Мамданинин Нью-Йорктун мэри болуп шайланышы Трамп саясаты үчүн биринчи артка чегинүү

Мамданинин Нью-Йорктун мэри болуп шайланышы Трамп саясаты үчүн биринчи артка чегинүү
4-ноябрда өткөн АКШнын ири шаары болгон Нью-Йорк шаарынын мэри үчүн болгон шайлоодо Зохран Мамдани жеңип чыкты. Ал демократиялык партиянын прогрессивдүү социал-демократтар канатына таандык талапкерлер арасынан биринчи болуп өлкөдөгү эң маанилүү шаарды башкарууга келген мэр болду. Ал эң жакын атаандашынан чоң айырма менен алдыга чыкты.
Мамдани гуманитардык факультеттин бүтүрүүчүсү, 34 жаштагы америкалык рэп ырчысы. Анын атасы Исламга тышкы көрүнүшүнөн таандык, бирок Ислам үммөтүнүн белгилүү мазхабдарынын эч бири кабыл албаган низарий исмаилит агымына кирген индиялык тектен чыккан. Атасы Махмуд Мамдани АКШнын бир нече университеттеринде белгилүү окутуучу. Энеси индуист динин карманган режиссёр. Анын үй-бүлөсүндө секуляристтик түшүнүктөр үстөмдүк кылып, дин үй-бүлөлүк социалдык мамилелерде дээрлик эч кандай рол ойнобойт.
Зохран Мамдани жыныстык бузукулукка (ЛГБТ) жана алардын гомосексуалдык, трансгендердик багыттарына кеңири укуктарды берүү демилгелерин кубаттаган активдүү жактоочу катары белгилүү. Ал демократиялык партиянын өзүнүн агымына таандык топтор аркылуу ондогон миллион долларларды ушул бузуку топторду колдоо үчүн өз колу менен чогулткан. Муну ал «коомдогу бардык катмарлар үчүн тең укуктуулукту камсыз кылуу» деген шылтоо менен жасаган.
Мамдани 22 миллион долларлык ири каржылоону алган башкы атаандашына карабай, ошондой эле Трамп анын талапкерлигине каршы айткан көптөгөн коркутууларга карабастан, шайлоодо атаандаштарын жеңүүдө эч кандай кыйынчылыкка жолуккан жок.
Бул жеңиш Трамп бийликке келгенден бери республикачыл партия талапкерлеринин алгачкы саясий жеңилүүсү болуп, анын биринчи башкаруу жылында америкалык саясий мейкиндикти каптаган Трамп саясаты үчүн реалдуу биринчи артка чегинүү болуп бааланды.
Мамданинин жеңишине анын «мусулман» болгону, же мигрант экени, же социал-демократ экендиги негизги себеп болгон жок. Чыныгы себеп демократиялык партиянын кеңири колдоосу жана партиянын бардык канаттарынын биригип аны колдоого алышы. Анткени Мамдани партиянын расмий мүчөсү, солчул социалисттик агымына таандык, бул болсо партиянын алсызыраак канаты эсептелет.
Анын жакырларды колдогон жана коомдук мекемелерди бекемдөөчү шайлоо программасы Нью-Йорк сыяктуу ири капиталисттик борбордо ач көз капиталист «акулалардан» тажаган коом үчүн эң маанилүү себептердин бири болгон. Дал ушул капиталисттер шаар тургундарын кедейликке дуушар кылып, алардын коомдук байлыктарын талап-тоношуп, өлкөнүн экономикалык борборундагы бардык тармактарды өз кызыкчылыктарына менчиктештирип, өз байлыктарын улам көбөйтүп келишкен.
Мамдани бардык адамдар үчүн медициналык тейлөө акысыз болушун жана мамлекеттик билим берүүнү колдоону, даярдык баскычындагы бардык окуучулар үчүн транспортту акысыз кылууга чакырды. Ошондой эле ал турак жай бааларын тоңдурууну, жумушчулардын айлыгын көтөрүүнү, мигранттарды депортациялоону токтотууну, коомдук кызматтарды жакшыртууну, салыкты байлардан гана алууну талап кылды. Ал скандинавиялык моделди жана «жакшы турмуш» экономикалык үлгүсүн өзүнүн шайлоо программасы үчүн мисал катары эсептеп, өлкөнүн экономикалык мекемелерин башкарууда жумушчуларга чоңураак ыйгарым укуктарды берүүнү да сунуштады.
