Трамптын Британияга болгон сапары

Трамптын Британияга болгон сапары
Трамп 2025-жылдын 16-сентябрында эки күнгө созулган тарыхый сапар менен Британияга барды. Ал буга чейин, 2019-жылдын июнь айында, биринчи президенттик мөөнөтүндө бул өлкөгө келген болчу. Британия дүйнөдөгү эң күчтүү мамлекет катары экинчи дүйнөлүк согушка чейин Америка азыр ээлеп турган дүйнөлүк тактыда турган. Трамптын Британияга жасаган сапарын жөн гана соода алакалары, бажы тарифтери боюнча сүйлөшүүлөр же технология жана жасалма интеллект жаатындагы инвестициялар менен гана түшүндүрүп коюу туура эмес.
2019-жылдагы биринчи сапар Британиянын Европа Биримдигинен чыгууга жакындап калган убагында болгон. Чынында эле, ал сапардан жарым жыл өткөн соң Британия биримдиктен чыкты. Британиянын ЕБдан чыгышы Американын Европага болгон көз карашына жана мамилесине чоң таасир тийгизгендиги талашсыз.
Айрыкча, Европа акыркы жылдары НАТО алкагындагы америкалык коргоодон көз каранды болбой калууга умтулуп келген. Европалыктар Советтик Союз кыйраган соң жана Россиянын эл аралык деңгээлдеги таасири азайгандан кийин НАТО мындан ары Европанын коопсуздугу үчүн анчалык маанилүү уюм болбой калды деп эсептешкен.
Демек, Трамптын алгачкы сапары Британиянын ЕБдан чыгуу чечимине дем берүүчү жана Европаны кайрадан Америка жетекчилигиндеги аскердик альянска баш ийүүгө үндөөчү саясий мүнөзгө ээ болгон. Ушул аркылуу Вашингтон Европаны өзүнүн эл аралык таасир чөйрөсүндө кармап турууну көздөгөн.
Ошол эле учурда сапардын максаты Британиянын позициясын бекемдөө жана анын ЕБдан чыгуу чечимин колдоо болгон. Бул абалда француз президенти Эммануэл Макрон 2019-жылдын ноябрында The Economist журналына берген маегинде: «НАТО мээнин өлүмүнө кабылды», — деп билдирген. Ошентип, Трамптын биринчи сапары Европага жана эл аралык түзүлүшкө болгон Америка саясатынын бир бөлүгү болгон.
Ал эми бул сапар эки негизги тарапка багытталды. Биринчиси — эл аралык кырдаалга байланыштуу, анда Россия менен Украина ортосундагы согуштун жалыны али басыла элек. Британия НАТОнун аскердик күчүн Россияны токтотуу үчүн колдонууга эң активдүү чакырып жаткан өлкөлөрдүн бири. Бирок Америка мындай кадамга катуу каршы. Британия ошондой эле Украинанын НАТО курамына киришин кубаттап, ага альянстын аскерий коргоосун камсыз кылууну каалайт. Ал эми Америка муну каалабайт. Тескерисинче, ал эки мамлекеттин ортосундагы согуш мүмкүн болушунча узакка созулушу үчүн иш жүргүзүүдө. Бул Европанын, анын ичинде Британиянын да, согуштун кесепеттерине — өзгөчө каржылык жана аскердик ресурстарды түгөтүүгө — дуушар болушуна алып келүүдө.
Ошентип, Трамптын Британияга сапары — согуш маселесинде эң таасирдүү багыттоочу ролду ойноп жаткан өлкөгө карата жасалган кадам болду. Бул жагдай Трамп менен Британиянын премьер-министри Кир Стармердин ортосунда өткөн биргелешкен маалымат жыйынында даана байкалды. Стармер Россияга карата катуу санкциялар жана катаалыраак позиция талап кылды, бирок Трамп бул багытты колдобой, жөн гана «Путин кээ бир маселелерде мени капа кылды» деп айтуу менен чектелди. Ал санкциялар же басымдын башка түрлөрүн сөз кылган жок. Ушуну менен Трамп Британияга жана жалпы Европага мындай мазмундагы белги жөнөттү: согуш уланат жана анын материалдык, андан кийин саясий жүгүн — НАТОнун өзүнө жана анын үстөмдүгүнө байланышкан — силер көтөрүшүңөр керек.
