Роя гезити

Йемендин азыркы тарыхындагы жашырылган нерселер

Йемендин азыркы тарыхындагы жашырылган нерселер

Акыркы жылдарда Йеменде эки жаңы башкаруу түзүмү пайда болду. Биринчиси Санада, экинчиси Аденде. Алар кимди четтетип, кимди алып келишти? Биринчиси Осмон халифалыгынын мураскорун жок кылып, аны Санадагы жана Түндүк Йемендеги башкаруудан алыстатты. Осмон Халифалыгы дүйнөлүк саясий аренадан четтетилгенден кийин, дүйнөнүн баары ага бир тараптан каршы чыгаарын эч ойлобогон. Анан жаңы башкаруу тутумун түзгөндөр батыш тарапка жүздөрүн буруп, жашоонун бардык тармактарын тартипке салуу боюнча Батыштан үлгү алууга киришишти.

Бул 1943-жылы британиялык баскынчылык астындагы Аденде “Ахрар” тарабынан жасалган иштерден ачык көрүнгөн. Ал 1948-жылдагы «Ыйык келишимде» бекитилген жана анын артынан келген “эркин офицерлердин” революциясы да Йеменден тышта жасалган өз бийлик түзүмүн орнотуу максатын камтыган. Натыйжада алардын түзгөн түзүмү Батышка окшош республика-демократия болуп чыгып, эл аралык система тарабынан кабыл алынсын деп аракет кылышкан. Максаттарынын бири британ тышкы иштер министри Энтони Иден 1945-жылы Халифалык кулатылган соң анын ордуна түзгөн Араб Лигасы негизинде арабдарды бириктирүү эле. Ошондой эле 1648-жылы “чыгыш маселесине” жана ошол мезгилдеги Европадагы Ислам жортуулдарына каршы түзүлгөн христиандык Улуттар Лигасынын мураскери болгон БУУнун келишимдерин урматтоо да алардын максаттарынын бири болгон.

Анын конституциясынын негиздерине чейин французча болуп, өзүнүн республикасын жана мамлекетин “көзкарандысыз” деп сүрөттөгөн. Ушул себептен 2012-жылдагы Диалог конференциясында конституция маселесин Париж колуна алган, анткени ал алардын чыгарган нерсеси, алардын иши жана алардын мурасы эле. Ал эми анын “териси” болсо күндүн ысыгына, шамалдын соккусуна жана жамгырдын жаашына жараша гана өзгөрүп турган сырткы көрүнүш бойдон калтырылды.

Аны колдоочу борбор болгон Каирде Санадагы башкаруу системасын пландаштыруу жана анын министрлерин дайындоо иштери жүргүзүлүп турган. Каирдеги офицерлер 1954-жылдан бери имам Ахмад армиясынын күчтөрүн машыктырууну көзөмөлдөп келишкен. Алар түзгөн пландын эки датасы бар, бири 23-июль, экинчиси 1962-жылдын 23-августунда анын ишке ашуусунда ийгиликке жеткен жок. Үчүнчү ирээтте ийгиликке жетүүсүнө болсо имам Ахмаддын өлүмү жардам берди. Ал 1961-жылдын март айында Ходейдада ага ок атылышынан кийин, 1962-жылдын 19-сентябрында Каирде  көз жумду.

Ошентип, 1962-жылдын 26-сентябрында төңкөрүш көтөрүлүп, он күн өткөн соң Мисир армиясынын алдыңкы бөлүктөрү Ходейда портуна жетти. Бул алардын көңүлүн биринчи кыбыла менен үчүнчү ыйык жерди басып алган түзүмдөн Палестинаны бошотуу ишинен буруп, аларды башка бир чыр-чатакка түртүү үчүн болгон. Ал чырдын экинчи тарабын болсо Лондондун жардамы менен болгону отуз жыл мурун негизделген Эр-Рияд аркалаган.