Мамдани үгүттөгөн бул программа марксисттик социализмге да, Трамп ага жала жабып күнөөлөгөн коммунизмге да эч кандай байланышы жок. Ал капиталисттик социализмдин бир көчүрмөсү гана. Ал айрым жумушчу артыкчылыктарын кошуп, капиталисттик түзүмдү «оңдолгон» абалга кайтарууну көздөдү. АКШда капитализм коркунучтуу деңгээлге жетип, дүйнөдөгү эң ири экономиканын бардык түйүндөрүн башкарган өтө аз сандагы миллиардерлерге толук баш ийип калгандыктан, Мамдани капиталисттик системага айрым социалисттик кездеме-жамактарды киргизген болду.
Ал эми саясий жактан алганда, Мамдани демократиялык социалисттик агымдын башка лидерлери сыяктуу эле америкалык саясий-сионисттик лобби болгон AIPACка каршы. Ал палестиналыктарга укук берүүнү колдойт, яхудий түзүмүн АКШдагы ири компаниялардын лоббилери менен бирге иштеген капиталисттик лобби системасынын бир бөлүгү деп эсептейт. Бул компаниялар Газа жана жалпы Жакынкы Чыгыш аймактагы баскынчылык армиясынын агрессивдүү аракеттерин колдоп келет. Айрыкча Газага карата геноцид айыбын алган соң, яхудий түзүмүнүн кылмыштуу аракеттерине карата жек көрүү АКШ коомунда дагы да күчөдү.
Анын яхудий түзүмүнүн бул аракеттерине каршы билдирген сөздөрү Нетаньяху өкмөтүнүн зомбулугуна буга чейин эле нааразы болуп турган америкалык коомчулукка жагып, Нью-Йорктогу шайлоочулар анын жүзүнөн AIPACка таянган, сатып кетүүчү саясатчылардан тажаган коомго ылайык адамды көрүштү. AIPAC бүгүн АКШдагы эң жек көрүлгөн лоббилердин бирине айлангандыктан, Мамданинин мындай позициясы ага шайлоочулардын күчтүү колдоосун алып келди.
Дал ушулар Мамданинин Нью-Йорктун мэри болуп шайланышынын эң маанилүү себептери. Бул жерде шаар тургундары сезген экономикалык муктаждыктар менен жийиркеничтүү лоббилерге карата кедейлердин жүрөгүндө чогулган кыжырлануу сезимдери аралашып кетти. Алар Мамданинин экономикалык жана саясий программасынан өздөрү издеген нерсени табышты. Натыйжада ал добуштарга ээ болуп, лоббилер адамдардын абийирин сатып алуу үчүн короткон саясий акчадан үстөм чыкты.
Мамданинин жеңиши америкалык саясатта бурулуш учур болду. Байлар өздөрүнүн тажрыйбасына, байлыгына жана лоббилерине карабастан Нью-Йорк шайлоосунда утулуп, катуу сокку жешти. Ал эми бул жолу жаштардын, кедейлердин жана мазлумдардын добушу жеңишке жетти.
Бул чоң шаардагы тең салмактын бир аз өзгөрүшү келечекте америкалык саясатта олуттуу радикалдуу өзгөрүүнү камтыйт. Анткени карталар аралашат, оюн эрежелери өзгөрөт, компаниялар менен биржалардын кысымынан бошонгон жаштар өздөрүнүн саясий эркин америкалык саясаттын чеберлери жана «карылар» үстүнөн таңуулай башташат. Ошентип алмашуу мыйзамы иштеп, эскирген түзүмгө өз көлөкөсүн түшүрүп, ал акырындап өзгөрүп, адамдардын чыныгы муктаждыктарына жакын болуп, ашкере жыргалдыкта жашаган элитанын кызыкчылыгына гана кызмат кылуудан алыстай баштайт.
Бул өзгөрүү келечекте мусулмандарга жана дүйнөдөгү бардык эзилгендерге да оң таасирин тийгизет. АКШнын жана Батыштын дүйнөдөгү колонизатордукка багытталган аракети акырындап алсырайт, эл аралык күрөш курчуп, жаңы эл аралык күчтөр пайда болот. Америка болсо эл аралык саясатты монополия кылуу дымагынан куру калат.
Абу Хамза ал-Хатвани
Роя гезити




