Роя гезити

Истамбул билдирүүсү менен мурунку фатвалардын ортосундагы чоң айырма бар!

Истамбул билдирүүсү менен мурунку фатвалардын ортосундагы чоң айырма бар!

Истамбулда аалымдар “Газа – исламий жана инсаний жоопкерчилик” деп аталган конференцияга чогулушту. Түркия президенти Эрдоган мейманчылаган конференция алты күнгө созулуп, соңунда жыйынтыкточу билдирүү жасалды. Аны алар Аллах жолунда даярдык жана жихад тууралуу аяттар менен башташты. Муну окуган адам кийинки бөлүмдөрдө жана чечимдерде сөзсүз түрдө Газаны гана колдоо эмес, бүтүндөй Палестинаны жана Масжид аль-Аксаны бошотуу үчүн дароо жихадга катышуу жолдорун көрсөтүүчү иш жүзүндөгү билдирүү болот деп ойлошу мүмкүн. Бирок иш жүзүндө андай болбоду. Чечимдери, сунуштары жана чакырыктары эл аралык системанын тили менен жазылып, эл аралык укукка шайкеш, Америка жана Батышка баш ийген режимдер айткандай болду. Аны ачык эле Газаны колдоодо саткынчылык кылган, үммөттү өзүнүн фарзын аткаруудан ар кандай жол менен тосуп жаткан башкаруучулардын, алардын башында турган Эрдогандын уятын жашыруу үчүн жасалган айласыз аракет деп гана мүнөздөсө болот.

Биз бул аалымдарга жалган жалаа жаппайбыз. Бирок чын эле түшүнбөй жатабыз: Истанбул билдирүүсүндө айтылгандар көбүрөөк коркунучтуубу, же айтылбай калгандарыбы?! Бул жагын тактоо үчүн биз маселени салыштыруу жолу менен түшүндүрөбүз: Истамбул билдирүүсү менен андан мурда, айрыкча “аль-Акса ташкыны” операциясынан бери, акыркы эки жыл ичинде чыккан фатваларды салыштырабыз. Аларга кыскача “мурунку фатвалар” деп ат коёбуз. Бул фатвалар белгилүү уюмдардан жана аалымдардан чыккан, чыгарылган даталары менен кошо жарыяланган жана документтештирилген. Аларды каалаган учурда текшерип көрүүгө болот. Бул болсо адилеттүү салыштыруу. Истамбул билдирүүсү аалымдардан чыккандай эле, мурунку фатвалар да аалымдардан чыккан. Бирок алардын негизинде жасала турган иштер менен Истамбул билдирүүсүнүн негизинде жасала турган иштер таптакыр башкача болот.

Ал эми мурунку фатваларга келсек, аалымдардын өз демилгеси менен болобу же Газа элинин, анын мужахиддеринин үммөткө, армияларга жана аалымдарга кайрылып жардам жана колдоо сурап, “Аксо ташкынын” толук боштондук жихады болуусу үчүн ага катышууга болгон чакырыктарына жооп кылып чыгарылган фатвалар болобу — алардын бардыгы Аллах Тааланын Китебине жана Анын Элчисинин ﷺ  Сүннөтүнө таянып, армияларды Аллах жолунда жихадга чакырып, Палестинаны толугу менен бошотуу фарз экенин так айтышкан. Бул фарз бүтүндөй мусулман үммөтүнө тиешелүү, бирок аны биринчи кезекте аткарууга тийиш болгондор – колунда куралы бар, күчү бар жана катарда машыккан аскерлери бар армиялар.

Аалымдардын фатвалары аскерлердин өз башчыларынын буйругуна баш ийип, бул милдетти аткарбай отуруп калуусу харам экенин да ачык белгилеген. Кээ бир фатвалар болсо, башкаруучулар Газага жардам берүүнү кечеңдетип, Палестинаны бошотуудан баш тартып, үммөттү ар кандай жол менен тосуп жаткандыгы ачык болгондуктан, аларга каршы чыгуу да фарз экенин айтышкан. Ошондой эле, бул башкаруучулар менен алардын жардамчыларынын саткынчылыгы жана жалкоолугу Аллахтын каарын жана азабын бул дүйнөдө да, акыретте да алып келерин, жана бул иш алардын “аль-вала валь-бара” деген акыйдавий байланышын бузарын да фатваларда белгилешкен.

Аалымдар үммөттү тоскоолдуктарды талкалап өтүүгө, Газаны жана анын элин колдоо үчүн Аллах жолунда жихад кылууга, башкаруучулардын уруксатын күтпөөгө чакырышкан. Ошондой эле, аалымдардын башкаруучуларга кайрылуулары болсо, болгону Аллахка каршы далил калбасын деген ниет менен жасалганын, анткени мындай саткынчылыктан кийин башкаруучулар эч бир жүйөө келтире албай тургандыгын баса белгилешкен.

Мындан тышкары, ал фатваларда момундардын жүрөгүн дүркүрөткөн, денелерин титиреткен чындык сөздөр да айтылган: үммөт жана анын аалымдары Кыямат күнү Аллахтын алдында Газадагы мужахиддерге жана рибат кылуучуларга каршы доочулар болуп чыгууга чыдай алышпайт. Алар үчүн мындай абалдан көрө өлүм жеңилирээк.

