Санариптик эгемендүүлүк деген эмне жана ага ким ээлик кылат?

Санариптик эгемендүүлүк деген эмне жана ага ким ээлик кылат?
Биз эгемендүүлүк тууралуу сөз кылганда, дароо эле чек аралар, карталар жана аскерлер эске түшөт. Бирок электрондук тармактар жана санариптик өзгөрүүлөр доорунда эгемендүүлүктүн санариптик түрү пайда болду. Бул мамлекеттердин эч биринин көзөмөлүсүз өз алдынча чечим кабыл алуу мүмкүнчүлүгү. Башкача айтканда, санариптик инфраструктураны кантип куруу; маалыматтарын кайда сактоо; кайсы стандарттарды колдонуу; экономиканы жана жарандарынын коопсуздугун көзгө көрүнбөгөн чабуулдардан кантип коргоо чечимдерин өз алдынча кабыл алат. Бул мүмкүнчүлүккө ээ болгон тарап кибер мейкиндигин коргоо менен гана чектелбестен, географиялык чектен ашкан саясий жана экономикалык таасирге да ээ болот.
Санариптик (кибер) эгемендүүлүктүн баяны алгач кургактыктагы техникалык нерселерден башталып, миңдеген чакырымга созулган деңиз алдындагы кабелдер, дарыя суусу менен муздатылган маалымат борборлору, сайттын атын санариптик дареги менен байланыштырган DNS системаларына чейин жетет. Бул негизде санарип булуттары, ири платформалар, колдонмо дүкөндөрү жана жасалма интеллект системалары иштейт. Ошол эле учурда “бөтөлкөнүн оозу” сымал муунтуучу түйүндөр бар, алар: микросхема долбоорлоо шаймандары (алар жок чип жасалбайт), сейрек сатыла турган алдыңкы өндүрүш жабдуулары, жана техникалык стандарттар, ким аларды жазса, кийин базарда ошол жеңет.
База түзүүчү же жөн гана колдонуучу болуу ортосундагы айырма санариптик эгемендүүлүктүн чыныгы жүзүн көрсөтөт.
Бул майданда үч чоң блок алдыга чыгууда, ар биринин өз стили жана мүмкүнчүлүгү бар:
АКШ – дүйнөлүк санариптик тутумдун инженери катары иш кылууда. Мейкиндик кызматтарында, платформаларда, программаларда жана жасалма интеллектте чоң салмакка ээ. Кеңири колдонулган чип долбоорлоо куралдарын да сактап турат. Анын күчү техника менен гана чектелбейт, укук тармагына да жайылат (өзүнүн компанияларынын маалыматтарына өлкө тышынан да келишимдер жана укуктук алкактар аркылуу жетүү мүмкүнчүлүгү бар). Ошондой эле, ал көптөгөн мамлекеттерди өз стандарттарын кабыл алууга түрткөн альянстарга ээ. Ал эми коопсуздук тармагында чалгындоо мүмкүнчүлүктөрү жана терең өнөктөштүктөрү менен кибер мейкиндикке дайыма көз салууга жетишет.
Кытай – өз таржымалын жазып жатат: ири ички базарга, кеңири өндүрүшкө жана өлкө сыртына созулган «санарип Жибек жолу»на таянып, чиптерде, жасалма интеллектте жана төлөм системаларында импортту алмаштырууга тынымсыз аракеттенүүдө. Кытай дагы эле алдыңкы чип өндүрүш жабдууларында боштуктарга жана кыйынчылыктарга туш болууда, бирок бул боштуктарды мамлекеттик инвестициялар, ири каржылоо жана жылдан-жылга интеграцияланып бараткан камсыздоо чынжыры аркылуу толтурууда.
Европа Биримдиги өзгөчө куралга ээ – бул маалыматтарды коргоо, платформаларды көзөмөлдөө, киберкоопсуздук жана санариптик иденттүүлүк жаатындагы жоболор жана стандарттар. Ушул тармактарда европалыктар оюн эрежелерин жазууда. Бирок алар үчүн эң чоң чакырык мыйзамда эмес, өнөр жайда өздөрүнүн жөнгө салуучу күчүн дүйнөлүк деңгээлдеги платформаларга жана продукцияларга кантип айлантуу маселесинде турат.
Жаңы оюнчулар да чыгууда. Мисалы, Индия жүз миллиондогон адамдарды камтыган санариптик иденттүүлүк жана мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр аркылуу «мамлекеттик платформа» тажрыйбасын сунуш кылууда. Ал чиптер жана ачык программалык камсыздоодо да өсүп жаткан амбициясын көрсөтүүдө. Ошондой эле Корея, Тайвань жана Япония – чийки заттан тартып жабдууларга чейин камсыздоо чынжырынын тактык талап кылган баскычтарын көзөмөлдөп турушат. Россия болсо, экономикалык чектөөлөргө карабастан, эсепке алынууга тийиш болгон кибер кол салуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуп, аларды коркутуу жана тең салмактоо фактору катары колдонууда.
Киберкоопсуздук тууралуу айта турган болсок, анын мааниси замандын экономикасы үзгүлтүксүздүккө таянгандыгында. Ал эми үзгүлтүксүздүк өз кезегинде өндүрүштөн тартып керектөөгө чейинки бардык баскычтарда экономиканын санариптешүүсүнө көз каранды. Электр тармагына, ири банкка же байланыш камсыздоочуга жасалган ар кандай киберчабуул бүтүндөй бир шаарды тоңдуруп коюшу мүмкүн.
