Роя гезити

Судан согушунда төрт тараптуу жыйын акыркы бекетпи?!

Судан согушунда төрт тараптуу жыйын акыркы бекетпи?!

2025-жылдын 25-октябры, ишемби күнү, АКШ президентинин араб жана африка иштери боюнча башкы кеңешчиси Мусад Булус мындай деди: Судан боюнча түзүлгөн төрт тараптуу комитет Судандагы шашылыш маселелер боюнча координацияны күчөтүү максатында биргелешкен комитет түзүүгө макул болушту. Булус «X» платформасында билдиргендей, кечээ Вашингтондо АКШнын демилгеси менен өткөн жыйында Египет, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмираттары катышып, Судандагы кризиске тышкы кийлигишүүнү токтотуу жана жарандык башкарууга өтүүнү тездетүү жолдору талкууланды.

Булус ошондой эле комитетке кирген өлкөлөр Суданда шашылыш түрдө ок атышууну токтотуу жана туруктуу ок атышпоого жетишүү жолдорун талкуулашканын, ошондой эле эл аралык «төрттүк» 12-сентябрда Судан боюнча жарыяланган билдирүүсүнө берилгендигин дагы бир ирет ырастаганын билдирди.

Бул төрт тараптуу жыйын АКШнын ортомчулугу менен Вашингтондо армия менен Ыкчам колдоо күчтөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан кыйыр сүйлөшүүлөр тууралуу кабарлар менен дал келди. Судан өкмөтү бул сүйлөшүүлөр тууралуу кабарды четке какканына карабастан, ишенимдүү булактар билдиргендей, Судандын тышкы иштер министри да аскерий делегациянын жетекчиси катары Вашингтондо жүрөт. Министрдин АКШга сапары расмий түрдө ырасталгандан кийин Судандын ТИМи жарыялаган билдирүүдө мындай делген: “Бул сапар Хартум менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү боюнча улантылып жаткан аракеттердин жана Судандагы тынчтыкты колдоо, ошондой эле өз ара кызыкчылыктар боюнча диалогду улантуу алкагында жүргүзүлүүдө….

Бул билдирүү кандай формада же мүнөздө болбосун, Вашингтондо сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кыйыр түрдө моюнга алуу болуп саналат. Булус айткан билдирүүдөн жана 2025-жылдын 12-сентябрында жарыяланган төрттүк билдирүүсүнөн айкын көрүнүп турат: Америка бул согушту толук токтотууга же аны толук чечүүгө али жете элек. Алар сөз кылып жаткан нерсе, үч айлык убактылуу ок атышууну токтотуу жана бул 2023-жылдын башында Жидда платформасында жарыяланган ок атышууларга окшош. Эгерде төрттүк билдирүүсүн карап чыксак, анда согушту токтотуу жөнүндө эмес, гуманитардык ок атышууну жана жардамдарды жеткирүү тууралуу гана айтылган. Анда мындай деп келтирилген: «…Билдирүүдө бардык Судан аймактарына гуманитардык жардамдарды тез жеткирүү үчүн баштапкы этапта үч айлык гуманитардык ок атышпоону сунуштайт». Америка Судандагы согуштун башталышынан бери бул документти өз колунда кармап келет жана эч бир мамлекетке кийлигишүүгө уруксат берген жок. Анткени бул согуштун артында турган да, анын узакка созулушуна себепчи болгон да Америка. Маалым болгондой, бул согуштун чыгышына негиз болгон нерсе “рамкалык келишим” болчу. Эгер ал келишим өзүндөй ишке ашса, анда Америка Судандан четтеп, аскерлер бийликтен кол жуумак. Бирок Америка Суданды аскер жетекчилери аркылуу башкарууну улантып келет.

Суданда элдик толкундоолор башталганда, Европа, өзгөчө Британияга байланышкан адамдар бул абалды колдонуп, бийликти жарандык тараптагы Европага кызмат кылган адамдарга өткөрүп берүүгө аракеттеништи. Натыйжада эки тараптын ортосундагы күрөш рамкалык келишимге алып келген. Ал келишим бийликти толугу менен жарандык тарапка өткөрүп берип, аскер үстүнөн да алардын үстөмдүгүн орнотмок. Ошондуктан Америка өз адамдарын т.а. армия жетекчилигин жана Ыкчам колдоо күчтөрүн бул согушту атайын баштоого шыктандырды. Максат Европага кызмат кылган жарандык тараптагы адамдарды четтетүү эле. Бирок эки жарым жылдан ашык убакыт өтсө да, Америка жана анын адамдары Европанын өкүлдөрүн жок кыла алышкан жок. Аларга каршы ар кандай жаманатты кылууларга жана “Ыкчам колдоо күчтөрүнө байланыштуу” деген айыптоолорго карабастан, аларды толук жеңе алган жок. Ошондой эле Америка мурда Түштүк Суданды өзүнүн агенти Жон Гаранг аркылуу бөлүп алгандай, бул согуш аркылуу Дарфур аймагын да Судандан бөлүп алуу ниетин көздөйт. Азыр болсо Дарфурду өзүнүн агенти Хамидтинин колуна өткөрүп берүүнү көздөп жатат. Практикалык жактан алганда, Фашер шаарындагы айрым кичинекей тилкелерден башка Дарфурдун дээрлик бардык аймактары Ыкчам колдоо күчтөрүнүн колунда.

