«Кан чек ара» планы жана Дарфурду бөлүү кылмышы

«Кан чек ара» планы жана Дарфурду бөлүү кылмышы
Дарфурдун ири шаарларынын күмөндүү түрдө кулашынан жана армия күчтөрү аларды Ыкчам колдоо күчтөрүнө таштап чыгып кетишинен кийин, бул күчтөр акыркы вилаят – Түндүк Дарфурду жана анын борбору Фашерди курчоого алышты. Армия аларды бул жерден сүрүп чыгара албай жаткан чагында, күтүлбөгөн жерден булардын көзөмөлүндө турган Түштүк Дарфурдун борбору Няалада алардын жетекчилигинде параллелдүү өкмөт тууралуу кеп чыкты. Бул өкмөттү ал-Хилу сыяктуу Америка агенттери колдоп, ал тургай ал жерде башчы катары кирип жатат…
Мунун баары Хизб ут-Тахрир дайыма айтып келген нерсени элдин эсине салды: Американын камкордугу жана колдоосу астында Дарфурду Ыкчам колдоо күчтөрүнө тапшыруу боюнча толук даярдалган ачык план бар. Бул план армия жана Ыкчам колдоо күчтөрү лидерлеринин ичиндеги анын агенттери аркылуу ишке ашырылууда. Бул мурдагыдай эле, агенттери Башир жана Жон Гаранг аркылуу Түштүк Суданды бөлүп чыгарышкандагыдай, азыркы Суданды да бөлүп-жаруу максатын көздөйт.
“Кан чек ара” планы 2006-жылы америкалык аскерий адистешкен Armed Forces Journal журналында жарыяланган. Анда америкалык отставкадагы генерал Ралф Питерс “Кан чек арасы” деген аталыштагы баяндамасында Жакынкы Чыгыштын жаңы картасын сунуш кылган. Бул генерал аймакты сунний, шиъий, күрд мамлекеттерине бөлүп, мындан тышкары Саудиядан бөлүнүп турган ыйык жерлерди камтыган “Ислам мамлекети” дегенди, ошондой эле “Улуу Иордания падышалыгы” жана башка майда мамлекеттерди белгилеген. Анын айтымында, аймакты жамааттар жана этникалык топтор боюнча бөлүп, ар бирин өз алдынча саясий мамлекет кылып коюу бул аймактагы зомбулукту токтотот имиш. Бирок айта кетүү керек, мусулмандардын жерлерин бөлүп-жаруу боюнча колонизатор мамлекеттердин пландары эзелтен эле бар. Алардын башында Британия жана Франция турган. Бул – 1916-жылы Британия менен Франциянын тышкы иштер министрлери Марк Сайкс жана Жорж Пико Халифалык кулатылгандан кийин мусулмандардын жерлерин бөлүп-жаруу үчүн түзгөн Сайкс-Пико келишими. Андан кийин бул колонизаторлук жарышка Америка да кирип, мусулмандарды алсыратуу жана байлыктарын талап-тоноо үчүн “бөлүп алып башкаруу” саясатын ишке ашырып келүүдө.
Ал максатка “өз тагдырын аныктоо”, “өз алдынча башкаруу”, “федерация” сыяктуу ураандар аркылуу бөлүп-жаруу жана майдалоо жолу менен жетүүгө умтулат. Ошондой эле майда этникалык топтор жана уруулар маселесин пайдаланат. Акыркы учурлардагы көрүнүктүү пландардын бири – сионисттик ойчул жана АКШ президенти Буш-атасынын кеңешчиси Бернард Льюистин планы. Ал 1980-жылдары бардык мусулман өлкөлөрүн бөлүп-жарууну көздөп, анын ичинде Суданды төрт бөлүккө ажыратууну сунуш кылган: “Нуба мамлекети борбору Асванда, Борбордук Судан мамлекети, Дарфур мамлекети жана Түштүк Судан мамлекети”. Бул пландын ишке ашкан жападан жалгыз аймак – Судан түштүгүнүн бөлүнүп кетүүсү болду.
Америка өзүнүн агенти Баширдин башкаруусу учурунда Дарфурду бөлүп чыгарууга жол даярдап берди. Бул “Дарфурда тынчтык үчүн Доха документтери” деп аталган Доха келишими аркылуу ишке ашты. Ага Судан өкмөтү менен “Азаттык жана адилеттик кыймылы” 2011-жылдын 14-июлунда кол койгон. Андагы эң коркунучтуу нерсе – Хартум өкмөтү менен Дарфур кыймылдарынын ортосунда “байлыктарды жана бийликти бөлүшүү” жана аймактын административдик абалы жөнүндө келишим болду. Ал жерде Дарфурдун өздүгүн аныктоо үчүн референдум өткөрүү деген чечим кабыл алынган. Доха келишимине ылайык, Дарфурда аймактык бийлик түзүлүп, ал Судандын калган бөлүгүнөн айырмаланып, өзгөчө макам алды. Бул – түштүктүн бөлүнүп чыгышынан мурун ал жакта болгон көрүнүштүн кайталоосу эле.
