Роя гезити

Палестина  мусулмандардын тарыхындагы бермет

Палестина  мусулмандардын тарыхындагы бермет

Палестина мусулмандардын тарыхындагы бермет. Анткени Аллах Таала аны Өзүнүн Ыйык мекени менен бир гана байлоо менен байланыштырып койгон. Ал Өзүнүн элчисин ﷺ  Масжид ал-Харамдан Масжид ал-Аксага алып барган:

﴿سُبْحَانَ الَّذِي أَسْرَى بِعَبْدِهِ لَيْلاً مِنَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ إِلَى الْمَسْجِدِ الْأَقْصَى الَّذِي بَارَكْنَا حَوْلَهُ﴾

«(Алла) бир түнү, Өз пендесин (тактап айтканда, Мухаммадды) (Меккедеги) Масжид – ал – Харамдан (Куддустагы) Биз айланасын берекелүү кылып койгон Масжид – ал Аксага сейил кылдырган (бардык айып – кемчиликтен) таза Зат». (Исра: 1).

Демек, аны берекелүү таза жер кылды. Мусулмандардын жүрөгүн Палестинанын борборуна (Байт ал-Макдиске) байлап койду. Анткени аны мусулмандардын алгачкы кыбыласы кылып, андан кийин Аллах мусулмандарды экинчи кыбыласына – Кааба ал-Мушаррафага бурду. Бул хижраттан он алты ай өткөн соң болду. Ошондо да Палестина исламдын бийлиги астына кире элек болчу. Аны экинчи халифа Умар ибн ал-Хаттаб رضي الله عنه 15-хижрий жылы багынтып, Сафроний аны тапшырып, атактуу “Умар келишими”  түзүлгөн. Анын шарттарынын бири – алардын (христиандар) өтүнүчү боюнча анда яхудийлер менен чогуу жашоого жол берилбесин деп жазылган.

Андан кийин Палестина кресттүүлөрдүн да, татарлардын да мүрзөсү болду. Ошол жерде кресттүүлөр жана татарлар менен чечүүчү салгылашуулар болгон: Хиттин (583-х, 1187-м), Айн Жалут )658-х, 1260-м) Ушул сыңары, Аллахтын уруксаты менен, яхудийлер менен дагы чечүүчү салгылашуулар болуп, Палестина кайрадан толугу менен Ислам жери болуп кайтып келет.

Яхудий түзүмүнүн бүгүнкү күнгө чейин Палестинада сакталып калышы алардын күчтүүлүгүнөн эмес. Анткени алар согушта жеңе турган эл эмес. Аллах Таала айткандай:

﴿لَنْ يَضُرُّوكُمْ إِلَّا أَذًى وَإِنْ يُقَاتِلُوكُمْ يُوَلُّوكُمُ الْأَدْبَارَ ثُمَّ لَا يُنْصَرُونَ﴾

«Алар силерге аза берүүдөн башка эч кандай зыян жеткире алышпайт. Эгер силер менен согушса, аркаларына карап качышат. Кийин аларга (эч ким тарабынан) жардам берилбейт». (Али Имран: 111).

Алардын сакталып турушу мусулман өкүмдарларынын кыянаттыгы айынан. Анткени мусулмандардын баш оорусу – бул алардын өкүмдарлары. Алар Исламга жана мусулмандарга душман болгон кафир колонизаторлордун достору. Яхудийлердин Палестинаны басып алып, ар кандай кылмыштарды жана кыргындарды жасап жатканын көрүп, угуп турушат. Бирок, көрбөгөндөй, укпагандай карап отурушат.

﴿صُمٌّ بُكْمٌ عُمْيٌ فَهُمْ لَا يَرْجِعُونَ﴾

«(Алар) дүлөй, дудук, сокур, демек алар туура жолго кайтышпайт». (Бакара:18).

Бүгүнгө чейин алар аскерлерди Газа Хашимдеги бир туугандарын колдоодон тыйышты. Шахиддердин саны көбөйүшү, жарадарлардын саны артышы уланууда…

Өкүмдарлар болуп жаткан нерселерди карап турушат. Алардын эң жакшысы деп эсептелгендери шахиддерди «өлгөндөр» деп эсептеп, жарадарларды санап отургандар, алар өзүлөрүн бейтарап көрсөтүшөт, бирок чындыгында алар яхудийлерге жакыныраак! Алар «тактыны» өз эли менен жеринен жогору коюшууда!

Бирок бул үммөт – адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт. Алар Аллахтын уруксаты менен бул залим өкүмдарлыкка көпкө чыдабайт. Бизди Пайгамбарыбыз ﷺ  кабардар кылган: бул жабыр көрсөтүүчү залим падышачылыктан кийин кайрадн пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык кайтып келет. Имам Ахмад жана Тайалисинин «Муснадында» Хузайфа ибн ал-Йаман رضي الله عنه дан мындай хадис риваят кылынат:

«… ثُمَّ تَكُونُ مُلْكاً جَبْرِيَّةً، فَتَكُونُ مَا شَاءَ اللَّهُ أَنْ تَكُونَ، ثُمَّ يَرْفَعُهَا إِذَا شَاءَ أَنْ يَرْفَعَهَا، ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ نُبُوَّةٍ»

«…Кийин жабыр көрсөтүүчү залим падышачылык болот жана ал Аллах каалаганча турат, кийин Аллах Өзү каалаганда аны көтөрөт. Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот».

Ошондо мусулмандар улуу болот, кафирлер болсо кор болот. Аллах Таала айтат:

﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾

«Ошол күндө момундар Алла (румдуктарды) жеңишке ээ кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишисин үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси». (Рум: 4–5

Таӊ каларлык нерсе – кафирлер, айрыкча яхудийлер, муну бүгүнкү көпчүлүк мусулмандардан да жакшыраак түшүнүшөт. Яхудийлер Халифалыкта алардын акыр кыяматы турганын билишет. Мунун далили катары алардын премьер-министри 2025-жылы 21-апрелде массалык маалымат каражаттары аркылуу, анын ичинде «Аль-Жазира» түз эфирде көрсөткөн маалымат жыйынында мындай деген:

«Биз Жер Ортолук деӊизинин жээгинде Халифалык түзүлүшүнө эч качан жол бербейбиз. Биз бул жерде да, Ливанда да Халифалык мамлекетинин болушун кабыл албайбыз, жана “Израилдин” коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иштеп жатабыз».

Бирок, алар кааласа да, каалабаса да, Аллахтын уруксаты менен Халифалык кайра орнойт, аларды бул ыйык жерден түп-тамыры менен жок кылат. Айрыкча, Хизб ут-Тахрир – Аллахка чынчыл, Пайгамбарына ﷺ  берилген бул кыймыл – Халифалыкты орнотуу үчүн күрөштү жетектеп жатат. Алар Аллах менен түзгөн убадаларына бапаа кылган адамдар. Алар Аллахтын убадасына ишенишет.

Аллах Таала айтат:

﴿وَاللّٰهُ غَالِبٌ عَلَى أَمرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Алла Өз ишинде үстөмдүк кылуучу (тактап айтканда, Аны Өзү каалаган ишти кылуудан эч ким кайтара албайт) бирок адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт». (Юсуф: 21).

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button