Нил дарыясындагы сууларга төлөм салуу – умумий мүлккө кол салуу жана шарият өкүмүнө ачык каршы чыгуу

Нил дарыясындагы сууларга төлөм салуу – умумий мүлккө кол салуу жана шарият өкүмүнө ачык каршы чыгуу
«Мазид» платформасы 2025-жылдын 16-октябры, жума күнү өз сайтында билдиргендей, Египеттин премьер-министри Мустафа Мадбули 2025-жылга карата №3744-жаңы чечим чыгарып, Нил дарыясынын жана суу каналдарынын суусун, ошондой эле суу көтөрүү иштери боюнча айыл чарбасынан башка тармактарда пайдалануунун үстүнө каржылык төлөмдөрдү киргизди. Бул чечим «суу ресурстарын акыл менен башкаруу» жана суу тартыштыгына каршы туруу деген шылтоо менен кабыл алынды. Чечимден бир күн мурда дагы ушуга окшош башка бир чечим чыгарылган эле. Анда ар бир куб метр сууга анын колдонулуш максатына жараша акча алуу, ал алынган төлөмдөрдү «Нерсени өз абалына кайтаруу» фондуна өткөрүү – бул фонд суу каналдарын, сугаруу жана агын суулар системасын оңдоого жана мыйзам бузуу иштерин жоюуга багытталары белгиленген.
Бул чечимдер адам башына туура келген суу көлөмү дүйнөлүк суу жакырчылыгы чегинин жарымына чейин түшүп кеткен шартта, жана Египеттин Нилдеги үлүшүнө коркунуч туудурган Эфиопиянын «Нахда» дамбасы кыйла убакыттан бери кризис жаратып турган учурда кабыл алынды. Өкмөт жакында кошумча үнөмдөө чараларын да көрдү: суунун баасын баскычтап көтөрүү, насосторду орнотууга төлөм салуу, таза сууну керексиз жумшагандыкты кылмыш катары кароо, сууну көп талап кылган айыл чарба өсүмдүктөрүн уруксат берилбеген аймактарда өстүрүүгө тыюу салуу сыяктуу.
Бул сандар кээ бирөөлөргө аз көрүнүшү мүмкүн, бирок алар мамлекеттин өз табигый ресурстарына болгон көз карашында абдан кооптуу өзгөрүү бар экенин көрсөтөт. Анткени мамлекет бул ресурстарды элдин молчулугу катары эмес, киреше табуучу, акча жыйноочу булак катары көрө баштады. Бул болсо, шариаттагы адамдарга акысыз, төлөмсүз камсыздап берүүгө тийиш болгон умумий мүлк деген түшүнүккө каршы келет.
Дарыя суулары жана суу каналдарынын суусу, өзгөчө Нил дарыясынын суусу – Ислам шарияты боюнча үммөттүн умумий мүлкү болуп эсептелет. Аны эч бир жеке адам, же мамлекет менчикке ала албайт. Мамлекет бул суулардын ээси ролунда мамиле кыла албайт: аны сатып же ижарага берип, же аны пайдаланууга төлөм сала албайт. Имам Ахмад ﷺ Пайгамбарыбыздан ﷺ төмөнкү хадисти риваят кылат:
«المسلمون شركاء في ثلاث: في الماء، والكلإ، والنار»
«Мусулмандар үч нерседе шерик: сууда, жайытта жана отто».
Бул хадис – суунун жалпы пайдаланууга тийиш экенине жана аны эч ким монополия кыла албай турганына ачык далил. Имам Шавкани «Найл ул-автар» китебинде мындай дейт: «Бул хадис бул үч нерсенин бирөөсүнө да ээлик кылуусуна жол бербейт, адамдар аларга бирдей укуктуу болот». Ибн Кудама «Ал-мугниде» мындай деп айтат: «Сууну бөлүп берүү, тосуп алуу же сатуу жаиз эмес. Анткени ал бардык мусулмандар үчүн мубах кылынган».
