий мамлекеттин жоктугу — Пакистан жана башка ислам өлкөлөрүндө өкүм сүрүп, баш-аламандыкты шарттап жаткан түпкү себеп болуп эсептелет. Ошондуктан, Пайгамбарлык минхажындагы рашид Халифалыкты тикелөө — коопсуздук үчүн зарылдык болгондой эле, шаръий парз болуп саналат.

Алах Таала айтты:

﴿إِنَّ هَذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاعْبُدُونِ﴾

«(Эй инсандар), силердин диниңер чындыгында бир дин (Ислам) Мен болсо (бардыгыңардын) Раббиңермин. Демек, Мага гана сыйынгыла!» (Анбия: 92).

Билал Мухажир

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button