Роя гезити

Европа Биримдигинин яхудий түзүмү менен өнөктөштүк келишимин кайра кароодогу ийгиликсиздиги

Европа Биримдигинин яхудий түзүмү менен өнөктөштүк келишимин кайра кароодогу ийгиликсиздиги

20-июнда Европа Биримдиги бир отчет чыгарып, анда яхудий түзүмүн Газадагы агрессиясы үчүн айыптаган. Бул отчетто «кооптуу» деп мүнөздөлгөн тыянактар айтылып, яхудий түзүмү палестиналыктарга каршы жасаган аракеттери «мүмкүн болгон кыргын» катары бааланган. Мунун натыйжасы Газадагы адам укуктарынын бузулушуна алып келгени айтылган. Бул болсо Европа Биримдиги менен яхудий түзүмү ортосундагы өнөктөштүк келишиминин экинчи беренесине каршы келет.

Отчет өз баасын Эл аралык адилеттик соту жана Бириккен Улуттар Уюмунун агенттиктери сыяктуу көз карандысыз эл аралык уюмдардын жыйынтыктарына таянып чыгарган. Анда, өзгөчө Газадагы чабуул жана гуманитардык жардамдардын кирүүсүнө коюлган катуу чектөөлөр шартында, яхудий түзүмүнүн адам укуктарын бузганы боюнча ачык көрсөткүчтөр бар экени айтылган. Бул чектөөлөр аймакта (мүмкүн болгон) ачарчылык коркунучун пайда кылып, жалпы гуманитардык абалды начарлатып, Европа коомчулугунда яхудий түзүмүнө басым кылып, мындай саясаттарын токтотууга түрткөн үн күчөгөн.

Өнөктөштүк келишиминин экинчи беренесинде эки тараптын мамилелери адам укуктарын жана демократиялык принциптерди урматтоого негизделиши керек экени, жана бул келишимдин негизги шарттарынын бири экени белгиленген. 2025-жылдын май айында Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жетекчиси Кая Каллас Европа Биримдигинде яхудий түзүмү менен болгон өнөктөштүк келишиминин экинчи беренесин кайра кароо сунушун кеңири колдоо бар экенин билдирген. Ал Газадагы абалды «катастрофалык» деп атап, яхудий түзүмү уруксат берген жардам «деңизде тамчыдай» гана экенин айткан. Ал эми Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноэль Баро Европа тарабынан жүргүзүлгөн кайра кароо яхудий түзүмүнүн адам укуктарын урматтоо боюнча экинчи беренени бузганын ачык көрсөттү деп билдирип, тиешелүү сабак чыгарууга чакырган. Европа Биримдигиндеги эң катаал позициядагы мамлекеттер Испания, Ирландия жана Словения болду. Бул өлкөлөр Палестина мамлекетин таанып, палестиналыктардын саясий укуктарын ачык колдоп, башка мүчөлөрдү да яхудий түзүмүнүн өнөктөштүк келишимин бузуу учурларын текшерүүгө үндөштү.

Ал эми Швеция жана Германия Газадагы гуманитардык абал жана жардамдардын жетишсиздиги үчүн яхудий түзүмүн сындап, Швеция ага каршы Европа санкцияларын киргизүүнү талап кылды. Германия болсо, күчтүү сын менен гана чектелип, Газадагы гуманитардык кризис үчүн түзүмдү жоопкерчиликке тартууга чакырды. Мындай адам укуктарын бузган иштерине каршы катуу билдирүүлөргө карабастан, 26-июнь, бейшемби күнү Брюсселде өткөн акыркы жыйынында Европа Биримдиги яхудий түзүмүнө каршы эч кандай жазалоочу чара кабыл алган жок, атүгүл өнөктөштүк келишиминин адам укуктарына байланыштуу экинчи беренесин кайра кароону да колго алган жок. Бир гана учурдагы кырдаалга жараша ушул жылдын июль айында талкууну улантуу чакырыгы жасалды.

Жыйындан чыккан акыркы билдирүүдө Газадагы катастрофалык гуманитардык абал боюнча терең өкүнүү айтылып, анын ичинде жарандык курмандыктардын кабыл алынгыс саны жана ачарчылыктын жогорку деңгээли белгиленди. Яхудий түзүмүн Газадагы курчоону толук алып салууга, жардамды чектөөсүз жана тез киргизүүгө, ошондой эле бул жардамды кеңири жана туруктуу таратууга уруксат берүүгө чакырды. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун, анын агенттиктеринин жана гуманитардык уюмдардын өз алдынча жана бейтарап иштөөсүнө шарт түзүү зарылдыгы белгиленди. Мындан тышкары, Европа кеңеши Батыш Жээкте, анын ичинде Чыгыш Иерусалимде да күчөгөн зордук-зомбулукту, мыйзамсыз конуштарды кеңейтүүнү жана палестин аймактарындагы аскердик операцияларды катуу айыптады. Европа Биримдиги яхудий түзүмүнүн эң чоң соода өнөктөшү болуп саналат. Ошондуктан, ага каршы кандай гана болбосун жазалоочу чара кабыл алынса, бул ага катуу экономикалык сокку болмок.

Ошол эле учурда Европадагы Венгрия жана Чехия сыяктуу кээ бир мамлекеттер яхудий түзүмүнө каршы катаал санкцияларды киргизүүгө же анын жетекчилерине эл аралык камак ордерлерин аткарууга катуу каршы чыгышууда. Ошентип, Европа Биримдиги ичинде чоң бөлүнүү бар. Ал яхудий түзүмүнүн келишимдин экинчи беренесин бузуп жатканын жакшы билсе да, өнөктөштүк келишимин кайра кароо маселесинде бир орунда туруп калууда. Бир гана сөз жүзүндөгү билдирүүлөр менен чектелип, аларды иш жүзүнө ашыруу аракеттери болбой жатат.

Европа Биримдигинин яхудий түзүмүнө санкция киргизе албашынын негизги себеби АКШнын аны дайыма колдоп туруусу. АКШ мындай жазалоочу чара кабыл алган ар бир мамлекетти же уюмду жазалап келет. Ошондуктан, Европа Биримдиги АКШ менен карама-каршы келүүдөн коркот. Натыйжада, ал көбүнчө АКШнын позициясын толуктап же ага баш ийип келет.

Экинчи жагынан, Европа Биримдиги яхудий түзүмүнө каршы чара көрүү менен өзүнүн, башынан эле алсыз болгон, таасирин да жоготмок. Бул аны АКШнын жанындагы таасирдүү оюнчу болуудан ажыратмак.

Үчүнчүдөн, Европа Биримдиги бирдиктүү чечим кабыл ала турган бир мамлекет эмес, 27 өлкөдөн турган бирикме. Мындай шартта алардын турумун бириктирүү оңой эмес, айрыкча Венгрия, Австрия, Италия, Чехия, Болгария жана Польша сыяктуу мамлекеттер яхудий түзүмүн колдоп, ага жан тартууга даяр турат.

Роя гезити

Абу Хамза ал-Хатвани

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button