Роя гезити

 Ливияда жаңжал кайрадан тутанабы?

 Ливияда жаңжал кайрадан тутанабы?

Сахара чөлүнүн жүрөгүндө Дарфур аймагын Ливиянын түштүгү менен байланыштырып турган көзгө көрүнбөгөн сызыктар бар. Бул байланышты бир гана кумдар же эски жолдор эмес, чек араларды тааныбаган уруу-тайпалар, кызыкчылыктар жана таасир талаштар да түзөт.

2011-жылы Каддафи кулатылгандан кийин Ливияда Америка менен Британиянын ортосунда эл аралык тиреш башталды. Бул тиреш абдан күчөп, 2021-жылдын 10-мартында Ливиянын Өкүлдөр палатасында жаңы шайланган аткаруу бийлиги 188 добуштун ичинен 132 добуш алып, Абдулхамид Дебибеге ишеним көрсөтүлдү. Ал АКШнын өкүлү Стефани Уильямс сунуштаган талапкер болчу. Ушундан кийин Фаиз Сараждын өкмөтү жеңилип, бийликти оңой эле өткөрүп берди.

Андан соң саясий күрөш башталды. Айрым өлкөлөр саясий акчаны пара жана добуш сатып алуу жолу катары колдонууга аракет кылышты. Бул жагынан Бириккен Араб Эмираттары Ливиялык Диалог Форумунун мүчөлөрүн тандоого таасир этүүгө аракет кылганы айтылды (Алжазира Нет, 16/11/2020). Ошондон кийин АКШнын Хафтарга болгон таянычы азайып, ал убактылуу саясий көрүнүштөн четтеп калды. Саясий көрүнүштүн баары дээрлик АКШнын пайдасына ооп, бирок Британия жана айрым европалык өлкөлөр да (айрыкча Франция менен Италия) өздөрүнүн саясий ортомчулугу жана кызыкчылыктары аркылуу аракет кылуусун токтоткон жок.

Мамлекеттик түзүлүш бош калган ушул мезгилде Ливиянын түштүгүндө жергиликтүү уруулук куралдуу топтор пайда болду. Алар контрабанда жана жолдорду көзөмөлдөөгө жетишип, Дарфурдан келген айрым күчтөр — айрыкча Адилет жана Теңдик кыймылы менен Суданды Боштондукка чыгаруу топтору — менен тыгыз байланыш түзүштү. Ливиянын түштүгү алар үчүн каржы алуу, машыгуу өткөрүү же алтын жана курал соодасы үчүн коопсуз жайга айланды. Бул көрүнүш 2012–2015-жылдары болуп өттү.

Андан кийин Хафтар келип, Египеттин колдоосу менен чыгыш Ливиядан түштүккө карай өз таасирин кеңейтти. Курал күчүнүн жардамы менен ал жерде салыштырмалуу көзөмөл орнотууга жетишти. Ал мезгилде Ливияда Дарфурдан келген жалданма согушкерлер да бар болчу, бул жагдайдан Баширдин өкмөтү пайдаланып келген. 2019-жылы Башир кулатылгандан кийин Судан менен Ливиянын ортосундагы бул мамиленин табияты түп тамырынан өзгөрдү.

2020-жылы БУУнун демилгеси менен Ливияда ок атышууну токтотуу келишими кабыл алынгандан кийин, Ливиядан чет элдик согушкерлердин, анын ичинде судандык жалданмалардын чыгып кетиши тууралуу чакырыктар күчөдү. Бирок 2022-жылга чейин алардын көбү Себха, Мурзук жана Куфра аймактарында кала беришти.

2023-жылы Судан армиясы менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда согуш башталгандан кийин айрым фракциялар Ливиянын түштүгүнө качып өтүштү. Азыр болсо Хамидти Дарфурда акыркы каршылык очогу болгон Фашир шаарындагы кыргынды жасап, жеңишке жеткени айтылууда. Мындан улам Ливиянын түштүгүндө, айрыкча тубу жана махамид уруулары арасынан Хамидтиге жактоочу күчтөрдүн жанданышы мүмкүн. Бул Ливиядагы жаңжалды кайрадан тутантып жиберет, өзгөчө Феззанда, Хафтар күчтөрү менен орусиялык катышуунун ортосундагы чыңалуу шартында уланышы күтүлөт. Ошондой эле Хамидтинин аракеттерине жооп катары Түркия да кийлигишүүсү мүмкүн.

