Роя гезити

Пакистан АКШ жана Индиянын үстөмдүгүнөн кутулуу үчүн өз күчүнүн дараметин түшүнүшү керек

Пакистан АКШ жана Индиянын үстөмдүгүнөн кутулуу үчүн өз күчүнүн дараметин түшүнүшү керек

АКШ президенти Дональд Трамп ортомчу болгон ок атышууну токтотуу келишиминен бери Пакистан Индия менен коопсуздукка байланыштуу бир катар маселелер боюнча, анын ичинде Кашмирдин келечеги, чек араны көзөмөлдөө сызыгындагы чыңалууну жумшартуу жана эң маанилүүсү, Индиянын Синд дарыясы боюнча келишимди токтотуу чечимин жокко чыгаруу тууралуу олуттуу диалог баштоого күчтүү каалоо билдирип келди. Анткени бул келишим Пакистанга анын суу керектөөсүнүн болжол менен 80%ын камсыздаган үч негизги дарыя – Синд, Ченаб жана Рави дарыяларынан – пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Бирок Пакистандын бул демилгелери Индия тарабынан кайра-кайра четке кагылды. Индиянын ички иштер министри Амит Шах “Таймс оф Индиа” гезитине мындай деген: “Жок, бул келишим эч качан калыбына келбейт. Пакистанга агып жаткан сууну Раджастанга буруп, канал курабыз. Пакистанды суусатабыз, анткени алар бул сууну негизсиз алып жатышкан”. Шахтын бул тили эки ядролук держава болгон өлкөлөр ортосундагы мамилелердин мындан ары дагы начарлай турганынан кабар берет.

Жакынкы келечекте Индия бул коркутуусун ишке ашыра албайт. Анткени Пакистандын сугат тармактарын камсыздаган сууларды бууп коюу үчүн зарыл болгон инфраструктурасы жок. Ал каналдын курулушу бир нече жылга созулушу мүмкүн. Бирок, ошого карабастан, Индия үч дарыядагы суу агымдарына байланыштуу маанилүү маалыматтарды бөлүшпөй коюу аркылуу Пакистандын айыл чарбасына олуттуу зыян келтире алат. Мурда бул маалыматтарды Индия бөлүшүп турган жана Пакистан бул маалыматтарга таянып айыл чарба кырсыктарын алдын алып келген.

Индиянын диалогду жандандыруудан баш тартуусу Пакистан макул болгон ок атышууну токтотуу келишиминин шарттарына байланыштуу татаал суроолорду гана жаратпастан, Индиянын суу келишимин токтотушуна карата Пакистандын Улуттук коопсуздук кеңеши жарыялаган билдирүүгө да көңүл бурат. Ал билдирүүдө бул кадам “согуштук аракет” катары сыпатталып, ага “улуттук күчтүн бардык тармактары аркылуу толук күч менен жооп берилет” деп айтылган.

Акыркы кыска мөөнөттүү согуш учурунда Пакистандын Индияга абадан үстөмдүк кылганы айкын болду. Индия аба күчтөрү дээрлик шал болуп калганы үчүн ок атышууну токтотууга аргасыз болду. Ошентсе да, Пакистан бул абалды пайдалануунун ордуна, мисалы, оккупацияланган Кашмирди өзүнө кошуп алуу же жок дегенде Сринагар сыяктуу шаарды көзөмөлгө алуу талабын коюунун ордуна, коргонуу позициясын тандап, алдыга жылган позицияларынан артка чегинип, ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоого болгон убаданы гана камтыган келишимге макул болду. Бирок ал сүйлөшүүлөр эч качан болгон жок. Мындан тышкары, Индия АКШнын кандай гана болбосун ортомчулугун четке какты. Моди Трампка мындай деген: “Индия Кашмир маселесинде эч качан үчүнчү тараптын ортомчулугун кабыл албайт”.

Пакистан өзүнүн негизги коопсуздук маселелери болгон суу келишимин калыбына келтирүү, Чек араны көзөмөлдөө сызыгындагы аскерлерди чыгарып кетүү, Кашмирдеги жапайы оккупацияны токтотуу же Кытай-Пакистан экономикалык коридорунун туруктуулугун сактоо сыяктуу маселелерди чечпей туруп, армия штабынын жетекчиси Асим Мунир өзүнө “фронттук маршал” деген наам ыйгарып алды. А түгүл, Трампты Нобель тынчтык сыйлыгына көрсөттү. Буга таң калуунун кажети жок. Анткени, Пакистандын согуштук жеңиштерди стратегиялык саясий жетишкендиктерге айланта албагандыгы биринчи жолу катталган жок. 1999-жылы Пакистан Каргил дөңсөөлөрүн көзөмөлгө алган жана оккупацияланган Кашмирди бошотууга алтын мүмкүнчүлүк болгон. Бирок Пакистан АКШнын кийлигишүүсүнө баш ийип, бул аскердик артыкчылыгын саясий жеңишке айланта алган эмес.

