Сириядагы чет элдик инвестициялардын эгемендүүлүккө жана чечим кабыл алууга тийгизген коркунучу

Сириядагы чет элдик инвестициялардын эгемендүүлүккө жана чечим кабыл алууга тийгизген коркунучу
2025-жылдын 24-июлунда Саудиянын мураскер ханзаадасы ибн Салмандын көрсөтмөсү менен Сауд Арабиядан Дамаскка келген ири сандагы ишкерлердин катышуусунда Саудия-Сирия инвестиция форуму өткөрүлдү. Анда 4–6 миллиард долларлык 47 келишимге кол коюлду. Бир нече саудиялык аткаминерлер бул кадам өлкө экономикасын көтөрүү, Сирияга инвестиция тартуу жана эл аралык инвестициялык альянстарды түзүү үчүн инвестиция агымын баштоонун кадамы болорун билдиришти.
Бул форум Дамаскта өткөрүлүп жаткан чакта ага жакын Сувейдада кан төгүүлөр уланып, мусулмандар ал жерден сүрүлүп чыгарылып, кыргынга учурап, коопсуздук күчтөрү жана аскерлер өлтүрүлүп, сөөгүнө кордук көрсөтүлүп жаткан эле. Мамлекет болсо, кыязы, «инвесторлор менен акча мусулмандардын канынан маанилүү» дегендей түр көрсөтүүдө. Форум Сауд үй-бүлөсү падышалыгынын колдоосу менен өткөрүлдү. Бул падышалык Газа яхудий түзүмү тарабынан талкаланып жатканда аны коргобостон, тескерисинче, яхудийлерге керектүү азык-түлүктү, жабдууларды жана курал-жарактарды БАЭ порттору жана америкалык базалар аркылуу өткөрүп берип, мусулмандардын канына кайыл болгон. Саудиянын мындай кызыгуусунун максаты Дамаск өкмөтүнүн саясий жана экономикалык чечимдерин көзөмөлгө алуу, ошону менен АКШнын кызыкчылыгына кызмат кылган шарттарды жеңилдетүү.
Саудиянын инвестициялар министри Халид аль-Фалих азыркы этапта Сириянын башкы өнөктөшү Саудиянын жеке сектору экенин, мураскер ханзааданын көрсөтмөсү менен форумга 20 мамлекеттик мекеме жана жеке сектордун 100дөн ашуун алдыңкы компаниялары катышып жатканын билдирди. Бул компаниялар Сирия рыногуна энергия, өнөр жай, инфраструктура, кыймылсыз мүлк, каржы кызматтары, саламаттык сактоо, айыл чарба, байланыш, маалымат технологиялары, курулуш, билим берүү ж.б. сыяктуу маанилүү тармактарга кирерин, жаңы цемент заводдору куруларын айтты.
Аль-Фалихтин айтымында, сирия өкмөтү инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн 2025-жылдын 24-июнунда Инвестициялар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, инвесторлорго көбүрөөк кепилдиктер жана жеңилдиктер берген, инвестициялык процедураларды жөнөкөйлөткөн. Бул болсо жергиликтүү жана чет элдик инвестиция үчүн жагымдуураак чөйрөнү түзөт.
Сириянын убактылуу башкаруусу элдин ишин Ислам акыйдасынан келип чыккан эч кандай саясий долбоор менен жүргүзгөн жок. Анысы аз келгенсип, мамлекетти жана коомду жетектей турган эч кандай саясий долбоору да жок. Тескерисинче, 2024-жылдын 8-декабрында кылмышкер Башар кулатылгандан кийин ачык айткандай, эркин капиталисттик экономикалык түзүмдү кабыл ала турганын жана чет элдик, жергиликтүү инвестицияларга бардык тармактарда — жеке мүлк болобу же жалпы мүлк (порттор, аэропорттор, электр энергиясы ж.б.) болобу — уруксат бере турганын жарыялаган.
Чет элдик инвестициялардын коркунучун көрмөксөнгө салуу, кооптуу. Айрыкча, мамлекеттик деңгээлде иш алып бара турган саясий лидер болбосо, келечекке көз карашы жок жана мамлекетти жетектөөгө толук кандуу долбоору болбосо, башкалардын долбоорлорун аткаруучу куралга айланат.
Саясатта белгилүү болгондой, азыркы дүйнөлүк түзүм — бул дүйнө өлкөлөрүн талап-тоноону гана көздөгөн, сүткорлукка негизделген капиталисттик институттар жетектеген ач көз капиталисттик түзүм.