Америка мурда Россия тарабынан жасалган киберчабуулга кабылган, ал коргонуу тармактарына чейин жетип, анын ичинде өзөктүк куралды көзөмөлдөө шаймандарын да камтыган. Бул кырдаал мурдагы АКШ президенти Байден менен президент Путиндин жолугушуусу аркылуу көзөмөлгө алынган.
Мына ушунда эгемендүүлүк тең салмактуулугу жатат: көп катмарлуу коргонууга ээ болгон, камсыздоо чынжырын көзөмөлдөгөн, боштуктарын тез жапкан жана жарандарына да, каржы рынокторуна да ишеним курууга жетишкен мамлекет эгемендүүлүктү колго алат. Ал эми ишеним – нефть жана газдан кем калбаган саясий жана экономикалык капитал.
Бүгүнкү күндө санариптик эгемендүүлүктө ким күчтүү?
- Техникалык жактан: АКШ мейкиндик кызматтарында, платформаларда, программаларда, жасалма интеллектте жана чип долбоорлоо куралдарында үстөмдүк кылууда. Кытай болсо ири ички өндүрүш потенциалына ээ жана колдонмолордо тез алдыга жылууда, ошондой эле алдыңкы жабдуулар босогосун ашып өтүүгө умтулууда. Европа болсо стандарттарда, жабдуулардын айрым баскычтарында жана өнөр жайдагы инновацияда күчтүү, бирок дүйнөлүк ири платформаларга тең атаандашуу жолун издеп жатат.
- Каржылык жактан: Америка венчурдук капиталдын борборун жана инновацияны каржылоочу рынокторду колдоосунда сактап турат. Кытай бул багытта мамлекеттик ири инвестициялар менен күчүн топтоодо. Европа болсо аны багытталган өнөр жай саясаттары аркылуу тең салмактоого аракеттенүүдө.
- Саясий жактан: Америка кеңири альянстар тармагына таянып, өзүнүн стандарттарын жайылтууда. Кытай санарип инфраструктуралык долбоорлор жана тышкы каржылоо аркылуу кеңейүүдө. Европа Биримдиги болсо өзүнүн ички рыногунда глобалдык компаниялардын жүрүм-турумун өзгөртүп жаткан «нормативдик күч» аркылуу таасир көрсөтүүдө.
Орто деңгээлдеги мамлекеттер үчүн бул карта багынууну билдирбейт. Санариптик эгемендүүлүк баарын бир учурда камтууну эмес, ал катмар-катмар курулуп бара турган жараян. Мамлекет өзү каалаган нерселерди жергиликтүү деңгээлде өнүктүрө алат: улуттук санариптик иденттүүлүк, маанилүү тармактар үчүн эгемендүү мейкиндик, чек ара ичинде жайгашкан маалымат борборлору. Ошол эле учурда азырынча курууга мүмкүн болбогон жабдууларды сырттан сатып алса болот. Ошондой эле чип, мейкиндик жана кабелдик камсыздоочуларды ар түрдүү кылып тандоо, маалыматтарды коргоо жана чек арадан өткөрүү боюнча тең салмактуу мыйзамдарды кабыл алуу, кибер мейкиндикти коргой турган жана жасалма интеллектти өнүктүрө турган кадрдык капиталды калыптандыруу маанилүү. Эң башкысы – стандарттарды аныктоочу уюмдарда активдүү катышуу, анткени бүгүн ким стандарт жазса, эртең ошол продукцияны сатат.
Африкада, Латын Америкада жана Ислам өлкөлөрүндө көптөгөн мамлекеттер дагы деле керектөөчү бойдон калууда. Алар Америка, Европа, Кытай, Жапония жана Кореянын продукцияларын пайдаланышат. Жергиликтүү деңгээлде программалык камсыздоонун айрым өндүрүштөрү болгону менен, алар дагы негизинен өнөр жайды ээлеген өлкөлөрдүн продуктыларына, түзмөктөрүнө жана операциялык системаларына таянат.
Бул жерде кеп техникалык көрүнгөнү менен, негизинен бул – эгемендүүлүк маселеси: маалымат чечимдерин ким кабыл алат? Платформаларды ким көзөмөлдөйт? Техникалык шантажсыз коопсуздукту ким кепилдейт? Соода, саясат жана кызмат көрсөтүүлөр тармактар аркылуу жүргүзүлүп жаткан дүйнөдө бул суроолорго жооп берүү – мамлекеттердин ордун жана таасирин аныктаган критерий болуп калууда. Санариптик эгемендүүлүк – бул ураан да, жыргалчылык да эмес. бул – мамлекеттин планы. Эсептелген инвестициялар, акылдуу альянстар, так мыйзамдар жана алгачкы чабуулда урап түшпөгөн мүмкүнчүлүктөрдү калыптандыруу.
Демек, бул стратегиялык багытта олуттуу ойлонуу керек, иншаАллах жакында, Халифалык мамлекети пайда болгондо андан да зарыл болот. Анткени ал шаръий-акыйдавий жактан да, саясий жактан да бардык тармактарда толук эгемендүүлүккө ээ болушу шарт. Суроо мындай: Халифалык түзүлгөндө, Аллах буйруган толук эгемендүүлүктүн ажырагыс бөлүгү болгон санариптик эгемендүүлүккө жетиш үчүн зарыл болгон негиздерге ээ болобу?
Аллах Таала айтат:
﴿وَلَن يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾
«Алла эч качан каапырлар үчүн момундар үстүнөн жеңип чыгышына жол бербейт». (Ниса: 141).
Др. Мухаммад Жилани
Роя гезити