Бул ийгиликсиздиктердин эки негизги себеби бар:

Биринчиден, согуштун максаты жөн гана коргонуу эмес, так аныкталган саясий максаттарга жетүү болушу керек. Бул болсо чабуул доктринасысыз мүмкүн эмес. Мындай доктрина коргонуу жихадын чабуул жихадына айлантууну талап кылат жана аны тиешелүү саясий жана дипломатиялык кадамдар коштошу керек. Ушул жагынан караганда, суу келишимине байланыштуу үч дарыяга үзгүлтүксүз жана туруктуу жетүүнү камсыздоо маселесин чечүү, Кашмирди кошуп алуу сыяктуу узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарды көздөгөн чабуулдук кадамдарсыз жеңишке жетүү мүмкүн эмес.

Экинчиден, Пакистандын жетекчилиги өз аракеттерин дагы эле эл аралык мыйзамдар менен чектеп, ар бир дипломатиялык же аскердик кадамдын алдында Вашингтондун макулдугун алууга аракет кылууда. Бул болсо саясий жактан өзүн-өзү жок кылуу менен барабар. Бул боюнча Ирак, Ливия жана Ирандын тажрыйбасын карап чыгуу жетиштүү. Бул өлкөлөрдүн эл аралык мыйзамга сокурларча баш ийүүсү алардын кыйрашына алып келген. Эгер Пакистан ушул жол менен кете берсе, анын тагдыры да алардан көп айырмаланбай калат.

Ушул орунда Пакистандын жетекчилиги бул сыноолорго каршы аракеттенүүдө кадимки калыптан чыгууга, жаңы багыт боюнча ойлонууга жана тобокелге барууга тийиш. Бул саясий чөйрөнүн Америкага болгон салттуу көз карандылыгынан, ошондой эле эл аралык мыйзамдарга болгон сокурларча баш ийүүдөн арылышын талап кылат. Мисалы, Пакистандын саясий чөйрөсү Ирак менен Ооганстандагы АКШнын стратегиялык жеңилүүлөрүн, Украинадагы ийгиликсиздигин, хуситтердин соккуларына каршы тура албагандыгын туура баалап түшүнүүгө тийиш. Бул окуялар АКШнын дүйнөлүк тартипти калыптандыруу жөндөмүнүн солгундаганын көрсөтүп турат. Мындан тышкары, акыркы кырк жыл ичинде АКШ Пакистандан өзүнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып келди. Советтер Союзун Афганстанда жеңүүдө, Кашмирдеги көтөрүлүштү жана ядролук сыноолорду пайдаланып, Американын өнөктөшү болгон “Бхаратия Жаната” партиясын бийликке алып келди. Ошондой эле, Жакынкы Чыгыштагы жаңы долбоорун жүзөгө ашырууда, Пакистандын “Исламга каршы дүйнөлүк согуштагы” толук колдоосунан пайдаланды. Пакистан болбосо АКШнын планы ишке ашмак эмес.

АКШнын Пакистанга мындай таянуусу, Пакистандын саясий элитасына ачык билдирүү болушу керек. АКШ эми өзүн “алмашкыс держава” катары көрбөйт, ал эми Пакистандын ролун өз таасирин сактап калуудагы чечүүчү курал катары көрөт. Эгер Пакистан АКШ менен кызматташууну токтотсо, Индия Кашмирден мындан ондогон жылдар мурун чыгып кетмек.

Ошондуктан, эгер саясий элита Пакистандын ээ болгон мүмкүнчүлүктөрүн аңдай албаса жана көз карандысыз стратегиялык жолду тандабаса, анда бул өлкө өз жетекчилеринин алсыздыгы жана АКШнын кийлигишүүсүнө болгон баш ийүү артынан “экзистенциалдык” кризиске кептелет. Тескерисинче, эгер бул элита Пакистандын АКШдан көз карандысыз болуусун, Кашмирди бошотуп, Индия субконтинентин өз башкаруусуна кайтаруусун максат кылган жаңы бир хазарий долбоор жөнүндө ойлонсо, анда Пакистан өзүнүн сакафий, экономикалык жана аскердик потенциалын туура пайдалана алмак.

Мындай идеологиялык долбоор Хизб ут-Тахрирде бар. Ал Пайгамбарлык жолу менен экинчи Халифалыкты тикелөө үчүн аракет кылып келет жана Пакистанды бул мамлекеттин пайдубалы катары көрөт. Күтүлүп жаткан Халифалык мамлекети Пакистандын АКШга болгон көз карандылыгынан жана Индиянын үстөмдүгүнөн куткаруучу жалгыз башпаанек. Ошондуктан, Хизб ут-Тахрир менен бирге иштөө жана ага бийликти тапшыруу Пакистандын башынан өткөрүп жаткан кайгылуу абалынан жана жетекчиликтин өз эли менен армиясынын жеңиштерин текке кетиришинен кутулуш үчүн жалгыз чечим.

Абдул Мажид Бахати – Пакистан вилаяты.

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button