Роя гезити

Европа менен Кытайдын 25-саммити: өз ара келишпестиктер чечилдиби?

Европа менен Кытайдын 25-саммити: өз ара келишпестиктер чечилдиби?

Европа–Кытай саммити 2025-жылдын 24-июлунда Пекин шаарында эки тараптуу мамилелердин элүү жылдыгына карата өткөрүлдү. Саммиттин ачылышында, Кытай лидери Си европалыктарга катуу билдирүү жасап: «Европа азыр туш болуп жаткан кыйынчылыктардын булагы Кытай эмес. Кытай менен Европа биримдигинин ортосунда кызыкчылыктардын кагылышы да, негизги геосаясий келишпестиктер да жок», – деди. Бул болсо эки тарап ортосундагы келишпестиктин терең экенин көрсөтөт. Ошондуктан ал европалыктарды түшүнүшүүгө чакырып: «Эл аралык кырдаал канчалык татаал жана кооптуу болсо, кытай жана европалык лидерлер байланышты күчөтүп, өз ара ишенимди бекемдеп, кызматташтыкты тереңдетиши зарыл… Алдыны көрө билип, берилгендикти көрсөтүп, элдин үмүтүнө жооп берген жана тарых сыноосуна туруштук бере турган туура стратегиялык чечим кабыл алуу керек» – деди.

Европа лидерлери да Кытай менен келишпестиктерин жашырышкан жок. Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен: «Кытай менен Европа бири-биринин тынчсызданууларын таанып, аларга так чечимдерди сунушташы абзел… Биздин кызматташтык тереңдеген сайын туруксуздук да тереңдеди… Мамилебизди негизинен кайра тең салмакка келтирүү зарыл», – деди. Европа кеңешинин төрагасы Кошта болсо: «Европа биримдиги соода жана экономикага байланыштуу маселелерде так жылыштарды көргүсү келет», – деп билдирди.

Демек, эки тарап ортосунда чоң келишпестиктер бар жана бул саммит аларды чечкен жок. Муну Кытайдын алдын ала пландалган эки күндүк иш-чараны күтүүсүздөн бир күн менен чектөө чечими да тастыктайт. Ошондой эле Си Европанын Брюсселде саммит өткөрүү жана аны менен бирге Европа сапарына чакыруусун алдын ала четке какты. Натыйжада, Европа чегинип, аны Пекинде өткөрүүгө көндү. Бул болсо Европанын Кытай менен мамилени оңдоого болгон муктаждыгын көрсөтөт.

Ал эми өткөн май айында Си Россияга барып, Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиш күнү майрамына катышты. Муну менен ал Кытай Батыш менен Украинанын согушунда Россияны колдоорун көрсөткүсү келди. Муну Кытай Тышкы иштер министри Ван И да 2025-жылдын 3-июлунда Брюсселде Европа тышкы саясат өкүлү Кая Каллас менен ушул саммитке даярдык учурунда жолукканда ачык айтып: «Кытай Россиянын Украинадагы согушта жеңилишин каалабайт» – деп билдирди.

Россиянын согуштагы жеңиши Кытайдын Батышка карата позициясын бекемдеп, Тайванды өзүнө кошууга шыктандырат. Бирок бул Европа үчүн тагдыр чечүүчү маселе, анткени Россия азыр чыгыш Украинаны басып алуу менен коркутууда, эгер жеңсе, Калининград облусун курчап турган Балтика өлкөлөрүн басып алууга кызыгат, андан кийин стратегиясында камтылган Польшага да көз артат. Президент Путин СССРдин Берлин дубалы кулатылышына макул болуусун жана Чыгыш Европадан чыгып кетишин америкалыктардын алдоосу жана тарыхый ката деп мойнуна алган. Ал эми советтик лидер Сталин: «Польша — Батышка каршы биринчи коргонуу сызыгы» деп айткан.

Ошентип, 2022-жылы АКШ өзүнүн кызматчысы Зеленскийди Россияны козутууга түрткү берүү аркылуу Украинага кол салууга жетелеп, украин согушун тутантты. Мунун натыйжасында Россия менен Европанын ортосунда жарака пайда болуп, экөөнүн тең күчү түгөнүп барууда.  Алардын бири-бирине жакындашып, күч бириктирүү мүмкүнчүлүгү үзүлдү, ошондой эле Кытай менен болгон мамилелери да бузулду.

Кытайдын Евробиримдиктеги элчиси Цай Жун Европаны «кызматташтык өнөктөшү, экономикалык атаандаш жана тутумдук каршылаш» деп сыпаттап, муну «жол белгилериндей — жашыл, сары жана кызыл күйүп турган абал, бирок алар кыймылды жөн гана тартипке салбастан, кээде тоскоолдук жана кыйынчылык жаратат» деп белгиледи. Демек, Кытай Европа менен өнөктөш болсо да, атаандаштык жана каршылаштык бар экенин билип, андан дайыма сак болот.

Европа болсо АКШнын европалык экспортко бажы салыгын жогорулатып, экономика үчүн абдан маанилүү болгон камсыздоо чынжырларын үзгүлтүккө учуратканына байланыштуу, Кытай менен соода мамилелерин бекемдөөгө муктаж.

