Тосмо куруу Мисир режиминин алсыздыгын жана чыккынчылыгын ашкерелеген жаңы кылмыш

Тосмо куруу Мисир режиминин алсыздыгын жана чыккынчылыгын ашкерелеген жаңы кылмыш
2025-жылы 3-июлда “Аль-Арабия” каналы өзүнүн сайтында “Мисир Эфиопияга Тосмонун ачылышы мыйзамсыз жана эл аралык укукту бузат” деген темада жаңылык жарыялады. Жаңылыкта келишинче, Мисирдин ирригация министри Хани Сувайлим Каир саясий келишимге негизделбеген, Мисир менен Судандын кызыкчылыктарын эске албаган бир тараптуу аракеттер аркылуу “чечимди таңуулоо” саясатына каршы экенин билдирди. Ал Эфиопияны саясий эрктин жоктугу жана акыркы 13 жылдан бери ийгиликсиз өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдү актоо үчүн жасалма позитивдүү көрүнүштү жайылтууга аракет кылып жатат деп айыптады. Өз кезегинде Эфиопиянын премьер-министри тосмо Мисир менен Судандын суу коруна зыян келтирбегенин айтты. Ал эми Мисир бул маселе “өмүр менен өлүм маселеси” экенин белгилеп, “суу үстөмдүгүн таңуулоого” эч качан жол бербейбиз деп билдирди.
Эфиопиянын премьер-министри Абий Ахмед “Нахда” тосмосунун курулушу аяктаганын жана анын расмий ачылышы быйыл сентябрда болорун жарыялады. Бул чакырыкка тете болгон билдирүү 13 жылдан ашык созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин айтылды. Бул аралыкта чексиз жолугушуулар, билдирүүлөр, басма сөз жыйындары өткөнү менен, баары натыйжасыз аяктады. Эфиопия Нил суусунун үстүнөн үстөмдүк кылууга шашып жатканда, Мисирдин суу ресурстары министри бул кадамды “мыйзамсыз” жана “эл аралык укукка каршы келет” деп мүнөздөдү жана Мисир суу укуктарынын коркунучка кабылышына макул болбой турганын билдирди. Бирок мындай алсыз билдирүүлөрдүн артында бир чоң чындык жашырынган, ал чындык Эфиопиянын артында турган күчтөр бар экендиги. Алар Мисир режиминин унчукпай турушуна жана кыңк этпей макул болушуна шарт түзүп берип, Эфиопияны Мисирге каршы колдонулуучу стратегиялык куралга айландырган долбоорлорго түртүп жатышат. Эгер Мисир режими бул күчтөргө кызмат кылбаса, Эфиопия мындайча ашкере кадамга бара алмак эмес. Мунун баары Исламды колдонгон, үммөттүн байлыктарын коргой турган мамлекеттин жоктугунан болуп жатат.
Бул кризис башталгандан бери мусулман өлкөлөрүндөгү режимдер бул маселени техникалык сүйлөшүүлөр, юридикалык изилдөөлөр жана эл аралык кепилдиктер чегинде гана кароого тырышты. Бир жүз миллиондон ашык мусулмандын жашоосуна түздөн-түз таасир эткен маселе суу сактагычты толтуруу, колдонуу жана сууну сактоо темпине байланыштуу майда-чүйдө талашка айланып калды. Негизги маңыз, тагыраагы, Нил дарыясы үммөттүн умумий мүлкү болуп саналат жана ага кол салуу ачык душмандык экени, ага каршы чара көрүү зарылдыгы таптакыр эске алынган жок. Батыш уюмдарына жалдырап, кайыр суроонун ордуна, агрессияны токтотуучу чечкиндүү позиция болушу керек эле.
Нил дарыясы жөн гана жабык бөлмөлөрдө сүйлөшүү жүргүзүлчү табигый ресурс эмес, тескерисинче, Ислам мамлекетке аны сактоону милдет кылган умумий мүлк. Пайгамбарыбыз ﷺ мындай деген:
«المُسْلِمُونَ شُرَكَاءُ فِي ثَلَاثٍ: فِي الْمَاءِ وَالْكَلَأِ وَالنَّارِ»
«Мусулмандар үч нерседе – суу, жайыт жана отто шерик».
Бүгүнкү күндө бул вакыйлыкты таңуулоого батынган нерсе, өз алдынча эрки жок, улуу державалардын кызыкчылыгына гана кызмат кылган Сайкс-Пико келишимине негизделген ыдыраган режимдер. Мусулмандарды бириктирген бир мамлекет жок болгон учурда, алардын жерлери да, байлыктары да ач көздүккө жана үстөмдүккө ачык калат. Бул Батыштын үстөмдүгүнө кабылган өлкөлөрдө ачык көрүнүп турат.
Соңку жылдары Мисир менен Судандын башкаруучу режимдери “эл аралык укук”, “милдеттендирүүчү келишимдер” жана 2015-жылы кол коюлган “үч тараптуу билдирүү” жөнүндө айтып чарчаган жок. Бирок чындык “эл аралык укукту” түзгөндөр чоң державалар жана алардын гана кызыкчылыктарын коргой турганын көрсөтүп турат. Ал мусулмандардын суу укугун же байлыгын коргобойт. Ал тургай ошол “үч тараптуу билдирүү” Эфиопияга өзүнүн долбоору үчүн саясий легитимдүүлүк берген алгачкы расмий уруксат болгон. Бул документте Эфиопиянын “өнүгүүгө болгон укугу” таанылган, бирок тосмону бир тараптуу толтурууну токтотуу же сууну адилеттүү бөлүштүрүү тууралуу эч кандай милдеттенме коюлган эмес.