Кыскача жана тез көз жүгүртүп караганда, мурунку фатвалардын негизинде жасалчу иштер үммөттү кишенинен бошонууга, башкаруучуларынан кутулууга, өз күчүн жана армияларын кайра колго алууга жана Аллах Таала буйруган фарзды аткаруу үчүн жихадга чыгып, Палестинаны толук түрдө башкаруучулар менен алардын жардамчыларына каршы туруп бошотууга түрткү берет.

Ал эми Истамбул билдирүүсүндө бул чакырыктардын бирөөсү да болгон жок: армияларды козгоого чакырык жок, жихадга чакырык жок, үммөткө башкаруучуларынан бошонууга чакырык жок, ал тургай Палестинаны бошотууга да чакырык жок! Анын ордуна, ал Эрдогандын “инсанияттык” деп сүрөттөгөн исламий коалиция түзүү сунушун кабыл алды жана анын максатын “кол салууну токтотуу жана кылмышкерлерди жоопко тартуу” деп белгиледи!

Истамбул билдирүүсү “эл аралык унчукпай туруу жана регионалдык тилектештик” деген сөз менен башталгандан кийин, дүйнөдөгү жана мусулман жерлериндеги мамлекеттердин саткын режимдерине кайрылуу менен уланды. Алар менен байланыш түзүп, аларга кысым көрсөтүү зарылдыгын айтты. Ошондой эле, ал дүйнөлүк укуктук жана парламенттик коалицияга чакырды. Мындан тышкары, христиандардын уюмдарын, башында Ватикан Папасын, атүгүл яхудий уюмдарын да Газаны куткарууга чакырды!!! Ошондой эле, мусулмандарды кырып жаткан жана алардын жерин тартып алган адамдарга Аллахтын Шариатын жана өкүмүн колдонуу ордуна, Эл аралык соттун чечимдерин ишке ашырууга чакырды.

Ал эми мусулмандарга келсек, Истамбул билдирүүсү алардын милдети садакаларды берип жана келерки жылдагы закаттын бир бөлүгүн Газаны согуштан кийин кайра курууга жана жардам көрсөтүүгө жумшоо керектигине гана чектелди. Азаттык согушун жарыялоо чакырыгынын ордуна, ал курчоону алуу маселесинде “бар болгон каражаттарга” гана чектелди, анын ичинде “Эркиндик флотун” кеме менен колдоо сыяктуу чакырыктар болду. Армияларды жана флотторду козгоого чакырык болгон жок.

Ошондой эле, Истамбул билдирүүсү Ислам шариатын эл аралык укук менен катар коюп, яхудий түзүмү менен болгон байланыштарды үзүү маселесинде аны башкы негиз катары көрсөттү. Ал эми бул түзүмдү жок кылууга чакырык кылган жок. Андан соң улутчулдук деген буттун ыйыктыгын ырастап, “Улуу Израил” планын токтотуу жоопкерчилигин бир гана буга максат кылынган мамлекеттердин мойнуна жүктөдү.

Акыры, Истамбул билдирүүсү эл алдында жалган күбөлүк менен аяктап, Эрдоганга ыраазычылык билдирип, анын өкмөтүн “акылдуу” деп мүнөздөдү.

Ушул кыскача баяндоодон кийин Истамбул билдирүүсүнүн негизинде жасалчу иштер айкын болот: алар садака чогултуу жана душмандарга согушту токтотуу үчүн кайрылуу менен гана чектелет. Мындан да ашып, ал башкаруучулар менен режимдердин саткындык жана жалкоолук кылмыштарын актайт жана анын чечимдери менен чакырыктарын, саткынчылыгы ачык көрүнүп турганына карабастан,  дал ошол башкаруучулардын аткарышына байлайт.

“Истамбул аалымдары” – Дүйнөлүк мусулмандар аалымдары биримдигинин астында жана Түркиядагы Ислам аалымдарынын фондуна таянган, Эрдогандын дасторконуна жүздөп чогулган аалымдар – үммөттү жана армияларын дароо ишке киргизип, Газаны гана колдобостон, бүтүндөй Палестинаны бошотууга чакырган амалий турумдарга ээ болушу ылайык эле. Алардын билдирүүлөрүн маалымат каражаттары жарыялаганда эл менен аскерлер ишин таштап, үммөттү кайсы амалий жолго багыттай турганын күтүшү керек эле. Алардын жыйыны жөн гана эскерилсе эле дүйнө демин кармап, бардык кафирлердин жүрөгү дүркүрөп, калтырап турушу керек эле. Бирок, кайгыга жараша, алар мунун баарына татыктуу болуудан баш тартышты!

Акырында, Истамбул конференциясынын бул жыйынтыктарынын шартында коюлушу зарыл болгон эки суроо бар: Чын эле бул конференция Газаны колдоо үчүн өткөрүлдүбү? Же мурунку аалымдардын фатваларынын негизинде курулушу мүмкүн болгон олуттуу аракеттерди жокко чыгаруу үчүнбү?

Истамбул билдирүүсүнөн кийин биздин айлакер душманыбыз эмнени түшүнүүсүн кааалайсыңар? Дагы көбүрөөк өлтүрүү, кыйроо, дене мүчөлөрдүн үзүлүп-бөлүнүшү жана мажбурий көчүрүүнүбү? Же эки миллиард адамдан турган үммөт мындан башка эч нерсе кыла албайт, ойлой да албайт деп түшүнүүсүнбү?!

Устаз Абдуллах Хамд аль-Вади Палестина

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button