Ушуга ылайык, Нил дарыясынын суусу жеке менчикке да, мамлекеттин менчигине да кирбейт. Ал шарият белгилеген жалпы мүлк. Мамлекеттин ролу аны башкаруу, көзөмөлдөө жана адилеттүү бөлүштүрүү менен гана чектелет. Аны сатууга жана пайдалануу үчүн төлөм салууга акысы жок.
Мамлекет элден киреше булактарын издеп табуучу соода компаниясы эмес, ал үммөттүн ички-тышкы иштерин көзөмөлдөп, алардын камын көрүү үчүн түзүлгөн аткаруучу түзүм. Бул Пайгамбарыбыз ﷺ айткан кишиге баш ийүүнү талап кылат: «الْإِمَامُ رَاعٍ، وَهُوَ مَسْؤُولٌ عَنْ رَعِيَّتِهِ» — «
Имам башчы, ал өз карамагындагы адамдар үчүн жоопкер». Бул адамдардын негизги муктаждыктарын: суу, азык-түлүк, кийим, турак-жай жана коопсуздукту камсыздап, аларды айырмачылыксыз бардык адамдарга жеткирүүнү камтыйт.
Умар ибн аль-Хаттаб رضي الله عنه мындай деген: «Эгер Ирактын бир жеринде бир эшек жыгылып калса да, “Эй Умар, сен ага жолду эмне үчүн түздөп бербедиң?” деп менден сурак болот деп корком». Анда элге өздөрүнө тиешелүү болгон дарыянын суусун ичиши үчүн төлөм салган адамдын абалы кандай болот?!
Ислам болсо суу, сугаруу, канализация жана оңдоо иштерин элдин чөнтөгүнөн эмес, Байтул-малдын эсебинен каржылоону буйруган. Эгер суу каналдарын оңдоого же насосторду иштетүүгө муктаждык жаралса, алар колдонууга төлөм салуу аркылуу эмес, хараж, фей, анфал жана риказ сыяктуу Байтул-мал булактарынан каржыланат.
Фукахалар билдиришкендей, умумий мүлккө таандык болгон нерселердин пайдасы сатылбайт, анткени бул жалпы элдики болгон нерсени бирөөгө менчиктөө дегенди билдирет, ал болсо шарият боюнча батыл. Эгер мамлекет элден жалпы сууну пайдаланганы үчүн акча жыйнап жатса, анда ал өзүнө халал эмес нерсени алып, элге шарият жүктөбөгөн оорчулукту жүктөп жатат.
Ислам фыкхында элге салыктарды салууга бир гана өзгөчө жагдай уруксат берилери белгиленген: Байтул-малдын каражаты толук түгөнүп калып, мамлекет аткарышы важиб болгон иштер калып кеткен болсо (мисалы, жихад же жакырларга чыгымдоо). Ошондо гана муктаждык көлөмүндө жана оңойлук менен, мусулмандардын байларына гана салынат. Фукахалар аны так ушундайча баамдашкан.
Ал эми мамлекет өз чыгымдарын жабуу үчүн үзгүлтүксүз, дайым, туруктуу салыктарды жана төлөмдөрдү элге салса, бул — Пайгамбарыбыз ﷺ катуу эскерткен «макс» (өлчөмсүз мыйзамсыз салык). Хадисте мындай деп айтылган:
«لَا يَدْخُلُ الْجَنَّةَ صَاحِبُ مَكْسٍ»
«Макс жыйноочу Бейишке кирбейт».
Макс — элден акыйкатсыз алынган бардык акча: ал «салык» деп аталсын, «төлөм» деп аталсын, «кызмат акы» деп аталсын айырмасы жок.
Аалымдар максты зулумдуктун жана адамдардын мал-мүлкүн батыл жол менен жеп коюунун бир түрү деп эсептешкен. Имам Куртуби мындай деген: «Макс салыктары эң чоң күнөөлөрдүн жана эң жийиркеничтүү зулумдуктардын бири».