Нааразылык билдирүүлөрдү кайра-кайра жарыялап, Батыштын шерик болгон мекемелерине таянуу Мисирге бир тамчы да суу алып келбейт. Ислам үммөттүн укуктарын сүйлөшүүлөр үстөлүндө белек кылып тартуулоого жол бербейт. Ошондой эле зулумдукту “реалдуулук” катары кабыл алууга алып келген алсыздыкты жана кош көңүлдүктү да кабылдабайт.
“Нахда” тосмосу маселесин Ислам негизинен караганда, бул үммөттүн байлыгын коргоо жана ага зыян келтирүүгө жол бербөө деген чечкиндүү принципке негизделет. Алла Таала мындай дейт:
﴿وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِن كُنتُمْ مُّؤْمِنِينَ﴾
«Каапырдыкка каршы күрөштө (суз болбогула) жана (Ухуд согушундагы жеңилүү себептүү) кападар болбогула! Эгер (чыныгы)ыйман ээлери болсоңор, жалгыз силер үстөмдүк кылуучусуңар.» (Али Имран сүрөсү, 139-аят).
Ошондой эле мындай дейт:
﴿فَمَنِ اعْتَدَى عَلَيْكُمْ فَاعْتَدُوا۟ عَلَيْهِ بِمِثْلِ مَا اعْتَدَى عَلَيْكُمْ﴾
«Демек, ким силерге кол салса, силер да аларга каршы кол салгыла». (Бакара сүрөсү, 194-аят).
Адамдардын жашоосуна жана тиричилигине коркунуч туудурган ар бир аракет зулумдук жана ага каршылык көрсөтүлүшү керек. Ал эми 13 жыл сүйлөшүү үстөлүндө күтүп отуруу Ислам шариаты тааныбаган жол. Ислам үммөттүн тагдырын колонизаторлор башкарган уюмдардын чечимдерине байлап коюуну эч качан кабыл албайт.
Мисирдин суу ресурстары боюнча министри акыркы билдирүүсүндө Эфиопия ар дайым жалтануу жана дүйнө коомчулугунун көзүнчө жасалма элес түзүү тактикасынан кайтпаганын, ошондой эле макулдашууга жетүүгө саясий эрки жок экенин айтып чыкты. Бирок эң маанилүү суроо мындай: эмнеге Мисир режими бул чындыкты билип туруп, Эфиопияга жалдыроону улантууда? Эмне үчүн үммөт миллиарддаган каражат короткон армиялар, эгер чындап чечкиндүү болсо, өмүр булактарын коргоого жөндөмдүү болуп турса да, кыймылга келбейт?
Нил маселесинде болобу, Палестинадабы же башка кайсы гана аймакта болбосун, үммөттүн ар бир кризисинин түпкү себеби Ислам башкаруусунун жоктугу. Эгер үммөттө шариатты колдонгон мамлекет болгондо, Эфиопия да, башкалар да үммөттүн байлыгына кол салууга батынмак эмес.
Эй, Кинана эли!
“Эл аралык укук” деген сөздөргө же “чечимди таңуулоо саясатына” каршы чыккан билдирүүлөргө алданып калбагыла. Маселе Эфиопиянын өжөрлүгүндө эмес, маселе системалардын алсыздыгы менен алардын батылдыгында. Алар маанисиз сүйлөшүүлөргө макул болушкан жана силердин байлыгыңарга кол салган тараптарга легитимдүүлүк беришкен. “Нахда” тосмосу – бул режимдин чыккынчы мүнөзүн айкын чагылдырган күзгү.
Биз ишенебиз, үммөт бул уйкуда жүргөн абалынан ойгонуп, өзүнүн бийлигин кайра орнотуу үчүн аракетке өтөт. Ал бийлик пайгамбарлык минхажындагы экинчи Халифалык. Анда үммөт кайрадан өз намысын кайтарып, өз укугуна кол салууну ойлогондорду токтотот.
Эй, Кинана жоокерлери!
Үммөттү, анын суусун жана байлыгын коргоо силердин мойнуңардагы аманат. Андыктан Алла Таала силерден эмнени каалаган болсо, ошонун тарапкери болгула. Алланын, дининин жана пайгамбарынын ﷺ жардамчылары болгула. Билип алгыла, өзгөртүү күчүнө ээ болгон силерсиңер. Муну азыркы режим да, анын артындагы кожоюндары да жакшы билет. Алар силерге үстүңөрдөн акча жана артыкчылыктарды жаадырып, силердин берилгениңерди пара катары сатып алууга аракет кылышууда. Бирок бул дүйнөнүн өтүп кете турган убактылуу кызыгы гана!
Падышалардын дүйнөсүн силкип салып, анын ордуна кеңдиги асман менен жердей болгон бейишти тандагыла! Ал бул зулум режимге болгон берилгениңерди үзүп, Алла Таала менен болгон байланышты бекемдөөнүн жана Хизб ут-Тахрирге нусрат берип, экинчи Халифалыкты кайра тикелөө аркылуу болот. Ошондо кандай гана улуу ийгиликке жетесиңер! Бул дүйнөдө да, акыретте да кандай гана улуу сыймыкка ээ болосуңар!
Махмуд Аль-Лайси
Роя гезити