“Чоң Израил” долбоорунун эки коопту жагы

“Чоң Израил” долбоорунун эки коопту жагы
Жакында Нетаньяху өзүн “тарыхый жана руханий миссияда” жүргөнүн билдирип, “Чоң Израил” түшүнүгүнө катуу берилгенин айтты. Ал түшүнүккө Палестина аймактары, балким Иордания менен Египеттин айрым бөлүктөрү да кирет. Өзүнүн кыялы жана руханий туюмдары, тоораттагы долбоору тууралуу сүйлөгөн Нетаньяху жакында эле башкалардын жоболору тууралуу да сөз кылган. Анда, “Жер Ортолук деңиздин жээгинде Халифалык кайрадан пайда болуусуна жол берилбейт” деп, бул аймактын кожоюну жана долбоорлордун ээси өзү экенин айткан.
Нетаньяхунун билдирүүлөрү биз үчүн коңгуроо, эки тараптуу кооптуу белги. Анткени ал сөздөр ар-намыссыздыктын чегинен чыгып кетти. Бул сөздөр бир жагынан анын түзүмүнүн чектен чыккан ашкере көздөгөнүн жана кол салууларын көрсөтсө, экинчи жагынан ошол түзүмдөрдүн астында үммөттүн башына түшкөн алсыздык менен кордукту сүрөттөйт. Бул экөө тең өтө кооптуу көрүнүш. Кыязы, “Чоң Израил” долбоору эки бөлүктөн турат: бири түзүмгө байланыштуу, экинчиси үммөткө байланыштуу. Экөө бирге иштеп, бири-бирин толуктайт.
Биринчи бөлүгү түзүмгө жана анын табиятына байланыштуу. Бул төмөнкү жагдайларда көрүнөт:
Биринчиден, Түзүм башынан эле кеңейүүчү мүнөздө болгон. Бөлүштүрүү чечими ага Палестинанын жарымын бергенден кийин, 1948-жылкы согушта 78%ын ээлеп алгандан кийин башталды. Андан соң, Батыш жээкти басып алып, ошол убактан бери аны толугу менен жутууга аракет кылып келе жатат. Бул анын токтоп калуу ниети жоктугун айгинелейт. Ар дайымкы жүйөсү “коопсуздугун сактай турган кеңири мейкиндик керек” деген сөздөр. Бирок акыркы билдирүүлөрдө коопсуздук жүйөсүнөн ашып, түздөн-түз тоораттагы долбоорго өтүп кетти. “Чоң Израил” идеясы сионизмдин негиздөөчүсү Герцлге барып такалат. Демек, бул алардын жаңыдан пайда болгон пикири эмес, түзүмдүн ичинде жашаган түпкү максат.
Экинчиден, “Чоң Израил” түшүнүгү эми бир саясатчынын эле четке каккан сөзү эмес. Ал түзүмдүн көп саясатчылары көтөрүп жүргөн долбоор болуп калды. Бул оңчул, ашкере улутчул мүнөздөгү коомдун ичинде жетиштүү түрдө пропаганда кылынып, даярдык көрүлгөн. Нетаньяху өз билдирүүлөрү менен түзүмдүн коомдук пикирин чагылдырып жатат. Мисалы, алардын байланыш министри кечээ мындай деген: “Иордан дарыясынын эки жээги тең биздики, , Батыш жээк болсо баарынан мурда биздики”.
Үчүнчүдөн, Бүгүнкү дүйнөдө, айрыкча Американын саясатында, “ыйык пландар” да, “баалуулуктар” да калбады. Ошондуктан аймакта чоң өзгөрүүлөрдүн болушу таң калычтуу эмес. Алар жаңы “Сайкс–Пико” тууралуу сүйлөп жатышат. Алардын Исламга болгон душмандыгы эч чекке токтобойт. Ушундай катаал душмандык астында мурда элестетилбеген нерселер бүгүн вакыйлыкка айланууда.
Экинчи жана мындан да коркунучтуу жагы каршы тарапта турат. Ал мусулмандардын өкүмдарлары жана алардын режимдери. Кыязы, алардын абалы “Чоң Израил” долбоорунун экинчи жарымы болуп, аны толуктап тургандай. Алар Нетаньяхунун акыркы билдирүүлөрүн сөз жүзүндө четке каккан болушса да, чындыгында болсо ондогон жылдардан бери дал ошол долбоордун негиздерин түзүп келишет. Алар жеңилүүнүн шарттарын түзүп, Палестинанын жутулушуна жана элинин куулуп чыгышына себепкер болгон кырдаалды жаратышкан. Ошондон кийин Батыш жээктин, Синайдын жана Голан дөңсөөсүнүн да жутулушуна жол ачышкан. Азыркы абал ошол кездегиден да начар. Бүгүнкү өкүмдарлар жеңилүүгө мурдагыдан да жакын. Анткени алардын кошоматчылыгы жана саткындыгы дагы деле үстөмдүк кылууда.
Бул өкүмдарлар элди да, жерди да кедейчилик жана бузукулук менен талкалап, үммөттү душманынын алдында алсыз кылып коюшту. Алар курал иштеп чыгышпады, чек араларын коргошкон жок. Тескерисинче, мамлекеттер адатта кылышы керек болгон иштин так карама-каршысын кылышты: Палестинадагы бир туугандарына жардам берүүнүн ордуна жана жалпы душмандарына каршы аларды колдоонун ордуна, жок дегенде душманды чарчатып, алсыратып туруунун ордуна, өз элинин баатырларына каршы душман менен тил табышып келишти. Азыр болсо алар Газанын колунан куралын тартып алууну талап кылып жатышат. Ал тургай душман өзүнүн коопсуздугу үчүн Сириядагы бөлүнүп-жарылган күчтөргө жардам берип, алар менен кызматташканынан да сабак алышкан жок.