Демек, Нил суусун пайдаланууга салынган бул төлөмдөр — үммөттүн ажырагыс укугу болгон жалпы мүлккө мамлекеттин мыйзамсыз кол салуусу. Анткени бул сатылбай турган, акча жыйналбай турган жалпы элдин суусунан акча алуу болуп, макстын ачык мисалына кирет.
Египет режими бул төлөмдөрдү «суу ресурстарын акыл менен башкаруу» жана Эфиопиянын «Нахда» дамбасын куруу уланып жаткан шарттагы суу тартыштыгына каршы туруу деген жүйө менен актайт. Бирок суу кризисин шарият боюнча чечүү — элге кошумча чыгым жүктөө менен эмес, төмөнкүлөр аркылуу ишке ашат:
- Египеттин суу боюнча укуктарын чындап коргоо, аларды келишимдер же жеңил-желпи багынуулар менен кор кылбоо.
- Суу жана сугаруу системаларын өркүндөтүү, жыл сайын миллиарддаган куб метр суунун жоголушуна алып келген агып кетүү, коррупция жана начар башкарууну токтотуу.
- Сууну адилеттүү бөлүштүрүү, аны ичүү жана айыл чарбасы сыяктуу шарияттык маанилүү муктаждыктарга багыттоо; сууну үммөттүн кызыкчылыгына кызмат кылбаган оюн-зоок же өнөр жай долбоорлоруна ысырап кылбоо.
- Элге жаңы төлөмдөрдү жүктөө эмес, оңдоо жана жаңылоо долбоорлорун Байтул-малдан каржылоо.
- Үммөттүн акыйдасынан чыккан суу саясатын орнотуу, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду же чет элдик каржылоо шарттарынын кысымына баш ийбөө.
Сууну сатып-алынуучу товарга айлантып, элге кошумча жүк салуу менен эмес, ушундай камкордук менен гана суу коопсуздугу камсыздалат,.
Нил суусун пайдаланууга төлөм салуу өзүнчө бир кадам эмес, экономикалык капиталисттик системанын ажырагыс бөлүгү. Бул система ар бир ресурсту жыйым жана пайда табуучу булак катары көрөт жана мамлекеттин калкты багуу милдетинен баш тартуусун нормалдаштырат.
Мамлекет Эфиопия алдында Нил суусундагы үлүшүн коргой албай, өз суу ресурстарын жетиштүү деңгээлде башкара да албай турган учурда, эң жеңил жолду т.а. элге жүк салууну тандайт. Бул болсо Исламдагы башкаруунун маңызына каршы келет. Исламда мамлекет үммөттүн кожоюну эмес, анын кызматчысы.
Нил дарыясынын жана суу каналдарынын суусу мамлекет элге сатчу товар эмес. Алар үммөттүн умумий мүлкү, Ислам мамлекетке аларды коргоону жана элди акысыз камсыздоону милдет кылып койгон. Аларга төлөм салуу үммөттүн акылуу мүлкүнө кол салуу жана шариятка каршы ачык амал.
Чечим жыйымдарды көбөйтүүдө эмес, Исламды толук колдонуучу башкаруу түзүмүн орнотууда. Ал элдин иштерин чыныгы камкордук менен жүргүзөт, ресурстарды адилеттүү бөлүштүрөт, Байтул-малды өз орду менен пайдаланат жана үммөттүн укуктары менен соода кылбайт.
Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«مَنْ وَلِيَ مِنْ أَمْرِ الْمُسْلِمِينَ شَيْئاً فَاحْتَجَبَ دُونَ حَاجَتِهِمْ وَفَاقَتِهِمْ وَفَقْرِهِمُ احْتَجَبَ اللَّهُ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَنْ خَلَّتِهِ وَحَاجَتِهِ وَفَقْرِهِ وَفَاقِتِهِ»
«Ким мусулмандардын ишинен бир ишке башчы болуп, алардын муктаждыктарын, кыйынчылыгын жана жакырчылыгын көздөн жашырып койсо, Кыямат күнү Аллах анын муктаждыгын, кыйынчылыгын жана жакырчылыгын көздөн жашырат» (ат-Табарани риваяты).
Устаз Саид Фадл
Роя гезити




