Батыштын Исламга каршы согушта өзүнө кызмат кылгандарды таштап кетиши

Батыштын Исламга каршы согушта өзүнө кызмат кылгандарды таштап кетиши
Батыштын колонизатордук стратегиясы жана анын үммөткө карата саясаты – Ислам дүйнө карашын жана рисаласын жок кылууга негизделген. Алар чоң жана айлакер кутумдар аркылуу Ислам мамлекетин кулатып, аны бөлүп-жарып талкалаган. Булардын планы үммөттүн денесин талкалагандан кийин Исламдын кайра бийликке келишине жол бербөө жана мусулмандардын биримдигин алдын алуу. Ошол максатты ишке ашырууда Батыш айрым мусулмандардын уулдарын пайдаланды. Аларды ой жүгүртүүдө, саясатта, бийликте, маалыматта атайылап тарбиялап чыккан. Батыштык Чыгыш таануучулардын бири айткандай: «Ислам дарагын аны өзүнүн уулдарынын бири кыйратууга тийиш».
Британия (шариф) Хусейинди араб көтөрүлүшүн жасоого колдоп, аны халифа болууга азгырды. Натыйжада ал Осмон Халифалыгынын алсырашына, анын талкаланышына жеткирди. Бирок Британия өз максатына жеткен соң ага каршы чыкты, убадасынан баш тартып, аны сүргүнгө айдады жана үй камагына салды. Ал катуу кайгыдан каза болду. Ошондой эле Британия өзүнүн планын ишке ашырууда пайдаланган башка жетекчилерди, партияларды жана топторду да таштап салды. Алар аркылуу улутчулдук, мекенчилдик чакырыктарын көтөрүп, куурча мамлекеттик түзүлүштөрдү орнотуу планын ишке салды.
Бүгүн болсо Батыш айрым мусулмандардын уулдарын кайрадан колдонууда. Аларды ой жүгүртүүдө, саясатта, сакофатта, дин тармагында агент кылып колдонуп, үммөттун ойгонууга жана исламий турмушту кайра баштоосуна жол бербөө үчүн пайдаланууда. Батыш аларды өзүнүн динди жашоодон жана мамлекеттен бөлүп кармаган идеологиясын жайылтууга, Исламды өзгөртүүгө чакырууга, «америкалык Ислам», «француз Исламы» же «европалык Ислам» деген жасалма түшүнүктөрдү чыгарууга кызмат кылдырууда. Ошондой эле, Исламдын туруктуу негиздерине шек туудуруу жана күмөн салуу аракетин жүргүзүүдө. Буга мисал өздөрүн «заманбап» же «жаңычыл» деп атагандардын Куран жана Сүннөт нусустарын секулярдык акыл менен түшүнүүгө чакыруусу.
Мындан тышкары, марокколук атеист Раян Бейдан калтырган кат да ушул чындыктын далили болуп турат. Ал катта Батыш аны Исламга каршы күрөш үчүн колдонгонун, бирок максатына жеткенден кийин аны таштап кеткенин, жолдон ыргытып жибергенин ачык мойнуна алган. Бул окуя Батыштын чыныгы жийиркеничтүү жүзүн ачып берүүдө. Ал өзүнө кызмат кылгандарды толук пайдаланган соң таштап кетет же жок кылат.
Бул Исламга каршы согушта Батыш өз каалаганын ишке ашыруу үчүн мусулмандардын башкаруучуларын колдонууда. Бирок, ошого карабастан, алардан ыраазы болбойт, тескерисинче дагы көбүрөөк талап кылат! Бул жерде биз мурдагы Пакистан президенти Имран Хандын 2018-жылдын 19-ноябрында Твиттер баракчасына жазганын эске салабыз. Ал Трамптын «АКШ Пакистан үчүн көп нерсе кылды, бирок Пакистан экстремизм жана терроризмге каршы согушта жетиштүү салым кошкон жок» деген айыптоосуна жооп берип, Пакистан АКШнын терроризмге каршы согушуна катышууну тандап алганын айтты. Анын айтымында, «Бул согушта Пакистан жетимиш беш миңге жакын адамынан ажырады жана экономикасы жүз жыйырма үч миллиард доллардан ашык зыян тартты, ал эми АКШ берген жардам болгону жыйырма миллиард доллар болду».
Ошондой эле Пакистан коргоо министри Хуажа Асиф да ошол эле күнү (19/11/2018) Твиттерде: «Пакистан дагы эле АКШ үчүн кан төгүп жатат, биз өзүбүздүн согушубуз болбогон согушка катыштык. Америкалык кызыкчылыктарга ылайыкташтыруу үчүн динибиздин баалуулуктарын кор кылдык, өз жоомарт рухубузду талкалап, анын ордуна фанатизм менен чыдамсыздыкты алып келдик», – деп жазды.
Чынында, бул Аллахтын Китебинде келген вахийдеги акыйкат:
﴿وَلَنْ تَرْضَى عَنكَ الْيَهُودُ وَلا النَّصَارَى حَتَّى تَتَّبِعَ مِلَّتَهُمْ ۗ قُلْ إِنَّ هُدَى اللَّهِ هُوَ الْهُدَى ۗ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُم بَعْدَ الَّذِي جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِن وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ﴾
«Жөөт жана насранийлер, сен алардын динине ээрчимейинче эч качан сага ыраазы болушпайт. Айткын: “Алланын Жолу гана акыйкат жол!”. Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден соң алардын көңүлдөрү каалаган нерсеге ээрчисең, Алладан сага дос да, жардамчы да болбойт». (Бакара: 120).
Бул Батыштын вакыйлыгында көрүнүп турган Курандагы чындык. Сен ага канча кызмат кылба, диниңе жана үммөтүңө каршы канча аракет кылба, күн келип сенин ролуң бүтөөрү менен сени таштандыга ыргытып жиберет же сенден биротоло кутулат. Бул болсо дүйнө менен акыретте чоң зыянга алып барат.
Эй үммөттүн уулдары! Батыштын бузук жана зыянкеч чөйрөлөрүнө кызмат кылып, анын ууланган жана кыйратуучу долбоорлорун ишке ашырууга катышып жаткандар! Ойгонгула, үммөтүңөргө кайткыла, Ислам менен жарашкыла жана ага чын дилиңерден кызмат кылгыла. Өзгөрүүнү каалаган жана исламий турмушту кайра жандандыруу үчүн чыныгы калыс күрөш жүргүзүп жаткан бир туугандарыңарга жардамчы болгула. Ошентип, Аллахтын убадасы жана сүйүктүү Пайгамбарыбыз ﷺ берген сүйүнчүлөр орундалсын. Пайгамбарлык жолундагы экинчи рашид Халифалык орнотулсун. Ал Батышты жана анын бузук хазаратын кулатат, жакшылык менен адилеттикти ишке ашырат жана чыныгы тынчтык менен бейпилдикти орнотот.
Устаз Абдулла Хусейн
Роя гезити