Трамптын планы Газадагы согуш токтосо да коркунучтуу апаат

Трамптын планы Газадагы согуш токтосо да коркунучтуу апаат
АКШ президенти Трамп ушул жылдын 3-октябры, жума күнү кечинде өзүнүн кол баласы яхудий түзүмүнө мындай буйрук берди: «(Израил) Газаны бомбалоону дароо токтотсун, ошондо биз туткундарды коопсуз жана тез чыгара алабыз».
Бул буйрук Хамас кыймылынын Трамптын согушту токтотуу планын «жарым-жартылай» кабыл алган жообунан кийин берилди.
Яхудий түзүмү алгач унчукпай турса да, дароо эле анын саясий жетекчилиги армиясына Газадагы аскердик аракеттерди азайтып, аларды «коргонуу милдеттери» менен чектөө боюнча көрсөтмө бергенин жарыялады. Бирок бул жарыядан кийин эле Газа тилкесинде, айрыкча Газа шаарында, жүздөгөн шахиддер көз жумду. Ошентсе да бул билдирүүлөр жана жооптор Трамптын Газадагы согушту токтотуп, аймакта «тынчтык орнотууга» багытталган жыйырма пункттан турган планы ишке киришинин белгиси катары кабыл алынды.
Планды көз жүгүртүп окуу эле анын кандай деңгээлде кооптуу экенин айгинелейт. Ал Газадагы элди жана мужахиддерди багынууга мажбурлоо максатында түзүлгөн. Ал ошондой эле яхудий түзүмүнө жана Америкага эки жыл бою кыргын, кыйроо жана ачарчылык аркылуу да жетише албаган нерселерди ишке ашырып берүүнү көздөйт.
Пландын пункттары боюнча яхудий түзүмү дароо эле тирүү жана өлгөн туткундарын «алмашуу» деген ат менен кайтарып алат. Андан соң «Газаны терроризмден тазалоо» деген шылтоо менен алар үчүн коркунуч туудурушу мүмкүн болгон ар бир куралды, адамды жана ой-пикирди жок кылуу каралган. Бул иш-аракеттер «көз каранды эмес байкоочулар» деп аталган араб, мусулман жана эл аралык күчтөрдүн колу менен — куралсыздандыруу жана инфраструктураны талкалоо түрүндө ишке ашырылат. План яхудий түзүмүнө Газада белгисиз узак мөөнөткө калууга шарт түзөт. Бул «баскыч-баскыч менен чыгаруу», «коопсуздук аймактары» жана «коопсуздук чөйрөсү» деген аттар менен камтылган. Мындан тышкары, Газалыктарга өз аймагына толук көзөмөл берүү укугу берилбейт. Ал «убактылуу башкаруу» деген ат менен эл аралык «Тынчтык кеңеши» тарабынан жүргүзүлөт. Бул кеңешти Трамп өзү баштап, анын астында Тони Блэр турат.
Акырында, яхудий түзүмүнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн «убактылуу эл аралык туруктуулук күчү» деп аталган күч түзүлөт, башкача айтканда, яхудий түзүмүн коргоо жана анын үстөмдүгүн сактоо үчүн эл аралык куралдуу күчтөрдүн туруктуу жайгашуусу каралган.
Ал эми тескерисинче, бул план Газа элине БУУ аркылуу жардам жеткирүүгө болгон убадалардан башка эч нерсе сунуштабайт. Бирок БУУ чынында эле колонизатордук куралдарынын бири. Ошондой эле бул план калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча план түзүүгө убада берет, бирок ага эч кандай убакыттык чектөө көрсөтпөйт.
Бул пландын чыгарылышындагы шайтандык амал — Американын айрым араб жана ажем мусулман өкүмдарлардын айрым рувайбизаларын чогултуп, аларды биргелешип жана өз-өзүнчө «согушту токтотуу үчүн оң жыйынтык бере турган аракеттерди көрүп жатабыз» деп жарыялоосунда болду. Анан, яхудийлер менен Трамп жана анын күйөө баласы, тышкы иштер министри бул планды даярдап, аны жарыялагандан кийин, өкүмдарлар Трамптын согушту токтотуу боюнча «аракеттерине» ыраазычылык жана мактоо билдирүүлөрүн шашылыш түрдө чыгарышты. Бул болсо бул аракеттердин жана бул пландын айланасында элдин көзүн анын чыныгы маңызы менен коркунучунан алаксытуу үчүн түзүлгөн жаркыраган элес болду.
Андан да күлкүлүүсү, алардын Америка алдында канчалык итаат кылгандарын көрсөткөн жагдай. Пакистандын тышкы иштер министри Трамп жарыялаган план Пакистан жана араб мамлекеттери менен Ислам өлкөлөрү Трамп менен бир нече күн мурдагы жолугушууда көргөн документтен айырмаланарын жарыялады. Кудум эле эки башка план бардай! Кудум эле бул режимдер Вашингтондогу кожоюндарынан өз алдынча пикир же чечим чыгара ала тургандай!
