Ливан түрмөлөрүндө уланып жаткан зулумдуктун артында кимдер турат?!

Ливан түрмөлөрүндө уланып жаткан зулумдуктун артында кимдер турат?!
Ливандагы исламчыларды камоо маселеси өлкөнүн коопсуздук жана саясий аянтында эң сезимтал маселелердин бири болуп эсептелет. Бул татаал иш ири аймактык жана эл аралык өзгөрүүлөргө байланышып келген, көп жолу саясий майданда курал катары колдонулган. Ал эми ондогон жылдар бою түрмөлөрдө отурган жүздөгөн мусулман жигиттердин кайгылуу абалы болсо ачык чечимсиз, олуттуу саясий эрксиз уланууда.
Бул маселе 2000-жылы Доннийе окуялары менен пайда болуп, кийин 2007-жылы Ливандын түндүгүндөгү Нахр ал-Барид лагериндеги окуялар жана “Фатх ал-Ислам” деп аталган көрүнүш менен коштолгон. Ошондон тартып бийлик үчүн “терроризмге каршы күрөш” деген шылтоо менен каалагандай камоолорду актоо үчүн даяр карта болуп берди.
Ал эми 2011-жылы Шам революциясы башталганда, бул маселе жаңы, андан да татаал этапка өттү. Ливандагы саясий бийлик Америка саясатынын көрсөтмөлөрүн аткарып, революцияны басуу, анын тарапкерлерине басым кылуу жана Вашингтон каалаган “саясий чечимди” Сирияда ишке ашыруу максатында, аны менен тилектеш болгон же кандайдыр бир колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына каршы катуу репрессиялык чараларды көрдү. Ошол маалда революциянын тарапкерлери катары миңдеген адамдар “терроризмди колдоо”, “куралдуу уюмдарга мүчө болуу” же “Сириядагы эски режимге каршы согушка катышуу” деген айыптар менен камакка алынган.
Ал доордо исламчылардан камакка алынгандардын саны беш миңден ашкан. Бүгүн болсо алардын саны болжол менен 400 чамасында, алардын ичинен 170 киши сириялыктар, калгандары Ливандан жана айрымдары палестиналыктар. Бул камактагылар өтө оор шарттарда жашап келишет: адам чыдагыс деңгээлдеги тыгыздык, атайылап медициналык жардамдан кур калтыруу жана камактагы адамдын эң жөнөкөй укуктарынан да ажыратуу. Бирок, жалган айыптардын тагылышы, кыйноо аркылуу көрсөтмөлөрдүн алынуусу жана узак жылдар бою сотсуз кармалып турушу мындан да чоң азап. Ал тургай сотко жеткен учурда да алар “Ливандагы Иран партиясынын” көзөмөлүндө турган аскердик соттун алдында чыгышат. Ал сот адилетсиз өкүмдөрдү чыгарып, өмүр бою түрмө же өлүм жазасына чейин өкүм чыгарат. Болжол менен 55% камактагылар али сотко жетпеген, 45% ар кандай жазаларга дуушар болгон деп бааланат.
Бул маселеден пайда көргөндөр көп. Ливан саясатчылары, өзгөчө “суннилерден” деп эсептелгендер, бул ишти шайлоо куралы кылып алышкан. Алар дайыма үй-бүлөлөргө “жалпы амнистия мыйзамы кабыл алынат” деп убадалар берип, балдарынын азаптары бүтөрүн айткан, бирок бул убада ар бир шайлоодон кийин жокко чыгып келген.
Мындай саясий оюн үй-бүлөлөрдүн бийликке болгон ишенимин кыйратты. Алар балдарынын азап-тозогу бийликтин саясий оюндарында арзан соодалашуу куралы болуп калганын көрүп турушат.
Асад режими кулагандан кийин бул маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Анткени камактардын көпчүлүгү ошол режимге каршы чыгып, Шам революциясын колдогондорго байланыштуу болгон. Бирок бул камактагылар өздөрүнүн ошол позициясы үчүн “терроризм” деген кара тамгага кабылышты. Жаңы сириялык өкмөт келгенде, Ливандагы сириялык камактагылар маселесин көтөрүү жана аларды талап кылуу жөнүндө сөз болду. Бирок үй-бүлөлөр бул талапты сириялыктар менен гана чектелип калуусун четке кагышты. Алар басым бардык камактагыларга — ливандыктарга, палестиналыктарга жана сириялыктарга тең бирдей болушу керек деп талап кылышты. Анткени бул маселенин өзөгү улуттук эмес, бул — үммөттүн канкор зулум түзүмгө каршы революциясын колдоого каршы багытталган.
Санап бүткүс зулумдуктар бар. Айрым үй-бүлөлөр жалгыз багуучусунан ажыраган, балдар атасынан алыс өсүп жаткан, аялдар күйөөлөрүнүн кайтып келишин үмүтсүз күтүшкөн, энелер болсо түрмө босогосунда карып жатышат. Булардын баары дүйнө “адам укуктары” жана “адилет сот” деген ураандарды көтөрүп жатканда болууда. Чынында болсо Ливанда “терроризмге каршы күрөш” деген шылтоо астында жасалып жаткан системалуу укук бузууларга көз жумуп келишет. Мунун бардыгы түздөн-түз америкалык жана батыштык кызыкчылыктарга байланган жергиликтүү саясий чечимдердин үстөмдүгүнөн келип чыгууда.
Бул жигиттер өздөрүнүн аң-сезиминен Сайкс–Пико чегин алып салышкан, анткени алар Шам революциясын жалпы үммөттүн революциясы катары көрүшкөн, аны бир гана жерге же улутка таандык кылышкан эмес. Алар кымбат нерселерин садага кылып, бир туугандарын колдошкон. Демек, алардын бул улуу позициясы үчүн урматталуусу зарыл болчу, ал эми аларды кемсинтип, камап салуу — акыйкатсыздык! Адилет көз караш менен каралганда, бул жигиттер — үммөттүн чыныгы асылдыгын жана эркиндигин көрсөткөн ардактуу адамдар, бийлик аларды көрсөткүсү келгендей “террористтер” эмес.
Ачык эле көрүнүп тургандай, бул камактагылар маселеси толук саясий мүнөздө. Ливан бийлиги болсо “терроризмге каршы күрөш” деген шылтоо менен Исламды жана анын тарапкерлерин басынтууну максат кылган америкалык көрсөтмөлөргө баш ийип келет. Бул жерде мыйзам же адилет сот маселеси жок, бул — ачык зулумдук. Үммөттү басынтып, анын активдүү өкүлдөрүн түрмөгө камап, башкаларга сабак кылуу көздөлүүдө.
Ошондуктан элдик, саясий, маалыматтык жана укуктук деңгээлдерде күчтүү басым жасоо үчүн бардык күч-аракетти бириктирүү зарыл. Ошондо гана бул адилетсиздик жоюлуп, бул кайгылуу барак жабылат.
Устаз Ахмад аш-Шимали
Роя гезити