Суданды бөлүү планын ишке ашыруунун далили – кулатылган президент Башир жана анын режиминдеги адамдардын өз ооздорунан чыккан сөздөр. 2017-жылдын 25-ноябрында орус “Спутник” сайты Баширдин Россияга сапары маалындагы маегин жарыялады. Ал маекте ал мындай деген: “Суданга болгон америкалык кысым жана кутум чоң… АКШнын кысымы астында Түштүк Судан бөлүнүп чыкты, демек Судан бөлүндү. Бөлүнүү – америкалык кысым жана кутумдун натыйжасы болду. Американын планы Суданды кыйратып, аны беш мамлекетке бөлүп салуу”.
Ошондой эле 2017-жылдын 13-апрелинде “Анадолу” агенттиги Судандын тышкы иштер министри Ибрахим Гандурдун сөзүн жарыялады: “Түштүктүн бөлүнүшү башынан эле кутум болчу, бирок биз аны кабыл алдык”, – деди.
Бул – тышкы иштер министри Ибрахим Гандурдун аэропортто өткөргөн маалымат жыйынында, орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айткандарына жооп кылып билдирген сөзү эле. Лавров болсо мурунку күнү америкалык кесиптеши Рекс Тиллерсон менен өткөргөн маалымат жыйынында мындай деген: «Обама администрациясы Омар Баширдин өкмөтүнөн Суданды экиге бөлүүгө макулдук берүүнү талап кылган, анын ордуна аны Эл аралык кылмыш сотуна өткөрүп бербөөнү сунуш кылган. Ошол убакта Обама администрациясы орус өкмөтүнөн да судандык президенттин бөлүнүүгө макулдугун талап кылган, бирок ошол эле учурда аны Эл аралык кылмыш сотунда соттолгонун көргүсү келген». Ал дагы мындай деп кошумчалаган: «Түштүктүн бөлүнүшү Обама администрациясынын долбоору болчу».
2018-жылдын 21-ноябрында Судандын тышкы иштер министри ад-Дардири Мухаммад Ахмад “Франс24” телеканалына берген маегинде: «Биз Америкага бул аймактагы эң чоң түйшүк болгон Түштүк Судан маселесин чечүүгө жардам бердик», – деп айткан.
Ошентип, 2023-жылдын 15-апрелинде Суданда шектүү түрдө согуш башталды. Ал согуштун эки тарабы тең – бир эле тараптын жасалмасы, алардын жетекчилери америкалык таасирге баш ийген кишилер. Андан кийин окуялар тез өнүгүп, армия эч негиздүү себепсиз Ыкчам колдоо күчтөрүнүн алдында артка чегине баштады. Акыры, булар Дарфурдун бардык шаарларын ээлеп, азыр акыркысы да курчоодо калды. Андан соң өлкөнүн негизги структурасынан бөлүнгөн өзүнчө өкмөт түзүлдү. Бул болсо жийиркеничтүү пландын алдын ала даярдалып, ишке ашып жатканын ырастайт. Бардык далилдер жана көрүнүштөр көрсөтүп тургандай, Америка агенттери Суданда бул кара пландын ишке ашышы үчүн жан үрөп аракет кылып жатышат. Алар бул согушту жана элдин аң-сезиминин жоктугун пайдаланууда.
Ошондуктан Судан элине, өзгөчө анын ичиндеги күч-кубат ээлерине – армия офицерлерине, үммөт жетекчилерине жана ак сөөктөрүнө бул пландын алдына тоо сыяктуу бөгөт коюу милдет. Бул болсо бир гана мабдаий долбоорду көтөрүү аркылуу ишке ашат. Элдин чыныгы кызыкчылыгын коргоп, бул ыплас пландын жүзүн ачкан долбоор – улуу Ислам долбоору жана анын пайгамбарлык жолундагы рашид Халифалык. Чыныгы чечим, дабаа жана чыгуу жолу ушул.
Ал эми башка нерселер менен алек болуп, рашид халифага шаръий байъат бербестен өлгөн адам, күнөөкөр болот. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ айтты:
«وَمَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»
“Кимде-ким моюнунда байъаты жок абалда өлсө, ал жахилият өлүмү менен өлөт”. (Имам Муслим риваят кылган).
Устаз Мухаммад Жамиа (Абу Айман)
Роя гезити