Фашердеги куралсыз жарандарга каршы жүргүзүлүп жаткан курчоо, өлтүрүү жана ачарчылык сыяктуу мыкаачылыктарга карабастан, Америка бул кылмыштарды айыптаган олуттуу аракеттерди көргөн жок. Айыптоо болгондо да, көз жумуу үчүн гана жасалууда. Мындан тышкары, ал армияны да бул ишке аралаштырып койгон. Ал тургай, аймактагы Америкага кызмат кылган мамлекеттерден да Ыкчам колдоо күчтөрүнүн Фашер жана башка аймактардагы жапайы кылмыштарын айыптаган так жана катуу билдирүү угулган жок. Акыркы кабарларга караганда, шаар толугу менен алардын колуна өткөн. АКШ президентинин араб жана африка иштери боюнча башкы кеңешчиси Мусад Булус жарыялаган билдирүүгө ылайык, АКШ жана анын төрттүк өнөктөштөрү Судан элине колдоо көрсөтүүдө жана алардын азабын жеңилдетүүдө бирдиктүү позицияда турушат. Ал ошондой эле АКШ администрациясы Судандагы гуманитардык жана коопсуздук маселелерин эң жогорку даражадагы мааниге ээ деп эсептей турганын белгилеген (Independent Arabia, 26.10.2025).

Фашер шаары Ыкчам колдоо күчтөрүнүн колуна өтүп, Дарфур толугу менен алардын көзөмөлүнө өткөндөн кийин, төрттүк өлкөлөр эки тараптын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү тездетет деп күтүлүүдө. Бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Ыкчам колдоо күчтөрү Дарфур аймагында толук үстөмдүк орнотушу ыктымал. Ошондо АКШ кааласа, мурдагыдай эле “жасалма тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн” шылтоосу менен Түштүк Суданды кантип бөлүп алган болсо, ошондой эле жол менен Дарфурду бөлүп алат!

Эй Судан калкы! Силер АКШдан тынчтык күтүп жатасыңарбы? Ошол эле АКШ яхудий түзүмүнө Газа шаарындагы бир туугандарыбызды кырып жок кылуу үчүн бардык кырып-жок кылуучу курал-жарактарды берип жатат. Ал эми мусулмандардын башкаруучулары алардын жардамга келүүсүндө алсыздык көрсөтүүдө. Ушундай мамлекет силерге тынчтык алып келет деп ишенесиңерби? Түштүк Суданды бөлүп салган АКШ эмеспи?!

Ошондуктан биз түшүнүшүбүз керек, АКШ Исламга жана мусулмандарга душман. Ал эч качан бизге жакшылык алып келбейт. Суданда болуп жаткан бул кандуу окуя АКШ тарабынан уюштурулган карасанатайлык, аны өлкөдөгү аскер жетекчилери жана Ыкчам колдоо күчтөрүнүн командирлери ишке ашырып жатышат. Демек, бул өңүттө аң-сезимдүү болуу, Суданды бөлүп-жаруу сыяктуу АКШнын кыялын токтотуу ар бирибизге жүктөлгөн милдет.

Биз колонизатор кафир мамлекеттердин кийлигишүүсүнө жол бербеген мамлекетти кайра орнотуу үчүн, олуттуу түрдө иш алып баруубуз керек. Ал мамлекет пайгамбарыбыз көрсөткөн тарикат менен курула турган Халифалык мамлекети. Дал ошол гана мамлекет кыялданган колонизаторлордун таасирин өлкөлөрүбүздөн толук кууп чыгат жана өлкөнүн биримдигин ыйык нерсе катары сактайт. Ал гана эмес, ал бардык мусулман өлкөлөрүн бир саясий бүтүндүккө бириктирүүгө умтулат.

Бул Аллахтын убадасы жана Пайгамбарыбыз сүйүнчүлөгөн кабар. Ошондуктан биз Аллах Тааланын ыраазылыгы үчүн ушул Халифалыкты кайра орнотуу жолунда аракет кылышыбыз керек. Ошондо гана биз анын калканында намыстуу, урматтуу жана азат жашайбыз. Ал эми бул Аллах үчүн кыйын иш эмес.

Ибрахим Усман Абу Халил

Роя гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Back to top button