Мамлекеттер адатта, айрыкча стратегиялык душмандын коркунучу алдында турганда, союздарды түзүп, куралданууну күчөтүп, кооптуу кырдаалды сезип, элди жалпы көтөрүп, аскерий машыгууларды өткөрүп же болбосо коркутууну камсыз кыла турган кандайдыр бир кадамдарга барышат. Бирок бул өкүмдарлар тескерисин кылышууда. Күн сайын өзүнүн ачык душмандыгын жарыялап жаткан түзүмдү душман катары да эсептешпейт. Бул чыккынчылыкка тете жүрүм-турум, үммөт менен элдердин коопсуздугун тебелөө болуп эсептелет. Тескерисинче, алар коркунучту бир гана өз элдеринен көрүшөт. Эл тарабынан чыккан ар бир кыйкырыкка, ал тургай жардамга чакырган үн болсо да, алар толугу менен мобилизацияланып каршы чыгышат.
Араб өкүмдарлары Палестинага жана анын элине кылган чыккынчылыктары аркылуу душманга абдан так бир кабар жеткиришти. Бул кабар алардын коркуусу жана кордугу болду. Бул болсо душмандын табитин чоң ачып, алсыз козуга көз арткан карышкырга айландырды. Ал эми Ислам үммөтүндө табигый жихадий рух бар, ал рух дүйнөдөгү ар бир душмандын алдына коюла турган эң коркунучтуу курал болуп келген жана кала берүүдө. Бирок бул өкүмдарлар биринчи кезекте дал ошол жалынды өчүрүүгө аракет кылышты.
Балким, бул алардын тарыхындагы эң коркунучтуу кылмышы болду же Батыш колонизаторлору алардын колу менен жасаган иши болду. Максаты, мусулмандарды акыйдада алсыздандыруу, согуша албаган жана эч качан күрөш жүргүзө албай турган муундарды жаратуу. Нетаньяху чек арадан ашкан диний максатын жана кыялын ачык жарыялап турган маалда, араб өкүмдарлары анын каршы долбоору болгон Ислам жана Халифалык долбоорунун ар бир эскерүүсүн өчүрүүгө жана анын тарапкерлерине каршы күрөшүүгө киришкен. Алар өздөрүн Ислам буйруган ар бир нерседен алыстатып, динди жана акыйданы негизги маселе катарынан чыгарып, дайыма “улутчулдук” деген ураанды көтөрүп чыгышууда. Бул болсо душмандардын долбооруна каршы турган үммөттүн долбоорун майдалап, жокко чыгарып жатат.
Мына бүгүн яхудийлер Батыш жээкти жутуп, Газадагы элди сүрүп чыгууга аракет кылууда. Алар Сирия менен Ливандын аймактарын басып алып, “Жөөт коридору” деп атаган жолду түзүүгө умтулушууда. Андай болсо, Египетти, Сауд Арабиясын же Сирияны жаңыдан бөлүп-жарып салбашына кандай кепилдик бар? Иордания жутулбайт дегенге кандай ишеним бар? Аларга “өз өлкөсүнө кулпу салган болсо коопсуз болот” деген каргышка калган саясат жардам бере алабы же тескерисинче, бири-бирин Палестина менен анын элин саткандай эле кайрадан сатышабы??
Аллах Таала бизге яхудийлердин кабарын берип, Китебинде алардын тынымсыз бузукулугун ачып көрсөттү:
﴿وَيَسْعَوْنَ فِي الْأَرْضِ فَسَاداً وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُفْسِدِينَ﴾
“Алар Жерде бузукулук кылып жүрүшөт, Алла болсо бузуку адамдарды сүйбөйт”. (Мaида: 64).
Бул алардын түбөлүк долбоору. Жалпысынан каапырлар тууралуу да Аллах бизге кабар берди:
﴿وَلَا يَزَالُونَ يُقَاتِلُونَكُمْ حَتَّى يَرُدُّوكُمْ عَن دِينِكُمْ إِنِ اسْتَطَاعُوا﴾
“Алар (каапырлар) колунан келсе силерди тээ диниңерден кайтарганга чейин силер менен согуша беришет”. (Бакара: 217).
Ислам үммөтүндө күч бар, бул каргышка калган түзүмдү майдалап, аны ыплас кыялдары менен кошо көмүп таштоого кудуреттүү. Мындан да ашып, колонизаторлорду жана алардын ач көздүүлүгүн түбөлүккө көмүүгө кудуреттүү. Бирок бул үчүн үммөт өз долбоорун улуу Ислам кылып, анын мамлекетин тикелеши керек. Баары анын саткын өкүмдарларынан кутулушуна байланыштуу. Колдонулбай турган күч жок, темирди темир гана басат.
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِن تَنصُرُوا اللَّهَ يَنصُرْكُمْ وَيُثَبِّتْ أَقْدَامَكُمْ﴾
“Эй момундар, эгер силер Аллага жардам берсеңер (тактап айтканда Анын жолунда жихад кылсаңар), Ал Зат да силерге жардам берет жана согуш майданында кадамдарыңарды бекем, туруктуу кылат”. (Мухаммад: 7).
Устаз Абдуррахман аль-Ладауи
Роя гезити