Каирде “Салахуддин операциясы” деген аталыштагы чалгындык операция аркылуу жанаша турган Аденге курал киргизе баштаганда, жана Насирдин Таизден Британияга айткан “картайган Британия таягын көтөрүп, Аденден кетсин” деген сөзү жарыя болгондо, Лондон муну Америка жасап жатканын, Аденден Британияны чыгарууну Вашингтон көздөп жатканын жашырган жок. Ошондуктан Британия Санага катуу каршы чыгып, жаңы пайда болгон мамлекеттин аскерлерин Бейханда бутага ала баштады.

Америка 2003-жылы апрелде Иракты басып алганда кандай кылса Ахмад Шалабини өзү менен кошо ала келип, Ияд Алави, Ибрахим Жаафари, Нури Малики, Хайдар Абади, Адел Абдулмахди, Мустефа Казыми жана азыр Мухаммад Суданий сыяктуу адамдарды дайындоосу сыяктуу дал ошондой жолду Британия да ал кезде Аденде колдонгон. Ал Аденде бийликти өз колунан өзүнүн бир адамына өткөрүп берүү үчүн   издөө жана тандап алуу ишин баштады. Бул иш Сана аркылуу келет делген Америка пландарына байланыштуу адамдардан алыс болуусу керек эле. Ошентип, Британия Египет чалгыны менен байланышы бар «Азаттык фронтунан» бөлүнүп чыккан «Улуттук фронттун» түзүлүшүн кубаттады жана аларды купуя түрдө 1967-жылдын 20–30-ноябрына чейин Швейцариянын Женева шаарында өз делегациясы менен жолугушууга чакырды. Бул 1964-жылы кабыл алынган, Аден колониясынан төрт жылдын ичинде чыгуу тууралуу Британиянын чечимине ылайык иш жүргүзүү эле.

Британия колонизаторлорун Аденден жана Түштүк Йеменден кууп чыгуу жөнүндөгү ураандар көпкө созулган жок. Көп өтпөй эле Улуттук фронт делегациясы менен Британия делегациясынын жетектөөчү Шаклтон Женевадагы жолугушууларынын протоколдору ачыкка чыгып, элге жарыяланды.

1962-жылдын 19-декабрында Америка Санадагы режимди тааныды, ошондой эле Британия Адендеги башкаруу режимин тааныды. Британия Санадагы режимди жыйырманчы жылдардын ортосуна чейин тааныбай келди.

Демек, Йемен үчүн күрөшүп жаткан эки тарап Британия менен Америка. Алар Сана жана Адендеги эки режимдин артында жашырынып турушат. Каир менен Эр-Рияддагы өздөрүнүн регионалдык куралдарын кыймылдатышат. Бул күрөштүн баары Халифалык мамлекети кайрадан дүйнөлүк саясий аренага кайтып келбөөсү үчүн жүргүзүлүп жатат! Халифалыкты бөлүп-жаруу үчүн Батыш жүздөгөн жылдар бою жүздөгөн долбоорлорду түзгөн.

Йемендин стратегиялык орду Араб деңизине жана Кызыл деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү, ошондой эле анын Мекке менен Мединадан түштүктө жайгашуусу жана анын эли Аллахтын Элчиси ﷺ  «ыйман жана акылмандуулук ээлери» деп сүрөттөгөндөрдөн болушу — булардын бардыгы халифанын эл аралык аренада жок болушу менен бирге, дүйнөлүк түзүмдүн кайра калыптануусунда Йеменди көзөмөлдөө объектиси кылды. Анын эли жаңы эл аралык атаандаш эки күч кайсы тарапка бурулса, ошол жакка айланып турушун каалашты.

Ага болгон көзөмөл күрөшүнүн натыйжасында Британия Йемендин түндүгүн да, түштүгүн да көзөмөлдөп келди. Бирок Санада хусийлердин, Аденде түштүк кыймылынын (аль-хирак) пайда болушу менен Америка аларды колдонуп, Британиянын Йемендеги таасирин алсыратууну пландады.

Ошондо, Йемен эли отуз жылдан ашуун убакыттан бери уланып келе жаткан бул алаамат тирешти кайрадан терең ойлонуп көрүшү мүмкүнбү? Сана менен Аденде пайда болгон эки режимди кайра баалап, эл аралык атаандаш эки күчтүн куралы болуудан алыстай алышабы? Биз ушуну үмүт кылабыз.

Инженер Шафик Хамис

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button