Инвесторлордун экономикалык форумуна кайрылсак, Дамаск өкмөтү чындап эле булар Сириянын кыйраган экономикасын көтөрүү үчүн келди деп ойлойбу?! Жок, алар өлкөнүн байлыктарын талап-тоноп кетүү үчүн келишкен. Алар кайрымдуулук уюмдары эмес, балким, пайда сириялык элдин эсебинен болсо да мүмкүн болушунча көбүрөөк пайда табууну гана көздөгөн капиталисттер.
Дамаск башкаруучуларына эскертебиз, экономика өлкөнүн өз элинин колу менен, мамлекеттин камкордугу жана көзөмөлү астында курулат, ар кандай ар түрдүү күн тартиби бар тышкы колдор менен эмес. Ошондуктан мамлекет жеке адамдар кайсы тармактарда инвестиция кыла аларын аныктап, ал инвестициялар умумий мүлккө өтпөшүн камсыздашы керек. Умумий мүлккө инвестиция мамлекеттин түздөн-түз башкаруусу жана көзөмөлү астында жүргүзүлүп, ал жалпы кызыкчылык үчүн сакталууга тийиш.
Чет элдик инвестиция шылтоосу менен, мамлекеттин инвестиция жүргүзүлүп жаткан аймактагы эгемендүүлүгүн жоготуу, «инвестиция» деген шылтоо менен тыңчылар менен агенттердин өлкөгө оңой кирип келиши, ошондой эле өлкөнүн маданий жана коомдук турмушуна сырттан таасир этүү күчөйт. Мындан тышкары, өлкөнүн байлыктарынын тонолуп сыртка чыгарылышы жана өлкөнүн сүткордук жана монополияга негизделген капиталисттик институттар менен байланыштарга, келишимдерге жана экономикалык мамилелерге тартылат.
Чет элдик инвестициялар алып келчү эң башкы коркунучтардын бири – бул инвесторлордун өздөрүнөн келип чыккан экономикалык жана саясий туруксуздук. Алар мамлекетке ар түрдүү талаптарды коюп, басым жасап, шантаж кылышат. Ошондой эле мыйзамдар менен жоболорду көп жолу өзгөртүп, аларды өздөрүнүн долбоорлоруна ылайыкташтырышат. Мындан тышкары, өлкөдөн сыртка чыгып жаткан акча которуулар улуттук валютанын туруксуздугуна, акча жүгүртүүнүн азайышына жана инфляцияга алып келет. Инвесторлордон келчү дагы бир коркунуч – алардын сакафатын жана коомдук жашоо үлгүсүн өлкөгө киргизип, элдикине каршы болгон адаттарды жайылтуусу, коррупция, паракорлук, тааныш-билишчилик, базарлардагы алдамчылык жана монополиянын жайылышы.
Исламдагы экономикалык көз караш боюнча, мамлекеттин милдети алгач мамлекет ичиндеги ар бир жарандын негизги муктаждыктарын камсыз кылуу, андан соң кошумча муктаждыктарын да камсыздоого аракет кылуу. Ошондой эле менчикке ээ болуу жана аны пайдалануу жол-жоболорун аныктоо, жалпы элге тиешелүү болуп мамлекеттин көзөмөлүндө турган умумий мүлк менен коомдук кызматтарды так көрсөтүү зарыл. Булардын катарына жер астындагы байлыктар, умумий мүлк катары порттор, аэропорттор, жолдор, электр энергиясы, суу, пляждар, дарыялар, билим берүү, саламаттык сактоо, коопсуздук жана башка ушул сыяктуу тармактар кирет. Ошондой эле жеке адамдар эмнени менчик кыла алары да белгиленет.
Мамлекет Аллахты ыраазы кылган экономикалык саясат жүргүзүп, мал-мүлктү жана адам өмүрүн коргоого, мусулмандардын байлыгын ысыраптан, тонолуудан, өлкөдөн чыгып кетүүдөн сактоого милдеттүү. Бул үчүн чыныгы жана бекем экономиканы куруп чыга турган долбоорлорду ишке ашырышы керек. Дал ушундай чаралар гана Раббибизди ыраазы кылат, биздин туруктуулугубузду камсыздайт жана эгемендүүлүгүбүз менен чечим кабыл алууда көз карандысыздыгыбызды бекемдейт.
Устаз Мустафа Атик
Роя гезити