Габестеги экологиялык кырсык колонизаторлордун жасаган иши

Габестеги экологиялык кырсык колонизаторлордун жасаган иши
Франциялык колонизаторлор 1883-жылы Гафсанын четиндеги Метлалуй аймагында алгачкы жолу фосфатты тапкан. Андан соң анын айланасында дагы кендер табылып, бул аймак чоң запасына байланыштуу «кен бассейни» деп атала баштаган. Колонизаторлоп бул байлыкты эксплуатациялоону баштап, аны Сфакс портуна ташып, андан ары Францияга жөнөтүп турган. Андан кийин ал талап-тоноону жана ресурстарды тезирээк соруп кетүүнү ылдамдатуу үчүн темир жолдорду курду. Франция бул өлкөдөн чыгып кеткенден кийин да бул кенди элге калтырып кеткен эмес. Анткени, Тунистеги Франциянын агенти болгон маркум Бургиба бир нече келишимдер аркылуу туз, газ, мунай жана фосфат сыяктуу жер алдындагы байлыктарга жалгыз Франция ээлик кылуусун камсыз кылып койгон. Бул келишимдер мамлекет тарабынан жашырылып келген, болгону айрым агып чыккан маалыматтар «модернизация» менен мактанып келген түзүмдүн жана анын негиздөөчүсүнүн үстүнө маскара жана уяттык алып келген.
1972-жылы Бургиба «өнөр жай революциясы», «жумушсуздукту жоюу» сыяктуу жалтыраган убада менен Габесте химиялык комбинат түзгөн. Ал сырткы көрүнүшү боюнча Габес элине жасалган «оң жараян» же «ырайым» болуп көрүнгөнү менен, ички негизинде Габес оазисин жана деңизин кошуп жок кылууга багытталган карасанатайлык кутум болгон. Бул комбинат фосфатты кайра иштетүүнү, айыл чарбада колдонулуучу химиялык жер семирткичтерди, фосфор кычкылы жана күкүрт кычкылы сыяктуу заттарды өндүрүүнү, ошондой эле негизинен экспортко багытталган башка айыл чарба продукцияларын чыгарууну максат кылган.
Бирок көп убакыт өтпөй Габес эли колонизатордун мураскору аларды кандай кырсыкка дуушар кылганын көрүштү. Уулуу газдар алардын асманын тынымсыз каптай баштады, күкүрттүн диоксидинен тартып аммиакка, көмүртектин оксидинен озонго чейин адамдарды жана табиятты уулай баштады. Булардын ар бири адамды өлүмгө алып келчү уулуу заттар. Алардын бирөөсү эле бүтүндөй калкты жок кылууга жетиштүү. Эгер өлтүрбөсө да, оор, кайгылуу жана жашоону кыйраткан ооруларды пайда кылат. Маселе уулуу газдар менен гана чектелбейт, фосфатты кайра иштетүүдөн калган «фосфогипс» деп аталган калдыктар аралашмасы бар. Бул фосфат калдыктарынын суу жана жогорку температурадагы химиялык элементтер менен аралашкан ылай сымал жабышкак массасы. Бул аралашма деңизге төгүлөт. Улуттук Деңиз Илимдери жана Технологиялары Институту 2022-жылы жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, деңизге төгүлгөн көлөм жылына жети миллион тоннага жакын, башкача айтканда күнүнө жыйырма миң тоннага чукул. Мунун натыйжасында балыктар жана айрыкча моллюскалар көбөйүп-өнүгүүчү табигый азыктандыруучу өсүмдүк катмары толук кыйраган.
Ошентип, Габес булуңу мурда 300дөн ашык түрдөгү ар кандай деңиз жаныбарлары менен кайнап турган болсо, азыр жалпы саны 50гө жетпеген түр гана калды. Деңизде топтолгон бул кооптуу зат, французча «Габес булуңунда фосфогипстин жайылышын моделдөө» аттуу изилдөөнүн маалыматы боюнча, 60 чарчы чакырымдан ашуун аянтты камтып, анын калыңдыгы көптөгөн жандыктардын жашоосуна мүмкүнчүлүк бербей жаткандыгы аныкталган. Мындан тышкары, аймактын жээктеринде көп сандаган деңиз ташбакаларынын өлгөнү, ошондой эле жээктерге токтоп жүргөн көптөгөн көчмөн канаттуулардын бул жерден көчүп кеткени байкалган. Бүтүндөй кырдаалды ого бетер оорлоткон нерсе фосфогипсте коргошун, сымап, радий сыяктуу коркунучтуу заттардын болушу. Жайында температура көтөрүлгөндө бул зат уулуу газдарды бөлүп чыгарып, абаны булгайт.
Бул өлүм алып келген долбоордун дагы бир терс таасири суунун үстүндөгү катмарды түгөткөнү. Анткени фосфатты кайра иштетип, химиялык жер семирткичтерди өндүрүү процессине ири көлөмдөгү суу талап кылынат. Натыйжада Габес оазисин байыртадан бери өзгөчөлөнтүп келген жер үстүндөгү көптөгөн булактар куурап бүттү. Бул кырсыктын бир учу гана, айтылбай калган дагы абдан көп нерселер бар.