Бул кырдаал Хамидтиге – албетте АКШнын көрсөтмөлөрү менен – Ливиянын түштүгүнө кирүүгө, уруулук кеңейүүсүнө жараша жаңжал жаратууга шарт түзөт. Натыйжада түштүк Ливиянын Ливиядан бөлүнүп чыгышына же аны атаандаш күчтөр ортосунда бөлүштүрүүгө алып келиши мүмкүн. Бул болсо Хамидти үчүн стратегиялык чыгуучу жол болуп калат.

Ливиянын түштүгү өлкөнүн эң алсыз жана көп учурда эч бир тарап толук көзөмөлдөбөгөн аймак. Хамидтинин бул жакта өз кызыкчылыктары бар. Ал Ливиянын түштүгүн толугу менен басып алууну көздөбөшү мүмкүн, бирок аны бир катар максаттар үчүн басым жасоочу курал катары колдонот. Алардын айрымдары:

  • Хафтарга карата басым булагы: Аны колдогон уруулар аркылуу алтын жана күйүүчү май соодасы боюнча, ошондой эле Феззандагы орусиялык абал боюнча талаада тең салмак орното алат.
  • Геостратегиялык үч бурчтук: Түштүк Чад, Нигер жана Судан менен кесилишет. Бул аймак алтын жана уран соодасы үчүн өтө маанилүү. Бул үч бурчтукту көзөмөлгө алуу Хамидтинин чек аралык минерал соодасын башкаруу мүмкүнчүлүгүн күчөтөт. Ошондой эле ал АКШ менен эл аралык келишимдерди түзүп, башка тараптарды оюндан чыгарып салышы мүмкүн.
  • Аны (түштүк Ливияны) миграция, энергия жана чек ара коопсуздугу боюнча маселелерде сүйлөшүү картасына айландырып, өзүн көз жаздымда калтыра албаган тарапка айлантышы мүмкүн.
  • Дарфур уруулук жана географиялык жактан Ливиянын түштүгүнүн табигый уландысы болгондуктан, бул Хамидтиге Судан армиясынан же Судандын чыгышынан келиши мүмкүн болгон душмандык коркунучтарга каршы коргонуу тереңдигин берет жана Судандан бөлүнүү абалын күчөтөт.

Ушунун негизинде Хамидтининин ливиялык кырдаалга кийлигишүү ыктымалдыгы качып кутулгус болуп көрүнөт. Анткени бул кадам ага чоң пайда алып келет жана Суданда болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн шартында анын батыш Судандагы таасири бекемделди, эми ал уруулук кызыкчылыктар кесилишкен Ливиянын түштүгүнө карай өзүнүн кыймыл талаасын кеңейтүүгө умтулууда. Бул жерде уруулук бөлүнүү чечүүчү рол ойнойт. Албетте, бул Американын аймакка болгон көз карашына туура келет б.а. азыркы мамлекеттик чек араларды уруулук чек араларга алмаштыруу саясатына шайкеш келет. Ошондой эле Ливия мамлекетинин алсыз абалы Хамидтиге мындай кадам жөнүндө ойлонууга мүмкүнчүлүк берет. Бирок мындай иштер сөз менен эле болбойт, анын баасын мусулмандардын каны төгүлгөн деңиздер аркылуу Судан менен Ливиянын элдери төлөшөт. Бул кырдаал Ливиянын түштүк чек арасын бекемдей алуусуна жана АКШнын бул планга кандай деңгээлде макул болушуна түз байланыштуу.

Мусулман өлкөлөрүндөгү жаңжалдар Батыштын калган бөлүгүбүздү да бөлүп-жаруу, байлыктарыбызды тартып алуу жана биримдик фикратына жакындатпоо үчүн ойлоп тапкан пландарын ишке ашыруучу талаага айланганын көрсөтүүдө. Бул эң кайгылуу жана оор абал. Батыш бизди дайыма уруулук, этностук жана мазхабдык тирештер менен алек кылып, бир мамлекет катары кайра кайтып келүү тууралуу ойлонуу мүмкүнчүлүгүн да жок кылууда.

Чындыгында, бул кара булуттан биз бир гана исламий жашоону кайра баштоо жана  Пайгамбарыбыз ﷺ  сүйүнчүлөгөн, пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи рошид Халифалык мамлекетин куруу үчүн Хизб ут-Тахрир менен биргеликте жол жүрүүнү күчөткөндө гана чыга алабыз.

Устаз Набил Абдулкарим

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button