Роя гезити

Ортагустун Ливанга болгон сапарынын максаты!

Ортагустун Ливанга болгон сапарынын максаты!

Американын Ливанга жана жалпы аймакка каршы жүргүзүп жаткан нормалдаштыруу жана багындыруу долбоорунун алкагында, Трамп жана анын командасы мусулман өлкөлөрүнүн дагы көп өкүмдарларын «Абрахам келишимдерине» кошууга умтулуп жатат. АКШнын өкүлү Морган Ортагустун Ливанга жана баскынчы яхудий түзүмүнө болгон сапары Ливанга саясий, коопсуздук жана экономикалык басымдар, коркутуулар жана шарттар менен коштолуп келди. Бул сапар Араб Лигасынын башкы катчысынын жана Египет чалгын кызматы жетекчисинин сапары менен бир убакта өткөнү да мунун ошол эле багыттагы аракет экенин көрсөтүп турат.

Ушул сапарларга байланыштуу, Хизб ут-Тахрирдин Ливан вилаятындагы маалымат бөлүмү төмөндөгүлөрдү баса белгиледи:

Биринчиден: Американын жана анын кошоматчыларынын мусулман өлкөлөрүнө кийлигишүүсү – биздин эмес, Американын жана яхудий түзүмүнүн кызыкчылыктары үчүн. Өзгөчө, Америка саясий, экономикалык, каржылык, аскерий жана маалымат жаатында яхудий түзүмүнүн биринчи даражадагы колдоочусу экени ачыктан-ачык көрүнүп турат.

Экинчиден: Өкүлдүн бул сапары кээ бирөөлөр ойлогондой бейтарап сапар эмес! Тескерисинче, бул аймактагы яхудий түзүмүн колдоп, аны аскерий жана саясий жактан бекемдөөгө багытталган ачык америкалык саясаттын бир бөлүгү. Америкалык өкүл сунуштап жаткан нерселер – үстөмдүк орнотуу, көз карандылыкты бекемдөө жана эгемендүүлүктү кемсинтүү болуп саналат. Бул болсо яхудийлерге багынуунун, моюн сунуунун бир түрү, ал эми мындайга Аллах Таала мусулмандарды эч качан чакырган эмес.

Үчүнчүдөн: Бул талаптарды кабыл алуу же чет элдик вассалдыкты чыңдаган кандай гана келишимдерге кол коюу болбосун, Аллахка, Анын Элчисине ﷺ  жана үммөткө кылынган чыккынчылык болуп эсептелет. Ошондой эле Ливандан жана Палестинадан бул баскынчы түзүмдү чыгаруу үчүн салгылашкан жана курмандык кылгандардын баарына чыккынчылык кылуу болуп саналат.

Төртүнчүдөн: Ливан элдеринин — мусулмандар болобу же мусулман эмеспм — басымдуу көпчүлүгүндө яхудий түзүмү менен кызматташуу шариат түшүнүгүндө да, Ливан бийлиги таянып жаткан светтик мыйзамдарда да, жалпы адамдык мыйзамдарда да кылмыш болуп эсептелет. Айрыкча, бул кылмышкер түзүм Газага карата геноцид жүргүзгөндөн кийин, муну Ливанда же башка мусулман өлкөлөрүндө да жасабай коюудан эч качан кайтарылбайт.

Бешинчиден: Американын аймакка каршы жүргүзүп жаткан бул чабуулу өтпөйт, жана Америка аймакты өз каалагандай кайра түзүү аракетинде ийгиликке жетпейт. Эгер Америка аймак үчүн колонияга, элдердин байлыгын талап-тоноого, мусулмандарды адаштырууга жана аларды өз диндеринен алыстатып «Ибрахим динине» чакырууга негизделген долбоорун ишке ашыруу менен алек болуп жатса, мусулмандарда да Аллах Таала Өзү убадалаган өз долбоору т.а. пайгамбарлык минхажы негизиндеги экинчи Халифалык долбоору бар. Бул долбоор, Аллахтын уруксаты менен, абдан жакындап калды. Дал ушул долбоор аймакты гана эмес, бүткүл дүйнөнү кайра жаңыдан түзүп чыгат. Бул Пайгамбарыбыз ﷺ  айткан төмөнкү хадиске дал келет:

«إِنَّ اللَّهَ زَوَى لِيَ الْأَرْضَ، فَرَأَيْتُ مَشَارِقَهَا وَمَغَارِبَهَا، وَإِنَّ أُمَّتِي سَيَبْلُغُ مُلْكُهَا مَا زُوِيَ لِي مِنْهَا»

“Аллах мага жерди түрүп көргөздү, мен анын чыгышын жана батышын көрдүм. Менин үммөтүмдүн өкүмдарлыгы андан мага түрүлүп көрсөтүлгөнгө чейин жетет”. (Муслим риваяты.)

Ошондой эле Пайгамбар ﷺ сүйүнчүлөгөндөй, яхудий түзүмү жок болот. Ал ﷺ  мындай деп айткан:

لا تَقُومُ السَّاعَةُ حَتَّى يُقَاتِلَ الْمُسْلِمُونَ الْيَهُودَ، فَيَقْتُلُهُمُ الْمُسْلِمُونَ…

“Мусулмандар жөөттөр менен согушуп, мусулмандар аларды өлтүрмөйүнчө Кыямат болбойт…”  (Муттафакун алейхи).

Акырында, Хизб ут-Тахрир / Ливан вилаяты Америка жүргүзүп жаткан нормалдаштыруу жана багындыруу чабуулуна каршы турушун улантат, жана аны эч бир тоскоолдук токтото албайт. Биз Ливан бийлигин нормалдаштыруу жана баш ийүү жолуна түшүүдөн катуу эскертебиз! Ошондой эле аларды бул коркунучка каршы өз элине таянууга чакырабыз, жана «чек аралар», «кайра куруу» же «эл аралык түзүмдүн таасири» деген шылтоолор менен элди алдоодон карманууга үндөйбүз.

Аллах Таала айтат:

وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَىٰ أَمْرِهِ وَلَـٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾﴿

«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт». (Юсуф: 21).

Устаз Набил Абдулкарим

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button