Экинчи жагынан, бул сапар Европанын көпчүлүк мамлекеттери, анын ичинде Британия да, 1967-жылы басып алынган аймактарда палестин мамлекети түзүлүшүн колдогон учурга туура келди. Бул Америка менен яхудий түзүмү каалаган багытка карама-каршы кадам эле. Ушундай шартта Трамп Европага Жакынкы Чыгышка болгон көз карашын, бул аймактагы геосаясий «туруктуулукту» камсыз кылуу максатындагы америкалык үстөмдүк саясатын кайрадан билдирүү үчүн келди. Бул «туруктуулук» яхудий түзүмүнүн чек арасын кеңейтүүнү жана анын «яхудий мамлекет» деген өздүгүн бекемдөөнү камтыйт.
Трамп ошондой эле Европага жана дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттерине: палестин мамлекети тууралуу кабыл алынган чечимдер Америка Жакынкы Чыгышта жүргүзүп жаткан планды өзгөртө албайт, деген билдирүүнү берди. Америка жакшы билет, Британия Египетте, Иран, Ирак, Сирия жана Сауд Арабия сыяктуу негизги таасир борборлорун жоготконуна карабастан, Жакынкы Чыгышта дагы деле маанилүү ролду ойнойт. Анын Булуң өлкөлөрү жана Иордания менен болгон бекем байланыштары, ошондой эле яхудий түзүмүндөгү тарыхый таасиринин калдыктары, аны Америка каалаган форматтагы «туруктуулукка» коркунуч жарата ала турган күчкө айлантат.
Мына ошондуктан Трамптын сапары Британиянын аракетин чектөөгө каратылат, мейли бул экономикалык кызыкчылыктарына коркунуч туудуруу жолу менен болсун, мейли айрым кызыкчылыктарын сактоого ишендирүү жолу менен болсун айырмасыз. Бул максатта ал 275 миллиард доллардан ашуун көлөмдөгү жасалма интеллект жана өзөктүк энергия өндүрүшү сыяктуу технология тармактарына багытталган инвестиция сунуш кылды.
Трамп менен Стармер өткөргөн маалымат жыйынында байкалган дагы бир жагдай, Стармер Трамп менен кайчы пикир же түз кагылышууга жол бербөөгө аракет кылганы болду. Ал тургай, Трамп менен жеке сүйлөшүүлөрүндө эмне талкууланганы ачылып кетпеши үчүн, ага түрткү бере турган темалардан да атайылап качты. Маселен, бир журналист Британия элчисинин Эпштейн — бузуку байланыштардын уюштуруучусу — менен болгон байланышы тууралуу суроо узатканда, Стармер бул суроону өтө сылыктык менен башка нукка буруп, Трампты ушуга окшош суроолор менен уятка калтырбоого аракет кылды.
Ошондой эле Трампты тосуп алуудагы жана узатуудагы өтө жылуу мамиле, протоколдук деңгээлдеги өзгөчө сый-урмат — эки тараптын ортосунда күтүлүшү мүмкүн болгон чыңалууну жумшартууга кызмат кылды. Болбосо Трамп кээ бир учурларда “макул эмесмин” же “менин башка көз карашым бар” дегендей сөздөр менен ачык эле пикир келишпестиктерди билдирип турган.
