Роя гезити

Марокко чөлү маселеси соңуна чыгып, эл аралык деңгээлде жоюу процесси башталдыбы?

Марокко чөлү маселеси соңуна чыгып, эл аралык деңгээлде жоюу процесси башталдыбы?

Мароккодогу чөл маселеси мусулмандардын жерлерин бөлүп-жаруу үчүн колонизатор түзүп берген «өлүм карталарынын» жана «кан чектеринин» иш жүзүндөгү чагылышы болуп келди. Бул колонизатор отургузуп кеткен мина сыяктуу чыңалуу чекиттеринин бири эле.

Чөл маселеси Американын Батыш Ислам дүйнөсүнө киришинин куралы болуп, аны Европалык колонизаторлордун таасиринен тартып алууга кызмат кылды. Ошол эле учурда ал аймакта коопсуздук чыңалуусун жана туруксуздукту жаратып, Америкага өзүнүн колониялык таасирин жайылтуу үчүн «аралашуу шылтоолорун» берип турду. Демек, чөл маселеси өткөн кылымдын жетимишинчи жылдарынын ортосунда толугу менен Американын колунан чыккан долбоор болгон. Америка бул маселени саясий жактан БУУнун Коопсуздук Кеңеши аркылуу көзөмөлдөп, аны «деколонизация» беренесинин алдында төртүнчү комитетке (колонияларды жоюу комитетине) киргизген. Аскердик жактан болсо «Полисарио» кыймылы жана чөлдөгү МИНУРСО миссиясы аркылуу иш алып барган.

Бул маселе Американын Европага каршы колониялык күрөшүнүн куралы бойдон калган. Бирок Трамп администрациясынын биринчи мөөнөтүндө жаңы ыкма менен аймакка түз жана күчтүү түрдө киришүү башталды. Марокко чөлү аркылуу Америка Магрибге, Сахелге жана Африкага эшик ачты:

  • Саясий жактан – Мароккодогу консулдугу аркылуу Магриб, Сахел жана Түштүк Сахелдеги «ысык» колониялык файлдарды башкармакчы болду.
  • Экономикалык жактан Америкалык колонизатор компаниялар бул аймактагы фосфат, газ, мунай, металлдар жана сейрек кездешүүчү кен байлыктарды тоноп алуу менен алектенмекчи.
  • Аскердик жактан Америка Африкадагы «Африком» командачылыгы үчүн таяныч түйүн түзүп, Мароккодогу жана кошуна өлкөлөрдөгү «Африка арстаны» деген аскердик машыгууларды үзгүлтүксүз өткөрүүдө.

Мындан тышкары, бул маселе «Абрахам келишимдеринде» колдонулуп, яхудий түзүмүн бүтүндөй аймакка толук нормалдаштыруу аркылуу киргизүүдө да кызмат кылды.

Американын чөл маселесине болгон бул стратегиялык өзгөрүүсүнө Ливияга жана Сахел аймагына Магрибдин дарбазаларына америкалык колониянын жетип барышы жардам берди. Ошентип, Трамп 2020-жылдын 10-декабрында Ак үйдөн расмий билдирүү аркылуу чөл Мароккого таандык экенин таанып, чечим чыгарды. Европа бул таанууга катуу каршы чыкты, бул болсо эки тараптын ортосундагы колониялык күрөштүн көрүнүшү эле. Бирок акыркы мезгилде Африкада Американын соккуларына жана Американын колониялык агрессиясына каршы туруучу бирдиктүү тышкы саясаттын жоктугу Европанын толук баш ийиши менен аяктады. Ал эми Трамп Американын президенттигине кайра келгенде бул маселе биротоло тастыкталды.

Ушундан кийин дүйнөлүк саясатта таасирдүү болгон Батыштын ири мамлекеттери (Германия, Франция, Италия, Испания) Марокконун эгемендүүлүгү алдындагы автономия планын колдоп чыгышты. Ошондой эле Европа Биримдигинде активдүү рол ойноочу Голландия, Бельгия жана Португалия да бул позицияга кошулду. Акырында, Британиянын 2025-жылдын 1-июнундагы акыркы позициясы буга кошумча болду: анын тышкы иштер министри Дэвид Лами Рабатка болгон сапарында марокколук кесиптеши Насер Бурита менен биргелешкен билдирүүгө кол коюп, анда Британия чөл маселесин чечүүнүн «эн ишенимдүү, реалдуу жана туруктуу негизи» катары автономия планын колдоорун жарыялады.

Бул эл аралык позиция чөл маселесинде Марокконун эгемендүүлүгүн таануунун көрүнүшү болуп, чөлдөгү Айюн жана Дахла шаарларында 29 консулдуктун ачылышына алып келди. Ошондой эле МИНУРСОнун милдеттери өзгөртүлүп, автономия планын чечим катары бекемдөөгө багытталды. Коопсуздук Кеңеши 2756-резолюциясын кабыл алып, МИНУРСОнун мандатын 2025-жылдын 31-октябрына чейин узартты. Бул резолюцияда мурда сунушталган референдумду эмес, «эки тарап үчүн реалдуу жана кабыл алына турган саясий чечимди» табууга өзгөчө көңүл бурулду.