Бул өкүмдарлар Трамптын планын бирден-бир план катары гана эмес, тескерисинче, мактоого жана ыраазычылыкка татыктуу план катары кабыл алышты. Алар муну менен үммөттүн өздөрүнө болгон каар-ачуусун басаңдатууну каалашты. Газа элине болсо «биздин аракеттерибиз согушту токтотууга, жардам киргизүүгө жана калыбына келтирүүгө алып келди» дегендей кылып сооротууга аракеттеништи.
Чындыгында болсо, бул жол менен согуш токтосо да — бул өкүмдарларды чыккынчылык, кутум, келишүү жана яхудий түзүмүн колдоо менен Газаны жана бүт элдерди курчоого алган уяттарынан тазалабайт. Алар үммөттү өз бир туугандарына жардам берүүдөн токтотушту. Бирок үммөт — бул согуш токтосо да — аларды кулатып салууга чейин көпкө турбайт. Себеби үммөт билип турат, ал чыныгы планга ээ. Ал план жөн гана Газадагы согушту токтотуу эмес, бүтүндөй Палестинаны азат кылуу планы. Үммөт бул планды аянттарда кыйкырып чакырып жатат, бирок бул өкүмдарлар аны каалашпайт.
Трамптын планы — мусулман армияларындагы күч жана кудурет ээлери болгон офицерлер менен аскерлер үчүн да кара так жана уят. Эгер согуш ушул жол менен токтосо да жогоруда айтылгандай бул алардын уятын жууп кетпейт. Анткени алар өз колдорундагы күчтү Газаны, ал тургай бүтүндөй Палестинаны азат кылуу үчүн колдонушкан жок. Алар аны суу, азык же дары алып кирүү үчүн да колдонушкан жок. Ошондуктан «алмаштыруу» (Суннатул-истибдаль) мыйзамы Газадагы согуш токтогон күнү да, алардын чоңдорунун үстүндө иштеп турат.
Бул жол менен согуштун токтошу Ислам үммөтүн өзүнүн милдетин аткарууну сакыт кылбайт, анткени үммөт өз бир туугандарына жардам берүүдө жайбаракаттык кылды, Газаны, бүтүндөй Палестинаны, анын элин жана Масжидул-Аксаны коргоо боюнча өзүнүн милдетин аткарган жок. Чынында, үммөт өз-өзүнө да милдетин аткарган жок. Бул түзүмдөрдү өзүнүн кыйкырыктарына жооп берүүгө мажбур кыла алган жок.
Үммөт түшүнүшү керек: Газадагы согуш токтосо да, ал тургай Газа мурдагыдан жакшы калыбына келтирилсе да, жараат алгандары айыгып, мурдагыдан жакшы абалга кайтып келишсе да — Газа дагы эле басылып алынган бойдон калат. Палестина дагы эле баскынчы алдында калат. Масжидул-Акса дагы эле яхудийлер тарабынан булганган бойдон калат. Мунун бардыгы үммөттүн мойнундагы жоопкерчилик жана милдет бойдон турат.
Үммөт түшүнүшү керек, согушту мындай жол менен токтотуу — бул биздин душмандарыбыз койгон шарттарды кабыл алуу болуп саналат. Аларга бул иште биздин өкүмдарларыбыз жардам берип жатышат. Газа эли болсо үммөт алардын күрөшүнө өз күчү менен кошулушун күтүп жатышкан. Анткени алар баштаган жихадда, шахадатта, сабырда жана туруктуулукта эң улуу эрдиктерди жазып чыккан бул салгылашуу толук жана кеңири азаттык салгылашы болушу керек эле. Бирок үммөт алардын чакырыгына жооп берүүгө кош көңүлдүк кылгандыктан, согуш Газада токтосо да, үммөт өкүмдардын тактарын кыйратмайынча, аны токтоткон кишендерди үзмөйүнчө жана бир туугандарына жардам берүүдөн токтоткон тоскоолдуктарды жоготмоюнча бул жолду улантууга тийиш, ал тынчып калбашы керек.
Газа эли үммөттүн эң улуу салгылашууларынын бирин баштап, эки жыл бою күрөшүп,жетимиш миң шахидди, жүз миңдеген жарадарларды жана майыптарды берип туруп, акыры согуш үммөттүн чечими менен эмес, Америка президентинин чечими менен токтосо, бул үммөттү каптаган эң чоң уяттардын бири болот.
Оо, үммөт! Кайгыңды каарга айлант! Кыйкырып көтөрүл, жихадга чык! Газадагы согуш токтосо да, аны азат кылуу жана бүтүндөй Палестинаны яхудийлерден куткаруу — силердин моюндарыңарда болгон эң зарыл фарз.
Профессор Абдуллах Хамдулвади
(Палестина)
Роя гезити