Габестеги абалдын жарылып кетишине жана элдин мурда болуп көрбөгөндөй жапырт көтөрүлүшүнө алып келген себеп, ушул комбинат алып келген кыйратуучу натыйжалар. Ал Габесте дээрлик эч бир үйдү калтырбай, анын жашоочуларын ар кандай түрдөгү рак менен өлүмгө алып келди. Өпкө рагы, тамак рагы, тери рагы, бөйрөк, простата, эмчек, кан рагы… Мындан тышкары көптөгөн оорулар: төрөбөстүк, тукумсуздук, төрөлүүдө майыптык, башка да көптөгөн оор кесепеттер келип чыкты. Бул оорулардын бардыгы адамдарды узак азапка дуушар кылат. Бул комбинаттын мындай кылмыштарга тиешеси бар экени дээрлик талашсыз. Акыркы кылмыш комбинаттын жанындагы мектептерде окуган балдардын ден соолугуна түздөн-түз тийгизген таасири кескин жарылууга себеп болду. Таңкалычтуусу, өз балдарынын өмүрүн жеп жаткан бул кылмыштарга карата элдин нааразычылыгы толук кайдыгерлик менен каршыланды. «Өлүм комбинаты» эч нерсе болбогондой ишин уланта берди. Эртеси күнү жаңы курмандыктар жерге түштү, жарандык коргоо кызматкерлери чалууларды көтөрө албай калды, оорукана болсо жабыркагандарга кычкылтек жеткирүүгө күчү жетпей калды!
Мунун артынан 50 миңге жакын адам чоң жүрүшкө чыкты, алардын талабы «өлүм комбинатын» жабуу болду. Жүрүш тынч, өзүнөн өзү уюшулган, анда кары-жаш, аял-эркек баары бирге чыккан. Бирок бийлик башкача жооп берди. Алар көздөн жаш агызуучу газ колдонуп, күч колдонуп, элдин үнүн басууга аракет кылды. Ошол эле учурда алар маалыматтык каралоо кампаниясын жүргүзүп, камоолор жана түнкү провокацияларды күчөттү. Натыйжада жаштар жооп катары түнкүсүн жолдорду тосуп, өрттөрдү жагып, коопсуздук күчтөрүнө кол салууга чейин барышты.
Бийликтин текебер мамилеси, Габес элинин үнүн басууга жетиштүү болот деп ойлогон бул караңгы кадам, жаңы толкунга себеп болду. 21-октябрда, тарыхый күндө, Габес эли жалпы улуттук иш таштоого барды. Бул күнү бардык мекемелер токтоп, экономикалык турмуш толугу менен катып калды. Күн соңунда жүз отуз миңден ашуун адам катышкан чоң жүрүш өттү. Жүрүш бир добуштан: «Эл өндүрүш бирдиктерин таркатууну талап кылат!» — деп уран чакырып турду. Жүрүш маалында эч кандай тартип бузуу болгон жок, бул элдин маданиятын жана бирдиктүү талабы үчүн кандайча өжөрдүк менен туруп бергенин көрсөттү.
Бул күтүүсүз чоң кыймыл бийликти да, коомду да козгоп койду. Акыры бийлик талаптардын мыйзамдуулугун моюнга алууга мажбур болду. Президент «Габес экологиялык кылмышка дуушар болууда» жана «бул жерде айлана-чөйрөнү өлтүрүү болуп жатат» деген өңдүү эч кандай чечим бербеген сөздөрдү сүйлөдү. Бул анын арсар абалын жана алсыздыгын гана ачып көрсөттү. Ал күндөр өтүп, жарандык кыймыл өзү тарап кетет деп күттү. Бирок кайдан! Ал өзү айткандай: «Капастан чыккан чымчык кайра кайтып кирбейт». Габес элинин абалы дал ушундай, алар «өлүм комбинатын» токтотуу чечимин кабыл алышкан.
Биз белгилеп кетчү дагы бир нерсе бар, ар бир күрөштө колонизаторлордун колу дайыма бар. Документтер жана далилдер бул мамлекеттин чечим чыгаруу суверенитетинен ажырап калганын көрсөтөт. Мунун далилдөө үчүн дүйнөнүн төрт бурчунда жайгашкан 109 компанияны бириктирген «Рулия» концернинин расмий сайтына кирсек жетиштүү. Алардын баракчасында мындай деп жазылган: 1963-жылы деңиз балырларынан алынган «Майерл» затын Гафса фосфаты менен бириктирип, дүйнөдөгү эң мыкты жер семирткич өндүрүлгөн. Алар муну өз мүлкүн тейлеген кожоюн сыяктуу жазат. Андан соң алар 2003-жылы Габесте жер семирткич өндүрүүчү завод курганын, ал завод 2022-жылы 26 миң тонна продукция чыгарганын, анын натыйжасында бир миллион кырк миң тонна фосфогипс Габес деңизиине төгүлгөнүн билдирет.
Акырында айта кетчү нерсе, бул жана башка кылмыштар «модернизация» түзүмүн элдин басымына жооп берүүгө мажбур кылышы мүмкүн. Бирок чыныгы чечим, мындай кырсыктар башынан эле болбошуна кепилдик бере турган, адамдын өмүрүн материалдык пайдадан жогору коё турган түзүмдүн болушунда. Мындай түзүм Пайгамбарыбыз ﷺ айткан Пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рашид Халифалыкта гана болот. Алла Таала бизди анын тезирээк орношуна себепчи кылсын.
Устаз Тарик Раафи
Роя гезити