2025-жылдын апрелинде БУУда МИНУРСОнун мандатын узартуу талкуусунда Батыш өлкөлөрүнүн (Америка, Франция, Британия) жана айрым африкалык мамлекеттердин өкүлдөрү «Марокконун эгемендүүлүгү алдындагы автономия — бул жалгыз олуттуу жана ишке ашуучу жол» деп билдиришти. Натыйжада БУУнун расмий дискурсу референдум планынан баш тартып, автономия долбоору менен бекем дал келүүгө өттү.

Андан соң Трамп 2025-жылдагы падышалык такка отуруунун мааракесине карата падыша Мухаммад VIга жөнөткөн расмий куттуктоо катында Америка Марокконун чөл үстүндөгү эгемендүүлүгүн кайрадан таанып, автономия планын ишке ашырууну жалгыз чечим катары колдоорун жаңыртты. Ал бул позиция «АКШ менен Марокконун ортосундагы күчтүү жана туруктуу өнөктөштүктү чагылдырат, ал тынчтык жана аймактык коопсуздук, терроризмге каршы күрөш жана Абрахам келишимдеринин алкагындагы соода кеңейүүсү тармактарындагы кызматташууну камтыйт» деп белгиледи.

Чөл маселесине байланышкан бул америкалык стратегиялык бурулуш Европанын таасирдүү мамлекеттерине катуу басым көрсөтүп, Марокко менен Алжирде таасири чоң болгон Британия тарабынан толук колдоого алынганы, Марокко чөлү маселесин бүтүрүп, эл аралык деңгээлде жоюу процессин баштоо үчүн кызмат кылды.

Муну Марокко падышасы Мухаммад VIнын акыркы тактоо сөзү да тастыктады. Ал мындай деди:

«Марокко чөлү боюнча талашты чечүүнүн жалгыз жолу болгон автономия демилгесине өсүп жаткан эл аралык колдоого биз сыймыктанабыз. Бул алкакта биз дос өлкөлөр Британияга жана Португалияга алардын Марокконун чөл үстүндөгү эгемендүүлүгүн бекемдеген жана автономия демилгесин колдогон конструктивдүү позициялары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Бул позициялар дүйнөдөгү көптөгөн мамлекеттердин көз карашын чыңдоодо».

Ошондой эле ал мындай деди:

«Мен дайыма Алжирдеги бир туугандарыбызга кол сунууга умтулуп келдим жана Марокко ачык жана жоопкерчиликтүү диалогго даяр экенин билдирдим».

Бул болсо иш жүзүндө маселе боюнча жергиликтүү тараптардын (Марокко жана Алжирдин) колониялык файлды жоюуга катышып жатканын, мунун баары тышкы саясатында таасирдүү ролду ойноочу Британия колонизаторунун кызматында болуп жатканын билдирди.

Алжирдеги саясий арена эл аралык басым жана дипломатиялык обочолонуу маселелерин акырындык менен багытты өзгөртүү үчүн шылтоо катары көтөрө баштады. Бул расмий риториканын жумшарышы менен коштолуп, аны 2024–2025-жылдардагы тышкы иштер министрлигинин билдирүүлөрү ачыкка чыгарды. Эми мурунку «колонияны жоюу жана агрессияны токтотуу» деген сөздөрдүн ордуна расмий түрдө «толук жана адилеттүү саясий чечимди колдоо» жөнүндө сүйлөшүү башталды.

Ошондой эле дипломатиялык медиаторлук жана жарашуу демилгелери да күн тартибине чыкты: бул же Катар тараптан, же 2025-жылдын июль айында БУУдагы мурдагы дипломат Жамал Бен Умар тарабынан көтөрүлдү. Жакында болсо 2021-жылдан берки дипломатиялык үзгүлтүктөргө карабастан Ужда жана Касабланкада эки консул дайындалды. Булардын баары Алжир режиминин акырындап чөл маселесин эл аралык деңгээлде жабуу процесси менен кошулуп жатканын көрсөтүп турат.

Муну менен катар, 2025-жылга карата Полисариого бөлүнгөн каражаттар 180 миллион доллардан 120 миллион долларга чейин кыскартылды. Башкача айтканда, 2025-жылкы бюджет мыйзамынын долбоору боюнча 30%дан ашык кыскартуу киргизилди. Бул болсо чөл маселесин жоюу чечими таасирдүү күчтөр тарабынан кабыл алынып, аны аткаруу милдети кызматчы режимдерге жүктөлгөнүн билдирет.

Оо мусулмандар! Биздин маселелерибиз эң катуу душмандарыбыздын колуна өтүп кетти. Рувайбизалардын колу менен колонизатордун кызыкчылыгына кызмат кылуучу долбоорлорго айланды. Алар Исламга каршы күрөшүп, саткындык кылып  жатышат. Баскынчы түзүмүнө моюн сунуу үчүн Абрахам келишимдери аркылуу, ошондой эле «соода кеңейүүсү» деген ат менен байлыктарыбызды тоноп алуу үчүн аракет кылышууда.

Устаз Мунажи Мухаммад

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button