Дүйнөлүк үстөмдүк, Жакынкы Чыгыштагы таасир чөйрөлөрүн кайра бөлүштүрүү жана Британиянын акыркы 70 жылдагы ролу сыяктуу ар кандай маселелерде тараптардын ортосунда айырмачылыктар көп. Бирок бир маселе боюнча алардын ортосунда эч кандай айырма жок. Бул — Исламдын кайра жаралышы жана Халифалык мамлекетинин аймактык, андан соң дүйнөлүк деңгээлде кайра кайтып келиши маселеси.
Британия өткөн кылымдын башынан тартып Халифалыкты кулатуу үчүн иш жүргүзгөн жана анын кайра жаралуусуна жол бербөө үчүн Сайкс-Пико келишиминин негизинде жаңы жасалма мамлекеттерди түзгөн. Эми болсо Америка ошол эле аймакты өз ыкмасы менен кайра чийип чыгууга, өзүнүн стратегиялык борборлору жана аналитиктери аркылуу жаңы картаны түзүүгө киришти. Ошентип, азыр Британия “чегинген” болсо да, Америка “үстөмдүк кылуучу” болсо да — экөөнү бириктирип турган жалгыз тармак ушул. Алар ушул маселе боюнча бир лагерде турушат.
Бул көрүнүш бизге крест жортуулдарын эске салат: ал учурда Европанын ар кайсы падышалыктары жана күч ээлери бири-бирине душман болуп согушкан, бирок сөз Ислам мамлекети менен согушууга келгенде, алардын баары талаш-тартыштарын токтотуп, биригип турушкан. Британия менен Франциянын тарыхый атаандаштыгы да муну тастыктайт. Алар канчалык карама-каршы болсо да, Осмон Халифалыгы кулатылгандан кийин Сайкс менен Пико картаны үстөлдүн үстүнө жайып, Жакынкы Чыгыштагы аймактарды өз ара бөлүшүп алышкан.
Ушулардын баары көз алдыбызда болуп жаткан учурда да мусулмандардын башкаруучулары ошол эле текебер колонизаторлорду ыраазы кылуу үчүн жарышып, алардын алдында “урмат-сый” издеп, намыссыздык аркылуу улуулук издешүүдө!
Биздин көз алдыбызда дүйнөлүк түзүмдүн кожоюндарынын текебердиги, ал эми биздин башкаруучулардын кор болуп жаткандыгына карабастан, Аллах Тааланын убадасы жакындап калганына далил боло турган көптөгөн белгилер бар.
1950-жылдан бери, жетимиш жылдан ашуун убакыт өтсө да, Америка Британиянын эсебинен Жакынкы Чыгышта үстөмдүк кылуу үчүн акчасын чачып, согуштарды тутанткан бойдон келе жатат. Бирок бүгүн да ал Британияны эске алууга мажбур, демек, өз үстөмдүгүн толук орното алган жок. Азыркы жетишкендиктеринин баары ысык жана кыймылдуу темир такта үстүндө турат, башкача айтканда, туруктуу эмес.
Андан тышкары, ири державалардын бири-бирине каршы чабуул коюп жатышы, Европада, Палестинада, Ливияда жана Суданда чыккан өрттөр — баары дүйнө бир уюлдуу башкаруудан чыгып, эл аралык тизгиндин бошоп баратканынан кабар берет. Булардын баарына кошумча, дүйнөдөгү экономикалык жана каржылык түзүмдөрдүн абалы да ар кандай ыкмалар менен сактап калууга жасалган аракеттерге карабастан, каалаган учурда кыйрап түшүү коркунучунда турат.
Булардын баары айдан ачык көрүнүп турат жана мунун баары Аллахтын уруксаты менен болуп жаткан иштер. Ошол күнү момундар Аллахтын жеңишине сүйүнүшөт — алар кыйналып, оор сыноолорго туш болгондо сабыр кылышкан, караңгылык басканда жана жолдор бүдөмүк болгондо да көрөгөчтүк менен иш кылышкан жана Тирүү, Кудуреттүү, Өз пенделерине жардам берүүчү Алахка таянышкан.
Д-р Мухаммад Жилани
Роя гезити