Кытай Евробиримдиктин эң ири импорт булагы, үчүнчү ири экспорт рыногу жана компаниялары үчүн маанилүү багыт, сейрек кездешүүчү металдардын жана батареялардын 43,8%ын, күн панелдеринин 97%ын, дары-дармектердин активдүү компоненттерин жана башка көптөгөн өнүрүштөрдү жеткирүүчү ири булак болуп эсептелет. Бул Европа өнөр жайынын негизин түзөт.

Франциянын Le Monde гезити 2025-жылдын 26-июлунда: «АКШнын бажы саясаты катуу болгон учурда Европа көйгөйдөн чыгуу жолун издеп кыйналууда. АКШ Европанын Кытайга каршы турушун каалайт, бирок Евробиримдиктин айрым өлкөлөрү, мисалы Германиянын Кытай менен соодасына чоң маани бериши Вашингтондун көңүлүн толтурбайт жана алар Кытай менен касташууну каалабайт» деп жазды. Демек, АКШ Европа менен Кытайдын ортосунда жарака жаратып, экөөнү тең атаандаш күч катары алсыратууга аракет кылууда.

Гезит мындай деп жазды: «Саммит Кытайдын күчүн жана карыган Европаны Кытайдан ажыратып турган соода жана дипломатия тармагындагы терең келишпестиктердин көлөмүн ачып берди. Фон дер Ляйен Кытайга болгон сапарында, Кытайда жаңы бир дүйнө пайда болгонун өзү байкаган чыгар. Жаңы автоунаалар, алардын көбү электр же гибрид үлгүсүндө, жаңы бренддер, теңдешсиз болуп калган өнөр жай тажрыйбасы. Фон дер Ляйен: “Мамилелер так бурулуш чекитине жетти, бирок Евробиримдик бул маселелерге чечим башталышын тапты дегенди билдирчү эч нерсе жок” деп моюнга алды».

Гезит дагы мындай деп кошумчалады: «Саммит дүлөйлөрдүн диалогун элестетти, макулдашуу болушу керек болгон климат маселесинде да бир пикир табылган жок, биргелешкен билдирүүнү даярдоо үчүн чоң аракет талап кылынды. Келишпестиктер ачык көрүнүп калды. Соода тармагында болсо, акыркы он жылда Европанын Кытай менен болгон соода тартыштыгы эки эсе өсүп, жылына 300 миллиард евродон ашты. Бул Кытайдын өкмөттүк колдоосу жана коргоочулук чараларынын эсебинен болуп, атаандаштыкты адилетсиз кылууда, европалык жумуш орундарын жана өнөр жайын коркунучка салууда».

Мына ушинтип, Европа экономикасын оңдоп, АКШнын ага каршы жүргүзүп жаткан соода согушуна туруштук берүү үчүн Кытай менен макулдашууга куру аракет кылууда. АКШ Европаны атаандаш катары көрөт. 2025-жылдын 27-февралында Трамп: «Евробиримдик Американы алдоо үчүн түзүлгөн… алар жакшы иш жасашты. Бирок бул иш менин президенттигим учурунда дароо токтойт» — деди. Ал эми 2025-жылдын 11-июлунда Фон дер Ляйенге жолдогон катында Евробиримдиктин бажылык жана бажыдан тышкаркы саясатына, соода тоскоолдуктарына нааразычылыгын билдирди.

Демек, Европа оор абалга кабылды, андан чыгуу андан да оор. Досу жана союздашы АКШ ага катуу экономикалык согуш ачып, мындан тышкары Евробиримдикти бөлүп-жаруу саясатын жүргүзүүдө жана Украин согушунда күчүн түгөтүүдө. Ошондуктан ал Кытайды союздаш же эркин иштеше ала турган бейтарап күч катары көрө албайт.

Бул тууралуу Европа парламентиндеги Кытай боюнча делегациянын жетекчиси Энжин Иролу мындай деди: «Кытай менен Евробиримдиктин ортосундагы ишеним төмөн деңгээлге жетти. Бул стратегиялык ишенимсиздик абалында токтоп калуу болбосо да, чыңалуу өкүм сүрүүдө».

Кытай болсо Европанын алсыз жактарын түшүнөт жана анын алдында күчтүү позицияны сактап калуу үчүн катаал мамиле кылат, соода тартыштыгы боюнча артка чегинбөө үчүн бекем турат. Ал эми Россияны колдон чыгарууда, андан мурда көп пайда көрүп турчу. Европа болсо абалы барган сайын начарлап, чечим таба албай келет. Ал өз күчүнө таянып көрүүдө. Франция, Германия жана Британия сыяктуу негизги европалык күчтөр биргелешкен аракеттерди көрүүгө умтулууда, бирок бул маселелердин бардыгын жакын арада чечүү кыйын.

Ошентип, чыгыштагы жана батыштагы жаман күчтөр бири-бири менен тирешип, куткаруучусун издеген адамзаттын азабын күчөтүүдө. Алар эл аралык майданда куткаруучу күч пайгамбарлык минхажындагы экинчи рашид Халифалыктын чыгуусуна жол бербөө үчүн биригип, амал кылышууда.

Асъад Мансур

Роя гезити

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button