Кытайдагы Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны жаңылык алып келген жок

Кытайдагы Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны жаңылык алып келген жок
2025-жылы 26-июнда, бейшемби күнү Кытайдын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны болуп өттү. Жыйынды Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь алып барып, катышуучуларга кайрылуусунда мындай деди:
«Үстөмдүктүн күчөшү шартында, дүйнөдө мурда болуп көрбөгөн өзгөрүүлөр жүрүүдө, бул жыйын «татаал жана өзгөрмө дүйнөдө тең салмактуулукту сактоо зарыл. Өткөн кылымдан бери болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөр болуп жатат. Бир тараптуулук, протекционизм, үстөмдүк жана коркутуу аракеттери эл аралык тартипке коркунуч жаратып, туруксуздукту күчөтүүдө».
Ал көп тараптуу уюмдардын, мисалы БУУ жана ШКУ сыяктуу түзүмдөрдүн алкагында кызматташууну жана эл аралык адилеттүүлүк менен глобалдык стратегиялык туруктуулукту сактоо үчүн сапты бириктирүүнү сунуштады. Ошондой эле ШКУну туруктуулуктун негизги таянычы катары сыпаттады.
Ал эми Россиянын коргоо министри:
«Аскерий-саясий абал азыр да оор бойдон калууда жана мындан ары дагы начарлай турган белгилер бар» — деп билдирди.
Бул жыйын Иран менен яхудий түзүмүнүн ортосундагы 12 күнгө созулган согуштан кийин, атышууну токтотуу келишими күчүнө киргенине эки күндөн кийин өттү. Бул согушту яхудий түзүмү Америкадан колдоо алып, Тегерандагы стратегиялык объекттерге кыска убакытта сокку урууу менен баштаган эле.
Ошондой эле бул жыйын НАТО уюмунун Гаагадагы саммитинен кийинки күнү болду. Ал саммитте НАТОго мүчө өлкөлөр ички коргонуу жана коопсуздук чыгымдарын ички дүң продукциясынын 5%ына чейин көбөйтүүнү убада кылышкан.
Кытай жалпы эле ШКУнун жыйындары аркылуу өзүн дүйнөлүк коопсуздук жана туруктуулук маселелеринде Батыштын салттуу альянстарынан тыш, өз алдынча күчтүү оюнчу катары көрсөтүүнү көздөп келет. Ал бир жагынан Россия жана Иран менен болгон мамилелерин сактоону көздөсө, экинчи жагынан Америка менен каршылашууну каалабайт. Кытайдын дипломатиялык ыкмасы этият жана тең салмактуу болуу. Бул азыркы дүйнөлүк тартиптин өзгөчөлүктөрүнүн бири. Ошондуктан Кытай Иранды ачык сөз менен колдосо да, иш жүзүндө ага эч кандай реалдуу жардам берген жок. Бул болсо анын аймактагы таасиринин чектелүү экенин жана АКШ менен мамилени бузуп алуудан коркконун көрсөтөт. Ал эми Россияны колдоосу да стратегиялык альянс деңгээлине жетпей, эң төмөнкү деңгээлде гана болду.
Шанхай кызматташтык уюмунда учурда он мамлекет мүчө: Кытай, Россия, Иран, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан жана Беларусь. Бул уюм өзүн Батыш альянсына атаандаш боло турган эл аралык жана аймактык альянс катары көрсөтүүгө умтулуп келет. Ал Батышка каршы күч катары саналып, дүйнөлүк үстөмдүккө каршы туруу жана альтернатива болуу жөндөмүнө ээ эл аралык платформа болууну максат кылууда. Бирок Жакынкы Чыгыштагыдай татаал маселелерде өтө этият позицияны карманат. Бирок чындык муну тастыктабайт. Анткени, уюмдун негизги мүчөлөрүнүн өз ара мамилелери кастык жана чыңалууга толо. Индия менен Пакистандын, Индия менен Кытайдын ортосундагы карама-каршылыктар бул уюмдун ишенимдүүлүгүнө жана чыныгы максаттарына шек келтирет.
Кытай менен Россиянын мамилесине келсек, эл аралык деңгээлде Кытай Россия менен сырткы көрүнүштө альянс түзгөнсүп көрүнгөнү менен, аймактык деңгээлде ал бейтарап позицияны сактап келет. Маселен, Россия менен Украина ортосундагы согушта Кытай расмий түрдө бейтарап бойдон калууда жана ачык-айкын аскерий кызматташууга аралашуудан карманып турат.
ШКУнун акыркы жыйынында Батыштын үстөмдүгүнө каршы чыккан, анын саясатына каршы багытталган билдирүүлөр жөн гана бош сөз жана эч кандай реалдуу мааниге ээ эмес. Себеби Пакистан, Индия, Иран сыяктуу өлкөлөр Батыштын таасиринен чыга элек жана дагы эле Батыштын айланасында айланып турушат.
Демек, бул уюм сунуштаган маселелердин ичинен мүчө өлкөлөр бир гана нерсеге т.а алардын “терроризм” деп атаган, ал эми чындыгында жихадий исламга каршы күрөшүү маселесине гана келише алышты.
Ал эми алар “бир тараптуу үстөмдүктүн, протекционизмдин жана глобалдык тартипке шек келтирген коркутуп-үркүтүүнүн күчөшүнө” болгон кооптонуусун билдиришкени жөн гана куру тилектер, чындыкта эч кандай салмагы жок.
Россиянын коргоо министринин:
«Аскерий-саясий абал дагы эле оор бойдон калууда жана ал мындан ары да начарлай турган белгилерди көрсөтүүдө» — деген сөзү бул багыттагы үмүтсүздүктү тастыктайт. Бул болсо Россиянын, Кытайдын жана жалпы ШКУнун эл аралык мамилелерде чыныгы өзгөрүү жаратууга жөндөмсүздүгүн, алар көздөгөн максаттар теорияда гана калып жатканын ачык мойунга алуу болуп саналат.
Абу Хамза аль-Хотвани
Роя гезити